Бейиштеги Tамактар

Бейиште адамдардын көңүлүнө жага турган, жандары каалаган жана самаган өтө даамдуу көп тамактар бар экени Куранда жана Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде кабар берилет. Өзгөчө дүйнөдө да жагымдуу тамактар арасында болгон эт менен мөмө-чөмөнүн ар түрдүүсү бейиш калкына көп-көптөн тартууланат. Аллах аяттарында бейиш калкына сунулган даамдардын сонундугун төмөнкүчө кабар берет:

landscape

Каалап-тандай турган мөмөлөр, жандары тарткан куш эти. (Вакыа Сүрөсү, 20-21)

Кылгандарына сыйлык катары (аларга тартууланат); (Вакыа Сүрөсү, 24)

Куран аяттарында да, хадистерде да бейиш калкына тартууланган кээ бир нематтардын дүйнөдөгүлөргө окшош экенине көңүл бурулат. Аллах бул чындыкты бир аятта төмөнкүчө кабар берет:

(Эй Мухаммед) ыйман келтирип салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарды сүйүнчүлө. Чындыгында алар үчүн астыларынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аларга ырыскы катары ал түшүмдөрдөн ар жедирилгенде: «муну мурда да жегенбиз» дешет. Бул аларга (дүйнөдөгүгө) окшош кылып тартылат. Ал жерде алар үчүн таптаза жубайлар бар жана алар ал жерде түбөлүк жашашат. (Бакара Сүрөсү, 25)

Бейиш нематы катары тартылган тамактардын баары көрүнүшү жагынан да кооз, даамы да өтө таттуу тамактар болот. Алардан өзгөчө мөмөлөр көрүнүшү, түсү, жыты жана өзгөчө даамдары менен бир-биринен сонун болушат.

Мисалы, кулпунайды көп адамдар сүйүп жеп, жыты менен даамын өтө жактырышат. Бирок сонун болсо да, кулпунайды көп жегенде кээ бир денелерде аллергияга себеп болушу мүмкүн. Бул дүйнө жашоосуна тиешелүү бир кемчилик. Дүйнөдө бүт нематтар сыяктуу мөмөлөрдүн да көптөгөн кемчиликтүү тараптары бар. Тигип өстүрүүдөн баштап, сатып алуу, жууп тазалоого чейин көп эмгекти талап кылат. Канча аракет кылынса да, кээде чирип, кээде болсо даамдары жакшы болбойт. Кыскасы, адамдар бир нерселерди жеп жатканда негизи көп кемчиликтер, кыйынчылыктарга туш болушат. Дүйнө жашоосундагы тамактардын баары белгилүү бир кемчилик менен жаратылып, адамдардын бул нематтардын чыныгысын самашына себеп болушат. Болгондо да, тамак канчалык көңүлгө жакса да, аны көп жегенде андан башындагыдай көп ырахат алынбайт.

Бейиштеги тамак менен мөмөлөр болсо бейиш калкынын алдына кемчиликсиз жана кыйынчылыксыз келет. Аллах Куранда «(Мөмөлөрдүн) Көлөкөлөрү аларга өтө жакын жана үзүлүшү өтө жеңилдетилген.» (Инсан Сүрөсү, 14) аяты менен ал мөмөлөргө жетүүнүн өтө оңой экенин кабар берген. Бейиште бутагынан жулунган мөмөлөр чаңы, кири жок таптаза жана даамы болсо кемчиликсиз болот. Башка аяттарда болсо Аллах бейиш мөмөлөрү жөнүндө мындай дейт:

Кылгандарыңар үчүн мураскор болгон бейишиңер мына ушул. Ал жерде силер үчүн көптөгөн мөмөлөр бар; алардан жейсиңер. (Зухруф Сүрөсү, 72-73)

Пайгамбарыбыз (сав) болсо бир хадисте бейишке кире турган ыймандууларга «Аны мөмөлөрү төмөн самсаалаган бийик бейишке койгула!» деп айтылаарын кабар берет. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 413/10120]

Ыймандуулар бейиште тамакты муктаж болгону үчүн (б.а. курсагы ачканы үчүн) эмес, Аллахтан бир немат жана тартуу катары ырахат үчүн жешет. Ал жерде ыймандуулардан курсак ачуу, суусоо сыяктуу дүйнөгө тиешелүү алсыздыктар алып салынган болот. Инжилде да бейишке ылайыктуу кишилер жөнүндө, «Эми курсагыңар ачпайт, эми суусабайсыңар...» деп айтылат (Иоанн алган аян, 7-бөлүм, 16)

