Ал чындыкты (динди) тангандар өз жүрөктөрүндө «кыжырдуу улут коруучулугун», караңгылыктын «кыжырдуу улут коруучулугун» жасап-күчөтүшкөндө, ошол замат Аллах элчисине жана ыймандууларга «ишеним жана бейпилдик сезимин» түшүрдү...
(Фетих Сүрөсү, 26)
Романтизм көбүнчө адамдар арасындагы сезимдик мамилелер менен байланыштуу түшүнүк деп кабыл алынат. Бирок, ошондой эле, романтизм саясий идеологиялардын кээ бирлери менен да тыгыз байланышта. Булардын башында болсо 19-кылымдын аягында пайда болгон жана 20-кылымдын ортолоруна чейин дүйнөдө өтө таасирдүү болгон «романтикалык улутчулдук» турат.
Эң биринчиден айта кетүү керек; бул жерде сындала турган түшүнүк улутчулдук эмес, «романтикалык улутчулдук». Экөө арасында өтө чоң айырма бар.
Улутчулдук, жалпысынан, бир адамдын өз элин жана жашаган мекенин сүйүшү маанисине келет. Бул өтө табигый жана сонун бир сезим. Мунун динге карама-каршы тарабы жок жана адамзатка бир зыяны да тийбейт. Бир адамдын ата-апасын сүйүшү канчалык кадыресе сезим болсо, аны чоңойткон, ишеними жана маданияты орток болгон өз элин сүйүшү да кадыресе бир сезим. Түрк улутчулдугу да ушундай сонун бир сезим; эч кимди динине, тилине, улутуна карап бөлбөй, баарын камтыйт.
Улутчулдук сезиминин туура эмес абалга келиши сүйүүнүн туура эмес бир сезимге айланышынан келип чыгат. Бир адам өз элин сүйүп жатып, башка элдерди жок жерден эле душман көрүп баштаса, өз элинин кызыкчылыктары үчүн башка улуттардын жана элдердин акыларын тебелөөнү, мисалы, алардын жерлерин басып алууну, мал-мүлктөрүн тоноону максат кылса, туура эмес тарапка оогон болот. Же өз элине болгон сүйүүсүн бир фашизмге айландырганда, б.а. өз элин генетикалык жактан башкалардан жогору көргөндө да туура эмес пикирге келген болот.
Аллах мындай туура эмес улутчулдукка Куранда көңүл бурат. Аяттарда «кыжырдуу улут коруучулугу» деп сүрөттөлгөн мындай көз-караш динден алыс, караңгы элдердин бир мүнөзү катары баяндалат:
Ал чындыкты (динди) тангандар өз жүрөктөрүндө «кыжырдуу улут коргоочулугун», караңгылыктын «кыжырдуу улут коргоочулугун» жасап-күчөтүшкөндө, ошол замат Аллах элчисине жана ыймандууларга «ишеним жана бейпилдик сезимин» түшүрдү жана аларды «такыба сөзүндө» «бекемдик менен коргоду». Ансыз да алар буга ылайык жана татыктуу эле. Аллах бүт баарын толук билүүчү. (Фетих Сүрөсү, 26)
Көңүл бурулган болсо, аятта «кыжырдуу улут коргоочулугунан» сөз кылынып, ага каршы Аллахтын ыймандууларга ишеним жана бейпилдик сезимин бергени айтылууда. Демек, өз коомуна (уруусуна же улутуна) болгон сүйүүсү натыйжасында кыжырдуу жана зомбулукчу көз-карашта болгон адамдардын андай мамилеси туура эмес, күнөө болот. Аллах андайга каршы ыймандуулардын бейпил, ишенимдүү жана токтоо мамиле кылышын каалоодо. Башкача айтканда, Аллах ыймандуулар үчүн жактырган маанай – бул «акылы ордунда» болгон бир адамдын маанайы.
Кыжырдуу улут коргоочулугу мына ушул «акылы ордунда» болгон маанайды жок кылып, адамдарды тили, өңү, уруусу же эли башка болгону үчүн бир-бирин жек көрүп, жаман мамиле кылууга түртөт.
Аллах 1400 жыл мурда Куранда сүрөттөгөн мындай кыжырдуу улут коргоочулугун учурда дүйнөнүн төрт тарабынан көрүүгө болот. Африкада башка уруудан болгону үчүн гана бир-бирин өлтүргөн адамдар бар. Европада бир футбол таймашын куралдуу кагылышууга айланткан жана берки өлкөнүн тараптарларын ошол тараптан болгону үчүн гана өлөөрчө сабаган «хулигандар» кездешет. Батыш дүйнөсүндө жалпысынан негрлерди, еврейлерди, түрктөрдү, африкалыктарды же башка бир азчылыктарды жек көргөн, ал тургай, аларга карата теракттарды уюштурган, ушул максатта уюмдар түзгөн адамдар бар.
Кыжырдуу улут коргоочулугу мындай астыңкы класстарга эле эмес, көп өлкөлөрдүн эң жогорку катмарына да таасирин тийгизүүдө. Кичинекей бир чек ара маселесин шылтоо кылып, зомбулукчу каалоолорун канааттандыруу үчүн гана бир-бирине согуш ачкан, ал согуштарды көп жылдар бою өжөрлүк менен улантып, өз калкын да, берки өлкөнүн калкын да жокчулук жана азапка салган көптөгөн өлкөлөр бар. Булардын чечим ала турган кишилери кыжырдуу улут коргоочулугунун таасири астында болушат. Алар аятта сүрөттөлгөндөй «өз жүрөктөрүндө караңгылыктын кыжырдуу улут коргоочулугун жасап-күчөткөн» караңгы адамдар.
