Алар «жаман бир уятсыздык» кылышканда: «Биз аталарыбызды ушул жолдо көрдүк. Аллах муну бизге буйрук кылды» дешет. Айткын: «Күмөнсүз, Аллах «жаман уятсыздыктарга» буйрубайт. Аллах жөнүндө билбеген бир нерсеңерди айтып жатасыңарбы?»
(Аьраф Сүрөсү, 28)
Романтизм өз башынча бир идеология же дүйнө көз-карашы эмес, ар кандай идеология менен дүйнө көз-караштарынын ичине кирип, аларга сезимтал бир маанай берип, натыйжада адамдарды акылдуулуктан алыстаткан бир фактор болуп саналат. Фашизм же коммунизм сыяктуу толугу менен динден алыс, адашкан идеологияларга кирген сыяктуу, кээде динди жамынып да адамдарга таасир берет.
Бул темага кирээрден мурда маанилүү бир жагдайга токтоло кетүү керек: дин аты менен чыккан бир кыймыл кээде чын ниеттен динчил болбошу мүмкүн. Тескерисинче, тарыхта динге жана динчилдерге зыян тийгизүү үчүн дин жана Аллах атынан чыккан көптөгөн кишилер, топтор жана көз-караштар болгон. Аллах Куранда мунун кээ бир мисалдарын бизге кабар берет. Мисалы, Аллах Семуд коомуна элчи катары жөнөткөн Аз. Салих пайгамбарды өлтүрүү үчүн план түзгөн мафия ал ишин пландап жатканда өз араларында Аллах атына ант ичишкен:
Өз араларында Аллах атынан ант ичишип, мындай дешти: «түнкүсүн сөзсүз ага жана үй-бүлөсүнө бир чабуул уюштуралы, анан жакындарына: үй-бүлөсүнүн жок болушуна биз күбө болгон жокпуз жана биз чындап чындыкты айтып жатабыз дейли.» (Немл Сүрөсү, 49)
Din adı altında uygulanan romantizm ABD'de pek çok tarikat mensubunun toplu intiharlarına yol açmıştır. Solda 1993 yılında 80 taraftarını ölüme sürükleyen David Koresh görülüyor. Sağdaki resimde ise Jim Jones alttaki resimde de onun liderliğinde 1978 yılında topluca intihar eden 900 taraftarı görülmektedir. |
Пайгамбарларга каршы чыккан мушрик коомдор өтө адепсиздик менен аларды дайыма «Аллах жөнүндө калпты ойлоп табуу» менен айыпташкан; бул алардын өздөрүн Аллахка ишенген, динчил адамдар катары көрүшкөнүн көрсөтөт (Шура Сүрөсү, 24). Жер жүзүндө өзүн кудаймын дей турган даражада чектен чыккан Фараондун да ушул сыяктуу бир жалаа жапканы аятта төмөнкүчө айтылат:
Фараон мындай деди: «Койо бергиле мени, Мусаны өлтүрөйүн да ал (барып) Раббисине жалбарып-жалынсын. Себеби мен (анын) силердин диниңерди өзгөртүшүнөн же жер жүзүндө бузукулук чыгарышынан коркуп жатам.» (Момун Сүрөсү, 26)
Бул бизге адамдардын диндин аты жана көрүнүшү менен чыгып, бирок динге эч байланышы жок бир катар туура эмес көз-карашта болушу жана иш-аракет жасашы мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Романтизм да дин менен эч байланышы жок туруп, диндин бир бөлүгүндөй кабыл алынган ушундай адашуучулуктардын бири.
Duygusallığın etkisiyle sapkın tarikatlara giren insanlar gerçek dinden ve akıldan tamamen uzaklaşır. Sağda resmi görülen Herff Applewhite'ın takipçileri, "Do" lakaplı bu kişinin, UFO'ların gelip kendilerini alacaklarına dair sözlerine inanmış ve topluca intihar etmişlerdir. |
Дин менен романтизмдин бир-бирине кантип аралаштырылганын түшүнүү үчүн диндин негизи болгон «ыклас» түшүнүгүн жакшы түшүнүү керек. Ыклас – бул бир иштин бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалышы. Бир иш ыкластуу (түз ниетте) жасалса гана ибадат болот жана Аллах Кабатында бааланат. Мисалы, намаз кылуу, орозо тутуу, зекет берүү, Аллах жолунда аракет кылуу жана бүт башка ибадаттар Аллахтын ыраазылыгына жетүү максатында жасалса гана ибадат болот. Аллах Куранда «Мына ушул намаз кылгандардын абалы кандай жаман. Алар намаздарында жаңылыштыкта. Алар эл көзүнө (намаз) кылышууда» (Маун Сүрөсү, 1-6) деп Аллах ыраазылыгы үчүн кылынбаган ибадаттын жараксыз болоорун кабар берген.
Романтизмдин динди бурмалашы ушундай жол менен болот. Динди Аллахтын ыраазылыгынан башка бир максатка бурат: адамдарга ибадаттарды Аллахтын ыраазылыгы үчүн эмес, өзүнүн сезимдик муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жасатат.
Романтизм ушул кичинекей, бирок өтө маанилүү айырманы жок кылып, адамдарды толугу менен туура эмес бир дин түшүнүгүнө түртөт. Мунун табигый бир натыйжасы – бул мистицизм. Ыклас жоголгондо жана дин (Аллахтын динин аруулайбыз) бир «психологиялык жеңилдөө» инструменти катары көрүлүп баштаганда, адамдарды мындай психологияга көбүрөөк түртө турган мистикалык факторлор ишке киришет.
