Бейиштеги Tабият Cулуулугу

Адамдын руху сулуулуктан, симметриядан, кооздуктан, тазалыктан, тартиптен, түс гармониясынан, кыскасы, кемчиликсиздиктен ырахат ала турган болуп жаратылган. Табияттагы бүт түстөр, пейзаждар да адамдын рухуна жага турган гармония менен сулуулукту чагылдырат.

Адамдардын ырахаттанып эс алуу үчүн тандаган жерлери да дайыма табигый сулуулуктарга бай жерлер болот. Көк майсаң, бак-дарактуу, деңиздин жээги же дарыянын бою сыяктуу жерлерде таза аба, жерге жана сууга жакын болуу адамдарга бейпилдик жана бакыт берет.

landscape



They will have fruits there and whatever they request. 'Peace!' A word from a Merciful Lord.
(Surah Ya Sin: 57-58)

Күн нурлары менен таза аба түздөн-түз кирбеген, табигый сулуулуктардан алыс жерлер болсо көбүнчө адамдарга жакпайт.

Адамдын табигый сулуулукту издешинин себептеринин бири – бул Аллахтын адамды бейиш сулуулуктарынан ырахат ала турган кылып жараткандыгы. Адам байкаса да, байкабаса да, негизи дайыма бейиш нематтарын эңсей берет. Аяттарда бейиштин табигый сулуулуктарга толо болоору төмөнкүчө кабар берилет:

Күмөнсүз, ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди жасагандарга болсо; алар үчүн астынан дарыялар аккан бейиштер бар. Чоң «кутулуу жана бакыт» мына ошол. (Буруж Сүрөсү, 11)

Ар кандай «назиктиктерге жана кооздуктарга» (же ар түрдүү жыш дарактарга) бай. (Рахман Сүрөсү, 48)

Бейиш дарактары:

Бак-дарактуу жерлер адамдар руханий ырахат алчу жерлерден болуп саналат. Адамдар имараттарга толгон шаар борборлорунда жашаганы менен, көбүнчө бак-дарактуу, көк майсаң чөптүү жерлерде болгулары келет. Бак-дарактуу бир жерге көз салуу же мындай сүрөттү кароо да адамдарга көп ырахат тартуулайт. Дүйнөдө көп пайдалары менен бирге жаратылган дарактар – Раббибиз адамдарга тартуулаган немат-сыйлардан. Кооз көрүнүшү, теңдешсиз түрлөрү, ар кандай түстөрү, салкындатуучу көлөкөлөрү менен дарактар адамдарга ырахат тартуулай турган кылып жаратылышкан. Аллах «Бойлору бир-бири менен жарышкан жана жыш дарактуу бакчалар» (Абаса Сүрөсү, 30) аяты аркылуу кабар берген дарактар акыретте бейишке тиешелүү жогорку өзгөчөлүктөрү менен жаратылган. Соолубастан, куурабастан, жалбырактары төгүлбөстөн, сулуу көрүнүштөрү менен дарактар да бейиштеги кемчиликсиздикте жаратылышкан. Төмөнкү хадистерде болсо дарактардын өзгөчө көлөкөсү бир бейиш нематы катары көп айтылат:

Бейиште ушундай бир дарак бар, бир атчан анын көлөкөсүндө жетимиш же жүз жыл жүрүп (да аягына чыга албайт). Ал түбөлүктүүлүк дарагы... Бейиште бир дарак бар, бир адам төрт жашка чыккан бир төө баласын же беш жашка чыккан ургаачы бир төөнү минип, анан дарактын түп жагын айланып баштаса, бир айланып чыга электе төө картайып кулайт... Анын жаңы бутактары бейиш дубалдарынын ар жагындагыларга жетет. Бейиштеги ар дарыя сөзсүз ал дарактын түбүнөн чыгат... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 311/513]

Бейиште бир дарак бар, улоочон (атчан) бир киши жүз жыл көлөкөсүндө жүрүп, аны кыдыра албайт. Кааласаңар төмөнкү аятты окугула: «Алар түбөлүктүү көлөкөдө, шаркырап аккан суу баштарында.» [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 427/9]