Мындай караңгы адамдар 20-кылымдын эки чоң балээси болгон биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарды да даярдап, ал тургай, жасаган кишилер. «Немец баатырдыгы», «англис намысы», «орус эр жүрөктүгү» деген сыяктуу сезимтал түшүнүктөрдүн таасири астында калышып, өз элдерине да, бүт дүйнөгө да чоң балээ алып келишкен жана эки ири согушта жалпысынан 65 миллион адамдын канын төгүп, он миллиондогонун майып, тул, жетим калтырышкан.
Бул балээнин булагы болгон «кыжырдуу улут коргоочулугунун» азыркы доордогу аты болсо – бул «романтикалык улутчулдук».
Улутчулдук Европада негизинен 18-кылымда тараган бир көз-караш катары белгилүү. Мурда көптөгөн сюзерендин башкаруусу астында жашаган өлкөлөр бирдиктүү борбордук башкаруу астында биригип, алгачкы улут-мамлекеттерди курушкан. Англия жана франция сыяктуу Европа өлкөлөрү улутчулдукту эң алгач кабыл алган жана улут-мамлекетке айланган эң алгачкы өлкөлөр деп эсептелишет. 19-кылымга келгенде Европадагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү улуттук биримдикти түзүшкөн.
Эки өлкө гана мындан сыртта калган: Германия менен Италия. Эки өлкөдө тең княжестволордун же кичинекей шаар мамлекеттердин бийлиги көпкө чейин уланган. Италия 1870-жылы гана, Германия болсо бир жылдан кийин, 1871-жылы гана улуттук биримдикке жетип, бир улут-мамлекет болуп тарых сахнасына чыга алган. Башкача айтканда, эки өлкө тең улутчулдукту кабыл алууда жана турмушка ашырууда башка Европа өлкөлөрүнөн кеч калган.
Бирок бул жагдай эки өлкөдө тең Европанын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу көбүрөөк радикалдуу улутчул агымдардын чыгышына жана тамырлашына себеп болгон. Коомдук илим адистеринин жалпы пикири боюнча, улутчулдуктун эң уч мисалдары болгон нацизм жана фашизмдин ушул эки өлкөдө пайда болуп, бийликке жетишинин себеби эки өлкөдө тең кеч калган улуттук биримдик себебинен кеңири тараган фанаттык улутчул сезимдер болгон.
Бул эки өлкөдө, өзгөчө Германиядагы мындай фанаттык улутчул түшүнүктүн лидерлери тарыхта «романтикалык улутчулдар» катары белгилүү. Романтикалык улутчулдуктун негизги мүнөздөрү мындай: акылга эмес, сезимдерге жана интуицияларга таянышат, өз улутун мистикалуу жана сырдуу бир «рухка» ээ деп ойлошот жана бул рух ал улутту башкаларынан жогору кылат деген жаңылыш пикирге ишенишет. Романтикалык улутчулдар 19-кылымдын аягында кеңири тараган расисттик теориялардан да таасирленишкен жана Европалык расалар дүйнөдөгү калган расалардан өйдө жана аларды башкаруу укугуна ээ деген чындыкка коошпогон пикирлерди айтып чыгышкан.
Романтикалык улутчулдук өзгөчө 20-кылымдын алгачкы эки он жылында Германияда тездик менен тараган. Поль Лагард (Paul Lagarde) жана Юлиус Лангбен (Julius Langbehn) сыяктуу кишилер немецтер бүт дүйнөнү башкара турган бир иерархиялык дүйнө тартиби курулушу керек дешкен. Буга болсо толугу менен «немец рухунан» жана «немец канынан» келип чыккан жогорулук аркылуу жетишилет, ал үчүн немецтер илгерки путпарасттык ишенимдерге кайтып, христиандык сыяктуу Кудайдан келген диндерди ташташы керек дешкен.
Романтикалык улутчулдуктун жайылуусунда ошол кезде Германияда түзүлгөн мистикалуу (оккульттук) бирикмелердин да маанилүү ролу болгон. Ал бирикмелердин орток дүйнө көз-карашы «адам акылы менен эмес, сезимдери менен туураны таба алат», «ар бир улуттун бир «эл руху» бар» жана «немец эл руху – бул путпарасттык (идолдорго сыйынуу)» деген сыяктуу бир катар негизсиз пикирлерден турган. Ал бирикмелер Гитлерге жана натыйжада нацизмге да пайдубал даярдаган. Англиялык тарыхчы Майкл Говард (Michael Howard) «пан-германдык немец улутчулдугунун руханий күчүн жана идеологиялык тамырын окульттук бирикмелерден алганын жана окульттук салттын 1920-жылдары пайда болгон Национал-социализм (нацизм) агымына да маанилүү пайдубал даярдаганын» жазат.1
20. yüzyılda yaşanan "romantik milliyetçilik" akımına verilebilecek en iyi örnek Hitler Almanyası'dır. Tamamen romantizmin etkisiyle gelişen ırk milliyetçiliği, yol açtığı zulümler ve insanlığa getirdiği acılarla dünya tarihine kara bir leke olarak geçmiştir. |
Чындап эле романтикалык улутчулдуктун адамзатка салымы тарыхтын эң таш боор жана кандуу режимдеринин бири болгон нацизмге пайдубал даярдоо гана болгон.