Batıl dinlerin çoğunda insanların kendi bedenlerine zarar vermeleri makbuldur. Üstelik bunu din adına yaparlar. Oysa bu romantik din anlayışının bir sonucudur. |
Романтикалык дин түшүнүгү менен Куранда Аллах бизге үйрөткөн жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жашоосунда эң сонун өрнөгү көрүлгөн чыныгы динди салыштырганда, айырма айдан ачык болуп калат:
Куранда Аллах адамга акылыңды колдон, ойлон, Менин жараткандарымды изилде жана ошол акыл аркылуу ыйман кыл (ишен) деп буйруйт. Ал эми романтикалык дин түшүнүгүндө болсо акыл четке чыгарылат. Адамдар ойлонууга эмес, ойлонбоого түртүлөт.
Романтикалык дин түшүнүктөрүнүн көпчүлүгүндө адамдын өзүнө зулумдук кылып, кыйнашы кадыресе көрүнүш катары кабыл алынат. Мисалы, өздөрүн крестке таңуу аркылуу Аз. Исага жакындадым деп ойлогон христиандар бар. Буддизм сыяктуу алыскы чыгыш диндеринде ач калуу, ыңгайсыз жерде уктоо сыяктуу «өзүнө зулумдук» мисалдары ыйык көрүлөт. Ал эми Куранда болсо адамдын өзүн кыйнашы сыяктуу бир түшүнүк такыр жок. Бир аятта айтылган «күмөнсүз, Аллах адамдарга эч кандай зулумдук кылбайт. Бирок адамдар өз напсилерине (өздөрүнө) зулумдук кылышат» өкүмү (Йунус Сүрөсү, 44) романтизмдин мындай туура эмес түшүнүгүн эң сонун баяндаган.
Кыскасы, романтикалык дин түшүнүгү – бул адамдардын напсисинде бар болгон ойлонбоо, чындыктардан качуу, адамдарды идолдоштуруу, ностальгия, өзүн-өзү басмырлоо жана өзүн-өзү кыйноо сыяктуу каалоолорду канааттандыруу жана чыныгы динге толугу менен карама-каршы көптөгөн ишенимдерди жана иш-аракеттерди камтыган негизсиз, ойдон чыгарылган бир система.
Адамдар Аллахтын алардан эмне каалаганын окуп, үйрөнүп турмушка ашыруунун ордуна, аталарынан аларга мурас калган көз-караш калыптарын жана иш-аракеттерди улантышат. Айланасындагы шарттарды акылы менен анализдеп, ошого жараша иш-аракет кылуунун ордуна адат-салттардагы эрежелерди жана түшүнүктөрдү ошол бойдон сакташат. Бул болсо Аллах Куранда абдан катуу эскерткен бир адашуучулук. Куранда бул жөнүндө өтө көп аяттар бар; алардын бир канчасы төмөнкүдөй:
Аларга: «Аллахтын түшүргөнүнө жана элчиге келгиле» деп айтылганда, «аталарыбыздын жүргөн жолу бизге жетет» дешет. (Бирок) Аталары эч нерсе билбеген жана хидаятка жетпеген (туура жолго түшпөгөн) болушсачы? (Маида Сүрөсү, 104)
Алар «жаман бир уятсыздык» кылышканда: «Биз аталарыбызды ушул жолдо көрдүк. Аллах муну бизге буйрук кылды» дешет. Айткын: «Күмөнсүз, Аллах «жаман уятсыздыктарга» буйрубайт. Аллах жөнүндө билбеген бир нерсеңерди айтып жатасыңарбы?» (Аьраф Сүрөсү, 28)
Аларга «Аллахтын түшүргөндөрүнө моюн сунгула» деп айтылганда, «жок, биз аталарыбыздын жолунан жүрөбүз» дешет. Эгер шайтан аларды алоолоп күйгөн оттун азабына чакырса дагыбы (ошол жолго түшүшөбү)? (Локман Сүрөсү, 21)
Бир адам Аллах каалагандай чын ыкластуу бир ыйманга жетүү үчүн романтизм саздагынан кутулушу шарт. «Күмөнсүз, Аллах акыйкаттын дал өзү...» (Хаж Сүрөсү, 62) аятында айтылгандай, Аллах чындыктын дал өзү жана муну түшүнө алуу үчүн «реалдуу, чындыкчыл» болуу керек. Романтизмге кабылган адамдар болсо же романтикалык улутчулдук, коммунизм сыяктуу жолдон адашкан идеологиялардан таасирленишет, же динди романтикалык бир көз-караш менен чечмелеп акылдан жана ыкластан алысташат же болбосо китептин кийинки бөлүмдөрүндө карала турган романтикалык сүйүү түшүнүгүнүн таасирине киришет.
Дин менен жашап башташса да, романтизмден келип чыккан туруксуз маанай себебинен, бул багытта чечкиндүү жана туруктуу боло алышпайт. Романтикалык кээ бир факторлордон улам дин менен жашап баштаган, бирок кыска убакыттан соң андан баш тартып, кайрадан динсиз жашоого кайткан толтура адамдар бар.
Бирок Аллах адамга мындай буйрук берет:
(Аллах) Асмандардын, жердин жана ал экөөнүн арасындагылардын Рабби; демек, Ага ибадат кыл жана Ага ибадатта чечкиндүү бол. Анын теңдеши болгон бирөө барбы? (Мариям Сүрөсү, 65)