Адам өмүрү дүйнөдө орточо 6-7 даана 10 жылдан турат. Бул өтө кыска убакыт. Куранда акырет күнү дүйнө жашоосу жөнүндө өз оюн айткан адамдардын сөздөрү да муну тастыктайт.
«Жыл санагы менен жер бетинде канча болдуңар?» деди. «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк болдук, эсептегендерден сура» дешти. (Мүминун Сүрөсү, 112-113)
Ал эми бейиште болсо адамдын өмүрү чексиз. Аллах «Ал жерде биринчи өлүмдөн башка өлүм татышпайт...» (Духан Сүрөсү, 56) аятында билдиргендей, адам өзү да өлүмсүз болот жана айланасындагы немат-жакшылыктар да түбөлүккө уланат. Түбөлүк деп оңой гана айтып койгон түшүнүк жөнүндө жакшылап ойлонуу керек. Себеби бул жерде жүз, миң же миллион жыл эмес, эч бүтпөгөн бир мөөнөт айтылып жатат. Ошондуктан бейиште эч ким дүйнөдөгүдөй убакытты санап, ойлонбойт. Өмүр түгөнбөйт да, азайбайт дагы. Аллах бул чындыкты бир аятта төмөнкүдөй кабар берет:
Бактылуулар болсо, эми алар бейиште. Раббиңдин каалоосунан тышкары, асмандар менен жер турганда, ал жерде түбөлүк болушат. (Бул) эч түгөнбөгөн бир берешендик. (Худ Сүрөсү, 108)
Башка бир аятта болсо Аллах бейиш калкы жөнүндө «Айланасында өлүмсүздүккө жеткен жаштар айланып турат;» (Вакыа Сүрөсү, 17) деп, жаштык менен өлүмсүздүктүн бейиште бир немат болооруна көңүл бурат.
Бейиштеги түбөлүк жашоо хадистерде төмөнкүчө кабар берилет:
Тозок калкына: «дүйнөдөгү таштардын санынчалык тозокто болосуңар» деп айтылганда, аны менен көңүлдөрү жеңилдемек. Бейиш калкына да: «таштардын санынчалык болосуңар» деп айтылганда, кайгырышмак. Бирок аларга түбөлүктүүлүк мукаддер (саны дайындалып, тагдыр кылынган) кылынды. [Ramuz el-Ehadis-2, s.358/6]
... Ал жерге кирген кишиге нематтар муктаждык сезбестен келет. Ал жерде түбөлүк жашайт. Өлбөйт, кийими эскирбейт жана жаштыгы да кетпейт. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 200/6]
... ал жерге кирген бактылуу болот, бактысыз болбойт, түбөлүктүү болот, өлбөйт. Кийгендери да эскирбейт, жаштыгы да түгөнбөйт. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s.408/10088]
|
Инжилде болсо түбөлүк жашоо жөнүндө мындай деп жазылган:
Жанын сүйгөн аны жоготот. Бирок бул дүйнөдө жанын унуткан аны түбөлүк жашоо үчүн сактайт. (Иоанн, 12-бөлүм, 25)
... өзүңөрдү өтө ыйык болгон ыйманыңардын негизинде өнүктүргүлө... силерди түбөлүк жашоого жеткире турган мээримин күтүп өзүңөрдү Аллахтын сүйүүсүндө сактагыла. Олку-солку болгон кээ бирлерге мээримдүүлүк кылгыла. Кээ бирлерди оттон алып калып куткаргыла... Куткаруучубуз жалгыз Аллах силерди жыгылуудан сактап, Өзүнүн улуу даңкынын алдына чоң кубаныч ичинде кемчиликсиз чыгарууга кудуреттүү... (Иуданын каты, 20-24)
... араңарда кийимдерине кир жугузбаган бир канча киши бар, алар актар ичинде мени менен бирге басышат. Себеби ошого ылайыктуулар. Жеңүүчүлөр ушундай ак кийимдерди кийет. Мындайдын атын жашоо китебинен эч качан өчүрбөйм... (Иоаннга келген аян, 3-бөлүм, 4-5)
... Дүйнө курулгандан бери силер үчүн даярдалган падышачылыкты мураска алгыла... Булар түбөлүк азапка туш болушат, тууралар (чынчылдар) болсо түбөлүк жашоого жетишет. (Матфей, 25-бөлүм, 34-46)
Дүйнөдө бир адам канчалык сулуу, канчалык бай, канчалык ден-соолугу чың болбосун, баары бир сөзсүз бир күн өлүм келет. Ошондуктан дүйнө шарттарында бүт баарынан бай болсо да, ал мүлктөрдүн бир күнү бүтүшү аларды кемчиликтүү кылат. Дүйнөдө немат-жакшылыктардын кемчиликтүү болушунун бир сыры ал нематтардын бейиштеги чыныгыларын самашыбыз үчүн. Дүйнөдөгү бүт сулуулуктар, алган ырахаттарыбыздын баары бир жагынан кемчиликтүү, экинчи жагынан болсо убактылуу, утурумдук. Ал эми бейиште болсо бул нематтар убакыт менен себептерден көз-карандысыз жаратылган. Ошондуктан бейиште нематтар дайыма бар болот. Аяттарда Аллах бейиштеги нематтардын үзгүлтүксүз, дайыма бар болушун төмөнкүдөй сүйүнчүлөйт:
Раббилери аларга Өз Кабатынан бир мээримди, бир ыраазычылыкты жана алар үчүн тынымсыз бир немат-жакшылык болгон бейиштерди сүйүнчүлөйт. Ал жерде түбөлүк жашашат. Күмөнсүз Аллах Кабатында чоң сыйлык бар. (Тообо Сүрөсү, 21-22)
Ал жерде түбөлүк жашашат, андан чыккылары келбейт. (Кехф Сүрөсү, 108)
Куран ахлагынан алыс жашаган адамдар жаш кезинен эле улгайуудан коркуп жашашат. Бир тараптан, улгайганда ооруп, алсыз болуп калаарын ойлоп, экинчи тараптан болсо ошол кезде мени карай турган бирөө болобу деп көңүлү түйшөлөт. Ушул сыяктуу ойлордон улам көп адамдар улгайууга өтө пессимисттик көз-караш менен карашат.