Романтикалык улутчулдар адам акылы менен эмес, «сезим жана интуициялары менен» туураны таба алат деп ойлошкондуктан, өтө логикасыз, татаал жана башаламан бир дүйнө көз-карашын чыгарышкан. Америкалык тарыхчы профессор Герхард Ремпель (Gerhard Rempel) "Reform, Liberation And Romanticism In Prussia" (Пруссияда реформа, эркиндешүү жана романтизм) темалуу макаласында романтикалык улутчулдардын рух дүйнөсүн төмөнкүчө сүрөттөйт:
Романтиктер фантазияга, сезимталдыкка жана символизмге качууну тандашкан. Руханий жактан дайыма өлүмгө кызыгышып, түндүн караңгылыгында меланхолиялык депрессияларга түшүшкөн. (Романтикалык улутчулдуктун лидерлеринен) Новалис «жашоо рухтун бир оорусу гана» деген. Бул жердеги фактор – бул эстетикалык пессимизмдин башталышы... Романтизм адам рухунун тереңиндеги акылга сыйбас (иррационалдуу) күчтөрдү ачыкка чыгарды... Новалис бүт дүйнөлөрдү жана доорлорду кыял сыйкыры менен бириктирүүгө болооруна ишенчү... Согуш жөнүндөгү мекенчил адабияттын өнүгүшү менен бирге «рухтун бийи» деп аталган бул көз-караш коомдун кеңири массасына тарады...
Nazi Almanyası'nda duygusallığın etkisiyle transa geçmiş kitleleri, Nazizm'in insanlık dışı eylemleri adına yönlendirmek kolayca mümkün olmuştur. |
Немец романтиктери эстетизм культун чыгарышкан, бул болсо акылды четке кагууга жана реалдуулукту бир заматта, кокустан түшүнүү аракетине таянган. Бул теория боюнча, поэтикалык нерсе абсолюттук чындыктын дал өзү эле.2
Романтикалык улутчулдуктун пайдубалы сезимдерди «чыныгы дүйнө» катары кабыл алууга таянган. Бул кыялкеч көз-караш чындыктардан толугу менен алыс, өзүнүн руханий башаламандыгы ичинде жашаган адамдарды пайда кылды. Романтизмдин адамды чындыктардан алыстаткан, бир катар сезимдердин туткунуна айланткан мындай таасирин бир акыл оорусу болгон шизофренияга окшотууга болот. (Шизофрения менен жабыркагандар чындыктардан толугу менен алыстап, жеке кыялдарынын дүйнөсүндө жашашат.)
Üstte, Nazi döneminde yaşanan romantik milliyetçiliğin sembolü olan, Alman ırkını, milletleri adına aşırı bir duygusallığa yönelten bir propaganda afişi görülmektedir.. |
Мындай шизофрендик маанайдын бир мисалы – бул романтик улутчулдардын кээ бир түшүнүктөрдү идолдоштурушу эле. Булардын башында «кан» жана «жер» түшүнүктөрү турган. Германияда 20-кылымдын баштарында пайда болгон "Blut und Boden" (Кан жана жер) аттуу пикирдик агым немец каны менен немец жерлеринин өзгөчө бир ыйыктыгы бар, немец улутунан болбогон азчылыктар бул кан менен жерди «кирдетишүүдө» деп чыккан. Бул агымдын нацизм идеологиясына чоң таасири болгон. Нацисттер кан төгүлүшүн ыйык бир иш-чара катары көрүшкөн. Гитлердин 1923-жылкы ийгиликсиз төңкөрүш аракети учурунда жаракат алган нацисттердин кандары менен булганган бир партия желеги бир идолго айландырылган. "Blutfahne" (Кан желеги) деп аталган ал желек ошол бойдон сакталып, ар бир нацисттик церемонияда эң ыйык символ болгон. Ал тургай, нацисттик партиянын он миңдеген жаңы желегин Blutfahne'ге сүртүшүп, натыйжада андагы «ыйык» күч жаңы желектерге да өттү деп ишенишкен.3
Канды жана кан төгүүнү ыйык деп эсептеген мындай маанай адамзат тарыхынын эң кандуу согуштарына да от чаккан. Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштар романтик улутчулдардын кагылышуусу гана болгон. Эң ачык абалда Германияда көрүлгөн романтикалык улутчул агым ошол доордун Англия, Франция жана Россия элдерине да таасир көрсөтүп, ал өлкөлөрдүн башчыларын согушка түрткөн. Келишимдер менен чечүүгө мүмкүн болгон маселелер күчөтүлүп, дүйнө миллиондогон адамдын өмүрүн алып кеткен бир кыргынга туш болгон.
Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүн анализдөө романтикалык улутчулдуктун натыйжаларын көрсөтүшү жагынан пайдалуу болмокчу. Согушка көптөгөн өлкөлөр катышканы менен, түпкүрүндө мунун башында бир канча өлкө турган: бир тарапта Англия, Франция жана Россия, экинчи тарапта болсо Германия жана Австро-Венгрия. Согуштун башында бул өлкөлөрдөгү генералдардын баары күчтүү бир кол салуу менен душман армияларын талкалап, бир канча жумага калбай жеңишке жетебиз деген орток пикирде болушкан. Бирок согуш эч кимге жеңиш алып келген эмес.
