Баш Сөз

>(Бул Куран) Аяттарын жакшылап ойлонушсун жана акылы тазалар насаат алышсын деп Биз сага түшүргөн куттуу бир китеп.
(Сад Сүрөсү, 29)

Динден алыс жашаган коомдордо көбүнчө тууралар туура эмес, туура эместер болсо туура деп көрсөтүлөт. Аллах ыраазы болбой турган, туура эмес иш-аракеттер суктануу жаратып, колдоо тапса, жакшы иш-аракеттерге болсо көп маани берилбейт, ал тургай, сындалышы да мүмкүн. Туура менен туура эместердин бир-бирине аралашып кетиши динден алыс жашаган коомдордо көп кездешчү, ал тургай, кадыресе бир көрүнүш.

Романтизм (романтикалуулук) да – «туура» нерседей кабыл алынган туура эместердин бири. Романтизм караңгы (чыныгы динди билбеген) коомдордо боорукер, жакшы адамдардын жакшы бир мүнөзүндөй көрсөтүлөт. Бирок бир адамдын башына келген окуяларда сезимтал мамиле көрсөтүшү, бул китепте терең карала тургандай, бүт тараптан өтө кооптуу болот. Себеби романтизм адамдар үчүн эң негизги касиеттердин бири болгон «акылды» толугу менен тосуп салат.

Бул китепте романтизм темасы аркылуу коопсуздай көрсөтүлгөн, бирок чындыгында адамдарга күтүлбөгөн зыяндарды алып келген бир темага көңүл буруу максат кылынган. Кадимки бир кулк-мүнөздөй кабыл алынган романтизмдин тымызын гана калктарга жана ар бир адамга канчалык чоң кооптуулук туудураарын көрсөтүү максатталган. Жана, албетте, бул коркунучтан кутулуунун канчалык оңой экени жана Аллах бүт адамдарга жөнөткөн бир жол башчы, Куранды ээрчигенде адамдын сезимдеринин акылын жеңе албашы мисалдар аркылуу көрсөтүлмөкчү.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Баш Сөз
  • Кириш Сөз
  • Нормалдуу Сүйүү Жана Анормалдуу Сүйүү
  • Романтикалык Улутчулдук
  • Романтизмдин Башка Идеологиялары
  • Динди Жамынып Жасалган Романтизм
  • Ыйман Натыйжасында Келген Чыныгы Акыл
  • Романтизмдин Түрлөрү
  • Романтикалык Сүйүү Түшүнүгү
  • Романтизмдин Денеге Зыяндары
  • Жыйынтык: Романтизм Илдетинен Кутулуу