Бейиштеги Aдам Cулуулугу

Дүйнөдөгү эң чоң немат-жакшылыктардын бири – бул адам сулуулугу. Адамдын эң сонун үйлөрү болсо, эң сонун тамактарды жесе жана сонун жерлерди кыдырса да, жападан жалгыз болсо, алардан көп ырахат ала албайт. Себеби бул нематтардын баарынын киши айланасындагы жакындары жана достору менен бирге болгондо гана бир мааниси болот. Аллах Өз рухунан үйлөгөн адам мүнөзү, такыбалыгы жана сонун адеп-ахлагы менен өтө баалуу болот. Мындай өзгөчөлүктөр менен бирге денесинин да өтө сулуу болушун бүт адамдар самайт.

Бейиштеги адам сулуулугу сүрөттөлгөн хадистердин бири төмөнкүдөй:

Бейиштеги үр кыздар (сулуу кыздар) жакут менен маржан сыяктуу. Адам алардын бирөөсүн карап, өзүн анын бетинде күзгүдө көргөнүнөн да тунугураак көрөт. Алардын берметтеринин эң эднасы (эң кичинекейи) чыгыш менен батышты жарык кылат. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 337/7]

landscape

Бейиштеги үр кыздардын сулуулугу жакут сыяктуу сейрек бир баалуу ташка, маржан сыяктуу өзгөчө көрүнүштүү табигый бир сулуулукка окшотулган. Ошондой эле, караган киши өзүн күзгүдөн да тунугураак көрөт деп алардын терилеринин жылмакай сулуу болооруна жана жүздөрүндөгү тунуктукка, нурдуулукка көңүл бурулган.

Дүйнө шарттарында теринин жылмакайлыгы, тунуктугу кыска убакытка гана созулат. Жаш бала кездеги теринин тунуктугу жана сулуулугу жаш өткөн сайын бир катар тери проблемалары себебинен жана башка себептерден эскирип, тырышып баштайт. Ошондуктан бул сулуулук дүйнө шарттарында убактылуу гана сакталат.

Бирок Аллах ыраазы болгон кулдарына бейиште бул сулуулуктардын кемчиликсизин жана түбөлүктүүсүн убада кылат. Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисте бейиштеги сулуулук менен жаштыктын түбөлүктүү экенин төмөнкүчө айтат:

Бейиш калкынын денеси түксүз, жүзү сакалсыз, көздөрү сурмалуу, жаштыгы түгөнбөйт, кийимдери эскирбейт. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]

Бейиш калкы бейишке отуз же отуз үч жашта сакалсыз, түксүз жана көздөрү сурмалуу болуп киришет. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 411/10109]

... Ага кирген нематка (сыйга) бөлөнөт, азап тартпайт, түбөлүктүүлүккө жетет, өлүмгө жолукпайт. Кийими эскирбейт, жаштыгы жоголбойт. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]

Хадистерде бейиш калкынын көздөрүнүн табиятынан сурмалуу болоору да айтылууда. Сурма көздүн түсү менен формасын сулуулантат. Дүйнө шарттарында жасалма жол менен жасоого аракет кылынган, бирок ошондо да жетишсиз болгон бул сулуулук акыретте ыймандууларда табиятынан бар болот.

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын бейиштеги адам сулуулугу жөнүндө ага узатылган суроолорго мындайча жооп бергени риваят кылынган:

«Эй Расулуллах! Аллах Тааланын: «Ири көздүү үр кыздары» (Вакыа Сүрөсү, 22) деген сөзүн мага түшүндүрүп бер» дедим.

«Алар ак жүздүү, чоң көздүү, кара куштун канаттарындай сурмалуу» деди.

«Эй Расулуллах! Аллахтын: «ал аялдар бир жакут менен маржан сыяктуу» (Рахман Сүрөсү, 58) аятын түшүндүрүп бер» дедим.

«Алар кол тийбеген седептеги бермет сымал сулуу» деди.

«Эй Расулуллах! Аллахтын: «Ал бейиштерде жакшы адеп-ахлактуу сулуу аялдар бар» (Рахман Сүрөсү, 70) аятын түшүндүрүп бер» дедим.

«Алар өтө жакшы мүнөздүү жана сулуу жүздүү» деди.

«Эй Расулуллах! Аллахтын: «Алар чаң конбогон жумуртка сыяктуу» (Саффат Сүрөсү, 49) аятын түшүндүрүп бер» дедим.

«Алар жумуртканын сырты сыяктуу ак жана назик» деди.

«Эй Расулуллах! Аллахтын: «Күйөөлөрүнө сүйкүмдүү жана бир-бири менен бирдей жашта» (Вакыа Сүрөсү, 37) аятын түшүндүрүп бер» дедим.