Romantik milliyetçiligin etkisiyle kışkırtılan halklar ve bunun sonucunda başlatılan dünya savaşları, insanlığa kan, acı ve gözyaşından başka şey getirmedi. Geriye ise milyonlarca ölü, dul, yetimle birlikte harab olmuş şehirler kaldı. |
Германия 1914-жылы Франция менен Бельгияга күтүүсүз бир кол салуу менен кирип, бир аз алга жылган соң согуш кулптанып калган жана эки тараптын фронттору 3,5 жыл бою дээрлик эч ордунан жылган эмес. Эки тарап тең душман фронтун жарам деген үмүт менен кайра кайра бир-бирине кол салган, бирок эч нерсе өзгөргөн эмес. Немец кол салуусу менен башталган белгилүү Верден согушунда жалпысынан 315000 француз жана 280000 немец аскери өлгөн, бирок фронт бир канча километрге гана артка жылган. Бир канча айдан соң англис жана француздар Сомма согушу кол салуусу менен жооп беришип, кандуу кагылышуулар натыйжасында 600000 немец, 400000ден ашуун англис жана болжол менен 200000 француз аскери өлүп, жыйынтыгында немец фронтун 11 километрге гана артка жылдыра алышкан. Романтикалык марштар менен, жалындуу ырлар менен, «немец руху», «англис намысы», «француз тайманбастыгы» сыяктуу жасалма сезимтал түшүнүктөр менен толкунданып, акылсыз чечимдерди алган башчылар өз элдерин кыргынга туш кылышкан. Аман калган аскерлердин көпчүлүгүндө 3,5 жыл бою ылай траншеяда баштарын көтөрбөстөн жана тынымсыз бомбалоонун астында жашоонун натыйжасында психологиялык көйгөйлөр пайда болгон.
Romantik milliyetçiğilin kışkırtılması ile başlayan savaşlarda insan hayatının değeri tamamen göz ardı edilmiştir. Romantik marşlarla, ateşli şiirlerle, "Alman ruhu", "İngiliz onuru", "Fransız cesareti" gibi suni duygusal kavramlarla coşarak akılcı olmayan kararlar veren idareciler, kendi halklarını kıyıma uğratmışlardır. |
Романтикалык улутчулдуктун себепсиз канкорлугунун биринчи дүйнөлүк согуштагы бир мисалы француз генерал Роберт Нивельдин 1917-жылы апрельдеги немец армиясына жасаган кол салуусу болгон. Нивель кол салуудан мурда «болгону эки күн ичинде немец армиясын бузуп өтүп, бир жуманын ичинде толук жеңишке жетүү» убадасын берген. Немец армиясы артыкчылыктуу болгонуна карабастан, бул сезимтал убададан таасирленген француз армиясы 16-апрельде кол салууга өтүп, эки күндө жыйынтык алабыз деп үмүттөнгөн кол салуусу 1,5 айдан ашыкка созулуп, баары бир эч жыйынтык алына алган эмес. Жүз миңдеген аскер өлүп, аягында француз армиясынын ичинде ички баш көтөрүүлөр келип чыккан.
Kan dökücü zihniyet, II. Dünya Savaşı'nda da hayata geçmiş ve toplam 55 milyon kişi, Hitler, Mussolini, Stalin gibi psikopat ruhlu romantiklerin ihtirasları nedeniyle ölmüştür. 2. Dünya Savaşı'nın baş aktörleri olan bu zalim liderler, ütopik ideallerinin peşinde, tüm dünyayı zulüm ve karanlığa sürüklemişlerdir. |
Ушундай эле канкор көз-караш экинчи дүйнөлүк согушта да турмушка ашып, бул жолу алда канча көп адам, жалпысынан 55 миллион киши Гитлер, Муссолини, Сталин сыяктуу психопат романтиктердин каалоолору себептүү каза тапкан.
Дүйнөлүк согуштар эле эмес, ар кайсы өлкөлөр, уруулар же уюмдар арасындагы согуш жана уруштардын негизинде да романтизмдин чоң ролу бар. Айланасындагы дүйнөнүн шарттарын акылы менен анализдей албаган, сезимтал ураандардын, баатырдык жомоктордун, жалындуу марштардын жана ырлардын таасири менен куралды колго алган миллиондор өздөрүнүн да, душман көргөн кишилердин да канын төгүп, дүйнөнү башаламандык менен фитнага (кыйынчылыкка) салышкан.
Dünyanın dört bir yerinde romantizmin kışkırttığı insanlar, diğer insanlara akıl almaz işkenceler yapabilmekte, türlü insanlık dışı fiili işleyebilmekte ve büyük bir vahşet sergileyebilmektedirler. |
Китептин башында сезимталдыктын адамзатты Аллахтын жолунан чыгаруу жана балээлерге туш кылуу үчүн шайтан тарабынан колдонулган бир курал экенин айткан элек. Шайтан адамдарга курган бул тузак романтикалык улутчулдукта апачык көрүнүүдө. Аллах Куранда шайтандын алдай алган адамдарын кандай уруш-талаш, ызы-чуу жана террорго түртөөрүн төмөнкүчө кабар берет:
(Аллах) Айткан эле: «Бар, алардан ким сени ээрчисе, шексиз силердин жазаңар – тозок, кемчиликсиз бир жаза. Алардан күчүң жеткендерди үнүң менен адаштыр, аттууларың жана жөө (аскер)лериң менен аларга ызы-чуу чыгар, мал-мүлктөрдө жана балдарда аларга шерик бол жана аларга ар кандай убадаларды бер». Шайтан аларга калптарды гана убада кылат. (Исра Сүрөсү, 63-64)
Бул аятта шайтандын өз контролундагы адамдарды колдонуп жер жүзүндө «адаштыра турган үндөр» жана «ызы-чуу чыгара турган аскерлер» түзөөрү айтылууда; романтикалык улутчулдуктун натыйжалары дал ушундай.
