Аллах такыба (Аллахтан корккон) адамдарды ыйман келтирип жана ыймандарын ишке ашыруу менен жеңишке жетишкендиги үчүн куткарат. Аларга жамандык жетпейт жана алар кайгыга түшүшпөйт.
(Зүмер Сүрөсү, 61)
Динден алыс жашаган адамдардагы эң тамырлуу, туура эмес кулк-мүнөздөрдүн бири болгон сезимталдык негизи адамдар ойлогондой адам төрөлгөндөн бери бар болгон же таштай албай турган бир мүнөз эмес.
Мындай мүнөздү адам пландуу же плансыз пропаганда натыйжасында алат. Ошондуктан сезимдерге кабылуу –ыйлоо, кайгыруу, жинденүү- эркимден сырткары болот, аны жеңүүгө күчүм жетпейт дегендер чын ниеттен ойлонгондо мунун жараксыз экенин көрүшөт. Мисалы, ыйлап, кайгырып жаткан бир кишиге чоң көлөмдө акча сунушталса же маанилүү бир башка кызыкчылык сунулса, бир заматта кубанып кетиши каалаганда андай маанайдан оңой эле чыга алаарынын эң ачык көрсөткүчү. Демек киши атайылап сезимтал болуу аркылуу, бир тараптан, айланасына абийирсиз мамиле кылган болсо, экинчи тараптан, Аллах Куранда кабар бергендей, киши өзүнө өзү зулумдук кылган болот:
Күмөнсүз, Аллах адамдарга эч нерсе менен зулумдук кылбайт. Адамдар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышат. (Йунус Сүрөсү, 44)
Бирок сезимтал адамдар бул чындыкты түшүнө алышпайт. Алар дайыма капалуу, үмүтсүз болушат. Кандай шартта болбосун, өздөрүнө капа боло турган, кайгыра турган бир нерсе табышат. Негизи бул адамдар өз колдору менен өздөрүнө зулумдук кылышат. Бул чындык бир аятта төмөнкүчө кабар берилет:
Биз адамдарга бир мээрим таттырганыбызда, ага кубанышат; өз колдору менен жасагандары себептүү аларга бир жамандык келгенде, ошол замат үмүтсүздүккө түшүшөт. (Рум Сүрөсү, 36)
Мындай адамдар романтикалык маанайдан чыгуу, бул илдеттен кутулуу үчүн шайтандын убадаларынан, алдамчылыктарынан этият болуп, акылын жана абийирин толук ачышы керек. Бул болсо адамдын ыйманынан көз-каранды.
Чыныгы мусулман өзүнө романтизмдин алсыздыгын жараштырбайт; акылдуу болот, маселелерди чечет жана айланасындагыларга үлгү болот. Ошондой эле, мусулман жакшы мүнөздүү болгондуктан жана жакшы сөздөрдү сүйлөгөндүктөн, кубанычтуу болот. Себеби туура мамиленин сүйүнчүсү, нуру, жарыгы эң оор шарттарда да адамга кубаныч тартуулап, дүйнөдө бейпил, абройлуу, сонун жашоого, акыретте болсо түбөлүктүү кубанычка себепчи болот. Ошондуктан дайыма Аллах жактыра турган бир ниетте жана мүнөздө жашаган ыймандуулар үчүн кайгырып, кыйнала турган, аларды пессимизмге түртө турган эч нерсе болбойт. Бир аятта Аллах төмөнкүчө кабар берет:
Аллах такыба (Аллахтан корккон) адамдарды ыйман келтирип жана ыймандарын ишке ашыруу менен жеңишке жетишкендиги үчүн куткарат. Аларга жамандык жетпейт жана алар кайгыга түшүшпөйт. (Зүмер Сүрөсү, 61)
Мындан тышкары, ыймандуулардагы кубаныч, бактылуулук, бейпилдик жана ишеним аларга бейиштин дүйнө шарттарындагы бир чагылуусу болот. Дүйнөдө башталган бул кубанычы акыретте Аллахтан үмүт кылган бейишке кирээри так белгилүү болгон соң түбөлүктүүгө айланат. Ыймандуулардын акыреттеги бактылуу маанайы бир аятта төмөнкүчө билдирилген:
Эми Аллах аларды мындай бир күндүн жамандыгынан коргогон жана аларга жаркыраган бир нур жана бир кубаныч берген. (Инсан Сүрөсү, 11)
Mutsuz, aşırı duygusal, karamsar insanlar dünyadaki güzelliklerin ve nimetlerin farkına varamazlar. Çevrelerinde binbir türlü güzellik varken, onlar hep herşeyin olumsuz yönlerini görür, daha da mutsuzlaşırlar. Oysa Allah, rahmeti ve şefkati ile insanlar için dünyada sayısız nimet yaratmıştır. Akıl ve vicdan sahibi müminler bunları hemen farkedip, nimetlerin sevinci ile Allah’a şükrederler. |
Башка бир аятта болсо Аллах акырет күнү ыймандуулар менен ыймансыздар арасындагы айырманы төмөнкүчө кабар берет:
Ал күнү ушундай жүздөр бар, жаркырап, күлүп, кубаныч ичинде болот. Жана ал күнү ушундай жүздөр бар, бетин чаң каптаган. Бир каралык ороп-каптаган. Мына ошолор каапыр, бузукулар. (Абаса Сүрөсү, 38-42)
Ыймансыздар болсо акыретте дүйнөдө шайтанды ээрчип жашаган тозок жашоосунун чыныгысын –эсе эсе оорун жана түбөлүккө чейин созула турганын- жашашат. Ыймандуулардын кубаныч жана бактылуулугунун бейиште үзгүлтүксүз уланышы сыяктуу:
(Кыямат) Келээр күнү, Анын уруксатысыз, эч ким эч нерсе сүйлөй албайт. Эми алардын кээ бирлери бактысыз, (кээ бирлери болсо) бактылуу. Бактысыздар отто, алар ал жерде (кыйналып) дем алышат. Алар Раббиң кааламайынча асмандар менен жер турганда, ал жерде түбөлүк болушат. Себеби Раббиң чындыгында каалаганын кылуучу. Бактылуулар болсо, эми алар бейиште. Раббиңдин каалоосунан тышкары, асмандар менен жер турганда, ал жерде түбөлүк болушат. (Бул) эч түгөнбөгөн бир берешендик. (Худ Сүрөсү, 105-108)
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн
башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүм жана хикмат (терең акыл) ээсисиң.»
(Бакара Сүрөсү, 32)