Нормалдуу Сүйүү Жана Анормалдуу Сүйүү

Эй ыйман келтиргендер, Менин да душманым, силердин да душманыңарды дос тутпагыла. Силер аларды жакшы көрүп жатасыңар;
алар болсо акыйкаттан силерге келгенди танышкан...
(Мүмтехине Сүрөсү, 1)

Сезимталдык, б.а. романтикалуулук көбүнчө «сүйүү» сезимин жамынат. Мисалы, кийинки беттерде карала турган романтик, радикалдуу улутчулдар өз улутун катуу сүйөөрүн айтышып, башка улуттарды душман көрүшөт, ал тургай, башка улуттарга кол салганга чейин барышат. Же бир кызга ашык болгон, аны жашоосунун жалгыз максатына айланткан, «сага ашыкмын» деп ырлар жазып, ал тургай, өзүн-өзү өлтүргөнгө бара турганчалык ал кызды «кудайлаштырган» бир жигиттин да таянган нерсеси – бул «сүйүү». Гомосексуалдар, б.а. Аллах арам кылган (тыюу салган) бир бузукулукту уялбастан, тартынбастан жасаган кишилер да бир-бирин сүйөбүз дешет.

Адамдардын көпчүлүгү болсо «сүйүү» деп аталган ар бир сезимди дайыма туура, таза, ал тургай, ыйык деп ойлошуп, бул сыяктуу романтизм мисалдарын кадыресе көрүшөт.

Сүйүү – албетте, Аллах адамга тартуу кылган сонун бир сезим. Бирок ал сүйүүнүн кимге жана кандай ойлор менен арналганы, б.а. чыныгы сүйүү болуп-болбогону маанилүү. Сезимталдыктан келип чыккан сүйүү түшүнүгү менен Аллах бизге Куранда үйрөткөн чыныгы сүйүү түшүнүгү ушул жерде бир-биринен айырмаланат.

Буларды китептин ичинде карайбыз. Бирок алдын-ала кыскача маалымат берүү үчүн Курандагы сүйүү критерийине токтоло кетели: Куран боюнча, сүйүү ага ылайыктарга көрсөтүлөт. Сүйүүгө ылайык эместер болсо сүйүлбөйт. Ал тургай, алар «жаман көрүлөт», б.а. жүрөктө аларга карата муздак сезим болот. Кимдин сүйүүгө ылайык экени болсо анын адеп-ахлагынан көз-каранды болот.

Чыныгы сүйүүгө ылайыктуу жалгыз Зат – бул баарыбыздын жаратуучубуз Аллах. Аллах бизди жаратып, сансыз жакшылыктарды, ырыскыларды берип, бизге жол көрсөткөн жана түбөлүк бейишти убада кылган. Ар кандай кыйынчылыгыбызга Ал жардам берет, ар бир чын ниеттүү кайрылуубузга жооп берет. Бизди Ал тойгузуп, ооруганыбызда бизге Ал шыпаа берет, жүрөгүбүздү Ал тынчтандырат. Ошондуктан ааламдын сырын түшүнгөн адам эң көп Аллахты сүйөт. Андан соң Аллахтын сүйгөндөрүн, б.а. Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн, чын ыкластуу адамдарды сүйөт.

Ал эми Аллахка баш көтөргөндөр, Раббибизге баш көтөргөн жакшылыкты билбегендер болсо сүйүүгө ылайык болушпайт. Мындай адамдарды сүйүү чоң бир катачылык болот жана Аллах бул багытта ыймандууларды төмөнкүчө эскертет:

Эй ыйман келтиргендер, Менин да душманым, силердин да душманыңарды дос (вели) тутпагыла. Силер аларды жакшы көрүп жатасыңар; алар болсо акыйкаттан силерге келгенди танышкан, Раббиңер Аллахка ишенгениңер үчүн элчини да, силерди да (мекендериңерден) сүрүп-чыгарышкан. Эгер силер Менин жолумда жехд кылуу (аракет кылуу) жана Менин ыраазылыгыма жетүү максатында чыккан болсоңор, (кантип) аларды дагы эле ичиңерден жакшы көрөсүңөр? Мен силердин жашыргандарыңарды жана ачык айткандарыңарды билемин. Ким силерден мындай кылса, эми ал, албетте, жолдун ортосунан жаңылып-адашкан болот. (Мүмтехине Сүрөсү, 1)

