Ааламдагы бүт нерселер Аллахтын чексиз кудуретин жана чексиз акылын чагылдырат. Аллах дүйнөдө сыноонун бир талабы болгондуктан, бүт нерсени бир мыйзам менен жаратууда жана бүт окуяларды, кубулуштарды адам акылы түшүнө ала турган, кадыресе себеп-натыйжа байланыштары ичинде көрсөтүүдө. Мындан улам адамдар бир мөмө көргөндө, анын бир уруктан өсүп чыккан даракта акырындап жетилген мөмө экендигинен күмөн санашпайт. Албетте, Аллахтын мыйзамы боюнча дүйнөдө мөмөнүн себеби ушул, бирок Аллах кааласа бүт ааламды себептерден көз-карандысыз да жарата алаарын унутпаш керек. Аллах каалаганын каалагандай жана каалаган убакта, өрнөксүз жаратуучу, эч нерсеге муктаж эмес. Ошондуктан Аллах жаратышы үчүн эч кандай себепке, каражатка, этаптарга муктаждык жок. Дүйнөдө бүт нерсенин белгилүү себептерге, табият мыйзамдарына баш ийиши адамдарды жаңылтпашы керек. Аллах бүт бул себептердин Жаратуучусу катары алардан толугу менен көз-карандысыз. Бейиште себептерден көз-каранды кылып жаратуу жоголгондуктан, дарактан үзүп алынган мөмөнүн ордуна жаңысы заматта пайда болуп, эч азайбайт. Себептерди да, натыйжаларды да Аллах жаратат. Мисалы, бир дарактын көлөкөсүн караганыбызда, ал көлөкөнүн себеби күн нурлары деп билебиз. Көлөкө күндүн бир натыйжасы, бирок күндү көлөкөгө себеп кылган – Аллах. Бул бир аятта төмөнкүчө айтылат:
Раббиңди көрбөдүңбү, көлөкөнү кандай узартканын? Эгер каалаганда, аны өзгөрбөс кылмак. Кийин Биз күндү ага бир далил кылганбыз. Кийин аны кармап Өзүбүзгө акырындап тарттык. (Фуркан Сүрөсү, 45-46)
Дүйнөдө ушинтип бүт нерсени себеп-натыйжа байланышы менен жаратышы – Аллахтын бир чеберчилиги, жана Раббибиздин мындай чагылуулары чексиз. Аллах бүт нерсени каалаганда, каалагандай жарата алат же каалагандай өзгөртө алат. Ааламды жоктон жараткан Аллах кааласа дүйнөдө биз түшүнүүгө аракет кылган мыйзамдарды жана себептерди алып салат. Чын ыкластуу Мусулмандар бейиште оюна келген, көңүлүнө жаккан бүт нерсени каалай алат, Аллахтын уруксаты менен алар заматта колунда болуп калат. Өздөрү да, айланалары да алардын көңүлүндөгүдөй болот жана каалаганын жасап, эң ырахат ала турган нематтар ичинде жашашат. Болгондо да, алардын эч бири бир муктаждыкты канааттандыруу, бир кемчиликти жоюу максатында да болбойт, Аллахтан бир сый-жакшылык катары бейиш калкы ырахат алышы үчүн гана болот. (Туурасын Аллах билет.)