Teorisi ile dünyaya bela üzerine bela getiren Charles Darwin |
Романтик улутчулдар сезимдик бир тенденция болгон канкордукка колдоо табуу үчүн бир катар философиялык жана калп «илимий» пикирлерди да колдонушкан. Бул пикирлердин негизгиси – Дарвиндин эволюция теориясы.
Англис биолог Дарвин 1859-жылы жарык көргөн «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде табиятта айоосуз бир жашоо күрөшү бар, бул күрөш жандыктарды өнүктүрөт жана жаңы түрлөр ошол күрөштө жеңип же жеңилгенине жараша пайда болот деген. Башкача айтканда, Дарвиндин ою боюнча өнүгүүнүн ачкычы – бул «уруш». Дарвин 1871-жылы чыгарган «Адамдын келип чыгышы» аттуу китебинде бул пикирлерине андан да ачыгыраак басым жасаган. Ал тургай, ал китепте адам расаларынын кээ бирлеринин башкаларына караганда алдыраакта экенин айтып, расизмге негиз даярдаган. Дарвин европалык ак расаларды «алдыңкы расалар» деп, негрлерди, азиялыктарды жана ал тургай түрктөрдү да «жарым-маймыл, примитивдүү расалар» деген.
Дарвиндин илимге сыйбаган бул теориясынын жайылышы менен бирге расизм жана согушчулдук да тездик менен колдоо таап, бул эки түшүнүк «илимий бир чындыктай» кабыл алынып баштаган.
Романтик улутчулдардын дарвинизм менен болгон байланышы мына ушул жерде көрүнөт. Романтик улутчулдар согуш каалоолорун жана өз расаларын башкалардан өйдө көргөн көз-караштарын дарвинизмге таяшкан.
Укмуш кан төгүүгө сахна болгон биринчи дүйнөлүк согуштун түбүнөн дарвинизмдин ушул караңгы пропагандасын табууга болот. Жүз миңдеген аскерди эч ойлонбостон, болбогон бир максат үчүн өлүмгө жөнөткөн немец, француз, англис, орус же австриялык генералдар дарвинизмдин «жандыктар уруш аркылуу өнүгөт жана расалар да согуш аркылуу көтөрүлөт» деген калпына ишенишип, ошол маанайда согуш буйругун беришкен.
Мисалы, биринчи дүйнөлүк согуш генералдарынан Фридрих фон Бернарди согуш менен табияттагы согуш мыйзамдары арасында төмөнкүдөй байланыш түзгөн:
Согуш биологиялык бир муктаждык, табияттагы элементтердин кагылышуусу сымал керектүү; биологиялык тараптан керектүү жыйынтыктарды берет, себеби ал жыйынтыктар жандыктардын негизги касиеттери менен байланыштуу.4
Австро-Венгриянын башкы командачысы генерал Франц Барон Конрад фон Хетцендорф (Franz Baron Conrad von Hoetzendorff) болсо согуштан кийинки эскерүүлөрүндө мындай деп жазган:
Darwin'in zamanından beri ırkçı saldırılar ve bundan kaynaklanan savaşlar artarak devam etmektedir. Günümüzde de bu sapkın fikirlerin uygulamalarını, Neo-Nazilerde, Ku Klux Klan örgütlerinde, zencileri veya farklı ırklardan kişileri hedef alan pek çok örgütte görmek mümkündür. Ama unutmamak gerekir ki tüm bu insanlık dışı eylemlerin birinci dereceden sorumlusu Sosyal Darwinizm'dir. |
Дүйнөлүк согуштун чоң балээси (адамзаттын жашоо күрөшү) принцибине толук ылайык турмушка ашкан. Адамдардын жана мамлекеттердин жашоосунун негизги күчүнөн чыккан бул согуш, сыртка чыгышы керек болгон чагылгандын заряды сыяктуу, табияттын бир эрежеси.5
Германиянын премьер-министри Теобальд фон Бетман-Гольвегдин (Theobald von Bethman-Hollweg) жеке кеңешчиси жана сырдашы Курт Рицлер (Kurt Riezler) 1914-жылы мындай деп жазган:
Чыныгы жана түбөлүктүү душмандык адамдар арасындагы мамилелердин табиятында бар. Бүт жерде кездешкен, түгөнгүс жек көрүү... адам табиятынын бузулушунан келип чыкпайт, тескерисинче табияттын жана жашоонун булагынын маңызында бул бар.6
Gasman kitabında Almanya'da Sosyal Darwinizm'in nasıl yeşerdiğini anlatmaktadır. |
Almanya'da Sosyal Darwinizm'in en büyük temsilcisi Ernst Haeckel |
Ал кездин мамлекеттик кызматкерлерине жана башчыларына таасир тийгизген, душмандык менен уруш адамдын табиятында бар деген көз-караш, албетте, чоң калп. Адам, эволюционисттердин айтканынын тескерисинче, боорукердиктен, мээримден, сүйүүдөн жана тынчтыктан ырахат ала тургандай кылып жаратылган. Адамдын табияты – бул Аллах буйруган дин менен жашоо. Динден тышкары адамга таңууланган ар кандай негизсиз көз-караштардын баары адамда да, элдерде да бузулууга жана дегенерацияга себеп болот.
