Аллах Каапырларды Дүйнөдө Уят Кылат

Дин ахлагынан алыс жашаган адамдардын динге жана Аллахтын аяттарына болгон шылдыңчыл мамилеси, жөнөтүлгөн элчилерди жана элчилердин жанындагы ыймандууларды шылдыңдашы дүйнө тарыхы бою уланып келген бир көрүнүш. Аллахтын кудуретин жана улуулугун түшүнө албаган бул адамдар кылгандарынын жазасын сөзсүз алаарын билмексен болушуп, коркпостон өмүр сүрүшкөн. Бирок Куранда бул адамдардын өздөрүнөн алыс көргөн азаптарга сөзсүз кабылаары кабар берилген:

Аларга акыйкат келгенде, аны жалганга чыгарышты; бирок шылдың кылгандарынын кабары аларга келет. (Энъам Сүрөсү, 5)

Ант болсун, сенден мурдакы элчилер да шылдыңдалышты, бирок араларынан басмырлагандарды ошол шылдыңдаган (азап) ороп-курчап калды. (Анбия Сүрөсү, 41)

...Коомунун алдыңкылары ага жолуккан сайын Аны шылдыңдап жатышкан. Ал: «Эгер бизди шылдыңдасаңар, (силер) шылдыңдаган сыяктуу биз да силерди шылдыңдайбыз» деди. «Эми келечекте билесиңер. Басмырлоочу азап кимге келет жана тынымсыз азап кимди басат.» (Худ Сүрөсү, 38-39)

Ал адамдар кылган күнөө-кылмыштарынын жазасын сөзсүз акыретте көрүшөт, бирок дүйнөдө жашап жаткан кезде да бул жаза аларга жетип келет. Алар динди, Мусулмандарды, Аллахтын элчилерин жана аяттарын шылдыңдап жатышканда, негизи Аллах аларды шылдың кылат. Аллах бул чындыкты бир аятында ачык кабар берген:

(Чындыгында) Аллах аларды шылдың кылат жана чектен чыгуулары ичинде адашуу менен жүрүүлөрүнө (белгилүү бир) убакыт берет. (Бакара Сүрөсү, 15)

Негизи бул каапыр (баш тартуучу) адамдар жогорудагы аяттарда билдирилгендей, аларга берилген мөөнөткө алдануу менен абдан чоң бир тузакка түшүшкөн. Өмүр бою дин ахлагына, Аллахтын элчилерине жана ыймандууларга каршы күрөшүшкөн жана мындан улам эч жаза албайбыз деп ойлошкон. Бирок бул дүйнөдө канчалык текеберленишсе да, Аллах белгилеген мөөнөттө жан беришет жана топурактын астына көмүлүшөт. Аллах алардын мактанган мал-мүлктөрүн жок кылат, денелери болсо топурактын астында чирип жок болот. Булардын баары сөзсүз болот, алар да бүт адамдар сыяктуу өлүшөт. Өлүмчүл болушу жана өздөрүнөн өлүмдү алыстата албашы негизи алардын канчалык алсыз абалда экендигинин маанилүү бир далили.

Ошондой эле, ал адамдарга өмүр бою да Аллах көптөгөн кыйынчылык, азап жана балээ берет. Алар өздөрүн жогору сезип жатышканда, баштарына келген окуялар менен негизи канчалык алсыз кулдар экенин көрүшөт. Аллах Куранда мындай абалга түшкөн каапырлар жөнүндө көп мисалдар берген. Алдыда Куранда айтылган бул шылдыңчыл адамдардан жана алардын кабылган натыйжасынан сөз кылынат.