Адам денесинде 20 жаштардан баштап клеткалардын жаңылануу ылдамдыгы жайлап, тери мурдакы ийкемдүүлүгүн жоготуп баштайт. Бир канча жыл өткөн соң теринин улгайып баратканы даана көрүнүп баштайт. Бул адамдарды өтө кайгыга салат. Жаштыктарынын көз алдында колунан чыгып баратканына кайгырышат. Албетте, бул ыймансыз (атеист) адамдарга тиешелүү. Себеби ыймандуулар убактылуу дүйнө жашоосунда туш болгон бүт кемчиликтер, оорулар жана алсыздыктарда Аллахка тобокел кылышат (таянышат). Бир ибадат катары колундагы бүт себептерди жасайт, бирок дин ахлагынан алыс жашаган адамдардай коркуп, тынчсызданбай өмүр сүрөт. Ошондой эле, дүйнөдөгү сулуулуктардын атайын кемчиликтүү жаратылганын, чыныгы жашоонун акыреттеги түбөлүк жашоо экенин билип, бейишке жетүү аракети жана үмүтү менен жашашат.
Gardens of Eden, whose gates will be open to them, where they will recline, calling for plentiful fruit and drink; and there will be dark-eyed maidens with them with eyes reserved for them alone. This is what you are promised on the Day of Reckoning. |
Дүйнө жашоосу утурумдук, убактылуу бир мекен. Аллах бүт нематтардын чыныгыларын акыретте жаратат жана чын ыкластуу (чын ниеттүү) кулдарына тартуулайт. Бейиште адамдар дайыма жаш, сулуу, ден-соолугу чың жана энергиялуу болушат.
Дүйнө шарттарында бир адам канчалык узун өмүр сүрбөсүн, улгайуу белгилери канчалык кеч келбесин же канчалык ден-соолугу чың болбосун, баары бир өмүрү бир күн сөзсүз түгөйт. Куран аяттарында жана Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде болсо, бейиш нематы (сыйы) катары жаштыктын түбөлүккө уланаары айтылат:
Бейиште сурмалуу жана сакалсыз абалда Йусуф (а.с.) сулуулугунда, Аййуб (а.с.) сүйүүсүндө жана отуз жаштардагы бир улан-кыздар болуп киресиңер. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 249/15]
Адамдар, жаш баладан улгайган кишиге чейин баары, отуз үч жаштагы жаштар абалында, Адам (а.с.) табиятында жана Йусуф (р.а.) сулуулугунда, Аййуб (а.с.) адеп-ахлагында сурмалуу жана жасанып тирилишет.(Жана ошол абалда бейишке киришет.) [Ramuz el-Ehadis-2, s. 507/6]
Отуздун тегерегиндеги жаштар адамдын кулк-мүнөзү жетилип калынтанып, жүзү, сүйлөө калыбы, кыймыл-аракети жагынан жаштыктын эң жакшы доору болуп саналат. Бирок, бейиштеги энергиялуулук менен жаштыктын да дүйнөдөгүдөн такыр башкача экенин унутпаш керек. Себеби дүйнө шарттарында жаш бир адам да көп алсыздыктар ичинде жашайт. Аллах бейиш калкын акыретте ар кандай кемчиликтен алыс жаңы бир табиятта жараткан. Аллах бул бейиш нематын бир аятта төмөнкүчө кабар берген:
Айланаларында (жаштыгы жана энергиялуулугу) түбөлүктүү кылынган сулуу кыз-жигиттер айланып турушат; сен аларды көргөндө чачылган берметтер экен деп ойлойсуң. (Инсан Сүрөсү, 19)
Ageless youths will circulate among them, serving them. Seeing them, you would think them scattered pearls. |
Бейиш калкынын бирдей жашта болушу Аллахтын өтө чоң бир сый-нематы. Жаштагы айырма дин ахлагынан алыс жашаган адамдар арасында көбүнчө жылуу мамиле түзүлө албашына себеп болот. Көбүнчө бир курактагы адамдар өз ара жылуу мамиле түзө алганы үчүн топторго бөлүнүшөт. Албетте, Мусулмандарда мындай болбойт. Мусулмандар кандай куракта болбосун, бир-бири менен өтө жакшы түшүнүшүп, өздөрүнөн кичине же чоң болсун бүт адамдар менен эч кыйынчылыксыз достук кура алышат. Бейиште Мусулмандардын бирдей куракта жаратылышы болсо Аллах тартуулаган өзүнчө бир немат-жакшылык болот. Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде бейиш калкынын жашынын түбөлүккө өзгөрбөшүн кабар берет:
Бир адам бейиштик болуп өлсө, чоң же кичине, жашы кандай гана болбосун, отуз жаштагы бир адам болуп бейишке кирет жана анан бул жаш түбөлүккө өзгөрбөйт. Тозоктогуларда да ушундай. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 450/5]
Куранда бейиштиктердин бир куракта болоору айтылган башка аяттар болсо мындай:
Аларды дайыма кыз бойдон кылып жараттык, жубайларына ашык (жана) бирдей куракта, (Вакыа Сүрөсү, 36-37)
|