Бейиш нематтарынын аят менен хадистерде айтылган дагы бир өзгөчөлүгү болсо – бул өтө берекелүү болушу. Аллах акырет мекени жөнүндө ал жерде ырыскынын эсепсиз экенин жана эч түгөнбөй турганын Сад Сүрөсүндөгү аяттарда төмөнкүчө кабар берет:

Сурак күнү силерге убада кылынган мына ушул. Күмөнсүз, бул Биздин ырыскыбыз, эч түгөнбөйт дагы. (Сад Сүрөсү, 53-54)

Инжилде болсо тамактардын түгөнбөшүнө ишарат кылган бир маалымат төмөнкүдөй орун алат:

Убактылуу тамак үчүн эмес, түбөлүк жашоо бою боло турган тамак үчүн иштегиле... (Иоанн, 6-бөлүм, 27)

Мөмөлөрдүн молчулугу:

landscape

Мөмөлөр – бул денени уулуу таасирлерден тазалоочу, ооруларга каршы денеге иммунитет берүүчү, витамин менен минералдарга өтө бай, адамга ырахат, ден-соолук жана сулуулук берүүчү таптаза азыктар. Бул бейиш нематы жөнүндө бир хадисинде Пайгамбарыбыз (сав) мындай дейт:

Сидретүъл-Мүнтеха дарагынын мөмөсүнөн ар мөмө жарылганда ичинен жетимиш эки түстөгү жана ошончо түрдүү тамак чыгат; алардын эч биринин түсү менен түрү экинчисине окшобойт. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 312/517]

Пайгамбарыбыз (сав) бул хадисинде бейиштеги мөмөлөрдүн түсү менен түрлөрүнө көңүл бурган. Нематтардын көп түрдүү болушу адамдардын көңүлүнө өтө жагат. Бир нерсенин формасынын, жытынын, даамынын же түсүнүн дайыма бирдей болбой, ар жолкусунда биринчи жолу көрүп жаткандай өзгөртүп жаратылып турушу өтө чоң бир сюрприз болот. Бул ошол эле учурда Аллахтын чексиз жаратуу кудуретинин жана чеберчилигинин далилдеринен бирөөсү гана. Мындай көп түрдүүлүк бейиште чексиз болушу мүмкүн. Бейиштеги мөмөлөрдүн көп түрдүү болооруна көңүл бурган дагы бир хадис болсо төмөнкүдөй:

Бейиш калкынын эң төмөнкү даражалуусунун башында 10000 кызматчы, ар кызматчынын колунда ар башка түстө алтын менен күмүштөн эки идиш жана ичинде түрдүү түрдүү мөмөлөр бар. Эң акыркы жегенин да биринчи табит (ач тургандагы каалоо, ырахаттануу) менен жейт... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 71/5]

Хадистен көрүнүп тургандай, бейиштеги нематтар бейиш калкына эң ырахат ала тургандай кылып тартууланат. Аларга кызмат кылышы үчүн жаратылган жана ал кызматын чын көңүлдөн, өтө кылдаттык менен аткарган кызматкерлер алтын менен күмүш идиштерде сунган ар түрдүү мөмөлөр бейиш калкына Аллахтын бир сыйы болот. Аллах аяттарда мындай дейт:

... Ал жерде напсиңер (көңүлүңөр) каалаган нерселердин баары силердики жана каалаган нерселериңердин баары да силердики. Өтө кечиримдүү, өтө боорукер (Аллах)тан бир сый катары. (Фуссилет Сүрөсү, 31-32)

Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз (сав) бейиште бир мөмө бутагынан үзүлгөндө, ал мөмөнүн орду бошоп калбашын, ордуна жаңысынын пайда болоорун кабар берген:

... Бейиштин мөмөсүнөн үзүлгөндө, ордуна жаңысы чыгып калат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 98/9]

