Киришүү

Адам бул дүйнө жашоосунда напсисиндеги жамандыктарды жеңип, өмүрүн Аллах ыраазы боло тургандай өткөрүүгө милдеттүү. Бул үчүн болсо ага орточо алтымыш жетимиш жыл сыяктуу өтө аз убакыт берилген. Аллах Аны ыраазы кылган кулдары үчүн дүйнөдөгү бул кыска жашоодон соң түбөлүк жана теңдешсиз бир жашоо жараткан. Дүйнө жашоосундагы бул өмүр көз ачып жумганча бат эле өтүп бүтөт. Бул убакыт ичинде сабыр кылган, жакшы адеп-ахлакта бекем болгон, Аллахка чын жүрөктөн кул болгон пенделер акыретте өтө чоң бир сыйга; түбөлүк бейиш жашоосуна жолугушат. Албетте, бул – Раббибиздин кулдарына болгон берешендигинин, мээриминин жана сүйүүсүнүн өтө маанилүү бир чагылуусу.

landscape

Race each other to forgiveness from your Lord and a Garden as wide the heavens and the earth, prepared for the people who have taqwa.
(Surah Al'Imran: 133)

Аллах бүт адамдарды бүт нерсенин эң сулуусунан, эң кемчиликсизинен ырахат ала турган жана аларды өтө каалап, самай турган бир рух менен жараткан. Ушул себептен, адам жашоону түшүнө баштаган күндөн баштап дайыма кемчиликсиздикке жетүүнү өтө эңсей берет. Дайыма сулуулук менен сый-жакшылыктарды (нематтарды) издей берет. Бирок канчалык аны каалабасын жана ал үчүн канчалык аракет кылбасын, дүйнө жашоосунда эч качан көңүлү каалагандай кемчиликсиз жашоого жете албайт. Себеби Аллах дүйнө жашоосун атайын кемчиликтүү жана жетишсиз кылып жараткан.

Албетте, Аллахтын минтип жаратышында көптөгөн терең маанилер бар. Себеби «Ал Аллах – жаратуучу, (эң кооз) кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандар менен жердегилердин баары Аны тасбих кылат. Ал – Азиз, Хаким.» (Хашр Сүрөсү, 24) аятында айтылгандай, Аллах кемчиликсиз жаратат. Раббибиз баарына кудуреттүү, каалаганын жаратууга күчү жетет. Ошондуктан дүйнө жашоосундагы кемчиликтердин бир максаты бар. Раббибиздин мындай жаратышынын сырларынын бири – бул адамдын бейиштин бар экенин түшүнүшү жана ал үчүн чын ниеттен аракет кылышы.

landscape

Their recompense is forgiveness from their Lord, and Gardens with rivers flowing under them...
(Surah Al'Imran: 136)

Аллах адамдын табиятын бейиште гана бакубат жашай турган жана напсисинин каалоолору ал жерде гана канааттана турган кылып жараткан. Курандын көп аяттарында бул чындык адамга кабар берилген. Чыныгы жашоонун бейиште болоорун, ушул себептен бүт аракеттеринин чексиз сулуулуктар мекени болгон бейишти көздөшү керектигин эскерткен. Бул жөнүндө Куран аяттарынын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Бул дүйнө жашоосу –бир оюн жана «өзүнө тартуучу бир алаксуу» гана. Чындыгында, акырет мекени болсо – чыныгы жашоо ошол. Билишсе кана. (Анкебут Сүрөсү, 64)

Чындыгында жакшылар (чынчылдар) албетте сый-жакшылык ичинде. Тактылар үстүндө карап-көз жүгүртүшүүдө. Сый-жакшылыктын (нематтын) жаркыраган кубанычын сен алардын жүзүнөн көрөсүң. Аларга мөөрлүү, кошумчасыз бир шараптан ичирилет. Анын аягы жыпар жыттуу (мускус). Демек жарышкысы келгендер ушул үчүн жарышышсын. (Мутаффифин Сүрөсү, 22-26)

