Бейиштеги Cонун Жыттар

Сонун жыт Аллах адамдарга тартуулаган өтө сонун бир немат. Бирок дүйнөдө эң сонун жыттын таасири да өтө кыска убакытка созулат.

Жыт молекулаларынын абада таркашы жана мурундун белгилүү убакыттан соң ал жытка көнүп калышы ал нематтан алынган ырахатты чектейт. Ошондуктан жыттын сонундугунан тышкары туруктуулугу да чоң мааниге ээ. Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадистеринде бейиштеги жыттардын сонундугуна жана таасирине төмөнкүчө ишарат кылган:

landscape

Бейиш аялдарынан бир аял жер жүзүн караса, жыпар жытынан жер жүзү толмок жана жүзүнүн нуру күн менен айдын жарыгын басып коймок. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 355/5]

Эгер бир үр кызы манжаларынын бирөөсүн дүйнөгө көрсөтсө (жер жана асмандагы) бүт жандуулар анын жытын сезмек. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 355/4]

Бейиштин жыты беш жүз жылдык жерден сезилет. Бейиштин ал жытын акырет иши менен дүйнөнү талап кылган киши сезе албайт. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 292/3]

Пайгамбарыбыз (сав) «... азыктардан жыттардын эң жагымдуусу, эң сонуну үрөн болот.» хадиси аркылуу болсо бейиш тамактарынын жыттарынын сонундугун кабар берет. [Kütüb-i Sitte-14, s. 448/3]

Тамактардын даамын сезишибизде жыттын өтө чоң салымы бар. Мисалы, бышкан бир какаолуу кекстин жагымдуу болушунун себеби – айланага тараган какао жана ванилла жыты. Ошол сыяктуу, шишкебекте бышкан эттен, апельсинден, помидордон, кофеден же башка бир тамак же суусундуктан ырахат алышыбыздагы себептердин бири ал тамак же суусундуктардын жыты болот. Жыт сезүү органыбыз болбогондо жегендерибизди бир-биринен айырмалашыбыз, ар кандай даамдарды сезишибиз мүмкүн болмок эмес. Бул жагынан жыттын даамдуу нематтардан алынган ырахатты толуктоочу бир тарабы бар.

landscape

Бейиштеги жыттардын сонундугу айтылган башка бир хадис болсо мындай:

... Анан шимал (түндүк) шамалы согуп, аларды жүздөрүнө жана кийимдерине эң сонун жыт түрлөрүн чачат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 325/562]

Бир хадисте болсо жыты менен көңүл бурган өсүмдүктөр айтылат:

Сөзсүз, кына (бойогу жана жыты) бейиш жыттарынын башы... Аллах Таала бейишти жаратканда аны (сонун) райкан жыты менен курчап, райканды болсо кына (жыты) менен толук орогон... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 342/619]

Хадистерде айтылган райкан – сонун жыты менен белгилүү болгон бир өсүмдүк. Бирок биз билген, тааныган жыттар да бейиште такыр башкача, көңүлүбүзгө өтө жага турган абалда болот. (Туурасын Аллах билет.)

Мындан тышкары, бейиштеги жыттар адамдарга ырахат бере турган немат максатында жаратылгандыктан, дүйнөдө көп кездешкен жагымсыз жыттардын эч бири ал жерде болбойт. Жаман жыттар адамдарга дүйнөнүн кемчиликтерин эстеткен, алардын бейишти самашына себепчи болгон дүйнөгө тиешелүү кемчиликтер болуп саналат. Бейиште мындай кемчиликтер алып салынат жана адам руху ырахат ала турган жагымдуу жыттар бүт тарапты каптайт. Пайгамбарыбыз (сав) бир куттуу хадисинде бейиш жөнүндө «... Ар тарабынан сонун жыттар жайылат...» деп билдирген. [Ramuz el-Ehadis-1, s.170/1]