Куранда «көлөкөдө болуу» бир бейиш нематы катары төмөнкүчө айтылат:

Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан, ичинде түбөлүк жашай турган бейиштерге киргизебиз. Анда алар үчүн таптаза жубайлар бар. Жана аларды «ысык да эмес, суук да эмес, дал көңүлдөгүдөй көлөкөгө» киргизебиз. (Ниса Сүрөсү, 57)

Такыба (Аллахтан корккон) адамдарга убада кылынган бейиш; анын астынан дарыялар агат, жемиштери менен көлөкөлөрү түбөлүктүү. Бул коркуп-тартынгандардын (бактылуу) натыйжасы, каапырлардын аягы болсо от. (Рад Сүрөсү, 35)

Өздөрү жана жубайлары көлөкөлөрдө, тактылар үстүндө жазданышат. (Йасин Сүрөсү, 56)

Күмөнсүз, муттакилер (Аллахтан корккондор) көлөкөлөрдө жана булак баштарында; (Мурселат Сүрөсү, 41)

Ал жерде тактылар үстүндө жазданып-сүйөнүшөт. Ал жерде (күйгүзүүчү) бир күн да жана тоңдуруучу бир суук да көрүшпөйт. (Инсан Сүрөсү, 13)

Бурмаланган Инжилде да бейиш жөнүндө Курандагы сүрөттөөлөргө окшош «... Күн да, күйгүзүүчү бир ысык да аларга тийбейт.» деп айтылат. (Иоаннга келген аян, 7-бөлүм, 16)

Бейиштеги табият сулуулуктары сүрөттөлгөн көп хадистерде Туба дарагынан жана анын өзгөчөлүктөрүнөн сөз кылынат. Бул дарак жөнүндө Пайгамбарыбыз (сав)дын сүрөттөөсү төмөнкүдөй:

... Туба бейиштеги бир дарак. Көлөмү жүз жылдык жерди ээлейт. Жана бейиш кийимдери анын бүчүрлөрүнөн жасалат. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 313/7]

Туба дарагынын өзгөчөлүктөрү теңдешсиз жана көлөмү өтө чоң. Ошондой эле, дүйнөдөгү себептер жоголгон бейиште бейиш кийимдеринин да ушул дарактан жасалаары айтылууда. Башка хадистерде Пайгамбарыбыз (сав)дын бейиштеги дарактар жөнүндөгү сүрөттөөлөрү болсо төмөнкүдөй:

... Бейиш дарактарынын ылдыйкы сөңгөгү бермет менен алтын, үстү болсо мөмө. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 315/523]

Бейиште сөңгөгү алтындан болбогон бир дагы дарак жок. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 427/10]

Бейиште Аллахтын теңдешсиз, чексиз жаратуусуна күбө болгонубуз үчүн, бүт нерсе мүмкүн. Мисалы, бейиш дарактарынын мөмөлөрү жакут, алмаз, сапфир сыяктуу баалуу таштардай көрүнүп, колго алганда жей турган абалга келиши да мүмкүн.

Бейиштеги дарактардын маңызын сураган бир сахабага Пайгамбарыбыз (сав)дын мындай деп айтканы риваят кылынган:

Ал дарактардын бутактары куурабайт, жалбырактары түшпөйт, суусу жоголбойт, мөмөсү түгөнбөйт. [İlahi Dinlerde Cennet İnancı, s. 54]

landscape


For those who have faith and do right actions there are Gardens of Delight.
(Surah Luqman: 8)

Бейиштеги дарыялар жана деңиздер:

Суу ошол аймакка береке берип, ал жерди жандантып тазалайт. Мындан тышкары, сууга жакын жерлерде климат да жашоого ыңгайлуу жана адамдардын көңүлүнө жага турган жылуулукта болот. Мына ушул себептен адамдар эс алуу үчүн деңиз, көл же дарыя жээгине жакын жерлерди тандашат. Куранда такыба кишилердин Аллахтан бир сый катары «бейиштерде жана дарыя баштарында» (Хижр Сүрөсү, 45) болоору кабар берилген.

