... «Ант болсун, кулдарыңдан «саны белгилүү бир топту» (өзүмө куйрук) кылып алам. Аларды –кандай гана болбосун- жаңылтып-адаштырам, эч болбогон куру ойлорго салам жана аларга сөзсүз малдардын кулактарын кесүүнү буйруйм жана Аллахтын жараткандарын өзгөртүүнү буйруйм.» Ким Аллахты коюп, шайтанды дос кылса, албетте, ал апачык кыйроого туш болот.
(Ниса Сүрөсү, 118-119)
Мурдакы бөлүмдө романтизмдин «романтикалык улутчулдук» таасирлерин карадык. Эми мунун экинчи тарабын да карайлы жана романтизм адамдарды түрткөн башка кээ бир балээлерге токтололу. Биринчи карап чыгуу керек болгон идеология – бул адамзатка жок дегенде романтикалык улутчулдуктай «кан кустурган» коммунизм.
Коммунизм калп эле «акылга таянган» бир идеология катары пайда болгон. Идеологияны түзгөндөр, б.а. Карл Маркс (1818-1883) менен Фридрих Энгельс (1820-1895) материалисттик философияны кабыл алып, аны коомдук илимдерге киргизип, «тарыхтын эрежелерин» аныктадык деп ойлошкон. Маркс тарыхты бир канча этапка бөлүп, ал доордо Англия сыяктуу алдыңкы өлкөлөрдө «капиталисттик доордун» өкүм сүрүп жатканын, андан соң сөзсүз бир жумушчулардын төңкөрүшү болоорун жана социалисттик доордун башталаарын айткан. Маркс бул төңкөрүш өзүнөн-өзү, б.а. жумушчулардын өз инициативасы менен болот жана Англия сыяктуу өнөр-жайы өнүккөн өлкөлөрдө ишке ашат деген алдын-ала божомолун айткан.
Бирок Маркстын божомолдору ишке ашкан эмес. Алардын туура эмес экени ал өлгөндөн кийинки 30-40 жыл ичинде апачык көрүлгөн. Англияда же башка бир индустриалдашкан өлкөдө бир төңкөрүш болбой, тескерисинче жумушчулардын социалдык жана экономикалык шарттары жакшырган.
Натыйжада Маркстын теориясы тарыхтагы көптөгөн жаңылыштыктар сыяктуу бир ката катары кабыл алынып, бир четке коюлушу керек эле. Бирок андай болгон эмес. Өздөрүн «марксисттер» деп атаган бир топ адам Маркстын ишке ашпаган божомолдорун мажбурлап болсо да ишке ашыруу аракетин башташкан. Маркс «өзүнөн-өзү болот» деген төңкөрүшү эч болбой койгон соң, аны куралдын күчү менен жасай турган уюмдарды куруу жана «төңкөрүшчү» болуу чечимин алышкан. Марксты ушундайча башкадан чечмелеген жана Маркстын ишке ашпай калган божомолдорун шылтоолор аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылган эң негизги марксист Ленин болгон.
Zincirlerini kıran güçlü proleterya posterleri, sıkılmış yumruk figürleri, sosyalizm uğruna savaşmaktan ve ölmekten söz eden devrim şarkıları, komünist romantizmin en yaygın sembolleridir. |
Ленин төңкөрүштүн Англия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө боло албашын, анын ордуна Россия сыяктуу өнөр-жайы өнүкпөгөн өлкөлөрдө аракет кылуу керек экенин, коммунизмдин ал жерде ийгиликке жетээрин жана андан соң бүт дүйнөгө жайылаарын айткан. Бул кыялын турмушка ашыруу үчүн Россиянын ичинде жана сыртында көп жылдар бою төңкөрүшкө даярдык жасап, биринчи дүйнөлүк согуштун башаламандыгы учурунда издеген мүмкүнчүлүгүн таап, бийликке келген.
