Бейиш Kубанычын Cезүү

Мусулмандар үчүн дүйнөдө эң негизги немат-жакшылыктардын бири акыретте бейишке жете алуу үмүтү болот.

Аллах дүйнөнү Мусулмандар бейишти эңсей турган кылып жараткан. Аллахтын жана акыреттин бар экенине ыйман кылгандардын (ишенгендердин) баары дүйнөдөгү немат-жакшылыктарда дайыма бейишти эстеп, ал нематтардын убактылуу экенин билип бейиштеги чыныгыларын каалайт. Мындай адамдын бейишке жетүү каалоосу жана андан сезген кубанычы кыймыл-аракеттеринен, сөздөрүнөн, дин ахлагын жашоого болгон чын ниеттүү аракеттеринен сезилет.

Ыймандуулар бейишке жетүү үмүтү менен жашагандыктан, дайыма толкунданып жашашат. Толкундануу менен бирге Раббибиз теңдешсиз немат-жакшылыктарына мураскор кыла турган кишилерге убада кылынган бейишке сүйүнүп кубанышат.

landscape

And the measure of the bow of any of you of the Garden
will be better than all that over which the sun rises or sets.
(Sahih al-Bukhari;
Sahih Muslim;
at-Tirmidhi)

Инжилде бейиш кубанычы төмөнкүдөй айтылат:

Ал күнү сүйүнгүлө, кубанып секиргиле! Себеби асмандагы сыйлыгыңар чоң... (Лука, 6-бөлүм, 23)

Инжилдин башка бир жеринде болсо өтө аз кишинин бейишке ылайык болоору айтылат:

Бирөө ага... «Кутулгандардын саны аз болобу?» Иса ал жердегилерге мындай деди: «Тар эшиктен кирүүгө аракет кылгыла. Силерге мындай деп айтам, көп киши ичкери киргиси келет, бирок кире албайт. (Лука, 13-бөлүм, 23-24)

Ыйман алып келген акыл жана абийир менен, бейишти жакшылап ойлоно алган бир адам руханий тереңдигине жараша ал нематты билип жашайт. Бейиштин маанисине, эч нерсеге салыштыргыс баалуулугуна көңүл бурулган хадистердин кээ бирлери мындай:

Бейиштен бир камчылык жер дүйнө менен анын ичиндегилерден жакшыраак. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 132/9]

Бейиште жаачалык бир жер күн чыгып, баткан нерседен (дүйнөдөн) жакшыраак. [(Buhari, Müslim, Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 429/2]

Бул китепте Куран аяттарынан жана хадистерден алып сүрөттөп өткөндөй, бейиштеги бүт нерселер дүйнөдөгүгө эч салыштыргыс сонун жана кемчиликсиз болот. Бейиштеги мындай жогорулук, кемчиликсиздик адам дүйнөдөгү жашоосу бою издеп, жете албаган бир жакшылык болот. Ошондуктан бейишти эңсеп-сагынуу жана ага ылайык боло алуу үмүтүн сезип жана Раббибиздин бейиш убадасына сүйүнүп жашоо өзүнчө бир өтө чоң немат-жакшылык болот.