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде бейиштеги дарыялар көп айтылат:

Бейиш дарыялары мускус (жыпар) тоолорунун же мускус дөбөлөрүнүн астынан чыгат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 307/501]

Бейиште бал деңизи, шарап деңизи, сүт деңизи жана суу деңизи бар. Башка дарыялар ошолордон чыгат. [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s.409/10097]

Хадисте бейиште балдан, сүттөн, шараптан деңиздердин болоору айтылууда. Бирок бул жерде айтылган сүт, бал жана шарап дүйнөдөгүдөн такыр башкача, бейишке ылайык өзгөчөлүктөрү менен жаратылган. Бейиште булардын баары таптаза, ырахат тартуулаган ичимдиктер болот. Мисалы, бейиште тартууланган шарап дүйнөдөгүгө окшобойт. Бейиш калкын мас кылбайт, ичкендердин башын айландырбайт. Аллах бейиш үчүн даярдаган ичимдик «Аппак; ичкендерге ырахат (берүүчү бир ичимдик). Анда баш ооруу да жок, өздөрүнөн кетип, акылдары да тунарбайт» (Саффат Сүрөсү, 46-47) аяттары аркылуу Куранда сүрөттөлүүдө.

Мындан тышкары, бул мисалдар –сүт, бал жана шараптан дарыялар- бейиште Аллах ыраазы болгон кулдарды күтүп жаткан ар кандай сонун нерселердин болушу мүмкүн экенине ишарат кылууда. Сүт бат эскирип бузулуучу тамак болгонуна карабастан, бейиште сүттөн деңиз менен дарыялардын болушу ал жердеги нематтардын кемчиликсиздигине сонун бир мисал. Бейиш калкы кааласа мындай көрүнүштөрдү жаратуу Аллах үчүн өтө оңой.

landscape


But as for those who have iman and do right actions, We will admit them into Gardens with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever and ever. In them they will have spouses of perfect purity and We will admit them into cool, refreshing shade.
(Surat an-Nisa': 57)

Бул нематтар сүрөттөлүп жатканда дарыя жана деңиз сөздөрүнүн колдонулушу болсо өзгөчө бейиштеги молчулукка басым жасайт. Адамдар дүйнөдө бул нематтарды дайыма чектүү санда көрүшөт. Банкаларда, айнек идиштерде же кандайдыр бир идиште сатып алынган бул продукттардын бейиште суудай агып турушу, бузулбастан, кирдебестен, эң сонун даамда аларга мол мол таттырылышы өтө кубанычтуу бир сый-жакшылык жана кооздук.

Куранда да бул дарыялардын өзгөчөлүктөрү терең баяндалат:

Такыба ээлерине (Аллахтан корккондорго) убада кылынган бейиштин мисалы (мындай): ичинде бузулбаган суудан дарыялар, даамы өзгөрбөгөн сүттөн дарыялар, ичкендер үчүн ырахат берүүчү шараптан дарыялар жана таза балдан дарыялар бар жана ал жерде алар үчүн мөмөлөрдүн ар түрдүүсүнөн жана Раббилеринен бир кечирим бар... (Мухаммед Сүрөсү, 15)

Аятта сүт, бал, шарап сыяктуу бир канча немат мисал катары берилген. Бирок адамдын көңүлүнө жаккан кандайдыр бир нематтын дарыядай агышы, суудай мол, таза болушу, бузулбастан турушу да мүмкүн болушу ыктымал. Мындан тышкары, Аллах бейиште ичимдиктердин рюмкалар менен сунулаарын жана ал ичимдиктерден бейиш калкынын баштарынын оорубашын, өздөрүнөн кетип акылдарынын тунарбашын кабар берет. Аллах башка бир аятта «булактан (толтурулган) рюмкалар менен айланаларында жүрүшөт» (Саффат Сүрөсү, 45) деп билдирет. Ыймандуулар үчүн бейиште «аягы жыпар жыттуу, аралашмасы таснимден (бейиш суусунан), мөөрдүү, таза бир шарап» (Мутаффифин Сүрөсү, 25-27) даярдалган. (Тасним: бейиштеги булактардын бирөөсүнүн аты.)