Аяттан көрүнүп тургандай, ыймандуулар Аллахты, динди тангандарды жакшы көрүшпөйт. Бирок бул жерде маанилүү бир жагдайды эске сала кетүү туура болот. Ыймандуу киши динди танган бир адамды жүрөгүнөн cүйбөгөнү менен, ал адам ыйман кылышы, Мусулман болушу үчүн колунан келгендин баарын жасайт. Б.а. бул жерде айтылган «жакшы көрбөө» ал адамды жек көрүү, ага жамандык каалоо деген мааниге келбейт. Тескерисинче, Аллахка ишенген бир адам насаат ала турган, туура жолду таба ала турган ар бир адамга динди түшүндүрүү, бейиш менен тозоктун бар экенин эскертүү, өлүм жана сурак күнүн эскертип коркутуу милдеттерин эч кемчиликсиз, болгон аракети менен орундатат.

Ошондой эле, канча аракет кылганына карабастан, бир адам ыйман кылбаса да, Мусулман баары бир ага адилеттүү мамиле жасайт. Ыймандууларга зыян тийгизип, адамдар арасында бузукулук жана уруш чыгарганга аракет кылбаса эле, бүт адамдарга бирдей толеранттуу мамиле кылат. Себеби Аллах ыймандууларга мындай буйрук берген:

Аллах силер менен дин жөнүндө согушпаган, силерди мекендериңерден сүрүп-чыгарбагандарга жакшылык кылуудан жана аларга адилеттүү мамиле жасоодон силерди тоспойт. Себеби Аллах адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт. Аллах дин жөнүндө силер менен согушкандар, силерди мекендериңерден сүрүп-чыгаргандар жана сүрүлүп-чыгышыңар үчүн аракет кылгандар менен достошуудан силерди тосот. Ким алар менен достошсо, алар заалымдардын дал өзү. (Мүмтехине Сүрөсү, 8-9)

Бул аяттарда жана жогорудагы Мүмтехине Сүрөсүнүн 1-аятында Аллах бизге көптөгөн даанышмандыкты жана маанилүү бир көз-карашты үйрөтүүдө: адамды сезимдери башкарбашы керек. Себеби сезимдер адамды такыр туура эмес жактарга алпарышы мүмкүн. Адам сезимдерине карап эмес, акылына жана эркине, Аллахтын буйруктарына карап иш-аракет жасап, сезимдерин акылы жана эрки менен тарбиялашы керек.

Бул чындыкты сезимталдык сазына түшкөн ар бир адамдын жашоосунан кезиктирүүгө болот. Жүрөгүндөгү каалоо, амбиция, жек көрүү же кекенүү сыяктуу сезимдердин туткунуна түшкөн жүз миллиондогон адамдар акылга терс иштерди жасашат жана «эмне кылайын, жакшы көрөм да» же «эмне кылайын, абдан каалап жатам, көңүлүм каалап жатат» деген сыяктуу чарасыз сөздөрдү шылтоо айтышат. Бирок бир адамдын көңүлүнүн бир нерсени «каалашы» ал нерсе туура деген мааниге келбейт. Адамдын напсиси (каалоолору) дайыма жамандыкка чакырат жана шайтан аны андан да чоң жамандыктарды кылууга үндөйт. «Эмне кылайын, ушундай кылгым келип жатат» деп Аллахтын ыраазылыгына карама-каршы иштерди жасаган адам чындыгында напсиси менен шайтандын оюнчугуна айланган болот. Аллах мындай адамдар жөнүндө Куранда төмөнкүчө сөз кылат:

Эми сен өз каалоосун кудай кылып алган жана Аллах бир илим менен аны адаштырган, кулагы менен жүрөгүн мөөрлөгөн жана көзүнө бир парда тарткан адамды көрдүңбү? Аллахтан соң ага ким хидаят берет (туура жолго салат)? Силер ошондо да насаат алып-ойлонбойсуңарбы? (Жасия Сүрөсү, 23)

Алдыда сезимталдыктын бир формасы болгон ашыкча романтизмдин ар түрдүү мисалдарын карап, алардын адамдарга берген зыяндарына жана кантип дарыланууга болооруна токтолобуз.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Баш Сөз
  • Кириш Сөз
  • Нормалдуу Сүйүү Жана Анормалдуу Сүйүү
  • Романтикалык Улутчулдук
  • Романтизмдин Башка Идеологиялары
  • Динди Жамынып Жасалган Романтизм
  • Ыйман Натыйжасында Келген Чыныгы Акыл
  • Романтизмдин Түрлөрү
  • Романтикалык Сүйүү Түшүнүгү
  • Романтизмдин Денеге Зыяндары
  • Жыйынтык: Романтизм Илдетинен Кутулуу