Романтизм өз чөйрөсүнө жакындыкты, башкаларга болсо жек көрүүнү күчөтөт. Мындай түшүнүк дарвинизмдин «расалардын жашоо күрөшү» түшүнүгүнө өтө дал келген. Дарвиндин теориясынын коомдук илимдерге туураланганы «социал дарвинизм» деп аталат жана социал дарвинизм романтик улутчулдар менен расист агымдардын эң негизги таянычы болгон. Америкалык автор Жанет Биил (Janet Biehl) "Ecology and the Modernization of Fascism in the German Ultra-Right" (Экология жана Германиянын ультра-оңчулдарында фашизмдин модернизациясы) аттуу макаласында бул жөнүндө мындай деп жазат:
Германиянын ультра-оңчулдарында социал дарвинизмдин терең тамырлары бар... Англо-американын социал дарвинизминдеги сыяктуу, немец социал дарвинизми да адамдардын социалдык институттарын адамгерчиликсиз дүйнөдөн алынган «табигый мыйзамдар» менен түшүндүргөн. Бирок англо-америка социал дарвинизми «ылайыктуулардын жеңиши» түшүнүгүн жапайы капиталист бир токойдо жеке ишкердүүлүктүн пайдасы катары чечмелесе, немец социал дарвинизми «ылайыктуулардын жеңиши» түшүнүгүн негизинен раса маанисинде түшүнгөн. Ошондуктан (бул көз-караш боюнча) «эң ылайыктуу» раса «жашоо күрөшүндө» бүт башка атаандаштарынан үстөм болуп жеңет, жеңиши керек.7
Германияда социал дарвинизмдин эң башкы өкүлү Эрнст Геккель (1834-1919) аттуу белгилүү бир дарвинист биолог эле. Дарвиндин эмгектеринен өтө таасирленген Геккель өз оюнда дарвинизмге «салым» да кошуп, кыскача «Индивид болуу түр болуунун кайталанышы» (Ontogeny Recapitulates Phylogeny) деп айтылган жана сүт эмүүчүлөрдөгү эмбриондор эволюция процессин чагылтат деген теорияны чыгарган. (Бул теориянын жараксыздыгы бир канча жылдан кийин белгилүү болду жана ал тургай, Геккельдин колдонгон схемаларында көз бойомочулук кылганы аныкталды.)
Геккель «Монист (Monist) биримдиги» аттуу, максаты атеизмди жайылтуу болгон бир бирикме түзүп, ал бирикме ошол эле учурда расизмдин жана романтикалык улутчулдуктун борбору болгон. 1920-жылдары Гитлердин лидерлиги менен өскөн нацизм кыймылы Геккельдин пикирлеринен жана Монист биримдигинен таасирленген. Бул теманы изилдеген тарыхчы Даниэль Гасман (Daniel Gasman) The Scientific Origins of National Socialism: Social Darwinism in Ernest Haeckel and the German Monist League (Национал социализмдин илимий тамырлары: Эрнст Геккельде жана немец Монист биримдигинде социал дарвинизм) аттуу китебинде мындай деп жазат:
Германиядагы расизмден илхам алган социал дарвинизм... пайда болушунда дээрлик толугу менен Геккельге карыздар эле... (Геккельдин) пикирлери расизм, империализм, романтизм, антисемитизм жана национализм агымдарынын бир дене астында биригип, бир идеологияга айланышына кызмат кылды... Волкизмдин (романтик улутчул немец улутчулдугунун) чындыгында толугу менен акылга сыйбас жана мистикалык пикирлерине илимдин салмагын кошкон киши Геккель эле.8
Гасман бул жөнүндө төмөнкүлөрдү да жазат:
Англияда дарвинизм табигый дүйнөнүн социалдык дүйнөгө бир чагылуусу катары «жөн койгула жасай беришсин» (laissez faire) капитализм индивидуализминин бир бутагы болгон болсо, Германияда немец романтизминин бир чагылуусу болгон... Дарвинизмдин Германияда алган формасы – бул бир жасалма илимий табият дини, расизм аралаш бир табиятка сыйынуу мистицизми.9
Жанет Биил (Janet Biehl) болсо бул жөнүндө «Геккель мистикалык расизмге жана национализмге ишенген, немец социал дарвинизми эң башынан баштап романтикалык расизмге жана романтикалык улутчулдукка жасалма биологиялык бир пайдубал түзгөн саясий бир кыймыл болгон» деп жазат.10
Булардын баары романтизмдин толугу менен динге карама-каршы бир психология жана дүйнө көз-карашы экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Биринчи чыгарылган күндөн баштап атеизм менен дээрлик бир мааниге келген дарвинизмдин романтизмге ушунчалык жакын болушу мунун апачык бир көрсөткүчү.
Романтик улутчулдуктун дарвинизм менен болгон байланышы жана нацизм кыймылынын пайда болушундагы ролу бизге дагы бир өтө маанилүү чындыкты көрсөтүүдө: романтизм адамдар үчүн да, калктар үчүн да өтө кооптуу бир агым. Себеби романтизмге кабылган адамдар «биздин улутубуз башка улуттардын баарынан өйдө, согуш чыгарып бүт дүйнөнү басып алуу укугуна ээ, башка улуттарды жок кылышы же өзүнө кул кылышы толук кадыресе көрүнүш» деген акылга, логикага жана абийирге эч туура келбеген көз-караштарга оңой эле кирип кетиши мүмкүн.