Komünizmin fikir babaları Marx (solda) ve Engels'tir (sağda). Ortada ise Marx'ın Das Kapital isimli kitabının Rusça tercümesinin kapağı görülmektedir. |
Бирок Лениндин божомолдору да дал Маркстыкы сыяктуу калпка чыкты. Курган системасы да ийгиликке жете алган жок, коммунизм да ал ойлогондой дүйнөгө жайылган жок. Учурда Ленин курган Советтер союзу тарыхка айланды. Советтердин басып алышы жана кысымчылыгы менен коммунист кылынган өлкөлөрдө да коммунисттик система кыйрады. Коммунизм 20-кылымдын эң чоң жана эң ийгиликсиз эксперименти катары кабыл алынууда.
Марксизмдин бир жаңылыштык экени бир эле божомолдорунун жана курган системаларынын кыйрашы аркылуу эмес, ошол эле учурда таянган философиясынын кыйрашы аркылуу да далилденди. Марксизмдин негизи болгон материалисттик философиянын бүт негизги гипотезалары 20-кылымдагы илимий ачылыштар аркылуу жокко чыгарылды. Мисалы;
1. Материализм аалам чексиз илгертен бери бар, ошондуктан зат жаратылган эмес дейт. Бирок 20-кылымда кабыл алынган Биг Бенг (Big Bang – Чоң жарылуу) теориясы заттын жана убакыттын жоктуктан жаратылганын көрсөттү. Бул теория ааламдын мындан 10-15 миллиард жыл мурда жоктуктан пайда болгонун, жоктук ичинде бир кезде кичинекей бир кыймылдын пайда болгонун көрсөттү. Б.а. Биг Бенг эч нерсе жок кезде, жоктук ичинде бир заматта бир кыймыл, кыймылдан соң зат жана убакыт пайда болгон деген чындыкты көрсөттү. Бул болсо материалисттердин көз-караштарын толук кыйратып, затты, убакытты жана кыймылды Аллахтын жаратканын көрсөткөн далилдердин бири болду.
2. Материализм затты жана убакытты «абсолюттук» түшүнүктөр, б.а. дайыма бар болгон, өзгөрбөгөн, туруктуу негиздер дейт. Бирок Эйнштейндин Салыштырмалуулук теориясы заттын да, убакыттын да абсолюттук түшүнүк эместигин, өзгөрмө бир кабылдоо экенин көрсөткөн.
3. Материализм адам аң-сезимин материалдык (заттык) факторлор менен гана түшүндүрүүгө, адамдын бүт аң-сезимдик функцияларын затка төмөндөтүүгө болот деген. Бирок мээнин терең изилдениши мээде эч жообу жок аң-сезимдик функцияларды аныктап, адам аң-сезиминин заттан-жогорку бир нерсеге, б.а. «рухка» тиешелүү экенин тастыктады.
4. Материализм жандыктар жаратылган эмес, Дарвиндин эволюция теориясында айтылгандай кокустуктар натыйжасында пайда болгон дейт. Бул көз-караш да 20-кылымдагы илимий ачылыштар тарабынан кыйратылып, жандыктарда четке кагылгыс бир «долбоор» бар экени жана бүт жандыктарды Аллахтын жаратканы дагы бир жолу көз алдыга тартууланды.
Bir fikir, bir ideoloji uğruna kendilerini yakan insanlar aslında aşırı bir duygusallık içindedirler. Sonucunu akılcı bir şekilde değerlendirmeden sözde "cesaret" gösterileri yapabilmektedirler. |
Эгер бир идеологиянын акылга таянаары айтылып, бирок айткандары акыл жана илим тарабынан четке кагылып жатса, ал тургай, ишке ашкан конкреттүү окуялар ал идеологиянын бүт божомолдорун жокко чыгарып жатса, анда ал идеологиянын эч айтаар сөзү калбайт. Ал идеологияны кабыл алган кишилер да идеологиянын жараксыздыгын акыл менен анализдеп байкап, аны ташташы керек. Ошондуктан эгер коммунисттер романтизмге жана кыялкечтикке эмес, акыл жана логикага таянган кишилер болгондо, бүгүнкү күнгө чейин коммунизмди жүздөгөн жолу ташташмак.