|
Бул жөнүндө хадистерде берилген кээ бир мисалдар мындай: Бир киши Расулуллах алейхиссалату вассаламдан: «Бейиште ат барбы?» деп сурады. Алейхиссалату вассалам болсо: «Аллах Таала Азрети сени бейишке киргизген болсо, кызыл жакуттан бир ат үстүндө ал жерде кыдыргың келсе, ал сени каалаган жериңе учурат» деди. Анда башкасы болсо: «Бейиште төө барбы?» деп сурады. Бирок ага Алейхиссалату вассалам мурдакыга айткандай сөздү айткан жок. Мындай деди: «Эгер Аллах сени бейишке киргизсе, ал жерде көңүлүң каалаган, көзүң ырахат алган нерселердин баары болот.» [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 431/14]
Хадисте айтылган «көңүлүң каалаган, көзүң ырахат алган нерселердин баары» биздин дүйнөдөгү көз-карашыбыз, кыял күчүбүз менен чектелбейт. Куранда Аллах «... ал жерде көңүлдөр (напсилер) каалаган жана көздөр ырахат алган бүт нерселер бар. Жана силер ал жерде түбөлүк жашайсыңар» (Зухруф Сүрөсү, 71) аяты аркылуу ал нематтардын молчулугуна көңүл бурган. Бул жөнүндө башка аяттар болсо төмөнкүдөй:
... Ал жерде напсиңер (көңүлүңөр) каалаган нерселердин баары силердики жана каалаган нерселериңердин баары да силердики. (Фуссилет Сүрөсү, 31)
... Алар напсилери (көңүлдөрү) каалаган (сансыз немат-жакшылыктар) ичинде түбөлүк жашашат. (Анбия Сүрөсү, 102)
Баарыбыз дүйнөдө каалап, кээде убакыт таба албагандыктан, кээде болсо рисктүү болгондуктан кыла албаган көп нерселер бар. Мисалы, машина же мотоциклди өтө ылдам айдоо кээ бирлерге ырахат тартуулашы мүмкүн; кээ бирлер болсо көп саат бою терең сууга сүңгүү же бийик тоолордо лыжа тебүү, парашют менен жүздөгөн метр бийиктиктен секирүү сыяктуу кооптуу спортторду жасагысы келиши мүмкүн. Бирок булардын баары адам жашоосун рискке салуучу спорт тармактары болуп саналат.
Көп кишилер болсо музыкалык инструменттерди профессионалдуу ойноо, сүрөт тартуу сыяктуу өзгөчө жөндөмдөргө ээ болууну каалайт. Мындай нерселер жөндөмдөн тышкары кээде көп жылдар бою билим алууну талап кылат. Бейиште болсо бир адам каалаган нерсесине жете алгандыктан, каалаганда эч аракет жумшабастан, жөндөм сыяктуу бир себептен көз-каранды болбостон, мындай мүмкүнчүлүккө ээ боло алат. (Туурасын Аллах билет.)
Бир хадисте бейиштеги каалоолордун чексиздиги төмөнкүчө айтылат:
Раббилери мындай дейт: «...Бул жер силерге мол-мол бере турган бир жерим. Менден эмне кааласаңар сурагыла!»
Андан ыраазылыгын сурашат. Ал болсо мындай дейт: «Ансыз да силерди бул жерге Менин ыраазылыгым жайгаштырды. Силерге мындан да мол-мол берем, сурагыла!»
Каалоолору бүткөнгө чейин тынымсыз сурашат.