Башка бир риваятта Пайгамбарыбыз (сав)дын төмөнкү сөздөрү орун алат: Бир айылдык арап «Эй Аллахтын Расулу (Пайгамбары) бейиштин ичинде мөмө барбы?» деп сурады. Расулуллах: «Ооба, Туба деп аталган бир дарак бар» деди. Ал киши: «Эй Расулуллах, биздин жерибиздеги кайсы дарак ага окшошот?» деди.
Расулуллах:
«Сенин жериңдеги дарактардын эч бири ага окшобойт. Бирок сен Шамга (Дамаскка) барган белең? Себеби ал жерде жаңгак деп аталган бир дарак бар, бир сөңгөктөн чыгып үстү –б.а. бутактары- жайылат. Мына ошол дарак Туба дарагына окшошот» деди. Ал зат:
«Эй Расулуллах, ал дарактын түпкү сөңгөгүнүн жоондугу канчалык?» деди. Аллахтын Расулу:«Сенин үйүңдөгү төөлөрдөн беш жашка жеткен жаш бир төө жолго чыкса, түбүн кыдырып айлангычакты, картайып өлөт» деди. Айылдык арап:«Бейиште жүзүм барбы?» деп кайрадан сурады. Расулуллах: «Ооба бар» деди. Ал зат: «Ал жүзүмдүн шиңгилинин чоңдугу канчалык?» деди. Улуу Пайгамбар:
«Ала карга эч тынымсыз бир ай учуп жете турган аралыгынчалык» деди. Ал зат:
«Ал жүзүмдүн бир даанасы(нын чоңдугу) канчалык?» деди. Аллахтын Расулу:
«Чоң чакадай» деди. Ал зат:
«Эй Аллахтын Расулу, ал жүзүмдүн бир даанасы мени менен үй-бүлөмдү сөзсүз тойгузат» деди. Расулуллах: «Ооба сени менен үй-бүлөңдүн жана туугандарыңдын канчасын тойгузат... Бейиштин курмасы дарактын түбүнөн бутактарын көздөй тартип менен тизилип коюлган. Мөмөлөрү чоң кумуралар сыяктуу. Бир мөмө үзүлгөн сайын ордуна башкасы келип турат. Бейиштин суусу чуңкур эмес жерлерден агат. Бейиш жүзүмүнүн ар бир шиңгили он эки аршын (чакырым).» [Tezkireti'l Kurtubi, s. 312-313/518]

Бейиш мөмөлөрүн ойлогондо, дүйнөдөгүлөр менен эле чектелбеш керек. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жогорудагы хадисинде бир канча мөмө гана мисал катары берилген. Бейиш – адам каалаган бүт нерсе эң сонун абалда боло турган, акылыбызга келбеген, бирок көңүлүбүзгө өтө жага турган дагы көп нематтарга толгон бир мекен.

Куранда бейиш мөмөлөрүнөн сөз кылынган аяттардын бир канчасы төмөнкүдөй:

Оор бутактары ийилген алча (дарактары). Үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү төгүлгөн банан дарактары. (Вакыа Сүрөсү, 28-29)

Ичтеринде (ар түрдүү) мөмө, теңдешсиз курма жана теңдешсиз анар бар. (Рахман Сүрөсү, 68)

Жана (дагы) көптөгөн мөмөлөр арасында түгөнүп-азайбаган жана тыюу салынбаган (мөмөлөр). (Вакыа Сүрөсү, 32-33)

Мына ошолор; алар үчүн белгилүү бир ырыскы бар. Ар түрдүү мөмөлөр. Алар даам татышат. Немат-жакшылыктарга толгон (наим) бейиштерде. (Саффат Сүрөсү, 41-43)

Бейиштеги тамактардан мисалдар:

landscape

Eat and drink with relish for what you did.
(Surat al-Murselat: 31)

Курма:

Бир хадисте курма жөнүндө төмөнкүдөй риваят кылынган:

Бир киши «Эй Расулуллах бейиштин ичинде курма барбы? Себеби мен курманы жакшы көрөм» деп сурады. Расулуллах:

«Ооба бар. ... бейиш курмаларынын алтындан бутактары бар. Бутактарынын баштары алтындан. Алтындан бутактары бар. Ааламдардан кайсы бир адам көргөн кийимдердин эң сулуусундай жалбырактары бар. Алтындан курма шиңгилдери бар. Курма шиңгилдеринин ыпыр-сыпырлары да алтындан. Алтындан курма данынын түбүндө жабышкан мөөр сыяктуу нерселер бар. Чоң кумурадай мөмөлөр бар; (алар) көбүктөн жумшак, балдан таттуу.» [Tezkireti'l Kurtubi, s. 315/522]

Курма сүрөттөлгөн дагы бир хадис болсо төмөнкүдөй:

Бейиштеги курма дарагынын бутактары кызыл алтын. Шактары жашыл изумруд. Жалбырактары жибек сыяктуу. Мөмөсү мунара сыяктуу ири, каймактан жумшак жана данексиз. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 451/4]

Көңүл бурулган болсо, бейиштеги бүт нерселер биз билген эң кооз жана баалуу нерселерге салыштырылып, көрүнүшү жана даамы менен канчалык сонун немат экени айтылууда. Мисалы, бейиштеги курма дарагынын бутактары алтынга, жалбырактары өтө кооз жана баалуу бир кездеме жибекке окшотулган.