Бирок коммунизм түпкүрүндө романтизмге таянган бир идеология болгондуктан, аны жактагандар да акылдан жана илимден алыс калган бул системага жакын болууну жана бул чирик системаны чындыктарды карабай жактоону улантышууда. Эң башынан эле, б.а. Маркстын эң негизги божомолдору ишке ашпаганы көрүлгөндө эле, бул идеология бир бурчка ташталышы керек эле. Бирок ташталган жок. Дүйнөнүн төрт бурчунда пайда болгон «төңкөрүшчүлөр» Маркстын кыялдарын турмушка ашыруу үчүн ишке киришишти. Төңкөрүштөрдү, граждандык согуштарды, партизандык күрөштөрдү, теракттарды жасашты.
Советтер союзу жана бүт Чыгыш блогу кыйрап, кызыл Кытай капиталисттик экономиканы тандады. Бирок дагы эле коммунизм ташталган жок. Дагы эле дүйнөдө жана Түркияда коммунисттик уюмдар иш-аракеттерин улантышууда. Өздөрү айтып жаткан «төңкөрүштүн» бир кыял экенин билип туруп, коммунизмди таштабаш үчүн гана кан төгүүнү улантышууда. Өз досторун жана өз денелерин тирүүлөй отко салып өрттөнүп жатып да коммунисттик марштарды ырдай турганчалык романтик, сокур жана максатсыз бир кежирлик менен коммунизмге берилгендигин улантышууда.
Бул коммунизмдин акылга таянган бир идеология эместигин, бул идеологияны жактагандардын аны акыл менен анализдеп эмес, башка себептен кабыл алганын көрсөтөт. Бул себепти көп адамдар «фанатизм», «катуу пикирдүүлүк» дейт. Бул сөздөр да туура. Бирок бир аз тереңирээк изилденгенде, мындай фанатизмдин түбүндө романтизмдин өтө чоң роль ойноору белгилүү болот.
Башкача айтканда, коммунизм да романтизм гипнозунан колдоо алат.
Коммунисттердин романтикалык маанайын башында көп кишилер байкабайт, себеби коммунисттер дайыма илимден, философиядан, акылдан сөз кылышат. Бирок бул түшүнүктөрдү да романтикалык көз-карашта кабыл алышат. Илим ачкан, бирок аларга карама-каршы келген ачылыштарды «буржуазия илими» деп эч ойлонбостон четке кагышат. Ал тургай, Сталин бул көз-карашты системалаштырып, өз доорунда «буржуазия илими» жана «пролетария илими» деп тантык жана жасалма бир бөлүүчүлүк жасаган.
Мындан тышкары, коммунисттердин китептерин, журналдарын, ырларын же марштарын терең караганыбызда, негизи күчтүү бир романтизм бар экенин көрөбүз. Кээ бир түшүнүктөрдү идолдоштуруп алышкан жана аларга карата ашыкча сезимтал бир жакындык сезишет. Алардын башында «төңкөрүш» түшүнүгү турат. Бир коммунист үчүн төңкөрүш бүт жамандыктардын бүтүшү жана бүт жакшылыктардын башталышы болуп саналат. Эч качан ишке ашпашын билип туруп, бул кыялга үмүтсүз бир ашыктык менен жабышат. Ал төңкөрүштү эч акыл менен анализ кылбайт. Төңкөрүш эмнеге жасалат? Төңкөрүш болгондо көптөгөн күнөөсүз адамдын каны жөн эле төгүлүп, бүт элдер жапа чегет, мунун эмне кереги бар? Төңкөрүшсүз эле жакыр адамдардын жашоо шарттарын оңдоого болбойбу? Төңкөрүш болгондо экономиканын абалы эмне болот? Өлкө кантип башкарылат, ички башаламандыктар кантип токтотулат, тышкы коркунучтарга кантип чара көрүлөт?