Куран аяттарында жана хадистерде бейиште Аллахтын каалоосу менен напси (көңүл) каалаган бүт нерсенин мүмкүн болоору айтылууда. Ошондуктан адамдар кыялдана гана алган, бирок дүйнөдө мүмкүн болбогон нерселер да болушу мүмкүн. Мисалы, ат үстүндө учуу дүйнө шарттарында мүмкүн эмес, бирок хадистерде айтылгандай, бул дагы Аллахтын каалоосу менен бейиште мүмкүн болот. Бир хадисте каалаган адамдын уча алаары төмөнкүдөй айтылат:
Эгер насип болуп, бейишке кирсең «кызыл жакуттан бир атка минейин» десең минесиң. «Учайын десең учасың.» [Ramuz el-Ehadis-1, s. 149/5]
Башка бир хадисте болсо бейиштеги нематтын көптүгү жөнүндө Пайгамбарыбыз (сав) мындай дейт:
«Аллах Таала Азрети буюрду: «Мен Азимуъш-Шаън, чын ыкластуу кулдарым үчүн көздөр көрбөгөн, кулактар укпаган жана адамдын ой-кыялына эч келбеген немат-жакшылыктарды даярдадым.» [(Buhari, Müslim, Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 4419/1]
Allah will say, "This is the Day when the sincerity of the sincere will benefit them. They will have Gardens with rivers flowing under them, remaining in them rimelessly, for ever and ever. Allah is pleased with them and they are pleased with Him. That is the Great Victory." |
Дүйнөдө сонун бир тамакты каалаган бир адамдын ал үчүн эмгек жана убакыт коротушу керек болот. Эч эмгек жумшабастан, оюна келээр замат алдында тамактардын даяр болуп калуу ыктымалдыгы болсо көңүлүнө өтө жагат. Бирок бул дүйнө шарттарында мүмкүн эмес. Бирок убада кылынган бейиште сатып алуу, эмгек жана убакыт коротуу сыяктуу көп себептер менен этаптар жоюлуп, нематтар адамдын көңүлүнө өтө жага тургандай тартуу кылынат. Бир хадисте бул төмөнкүдөй мисал менен айтылган:
Бейиште сенин көңүлүң кушту каалайт. Заматта куурулган абалда алдыңа алып келип коюлат. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 414/10123]
Бир риваятта Пайгамбарыбыз (сав)дын төмөнкүдөй бир хадиси кабар берилет:
... куштун этинен жеш ал кишинин оюна келет жана заматта ар кандай эт тамактар анын алдына барып калат. Бейиш калкы андан каалагандай жейт. Тойгондо куштун сөөктөрү чогулат. Анан учуп, каалагандай бейиште оттоп баштайт. [Tezkire-i Kurtubi-1, s. 58]
Мындан тышкары, бейиште бир адам эмне кааласа кыла алгандыктан, хадисте да айтылгандай, иштөөгө муктаж болбосо да, айыл-чарбасы менен алектене алат:
Пайгамбарыбыз (сав) чөл жашоочуларынан бир адам менен сүйлөшүп жатып, суроолоруна төмөнкүдөй жооп бергени риваят кылынат:
Бир адам (бейиште) эгин эгүү үчүн Раббисинен уруксат сурайт. Рабби ага айтат: «Сен каалаганыңдай жашап жаткан жоксуңбу?» Ал мындай дейт: «Ооба. Бирок мен эгин өстүрүүнү жакшы көрөм.» Ага уруксат берилет, ошол замат урук сээп бир заматта эгини өсүп, чоңойуп, кырманы тоолордой түшүмгө толот... [(Buhari), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 413/10119]
Allah will say, "This is the Day when the sincerity of the sincere will benefit them. They will have Gardens with rivers flowing under them, remaining in them rimelessly, for ever and ever. Allah is pleased with them and they are pleased with Him. That is the Great Victory." |
Адамдарга жүзү менен денесин каалагандай тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилсе, албетте, бүт баары кемчиликсиз көрүнүштө болууну каалайт. Себеби адамдын руху сулуулуктан ырахат ала турган кылып жаратылган жана дайыма эң кемчиликсизин, эң сулуусун издейт. Кичинекей эле бир кемчилик да көзүнө урунуп, көңүлүн бурат. Бирок адам издеген кемчиликсиз сулуулукту дүйнөдө толук эч качан таба албайт. Бир адам дүйнөнүн эң сулуу адамы болсо да, сөзсүз анын алсыздыктары, оорушу жана эң негизгиси өлүмдүү болушу анын сулуулугуна так түшүрөт. Себеби сыноонун бир талабы катары дүйнөдө дээрлик бүт нерсе кемчиликтери менен бирге жаратылган. Ал кемчиликтердин адамдардын акыретти самап, бейиш жашоосун сагынышы жагынан өтө чоң пайда жана сырлары бар. Адамдын көңүлүнө жага турган кемчиликсиздик менен сулуулуктун чыныгы мекени болсо – бул бейиш. Аллах бейиште адамды кемчиликсиз сулуулукта жана ага эң жага турган келбетте жаратат. Болгондо да ал сулуулук бир келбет менен эле чектелбейт. Аллах бейиштеги кулдарына каалаганда, каалаган келбетти тандай алуу мүмкүнчүлүгүн берет жана бейиштегилер каалаганда башка бир сулуу келбетке ээ боло алат.
