Кириш Сөз

Алардан күчүң жеткендерди үнүң менен адаштыр, аттууларың жана жөө (аскер)лериң менен аларга ызы-чуу чыгар, мал-мүлктөрдө жана балдарда аларга шерик бол жана аларга ар кандай убадаларды бер. Шайтан аларга калптарды гана убада кылат.
(Исра Сүрөсү, 64)

Адамдарды динден алыстаткан, чыныгы Раббибиз Аллахка кулчулук кылуудан тоскон, ал тургай, алардын башына сансыз азап, балээлерди алып келген тымызын бир коркунуч бар. Бул коркунучту жашоонун ар кандай тармагында, ар кандай абалда жолуктурууга болот. Кээде бир фашисттин түйүлгөн муштуму бул коркунучка ишарат кылат, кээде бир коммунисттин ырдаган маршы бул коркунучту чагылдырат, кээде болсо сүйгөн кызына ашыктык катын жазган бир өспүрүмдүн сөздөрү ушул коркунучтан келип чыгат.

Бул коркунучтун эң маанилүү тарабы болсо, адамдардын көпчүлүгү муну бир коркунуч катары көрбөйт. Мунун Куранга толугу менен карама-каршы бир мүнөз экенин да аз эле адамдар байкашат. Ал тургай, адамдардын көпчүлүгү мындай мүнөздү бир коркунуч жана катадай эмес, суктануу керек болгон бир артыкчылыктай көрүшөт.

Бул коркунуч – адамдарды акылына карап эмес, сезимдерине, б.а. каалоолоруна, ачуусуна жана кежирдигине карап жашоого түрткөн сезимталдык.

Сезимталдык – дүйнөдөгү жүз миллиондогон адамдарды таасири астына алган бир караңгылык маданияты. Түпкүрүндө шайтан тарабынан адамзатты Аллахтын жолунан тосуу үчүн колдонулган курал-жарактардын бири. Себеби сезимталдыктын торуна түшкөн ар бир адам акылын колдоно албай калат. Акылын колдонбогондо болсо аны жараткан Аллахты байкай албайт, Анын далилдери менен даанышмандыктары жөнүндө ойлоно да албайт жана Куранда сүрөттөлгөн сонун адам мүнөздөрүн да түшүнө албайт. Себеби динге ылайык жашоо акылды талап кылат жана Аллах Куранды «аяттарын жакшылап ойлонушсун жана акылы тазалар насаат алышсын деп» түшүргөн (Сад Сүрөсү, 29).

Кыскасы, сезимталдык оорусунан айыкмайынча, бир адам динди чындап түшүнүп, дин менен жашай албайт. Ал тургай, сезимталдык оорусун айыктырмайынча, дүйнөдөгү сансыз уруштар, адамдар өзүнө-өзү жасаган зулумдуктар, себепсиз азап, кайгылар жана зомбулуктар да токтобойт.

Ошондуктан бул китепте сезимталдыкты жана бул караңгы маданияттын жакынкы тарыхтагы жана күнүмдүк жашообуздагы кээ бир мисалдарын карайбыз. Эч ким өзүн бул коркунучтан алыс көрбөшү керек жана шайтандын ар бир адамды киргизгиси келген бул саздагынан этият болушу зарыл.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Баш Сөз
  • Кириш Сөз
  • Нормалдуу Сүйүү Жана Анормалдуу Сүйүү
  • Романтикалык Улутчулдук
  • Романтизмдин Башка Идеологиялары
  • Динди Жамынып Жасалган Романтизм
  • Ыйман Натыйжасында Келген Чыныгы Акыл
  • Романтизмдин Түрлөрү
  • Романтикалык Сүйүү Түшүнүгү
  • Романтизмдин Денеге Зыяндары
  • Жыйынтык: Романтизм Илдетинен Кутулуу