Komünistlerin dikkat çeken yönlerinden biri, milyonlarca insanın ölümüne neden olan, cani ruhlu liderleri, halk için çalışan, yüksek erdem sahibi hatta insanüstü varlıklar olarak gösterme çabalarıdır. Bu yolla halkta komünist liderlere karşı duygusal bir bağlılık oluşturmak ve işlenen suçları mazur göstermek hedeflenmektedir. |
Бул реалдуу суроолордун бир коммунистке эч кандай мааниси жок. Бир гана максат төңкөрүш. Эгер жогорудагы сыяктуу суроолорго жооп берүү керек болсо, Ленин, Сталин же Мао жазган китептерден калып болуп калган сөздөрдү алып айтат, бирок бул суроолордун жоопторун реалдуу шарттарга карап ойлонбойт. Аны төңкөрүш пикирине эң көп жакын кылган нерсе – бул сезимтал ыр саптары, жалындуу марштар. Коммунист адабиятта көп көп «гүлдөр арасындагы кооз өлкө», «алыстардагы кызыл күн» ж.б. айтылат. Негизи төңкөрүш түшүнүгү менен коммунист арасындагы байланыш бир романтикалуу сүйүү жомогу сыяктуу. Университеттердеги, китеп көргөзмөлөрүндөгү, маданий борборлордогу коммунисттердин стенддери, коммунисттер чогулган барлар, кафелер анализ кылынганда, бул романтизмдин ар кандай символдор менен сакталганын көрөбүз. Чынжырларды үзгөн күчтүү пролетариат плакаттары, түйүлгөн муштум сүрөттөрү, социализм үчүн согушуудан жана курман болуудан сөз кылган төңкөрүш ырлары – коммунист романтизмдин эң кеңири тараган символдору.
Мындай романтизм кээде кийимдерге да чагылат. Үстүнө хаки (боз) түстүү бир куртка, башына коммандос кепкасын кийген коммунист бир өспүрүм өзүн Латын Американын коммунист партизан лидери Че Гуеверага окшотот. Ансыз да бөлмөсүндө же жеке буюмдарынын арасында чоң ыктымалдык менен бир «Че» плакаты болот. Поп жылдыздарды идеал тутуп, ошолор сыяктуу кийинген романтик мектеп окуучуларынан бир гана айырмасы – өзүнө тандаган жылдыздын ырчы эмес, партизан болушунда.
Komünist romantizmin önemli sembollerinden biri de bu tarz posterlerdir. Bunlar halkın komünist ideolojiyle ve komünist liderlerle duygusal bağlantısını ayakta tutma amacına hizmet etmektedir. |
Коммунист романтизмдин дагы бир кызыктуу мисалы – бул өздөрүн кыйноодон жана башка адамдардын аларга боору оорушунан кызыктай бир ырахат алышы. Мисалы, камакта «ачкалык жарыялап» болбогон бир максат үчүн өзүн өлүмгө айдаган коммунист бул иш-аракетинен кыйналганы үчүн ырахат алып, бир тараптан азап тартканы себептүү башка адамдардын аны айоо сезиминен жана көңүл бурушунан ырахаттанат. Ошондой эле, достору аны «чоң максат үчүн жашаган адам» дешип, суктанганы үчүн ырахат алат.
Коммунисттердин кыйналуудан алган романтикалуу ырахаты кээде өтө алыска кетиши мүмкүн. Коммунист боевиктер өздөрүн тирүүлөй өрттөө, тандаган бир досун темирге байлап, үстүнө күйүүчү зат төгүп күйгүзүү, анан ал күйүп жатканда жанына туруп алып коммунист марштарды ырдоо сыяктуу коркунучтуу жырткычтыктарды жасашат. Мындай акылга сыйбас зомбулукту жасаган коммунисттердин, фашисттик митингдердеги массалар сыяктуу, «аң-сезимдеринин тайып» калганы, толугу менен сезимтал жана психологиялык бир транска киргени апачык көрүнүүдө.
Коммунисттердин максаттарына эч жете албашын билип туруп, идеологияларын өжөрдүк менен жакташы бир романтикалык кежирдик натыйжасында болууда. «Туура эмес болсо да, ийгиликке жете албаса да, мен коммунистмин жана аягына чейин ушул бойдон калам» деген көз-караш менен коммунизмге жабышышат. Албетте, акылдуу бир адам мындай кылбайт.