Пайгамбар Мырзабыз (сав) ыймандуулардын бейиштеги базарларда каалаган келбетке киришээрин бир хадисинде төмөнкүдөй кабар берет:
Бейиште бир базар бар. Бирок ал жерде алуу да, сатуу да жок. Эркек менен аялдардын келбеттери гана бар. Эркек алардан бир келбетти кааласа, ошол келбетке кирет. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 434/17]
You will see the wrongdoers afraid of what they have earned, when it is about to land right on top of them, whereas those who believe and do right actions will be in the lush Meadows of the Gardens. They will have whatever they wish for with their Lord. That is the great favor. |
Бир адам балалуу болгусу келсе, бул да бейиште жеңилдик жана кемчиликсиздик ичинде болот:
Ыймандуу адам бейиште балалуу болгусу келгенде; анын бойго бүтүшү, төрөлүшү, чоңойушу бир заматта болот. [Tezkire-i Kurtubi-1, s. 55]
Мындан тышкары, бейиште балдардын абалы жөнүндө хадистерде минтип айтылат:
Ыймандуулардын балдары бейиште бир дөбөдө. Алар кыяматка чейин Ибрахим (а.с.) менен жубайы Саранын тарбиясы астында болушат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 73/2]
|
Түн дүйнө жашоосунда адамдар үчүн бир эс алуу убактысы катары жаратылган. Бейиште уйку менен эс алуу муктаждыгы болбогондуктан, түндүн караңгылыгына да муктаждык калбайт. Бейиште түндүн жок экени хадистерде төмөнкүдөй айтылат:
Бейиште түн жок. Ал жарык менен нурдан турат... [Ramuz el-Ehadis-2, s. 366/4]
The Companions of the Garden are busy enjoying themselves today, they and their wives reclining ın couches in the shade. |
Уйку адамдын дүйнөдөгү алсыздыктарынын бири. Бүт адамдар уйкуга муктаж боло турган абалда жаратылышкан жана канчалык кааласа да уктабай койо алышпайт. Болгондо да, дене уйкуга канбаганда, ооруларга карата иммунитет начарлап, адам чарчаңкы болуп калат. Бирок уйкуга кеткен убакыт да өтө узун болуп саналат. Адам болжол менен өмүрүнүн үчтөн бирин уйкуда өткөрөт. Бул дүйнөдө ансыз да кыска болгон өмүрүнүн өтө көп бөлүгүн өлүк сыяктуу өткөрөт деген мааниге келет. Куранда да «Аллах алар өлө турган убакта жандарын алат; өлбөгөндү болсо уйкусунда (бир өлүмгө жолуктурат). Ушундайча, ал жөнүндө өлүм чечими берилгенди (анын рухун) кармап калат, беркисин (беркисинин рухун) болсо белгиленген бир ажалга чейин (денесине) кайра салат...» (Зүмер Сүрөсү, 42) аяты менен уйкунун бир өлүм сыяктуу экени кабар берилген. Бирок бейиште уйку, чарчоо сыяктуу алсыздыктар жок. Аллах «Аларга ал жерде эч кандай чарчоо келбейт...» (Хижр Сүрөсү, 48) аяты менен бул чындыкты кулдарына билдирген. Бир хадисте болсо бейиште уйкунун жок экени төмөнкүдөй айтылган:
Пайгамбар саллаллаху алейхи ва салламдан: «Бейиш калкы уктайбы?» деп сурашты. Мындай деди: «Уйку өлүмдүн бир тууганы. Бейиш калкы уктабайт.» [Büyük Hadis Külliyatı-5, s.414/10125]
The people with taqwa [piety] will be among Gardens and Fountains, |
Бейиш калкынын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болсо – бул адеп-ахлактарынын өтө сонун болушу. Бир хадисте бейиштеги ыймандуулардын мүнөзүнүн сонундугу төмөнкүдөй айтылган:
Мен бейиш бакчаларында, бейиштин үстүндө жана бейиштин астыңкы тарабында бирден сарайга мобул киши үчүн кепилмин: ал чындык өзү тарапта болсо да тирешүүнү токтотот, тамашалап болсо да калп айтпайт жана адамдар(га өрнөк болуу) үчүн адеп-ахлагын жакшыртат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 152/6]
Абийирин колдонгон, Аллахтан коркуп тартынган кишилердин арасында бүт адамдар өзүн өтө жакшы сезет. Сонун адеп-ахлак жок бир жерде болсо уруш-талаш, кызганычтык, талаш-тартыш, ачуулануу, кекенүү, шылдыңдоо, таарынуу бар болот. Куран ахлагынан алыс жашаган адамдар мындай жаман мүнөздөрүнөн улам өз колдору менен тозокту эске салган бир маанайды, шартты пайда кылышат.
Бейпил, бактылуу, ишенимдүү бир шарттарда достукта, бир туугандыкта, толеранттуулук менен жашоо мүмкүнчүлүгү бар туруп, дүнүйөлүк ач көздүк менен, каалоолоруна алданып, өтө чоң нематтан куру кол калышат. Мусулмандар үчүн болсо дүйнөдө сабырдуу, токтоо, акылдуу, бир калыптуу, кечиримдүү, боорукер, жакшы адеп-ахлактуу болуунун терең бир ыймандык ырахаты бар. Бир ыймандуу адам мындай сонун өзгөчөлүктөрдү өзүндө көргөндө өзүнчө бир ырахат алып, башка ыймандууларда көргөндө алардан да өзүнчө бир ырахат алат. Түбөлүккө чейин улана турган мындай ыраазылык, ырахаттануулар бейиште да барган сайын өсөт. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын хадистеринин бирөөсүндө бейиштеги мындай чөйрө төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
... Жүрөктөрү бир адамдын жүрөгү сыяктуу. Араларында карама-каршылык, душмандык жок... [Kütüb-i Sitte-14, s. 449/3]
Ушуга окшош башка бир хадисте болсо бейиш калкынын адеп-ахлагы мындайча айтылат:
Алардын адеп-ахлагы бир адамдын адеп-ахлагындай. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 329/579]
Аллах Куранда бейишине ылайык көргөн ыймандуу кулдары жөнүндө «Алардын көкүрөктөрүндө кекенүүдөн (эмне бар болсо баарын) алып салдык, бир туугандар катары тактылар үстүндө маңдай-тескей.» (Хижр Сүрөсү, 47) деп, алардын чыныгы жана чын көңүлдүү достугуна көңүл бурат.