«Алар дүйнөдө улгайып, көздөрүнөн жаш куюлуп, чачтары агарып, алсыз болуп өлүшкөндө, Аллах аларды бейиште кыз бойдон, күйөөлөрүнө сүйкүмдүү, ашык жана өтө жакын, бир-бири менен бирдей жашта кылат» деди.

«Эй Расулуллах! Дүйнө аялдары өйдөбү, же ири көздүү үр кыздарбы?» дедим.

«Кийимдин сырты ички жасалгасынан баалуу болгон сыяктуу, дүйнө аялдары да үр кыздардан өйдө» деди.

«Эмне үчүн эй Расулуллах?» дедим, мындайча түшүндүрдү:

«Намаздары, орозолору жана Аллахка ибадаттары себептүү Аллах алардын жүздөрүн нурдантып, аларга жибек кйимдер кийгизет. Алардын денеси ак, кийимдери жашыл, зыйнаттары сары, атыр идиштери бермет жана тарактары алтын. Алар мындай дешет:

«Биз бул жерде түбөлүк жашайбыз. Биз сүйкүмдүү жана бактылуубуз. Эч качан кайгырып кыйналбайбыз. Башка ааламга көчпөй дайыма бул жерде болобуз. Биз бул абалыбыздан ыраазыбыз жана бүт нерсеге ыраазыбыз. Эч кимге ачууланып, кыжырданбайбыз. Биз аларга жубай болуп, алар бизге жубай болгондор кандай бактылуу.» [Gençlik ve Ölüm, s. 422-423]

landscape

But as for those who have iman and do right actions, We will admit them into Gardens with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever and evet. Allah's promise is true. Whose speech could be truer than Allah's?
(Surat an-Nisa': 122)

Көрүнүп тургандай, Куранда (Рахман Сүрөсү, 70) жана хадистерде бейиш аялдарынын сонун мүнөздүү болооруна да көңүл бурулган. Башка бир хадисте болсо бейиштеги адамдардын жана ал жердин сулуулугу төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

Ал жерде мүнөздөрү сонун, жүздөрү сулуу аялдар бар. (Рахман Сүрөсү, 70)

Башка бир хадисте болсо бейиштеги адам сулуулугу төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

... Үр кыздардан ар аялдын үстүндө жетимиш кабат кийим бар; бир-бирине түсү окшобойт. Жана ага экинчисинде жок жетимиш түрдүү түстөгү жыт берилет. Үр кыздардан ар аял үчүн бермет менен кооздолгон кызыл жакуттан жетимиш такты, ар тактынын үстүндө жетимиш төшөк, ар төшөк үстүндө кресло бар. Үр кыздардын ар бири үчүн муктаждыгы жана кызматы үчүн жетимиш миң кызматчы кыз жана жетимиш миң кызматчы эркек бар. Ар кызматчыда ичинде ар кандай тамактары бар алтындан идиштер бар; ыймандуулардын бирөө алардан мурдакы идиштерде көрбөгөн даамды табат... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 333/591]

Көп хадистерде болсо бейиш калкынын өзгөчө жүзүнүн сулуулугуна көңүл бурулуп, ал тургай сулуулуктарынын тынымсыз көбөйөөрү кабар берилген:

Бейиш калкынын бир базары бар. Ар жума күнү ал жерге келишет. Анан түндүк шамалы согуп, кийимдери менен жүзүн сылайт. Анын таасири менен сулуулуктары жана жүздөрүнүн сулуулугу көбөйөт. Анан үй-бүлөлөрүнө андан да сулуу болуп кайтышат. Аялдары:

«Аллахка ант болсун, бизден чыккан соң силердин жамалыңар менен сулуулугуңар көбөйүптүр!» дешет. Эркектер болсо:

«Силер да Аллахка ант болсун, бизден соң алда канча сулуу болуп калыпсыңар.» дешет. [(Müslim), Kütüb-i Sitte-14, s. 433/16]

Бейиш аялдарынын нурдуу сулуулугу жөнүндө башка бир хадисте болсо мындай деп айтылат:

... Эгер бейиш аялдарынан бир аял жердеги адамдарга көрүнгөндө, дүйнөнү жана андагыларды нурга бөлөмөк жана экөөсүнүн арасын сонун жытка толтурмак... [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 409/10095]

Белгилүү Ислам аалымы Бедиүззаман Азрети болсо хадистерде сүрөттөлгөн бул сулуулуктун кандай экени андан суралганда мындай деп жооп берген:

Мааниси өтө кооз жана кооздугу өтө таттуу. Мобул начар, өлүк, жамид (супсак, жансыз) жана көпчүлүгү кышыр (кабык, тышкы көрүнүш) болгон дүйнөдө сулуулук жана жамал (жүз сулуулугу) көзгө гана кооз көрүнүп үлфетке (көнүмүш адат) тоскоол болбосо жетет. Кооз, жандуу, көз жоосун алган сулуулуктагы, толугу менен кышырсыз (кабыксыз), маңыз жана тышсыз ич болгон бейиште көз сыяктуу бүт адамдын сезимдери сөздөрү жумшак, жагымдуу болгон үр кыздардан жана үр кыздар сыяктуу жана андан да сулуу, дүйнөдөн келген бейиштеги дүйнө аялдарынан өз-өзүнчө ырахатын, ар кандай жыргалын сезгиси келет... Демек, үр кыздар бейиштин бөлүмдөрү зыйнатынан жетимиш түрүн, бир түрдүү болбогондуктан бир-бирин жаппай турган абалда кийип; өз денелеринен жана напси менен денелеринен, балким жетимиш даражага караганда өз-өзүнчө сулуулук менен жамалдын (жүз сулуулугу) бөлүмдөрүн көрсөтүшөт. [Sözler, s. 469-470]

Кийимдердин кооздугу жанакөп түрдүүлүгү:

landscape

Сапаттуу кездемелерден жасалган жагымдуу жана кооз кийимдерди кийүү бүт адамдарга жагат. Бейиштеги кийимдер дал ушундай болот. Дүйнө шарттарында кийимдер канчалык сулуу болбосун, дайыма бир кемчиликтүү болот. Бүт кийимдер убакыт өткөн сайын эскирип, өңү өчүп, адамга биринчи кийгендегидей ырахат бербей баштайт.

Бир адамдын дүйнөдө көп санда кийими болсо да, баары бир маанисиз болот, себеби ал кийимдерден алынган ырахат адамдын өмүрү менен чектелет.

Өлүм менен бирге, башка бүт буюмдар сыяктуу, булар да артында калат. Ал эми бейиш кийимдери болсо өтө сулуу жана ар түрдүү болот, жана түбөлүккө чейин бар болот.

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын бейиш кийимдеринин бул өзгөчөлүгүн айткан бир хадиси төмөнкүдөй:

... Ал жерде кереметтүү сарайлар, кенен дарыялар, мол жана жетилген мөмөлөр, сулуу аялдар, түбөлүктүү көптөгөн жана түркүн түстүү кооз кийимдер бар. Ал жер бийик, кооз жана бейпил мекендерден жаркын өмүр сүрө турган бир жер... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 170/1]

Мындан тышкары, кийимдер ушунчалык көп болгондуктан, эч кимге жетпей калып, бир кыйынчылык туулбайт. Бир хадисте буга мындайча көңүл бурулган:

... Алардын ичинде жолуккан кишиси кийген кооз кийимдерге суктанып кызгана тургандай кайсы бир нерсеси кем болгон эч ким жок. Сүйлөп бүтө электе үстүнө андан да кооз бир кийим кийилип калат... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 325-326/563]

Бейиш калкынын кийимдери да эң жагымдуу жаратылган. Кийилген кийимдер бейиштеги кемчиликсиздик жана сулуулук ичинде эч бир кыйынчылыкка себеп болбойт. Дүйнөгө тиешелүү кемчиликтер –кийимдин эскириши, тырышышы, кирдеши ж.б.- да бейиште жок. Мындан тышкары, бейиште кийимдердин кездемелерин токуу, тигүү сыяктуу даярдоо этаптары да жок. Бейиште Аллахтан бир сый-немат катары бүт нерселер дайыма эч кемчиликсиз даяр турат. Бейиштеги ыймандуулардын кийимдери жөнүндө кабар берилген башка маалыматтар мындай:

... Бейиштин кийимдери токулбайт. Бейиштин мөмөлөрү жарылып, андан кийим чыгат... [Tezkire-i Kurtubi-1, s. 21]

Бейиште курма дарактарынын бутактары жашыл изумруд. Шактары кызыл алтын. Жалбырактары бейиш калкы үчүн кийе турган кийимдер. Анын бир бөлүгү кыска (ички) кийимдер, бир бөлүгү болсо ичи жасалгаланган тышкы кийимдер... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 314]

... Үстүндө жетимиш кабат кийими болот. Эң төмөнкүсү Туба дарагынан жасалган, гүл сыяктуу... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 99/8]

landscape

But Allah will admit those who have iman and do right actions into Gardens with rivers flowing under them where they will be adored with gold bracelets and pearls, and where their clothing will be of silk.
(Surat al-Hajj, 23)

Аяттарда да бейиштеги кийимдердин жибектен экени жана кооздолгону төмөнкүчө кабар берилген:

Алардын үстүндө жеңил жибек менен өтө кылдат жасалган атластан жашыл кийимдер бар... (Инсан Сүрөсү, 21)

Эч күмөнсүз Аллах ыймандууларды жана чын ыкластуу иштерди кылгандарды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат; ал жердеги кийимдери жибек(тен). (Хаж Сүрөсү, 23)