Мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, каапырлардын дин ахлагына жана ыймандууларга карата шылдыңчыл мамиле кылууларынын эң негизги себептеринин бири – бул алардын бүт нерсеге дүнүйөлүк критерийлерге карата баа беришинде. Буга болсо алардын бул дүйнө менен гана жашоо бүтөт деп ойлошу жана бул дүйнөгө катуу берилиши себеп болот. Дин ахлагынан алыс жашаган адамдардын мындай маанайы Куранда төмөнкүчө кабар берилген:
Анын коомунан (чындыкты) четке кагып акыретке барууну жалганга чыгарган жана аларга (Биз) дүйнө жашоосунда байлык берген алдыңкылар: «Бул силерге окшогон эле бир адам, бул дагы силер жегенден жеп жана ичкениңерден ичип жатат» дешти. «Эгер силерге окшогон бир адамга моюн сунсаңар, ант болсун, силер чынында кыйроого туш болосуңар.» «Ал өлүп, топурак жана сөөк болуп калганыңарда, силерди сөзсүз (кайрадан тирилтилип) чыгарыласыңар деп убада кылып жатабы?» «Аттиң, силерге убада кылынган нерсеге аттиң...» Ал (бүт чындык) – биздин дүйнө жашообуз гана; өлөбүз жана жашайбыз, биз тирилтилбейбиз. (Мүминун Сүрөсү, 33-37)
Мына ушундай ач көздүк себебинен каапырлар аңкоо абалга түшүшөт. Айланасында көргөн нерселерди Аллахтан көз-карандысыз деп ойлошуп, алардын баарынын Аллахтын каалоосу менен гана турганын түшүнө алышпайт. Аллах каапырлардын дүйнө жашоосу жөнүндөгү чындыктарды түшүнө албашын бир аятында мындайча кабар берген:
Алар дүйнө жашоосунун (жалаң гана) тыш (көрүнгөн) тарабын билишет. Акыреттен болсо капылет калышкан. (Рум Сүрөсү, 7)
Каапырлар өмүр бою эске албаган абдан маанилүү бир чындык бар. Алар бул чындыктан кабарсыз абалда ар кандай жаман иштерди жасап, дүйнөдө өз ойлорунда кызыкчылыктарга жетүүгө аракет кылышат, калп айтышат, динге карата шылдыңчыл мамиледе болушат, ыймандууларга жалаа жаап, аларга зыян берүүгө аракеттенишет.
Бирок негизи чоң бир капылеттик ичинде жүрүшөт, жана муну байкашпайт. Алдыда дин ахлагынан алыс адамдар билбестен, «капылеттикте» жашап жаткан бул улуу чындык баяндалат.