Жыйынтыктасак, коммунизмдин да шайтандын адамдарды акылдан жана Аллахка ишенүүдөн алыстатуу үчүн колдонгон романтизм куралынын бир бөлүгү экени түшүнүктүү болууда. Коммунизм акылга таянган бир идеология жана философия деп айтылып чыкканы менен, чындыгында акыл менен илимге туура келбеген көз-караштарга толо, жана ал көз-караштардын 1,5 кылымдан бери дагы эле өжөрлүк менен жакталып келе жатышынын түбүндө коммунисттердин идеологияларына болгон романтикалык жакындыгы турат.
Kızıl Çin'de ya da Sovyet Rusya'da gösteri için toplanan komünist halkın psikolojisinin, aslında Hitler Almanyası'ndaki halkın psikolojisinden farkı yoktur. Her iki kesimi de meydanlarda şuursuzca bir komünizm taraftarlığına yönelten güç, telkin edilen duygusallıktır. |
ADNAN OKTAR: Marksizm'in geliştiği dönem, Darwinizm'in geliştiği dönem, bilimin çok kısır olduğu, insanların araştırma gücünün, teknik gücünün çok düşük olduğu bir dönemdi. Yani cehalet ortamında gelişti. Dolayısıyla Darwin'in dayandığı herhangi bir delil yoktu. Bunlarda bütün teorilerini Darwin'e dayandırdılar, yani çürük yumurtanın üstüne ev kurmaya kalktılar bunlar. Yumurta da parçalanınca, ev de gitti aşağı doğru çöktü. Yani, Marksizm'in en büyük açmazlarından birisi, en zavallı yönlerinden birisi de Darwinizm'in üstüne kurulmuş olmasıdır. Darwin'in evrim teorisinin üstüne kurulmuştur. Zaten bunu Mao da söylüyor. "Çin sosyalizminin temeli Darwin ve evrim teorisidir" diyor. Yani ne kadar çürük, ne kadar bozuk bir sistem üstüne kurulduğunu siz artık buradan anlayın....
ADNAN OKTAR: Komünizmin amacı insanları, haşa, hayvan gibi görmek, hayvan gibi çalıştırmak, onları sömürmek, insan yerine koymamak. Onların ruhundaki yaratıcı gücü, yani telif gücünü yok etmek ve onları robotlaştırmaktır. Mesela Sovyetler'de komünizm dağıldıktan sonra halkın resimleri var, fotoğrafları var böyle bakıyor adamlar yani ruh gibi, mahvetmişler adamları. Mesela bugün Çin'de de gidin insanlara bakın, fotoğraflara bakın insanlıktan çıkmış durumda yüz ifadeleri mahvolmuşlar. Yani ne gülmeyi biliyorlar, ne konuşmadan haberleri var, ne şakalaşabiliyorlar yani ruh sevinçleri, ruh derinliklerini mahvetmiş komünizm. Yani adeta insanlıktan çıkmış durumdalar. Şeytan kendi sistemini kurmuş. Kimini sosyalist yapmış, kimini faşist yapmış, kimini satanist yapmış, kimini iddia edilen Ergenekoncu yapmış.
ADNAN OKTAR: Kan dökme sistemini ve acı verme sistemini sevgisizliği, ruhsuzluğu, hayat neşesini, ortadan kaldırmayı insanlara sunmuşlar. Ve insana değer vermeyen sistemlerdir bunlar. İnsanı insan olarak görmeyen, onların ruhu olduğunu kabul etmeyen sistemlerdir. İnsanı makine olarak gören eşya, taş gibi gören insanlardır. Ve sistemlerdir, düşüncelerdir ve insanlığı mahvetmişlerdir. İşte Hz. Mehdi (as) bu belayı, bu heracifi, bu kiri, bu rezilliği ortadan kaldıracaktır. Bu zulme bir son verecektir. Allah'ın vesile etmesiyle inşaAllah. (Kral Karadeniz TV, 22 Ocak 2009)