Аллах каалаганына ырыскыны кеңейтип-жайат жана кысат да. Алар болсо дүйнө жашоосуна сүйүнүштү. Чындыгында болсо дүйнө жашоосу акыретте(ги чексиз бакыттын жанында убактылуу) бир пайдалануу (мүлк) гана. (Рад Сүрөсү, 26)

Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар. (Каф Сүрөсү, 35)

Пайгамбар Мырзабыз (сав) болсо бир куттуу хадисинде дүйнө жашоосуна салыштырмалуу бейиштин адам үчүн канчалык чоң бир жакшылык экенин төмөнкүдөй мисал менен айткан:

Бейиште жаачалык бир жер күн чыгып же баткан нерседен (дүйнөдөн) жакшыраак. [Kütüb-i Sitte-14, s. 429/2]

Адам бул жөнүндө эч нерсе билбесе дагы, дүйнө жашоосунун кемчиликтерин жана напсисиндеги (көңүлүндөгү) сый-жакшылыктарга болгон эңсөөсүн бир саамга эле ойлонгондо, бул чындыкты оңой гана түшүнө алат. Себеби Аллах дүйнө жашоосунун чыныгы жашоо эместигин түшүнүшү үчүн адамга көптөгөн далилдерди жаратууда. Адам дээрлик ар күнү, өз денеси баш болуп, көптөгөн дүйнө жашоосунун кемчиликтерин көрөт. Аман-эсен жашаш үчүн эле канчалаган чараларды көрүшү керек. Кичине эле болсо ооруп, жаракат алып же ал тургай өлүп калышы мүмкүн. Өмүрүнүн көп бөлүгүн денесинин алсыздыктарын оңдоого жумшайт. Бирок канча аракет кылса да, жыл өткөн сайын денеси картайып, куурайт. Адам денеси сыяктуу, эң сонун гүлдөр да акырындап соолуйт; эң сонун түстүү, эң сонун жыттуу розалар, жоогазындар, фиалкалар чирип бузулат. Эң даамдуу жана эң жаңы мөмөлөр, жашылчалар кыска убакыт ичинде чирип, адам жегис болуп калат. Эң заңкайган үйлөр, буюмдар, машиналар акырындап эскирип, сынып талкаланат.

landscape

Булар адам дүйнө жашоосунда көргөн миллиондогон кемчиликтин бир канчасы гана. Бирок ушулар да адамдын көксөп самаган чыныгы мекендин дүйнө эмес экенин түшүнүшүнө жетиштүү болот.

Адам, ушундай кемчиликтерден улам, ичинен дайыма кемчиликсиздикти, мындай кемчиликтер эч болбогон бир дүйнөдө жашоону каалайт. Оорулар, өлүмдөр, согуштар, уруштар, жамандыктар, кемчиликтер, кыйынчылыктар эч болбогон бир дүйнөнү самайт. Ушул максатта эч көйгөйсүз, бактылуу бир жашоону дүйнө шарттарында түзүүнүн жолдорун издейт. Бирок Аллах Куранда адамдарга мындай жашоону бейиште гана жашай алаарын кабар берген. Ага жетүү үчүн адамга жүктөлгөн милдет болсо өтө оңой: Раббибиздин ыраазылыгына ылайык өмүр сүрүү. Мунун натыйжасында –Аллахтын каалоосу менен- өзү каалагандан жана кыялдана алгандан алда канча жакшы, кемчиликсиз жана чексиз бакытка толгон бир жашоого жетет.

Адам издеген, самаган, сүйгөн нерселеринин баарынын бейиште экенин түшүнүшү үчүн Аллах Куранда бейиш нематтары (сый-жакшылыктары) жөнүндө көп маалыматтарды берген. Бул китепте Куран аяттары менен Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринин негизинде Раббибиз биз үчүн даярдаган ушул теңдешсиз нематтарды баян кылабыз.

landscape

Their Lord gives them the good news of His mercy and good pleasure and Gardens where they will enjoy everlasting delight.
(Surat at-Tawba: 21)

Мындан тышкары, Инжилден Куран аяттары менен Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистерине туура келген сөздөргө да орун беребиз. Куран аяттарында бизге Инжилдин кийинчерээк бурмаланганы, ушул себептен ичинде туура эмес ишенимдер бар экени кабар берилет. Азыркы Инжилде акыйкат бөлүмдөр да, адамдар тарабынан кошулган туура эмес маалыматтар да бар. Ушул себептен Инжилдеги баяндарды Куран аяттарына жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистерине туура келээрине карап алышыбыз керек.