… It may be that you hate something when it is good for you and it may be that you love something |
Кайгы, кыйынчылык сыяктуу адамдарга азап берген маанайлар дин ахлагынан алыс жашаган адамдарда көп кездешет. Аллахтын бүт нерсени бир тагдырда, жакшылык менен жаратканын унуткан ал кишилер терстей, кыйынчылыктай көрүнгөн окуялардан коркуп, паникага түшүшөт. Аллахка тобокел кылышпаганы үчүн көңүлү чөгүп, муңданышып, ал тургай, ден-соолугуна зыян бере тургандай катуу кайгыга түшүшөт. Чындыгында болсо адам өзүнө эмненин жакшылык, эмненин жамандык экенин биле албайт, Аллах гана билет. Бир аятта бул чындык төмөнкүдөй билдирилет:
... (Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер. (Бакара Сүрөсү, 216)
Дүйнөдө кыйынчылыктай көрүнгөн бир нерсе акыретте кишинин бейишке киришине себеп боло турган бир жакшылыкка айланышы мүмкүн. Муну билген ыймандуулар дүйнөдө алдыларынан чыккан кыйынчылыктай көрүнгөн терс көрүнүштөрдү ыймандарынын күчү менен өздөрүнөн алыстатышат. Аллахка моюн сунуунун, Ал жараткан бүт нерседен ыраазы болуунун бейпилдиги ичинде, алдынан чыккан ар бир окуяны Аллах жараткан бир жакшылык деп карайт. Ушул себептен бейишти үмүт кылган ыймандуулар дүйнөдөгү эч нерсени жамандык деп санабайт. Бейиште болсо Аллахтын мээрими менен түбөлүккө чейин кайгы, азап, санаа сыяктуу сезимдерден алыс жашашат. Хадистерде бейиштеги бул немат-жакшылык мындайча кабар берилет:
... Бүт кайгылар бүтөт. Тозок калкынын кайгысынан тышкары... [Ramuz el-Ehadis-2, s. 342/15]
... алар мындай дешет: «Биз түбөлүктүүбүз, эч качан кыйроого туш болбойбуз, биз бактылуу кишилербиз, эч качан кайгырбайбыз... [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 409/10099]
... Ал жерде эч кандай санаа жана коркунуч жок... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 170/1]
Инжилде болсо бул мындайча айтылат:
... «Ак кафтан кийинген бул кишилер кимдер, кайдан келишти?»... Мага айтты «Булар ошол кыйынчылыктар өтүп келгендер... Ошон үчүн Аллахтын тактысынын алдында турушат... Такты үстүндө отурган, чатырын алардын үстүнө тартат... Аллах алардын көздөрүнөн бүт жаштарды өчүрөт.» (Иоаннга келген аян, 7-бөлүм, 13-17)
Аллах Куранда ыймандуулардын бейпил жашоосун төмөнкүдөй кабар берет:
Аллах Өз берешендигинен аларга бергендеринен кубаныч ичинде болушат. Аларга арттарынан али келе электерге алардын эч коркпой турганын жана кайгырбай турганын сүйүнчүлөөнү каалашат. (Али Имран Сүрөсү, 170)
«Бизден кайгыны алып, жок кылган Аллахка мактоолор болсун; күмөнсүз Раббибиз чындыгында кечиримдүү, шүгүрдү кабыл кылуучу» дешет. (Фатыр Сүрөсү, 34)
Эми Аллах аларды мындай бир күндүн жамандыгынан коргогон жана аларга жаркыраган бир нур жана бир кубаныч берген. (Инсан Сүрөсү, 11)
Нематтын жаркыраган кубанычын сен алардын жүзүндө тааныйсың. (Мутаффифин Сүрөсү, 24)
Жогоруда да айтылгандай, дүйнөдөгү нерселердин дээрлик баары сыноонун бир талабы катары атайын кемчиликтүү жаратылган. Ыймандуулар дүйнөдө туш болгон бүт кыйынчылыктарга сонун сабыр кылышып, Аллахка тобокел кылышат (таянышат). Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде киши бейишке киргенде гана чыныгы бейпилдикке жетээрин кабар берген:
Бейишке кирген гана бейпилдикке жетет. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 138/13]
Башка бир хадисинде болсо Пайгамбарыбыз (сав) бейиштеги бейпил жашоону төмөнкүчө сүрөттөйт:
Бейиш түбөлүк бир мекен катары жаркыраган бир нур, бүт тарапка жайылган бир жыт, өтө сонун курулган бир сарай, агып турган бир дарыя, жетилген бир мөмө, көк майсаң, кубаныч, салкындыктын, жаңынын мекени. [Ölümden Sonra Diriliş, s.47]