landscape


An image of the Garden which is promised to those who have fear of ALLAH: in it there are rivers of water which will never spoil and rivers of milk whose taste will never change and rivers of wine, delightfulto all who drink it, and rivers of honey of undituted purity;..."
(Surah Muhammad: 15)

Аяттарда да айтылгандай, бул суусундуктардын жыты да сонун. Ошондой эле, бейиште деңиздердин астында, дарыялардын түбүндө биздин кыялыбызга да келбеген кереметтүү сонун нерселер да болушу мүмкүн. Аллах каалаган адам эч дем алуу кыйынчылыгысыз сууга чумкуй турган, деңиз астындагы сулуулуктарды куралсыз көз менен тунук көрө турган кылып коюшу мүмкүн. Дүйнөдө даректүү тасмалар менен гана көрүүгө мүмкүн болгон деңиз астындагы сулуулуктар бейиште ыймандуулар эч кыйынчылыксыз көрө ала турган жана өтө ырахат ала турган абалда болушу мүмкүн

Бейиш топурагынын кооздугу:

Бейиштеги топурактын кооздугу Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде төмөнкүдөй айтылган:

Бейиштин тигиле турган дарактарын көп тиккиле. Себеби анын суусу таттуу, топурагы сонун... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 72/14]

Бейиш имараттарынын бир кирпичи алтын, бир кирпичи күмүш, аралашмасы жыпар жыттуу, шагылы бермет жана топурагы болсо заапаран (шафран)... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 200/6]

Хадисте бейиштеги топурак заапаран аттуу, баалуу бир өсүмдүктөн алынган бир специяга окшотулган. Бул өсүмдүк ванилла сымал ароматы, жандуу, жалтырак, алтын сыяктуу өңү менен специялар арасында маанилүү бир орунга ээ. 1 кг заапаран (шафран) алуу үчүн 70000 менен 250000 арасы гүл чогултуу керек болот. Бүгүнкү күндө заапаран өндүрүшү барган сайын азайып баратат. Мунун эң негизги себеби болсо ал өсүмдүктү өстүрүүнүн кыйындыгы. Себеби заапарандан 3-4 жылда гана түшүм алынат. Дүйнө шарттарында өстүрүү өтө оор болгон жана көп эмгек талап кылган бул баалуу өсүмдүктүн бейиште топуракты түзө тургандай көп санда болушу ал жерде нематтардын сансыз болооруна ишарат кылууда. (Туурасын Аллах билет.)

landscape

The people with taqwa will be amid shade and fountains and have any fruits that they desire: 'Eat and drink with relish for what you did.
(Surat al-Murselat: 41-43)

Бейиштин кенендиги:

Аллах Таала бейиш калкын бейиште жайгаштырганда, кенен жер артып калат. Аллах Таала ал жерге ар бири жаратылгандан аягына чыга турган күнгө чейинки дүйнөдөн да чоңураак болгон, үч жүз алтымыш ааламды жайгаштырат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 30/5]

Пайгамбар Мырзабыз (сав) бул хадисинде көңүл бургандай, бейиште кенендик, бейпилдик бар. Куранда тозок жөнүндө айтылган тар жерлерге тескерисинче, бейиш кенен жерлерден турат. Себеби адамдын руху көз алдынын ачык болушунан, кенен жерлерден ырахат ала турган кылып жаратылган. Куранда бейиштин кенендиги төмөнкүдөй айтылат:

Раббиңерден болгон кечиримге жана туурасы асмандар менен жердей болгон бейишке (жетүү үчүн) жарышкыла; ал муттакилер (Аллахтан корккондор) үчүн даярдалган. (Али Имран Сүрөсү, 133)

landscape


Allah expands provision to anyone He wills and restricts it. They rejoice in the life of this world. Yet the life of this world, compared to the akhira, is only fleeting enjoyment.
(Surat ar-Ra'd: 26)