Бейиштеги курмалардын чоңдугуна көңүл бурган башка бир хадис болсо төмөнкүдөй:

Бейиште курма дарактарынын бутактары жашыл изумруд. Шактары кызыл алтын. Жалбырактары бейиш калкы үчүн кийе турган кийимдер. Анын бир бөлүгү кыска (ич) кийимдер, бир бөлүгү болсо ичи жасалгаланган тышкы кийимдер. Бейиш курмасынын мөмөсү чоң кумуралар жана чакалар сыяктуу. Сүттөн да агыраак, балдан таттуу, көбүктөн жумшак. Ичинде болсо данек жок. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 314]

Бул хадисте баалуу таштар менен сүрөттөлгөн курманын көрүнүшүнөн тышкары, даамынын да, Аллахтын каалоосу менен, өтө сонун болоору айтылууда.

Инжир (анжир):

landscape

Бир риваят боюнча Пайгамбар Мырзабыз (сав) инжир жөнүндө мындай деген:

Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир табак инжир тартуу алып, андан жеди жана сахабаларына: «Мындан жегиле. Эгер мен бир мөмөнүн бейиштен түшкөнүн айта турган болсом, мына бейиштен түшкөн мөмө ушул инжир.» деди. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, s. 313)

Инжир Куранда айтылган жана көңүл бурулган мөмөлөрдүн бири (Тин Сүрөсү, 1). Эң минералдарга бай мөмөлөрдүн бири болгон инжир энергия берүүчү бир азык катары да зор мааниге ээ.

Дарбыз:

Пайгамбарыбыз (сав)дын бир хадисинде дарбыз жөнүндө мындай дегени риваят кылынган:

Дарбыздан пайдалангыла жана ага таазим (урмат) кылгыла. Себеби анын суусу бейиштен, даамы да бейиш даамынан... дарбыз бейиштен (бейиш мөмөлөрүнөн). (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, s. 313)

Банан:

Хадистерде айтылган дагы бир бейиш мөмөсү болсо – бул банан:

Дүйнөдө бейиш мөмөсүнө окшогон нерсе бир гана банан. Себеби Аллах Таала (бейиштин жемиши жөнүндө) «Анын жемиштери дайыма болот» деген. Сен болсо бананды жай, кыш болсун жылдын ар мезгилинде таба аласың. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, s. 312-313)

Бейиш сүрөттөлгөн аяттарда Аллах бул мөмө жөнүндө мындай дейт:

Оор бутактары ийилген алча (дарактары). Үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү төгүлгөн банан дарактары. Жайылып-созулган көлөкөлөр, токтобой аккан суу(лар); жана (дагы) көптөгөн мөмөлөр арасында түгөнүп-азайбаган жана тыюу салынбаган (мөмөлөр). (Вакыа Сүрөсү, 28-33)

Банан – өзгөчө ароматы, теңдешсиз даамы жана сансыз пайдасы менен көп адамдар жактырган бир немат-жакшылык. Бирок, албетте, бейиштеги банан да башка бүт нематтар сыяктуу, дүйнөдөгүдөн алда канча сонун, алда канча даамдуу жана сонун жыттуу болот. Туурасын Аллах билет.

Эт:

landscape

Аят менен хадистерде мөмөдөн тышкары, айтылган нематтардын бири – бул эт. Аллах бир аятында «Аларга эңсеп-каалаган мөмөлөрдөн жана эттен мол мол бердик.» (Тур Сүрөсү, 22) деп эттин бир бейиш нематы (сыйы) экенин кабар берет.

Пайгамбарыбыз (сав) да бир хадисте эт жөнүндө мындай дейт:

Бейиш калкынын нанга кошуп жегенинин эң сонуну – эт. Ааламдардын Рабби Аллахка мактоолор болсун. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 363/654]

Куранда жана хадистерде өзгөчө көңүл бурулган эт түрү болсо – бул канаттуунун эти. Куранда «жандары тарткан (каалаган) куш эти» аяты менен кабар берилген (Вакыа Сүрөсү, 21) куш эти бир хадисте төмөнкүдөй айтылат:

Бейиште сенин жаның кушту каалайт. Ошол замат куурулуп алдыңа алып келип коюлат. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 414/10123]

Эт түрлөрү арасынан Куранда айтылгандардан өзгөчө «бөдөнө эти» жагымдуу бир тамак болуп саналат. Бул сый тамак бейиште мол болуп, Мусулмандарга эң сонун кылып тартууланат. (Туурасын Аллах билет.)