Фашисттик Германия романтизмдин мындай кыйратуучу жана заалым натыйжасын көрсөткөн эң негизги тарыхый мисалдардын бири. Фашисттердин 1933-жылы бийликке келиши менен бирге Гитлер жана жардамчылары немец калкына карата «романтикалык мээ жуумай» кампаниясын башташып, романтикалык улутчулдуктун эң тантык пикирлерин кыска убакытта элге кабыл алдырышкан. 1930-жылдардын аягына келгенде немец калкынын абдан көп бөлүгү жакында бүт дүйнөнү башкара турган 1000 жылдык бир «Немец хандыгынын» (III. Рейх) курулаарына, бул максатка жетүү үчүн немец расасы «тазаланышы» жана бул максатта өлкөдөгү бүт азчылыктар сүргүнгө айдалышы керек экенине, Гитлердин метафизикалык күчү бар адашпас жана жаңылбас бир «лидер» (Фюрер) экенине жана аларды абсолюттук жеңишке жеткирээрине ишенишкен. Гитлердин кыжырдуу, зомбулукчу, параноиддик жана текебер сөздөрүн көз жаштарын төгүп угушуп, өздөрүн жоготуп, жалпылай гипноздолгондой болушкан.
Halk üzerinde romantik milliyetçiliği kışkırtırken belirli sembollere ihtiyaç duyuluyordu. Alman ordusu, Alman halkı, Alman bayrağı, Alman kanı gibi.. |
Фашисттердин белгилүү Нюрнберг (Nuremberg) митингдери мындай «романтикалык мээ жуумайдын» негизги демонстрациясы болгон. Америкалык изилдөөчүлөр Baigent, Leigh жана Lincoln бул митингдерди төмөнкүдөй сүрөттөшөт:
Терс даңкы чыккан Нюрнберг митингдеринде... бүт баары –униформалардын жана желектердин түстөрү, сүйлөөчүлөрдүн орду, программанын түндүн жарымына дал келтирилиши, чырактардын колдонулушу, убакыттар- өтө кылдат эсептелчү. Ал митингдерде тартылган фильмдер адамдардын өзүн-өзү мас кылганын, өздөрүн бир транска салганын, «Sieg Heil» деген фашисттик ураанды тынымсыз кайталап, Гитлерге сыйынгандай болуп фашисттик салам бергенин көрсөтүүдө. Массалардын жүзүндө бопбош бир мээден келип чыккан бактылуулук окулат... Бул ынандырарлык сөздөр айтылгандан улам болгон эмес. Тескерисинче, негизи Гитлердин сөздөрү эч ынандырарлык болгон эмес. Дээрлик дайыма жөнөкөй, жаш балача, бир эле нерсени кайталай берген жана ичи бош сөздөр болгон. Бирок ал сөздөрдү айтуу формасы уулуу бир энергиялуу, бир добулбас ритми сымал гипноздоочу болгон. Жана бул масса психологиясынан келип чыккан жугуштуулукка, айланасы курчалган бир жерге батырылган миңдеген адамдын таасирине кошулганда ... массалык истерияны пайда кылат... Гитлердин митингдериндеги нерсе – психологдор көбүнчө мистикалык эксперименттерди түшүндүрүү үчүн колдонгон «аң-сезимдин тайышы» абалы.11
Кыскасы, фашизм митингдери адамдарды толугу менен акылдан аздырып, романтизмдин сыйкырына орогон массалык гипноз сеанстары болгон. Мындай романтикалык истерия экинчи дүйнөлүк согушту тутантып, 55 миллион адамдын өмүрүн алып кеткен.
Фашизм романтизмдин кыйратуучу таасирлеринин бир мисалы гана. Романтизм адамдарды акылдан аздырып, акылдын ордуна сезимдердин башкаруусуна киргизгени үчүн, аларды ар кандай адашууга түртүшү мүмкүн. Ошондуктан романтик бир адамды кандайдыр бир багытка буруу оңой болот. Эгер айланасындагылар ошондой болсо, кыска убакытта күчтүү бир расист жана фашистке айлана алат. Буга тескери бир чөйрөдө турганда болсо, бул жолу коммунист бир партизанга айланып, ленинист марштарды ырдап күнөөсүз адамдарга кол салат, ал тургай, өзүн өрттөй турган даражада акылын жоготот. Өтө таш боор жана заалым бир романтиктин бир канча саат өткөн соң көз жаштарга буулуп, өпкөлөп ыйлап жатканын да көрүүгө болот. Акыл жоголуп, адам сезимдеринин –тагыраак айтканда, шайтан напсисинде күүлөгөн каалоолорунун- туткунуна айланган соң чектен чыгуунун жана анормалдуулуктун чеги жок болуп калат.
