Дүйнөдө Куран ахлагынан алыс жашаган адамдардын кайгырып, тынчсызданышынын себептеринин башында көңүл оорутуучу, басмырлоочу, күмөн жаратуучу, үмүтсүздүккө түртүүчү, жалган, терс сөздөрдү дайыма угушу турат. Сөздөрүндөгү кичинекей эле бир терс сөз да эң сонун абалды оңтойсуз кылып койот. Ал эми чын жүрөктөн айтылган бир комплимент, кадыр-баркын көтөрүүчү, кубантуучу, ишеним жана үмүт бере турган бир сөз, чын жүрөктөн айтылган сөздөр болсо кээде кишиге айланасындагы нематтардан көбүрөөк маанилүү болот. Дүйнөдө адамдар көңүлүнө жакпаган, терс сөздөрдү көп угушат. Ал эми бейиште болсо мындай сөздөрдүн жок экенин, ыймандуулардын өтө сонун чөйрөлөрдө маңдай-тескей маек курушаарын Аллах бизге кабар берет. Аллахтын сүйгөн жана бейишине кабыл алган чын ниеттүү кулдары менен маек куруудан тышкары, ар кандай жалган, бош жана терс сөздөрдөн алыс болуу ыймандуулар үчүн өтө чоң бир немат болот. Аллах бир аятта мунун кулдары үчүн өтө чоң бир берешендик экенин билдирет:
Ичинде «бош жана тантык бир сөздү» да угушпайт, жалганды да. Раббиңден бир сыйлык катары жетиштүү бир берешендик (бул). (Небе Сүрөсү, 35-36)
Пайгамбар Мырзабыз (сав) болсо бейиштеги сөздөрдүн сонундугуна төмөнкүчө көңүл бурган:
|
Бейиш кишиси ушундай киши: Аллах анын эки кулагын адамдардын ага болгон жакшы мактоолору менен толтурат. Жана ал болсо аны угат. Тозок кишиси ушундай бир киши: Аллах анын эки кулагын адамдардын аны жамандаган сөздөрү менен толтурат жана ал болсо аларды угат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 155/2]
Мындан тышкары, хадистерде ыймандуулардын дүйнөдөгү чын жүрөктөн болгон маектеринин акыретте да уланаары кабар берилет. Бейиште ыймандуулардын өз ара маектешип жатканда дүйнө жашоолорунда кылгандарын эстешээри бир хадисте төмөнкүдөй айтылат:
Бейиштиктер бейишке жайгашканда бир туугандардан кээ бирлери кээ бирлерин көргүлөрү келет. Бирөөсүнүн диваны экинчисинин диванына, экинчисиники болсо беркинин диванынын жанына барат. Алар табышканда экөөсү тең жазданышат жана дүйнөдө араларында болгон нерселерди сүйлөшүп башташат. Бирөөсү мындай дейт: «Эй бир тууганым, эсиңдеби биз дүйнөдө баланча мечитте Аллахка дуба кылган элек, мына Аллах бизди кечирди.» [Ramuz el-Ehadis-1, s. 29/12]
Бейиште үндүн кооздугу да ыймандууларга өзүнчө бир немат катары берилет. Өтө бийик бир үн, шуулдаган, тунук эмес бир музыка, ызы-чуулуу бир жер, өтө бийик үн менен иштеген бир мотордун үнү же бир сирена үнү кыска убакытка эле созулса, бүт баарыбыздын тынчыбызды алат. Айкырган, күчтүү оору же азаптын натыйжасында чыккан үндөр да адамдарга тозокту эстеткен үндөр болуп саналат. Пайгамбарыбыз (сав) хадистерде айтуусу боюнча, бейиште болсо бүт адамдардын өз үнү да өтө кооз болот жана кулактарына келген бүт үндөр да көңүлүнө жага турган болот. Туурасын Аллах билет. Куттуу хадистерде бейиштеги үндүн кооздугуна төмөнкүдөй көңүл бурулган:
|
Бейиште үр кыздардын чогулмай жерлери бар. Үндөрүн көтөрүшөт, жаратылгандар алардын үнүндөй сонун бир үндү ага чейин эч укпаган болушат... [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı, s. 409/10099]
Бейишке кирген ар бир адамдын башы жана буту жагында эки үр кыз турат жана адамзат менен жиндер уккан эң сонун үн менен ыр окушат... [Ramuz el-Ehadis-2, s. 384/7]