Бул китепте да ушул критерий эске алынып, Исламдык булактарга туура келген Инжил баяндарына орун берилген. Бул китептин максаттарынын бири – адамдарга чыныгы жашоонун дүйнөдө эмес, бейиште болоорун, көңүлдөрү каалаган бүт сулуулук, жакшылыктардын дүйнөдө эмес, бейиште экенин эске салуу. Мурда эч ойлонбогон болушса да, көңүлдөрүндөгү кемчиликсиз жашоого болгон эңсөөсүн канааттандыра турган жалгыз жашоонун бейиште экенин түшүнүшүнө көмөкчү болуу.

landscape

They will have there everything they want and with Us there is still more.
(Surah Qaf: 35)

Дагы бир максат болсо, адамдардын бейиштин теңдешсиз кооздуктарын, түбөлүккө улана турган ырахаттарын терең ойлонушуна негиз түзүү. Себеби Куран аяттары да, Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистери да бизди көп адамдар мурда эч ойлобогон бейиш жакшылыктары жөнүндө кабардар кылат. Бейиштеги сулуулукту, чексиз сый-жакшылыкты жана сонун жашоону түшүнүү адамдардын бейишке болгон эңсөөсүн жана ал жашоого жетүү үчүн кыла турган аракетин көбөйтөт. Аллахтын чексиз мээримине жана теңдешсиз жакшылыктарына ылайыктуу болуу үчүн күчтүү бир каалоо жана чечкиндүүлүк менен сооптуу (жакшылык) иштерде жарышышына себепчи боло алат.

Албетте, бул китептеги бейиш сүрөттөөлөрү адам акылы жана билген түшүнүгү менен чектелет. Чындыгында болсо Аллах Куранда кабар берген жана Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде сүрөттөгөн бейиштин кемчиликсиздиги жана сулуулугу адамдын дүйнөдө ага берилген акыл менен түшүнүп, ойлоно алганынан алда канча өйдө жана теңдешсиз. Адам бейиштеги сулуулуктарды дүйнө жашоосунда билген нематтарга салыштырып, аларга окшоштуруу менен гана түшүнө алат. Бирок Раббибиз ал жерде чын ыкластуу кулдары үчүн даярдаган нематтардын сулуулугун акыретте гана чындап түшүнүп сезүүгө болот. Адам руху алардан ала турган ырахат ошол жерде гана сезиле алат. Мунун бир сыры болсо – Раббибиздин бүт сый-жакшылыктарды жана сулуулуктарды ыймандуу кулдарына гана тартуу кылышы. Аллах каапырларды (Аллахты тангандарды) бейиш нематтарынан куру кол калтырган. Аяттарда бейишке кире албаган адамдардын акыретте бейишти өтө самап, абдан бушайман болоору айтылат. Ал кишилер бейишти кусалык менен самап, түбөлүккө чейин абдан бушайман болуп бейишке кирүүнү тилешет. Албетте, алар да дүйнө жашоосунда бейиштин бар экенин, ал жердеги сулуулуктардан кабардар болушуп, бирок бул чындыкты көрмөксөн болушкан. Напсилеринин мындай каалоосун дүйнө жашоосунда канааттандыра алабыз деп ойлоп, болгон күчү менен дүйнөгө жан үрөшкөн.

Бул китепте айтылгандар ушундай чоң жаңылыштыкка түшкөн адамдардын чыныгы жашоонун акыретте болоорун түшүнүшүнө жана өмүрлөрүн Раббибиздин ыраазылыгын көздөп өткөрүшүнө себепчи болот деген үмүт бар. Ыймандуулардын болсо бейишке жетүү эңсөөсүн, чечкиндүүлүгүн күчөтүп, Аллахтын эң сүйүктүү кулдарынан болуу үчүн жакшылыктарда жарашышына шарт түзөт.