Şeytanın kışkırtarak duygusallığa kaptırdığı insanlar, Hitler'i sanki büyülenmişcesine dinliyor, onun yaptığı insanlık dışı eylemleri alkışlayabiliyordu. Üstelik bu delilik derecesine varan romantizmi çocuklarına da öğretiyor, onları da sapkın bir yola sürüklüyorlardı. |
ADNAN OKTAR: Evrim teorisine karşı olmamızın nedeni komünizmin, faşizmin ve I. Dünya Harbi'nin, II. Dünya Harbi'nin kökeninde bu teorinin olduğunu görüyoruz. Ve 350 milyon insanın kanının akmasına, 1 milyara yakın insanın sakat kalmasına, milyonlarca çocuğun öksüz yetim kalmasına ve en vahimi insanların kalbinden sevginin, şefkatin sökülüp alınmasına sebep olmuştur. Bunun açık ispatı vardır. Dışarı çıktığınızda kimse kimsenin yüzüne bakamıyor. Dünyanın neresine giderseniz gidin herkesin yüzü yerde ve kimsenin yüzünde sevgi ifadesi, mutluluk ve neşe ifadesi bulamıyorsunuz. Halbuki insanların gözünde tutku olması lazım, sevgi olması lazım. Allah aşkı olması lazım. Bu coşku insanların kalbinden alındı. Ve dolayısıyla çok büyük bir tahribat meydana geldi. İnsanların kimi intihar ediyor, kimi kavgaya gidiyor. Mesela bakın benim canım kardeşlerim bile "Niye böyle bir tartışma ortamına giriyoruz?" yahut "Niye sağcı ile solcu konuşabiliyor?" gibi bir mantığa giriyorlar. İşte bu, Darwinizm'in bize getirdiği felakettir. Halbuki her düşünceden herkes birbiri ile görüşür konuşur, yine kardeştir. Allah onları öyle yaratmıştır ve düşüncelerinde de özgürdürler. O düşüncelerinden dolayı da biz onlara saygı duyarız. Meydana gelen tahribat çok önemli, yani mesela Mao diyor; "Çin komünizminin kuruluşunun kökeninde Darwin ve evrim teorisi vardır" diyor. Çok açık söylüyor. Troçki'nin izahlarında var. Lenin'in izahlarında var, Mussolini'nin izahında var. Hitler'in izahlarında var. Hepsi Darwin'e dayandırıyorlar. Yani dünyada muazzam bir tahribat meydana getirmiştir ve ateizmin dünyada yayılmasına sebep olmuştur. Bu yönüyle Darwinizm'e tabi ki bir Müslüman olarak fikren karşıyım. (Dem TV, 16 Ekim 2009)
ADNAN OKTAR: Dünyada kan akıtan, dünyada şiddet uygulayan bütün ideolojik sistemler; komünizim, faşizm, satanizm, vahşi kapitalizm gibi düşünceler hepsi Darwinizm'den kaynaklanmıştır ve kökeninde Darwinizm vardır. Dünyadaki akan kanların arkasında da, bütün terör eylemlerinin arkasında da terörist düşüncenin arkasında da yine Darwinizm vardır. Ben bunu kitabımda çok detaylı olarak anlattım. Lenin kitaplarında terörü nasıl desteklediğini ve terörün nasıl olması gerektiğini çok detaylı anlatmıştır. Mao anlatmıştır. Hitler eserlerinde, Mussolini açıklamalarında Darwinizm'den nasıl etkilendiği ve temel dünya görüşünü Darwinizm'in meydana getirdiğini de anlatmışlardır. Marx bütün temel görüşlerini, temel düşüncelerini Darwinizm'den almıştır. Dolayısıyla dünyayı kana boyayan her türlü terör eylemlerinin arkasında Darwinizm vardır. Ve insanlık için gelmiş geçmiş tarih içerisindeki en büyük fitnedir ve en büyük kan dökücü sistemdir Darwinizm.
ADNAN OKTAR: Toplam komünist rejimler ve örgütler tarafından öldüren insan sayısı, yani Darwinist sistemin işlemesi sonucunda meydana gelen cinayetlerde 120 milyon insan öldürülmüştür. 120 milyon insan! Bu büyük bir katliamdır ve büyük bir zulümdür. Karl Marx kitabında "Bizim görüşlerimizin tabi tarih temelini içeren kitap budur işte" diye Darwin'in kitabını övmüştür. Kendi de açıklıyor "Bizim görüşlerimizin tabi tarih temelini içeren kitap budur" diyor. Mesela Mao diyor ki; "Çin komünizminin temeli Darwin'e ve evrim teorisine dayanmaktadır." Çok net bir ifade, Çin'de komünizmin temelini Darwin'e ve evrim teorisine dayandığını Mao söylüyor. Mesela Stalin genç nesillere üç şey öğretmeliyiz diyor. "Dünyanın yaşını, jeolojik kökenini ve Darwin'in öğretilerini", bu da Stalin'in açık ifadesi. Mesela Lenin de Darwin'in Allah inancını yok ettiğini eserinde açıkça belirtiyor, yani kitabında belirtiyor. (The Gulf Today, Ekim 2008)
1.Michael Howard, The Occult Conspiracy: The Secret History of Mystics, Templars, Masons and Occult Societies, 1.b., London: Rider, 1989, s. 106
2.Gerhard Rempel, "Reform, Liberation And Romanticism In Prussia", http://mars.wnec.edu/ ~grempel/ courses/germany/lectures/07reform.html
3.Michael Baigent, Richard Leigh, Henry Lincoln. The Messianic Legacy. London: Corgi Books, 1991. s. 199
4.Anthony Smith, ‹nsan, Yap›s› ve Yaflam›, Remzi Kitapevi, ‹stanbul, 1979, s. 33
5.Hoetzendorff, Aus Meiner Dienstzeit, IV, pp. 128-129; cited in James Joll, Europe Since 1870: An International History, Penguin Books, Middlesex, 1990, s. 164.
6.James Joll, Europe Since 1870: An International History, Penguin Books, Middlesex, 1990, s. 164
7.Janet Biehl and Peter Staudenmaier, "'Ecology' and the Modernization of Fascism in the German Ultra-right", Ecofascism: Lessons from the German Experience, AK Press San Francisco, CA, 1995
8.Daniel Gasman, The Scientific Origins of National Socialism: Social Darwinism in Ernst Haeckel and the German Monist League (New York: American Elsevier; London: Macdonald & Co., 1971), s. 23
9.Daniel Gasman, The Scientific Origins of National Socialism: Social Darwinism in Ernst Haeckel and the German Monist League (New York: American Elsevier; London: Macdonald & Co., 1971), s. 22-23
10.anet Biehl and Peter Staudenmaier, "'Ecology' and the Modernization of Fascism in the German Ultra-right", Ecofascism: Lessons from the German Experience, AK Press San Francisco, CA, 1995,
11.Michael Baigent, Richard Leigh, Henry Lincoln, The Messianic Legacy, Corgi Books, London, 1991. s. 194