Бейиштегилердин Аллахтын Улуу Затынын чагылышын көрө алышы
Буга чейин айтылган бүт бул нематтардан тышкары, Аллахка болгон жакындыгы бейиш калкынын эң чоң жана эң негизги немат-сыйы болот. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын көп хадистеринде бейиштеги ыймандуулардын Аллахтан бир тартуу катары Анын Затынын бир чагылуусун көрө алаары айтылат:
Бейиш калкы бейишке киргенде Аллах Табарака ва Таала мындай дейт: «Силерге мындан тышкары кылышымды каалаганыңар башка бир нерсе барбы?»
|
«Сен биздин жүздөрүбүздү аппак кылган жоксуңбу? Тозоктон куткарып бизди бейишке киргизген жоксуңбу; (Мындан да көп жакшылык эмне болушу мүмкүн?)» дешет.
Анан парда алып салынып, аларга Раббилери Тааланы көрүүдөн да жагымдуу эч нерсе берилбегенин түшүнүшөт. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 415/10130]
«Эй Аллахтын Расулу (Элчиси)! Раббибизди көрөбүзбү?»
«Булутсуз ачык айлуу түндө айды көрүү үчүн түртүшүп талашасыңарбы?»
«Жок.»
«Булутсуз бир күндө күндү көрүү үчүн бир-бириңерди түртүп, бир-бириңерге жолтоо болосуңарбы?»
«Жок.»
«Раббиңерди да мына ошондой кыйынчылыксыз, апачык көрөсүңөр.» ... [(Buhari, Müslim, Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 416/10133]
Бир риваят боюнча болсо Пайгамбарыбыз (сав) бул жөнүндө мындай деген:
Бейиш калкы бейишке киргенде кылган иштеринин даражасына карап ал жерге жайгашышат. Анан аларга дүйнө күндөрүнөн жума күнүндөй бир убакыт Раббилерин зыярат кылууга уруксат берилет. Аларга Аллахтын Аршы көрсөтүлөт. Аларга бейиш бакчаларынан бир бакча да көрүнөт. Аларга нур минбарлар, бермет минбарлар, жакут минбарлар, изумруд (жалтырак, жашыл, кымбат баалуу таш) минбарлар, алтын минбарлар жана күмүш минбарлар курулат. Эң төмөнкү даражалуу кишилер да –араларында төмөн даражалуу эч ким жок- мускус (жыпар) жыйындысынын үстүндө отурат. Күрсү ээлеринин алардан жогорураак мажлиси бар экенин көрүшпөйт... Ал мажлисте Аллахтын жанында болуп, Аны көрбөй турган эч ким болбойт... [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 409-410/10100]
... Адн бейишинде бейиштиктер менен Раббилерин көрүшү арасында Аллахтын жүзүндөгү улуулук пардасынан (рыдауъл-кибрийа) башка нерсе жок. [(Buhari, Müslim, Tirmizi), Cennet 3, 2530]
Бейиш калкынын Аллахтын алдында туруудан сезген бакыты болсо бир хадисте төмөнкүдөй айтылган:
Бейиш калкы Аллахтын алдына эки жолу барат... Алардын ар бири ал мажлисте кылган иштерине жараша бермет, жакут, изумруд, алтын жана күмүштөн минбарлар үстүндө отурушат. Кубанычтан көздөрү эч качан мынчалык нурданган эмес болот... Буга кайра жетүү үмүтү менен эртеси күндүн күтүп орундарына кайтышат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 120/3]
Allah has promised the men and women of the believers Gardens with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever, and fine dwellings in the Gardens of Eden. And Allah's good pleasure is even greater. That is the great victory. |
Аллах бейиште ыраазы болгон кулдарына чексиз немат-жакшылыктар тартуулайт. Бирок ыймандуу момундар үчүн Аллахтын ыраазылыгына жетүү баарынан өйдө болот. Ыймандуулар дүйнөдө мал-мүлктөрүн, жандарын, колдогу бүт мүмкүнчүлүктөрүн Аллахка жакындоо жана Анын ыраазылыгына жете алуу үчүн сарпташып, бүт өмүрүн Ага арнашат. Бейиште болсо өмүрлөрүнүн ушул максатына жетүүнүн чексиз бакытын сезишет. Бир аятта Аллахтын ыраазылыгына жетүүнүн канчалык чоң немат экени төмөнкүдөй айтылат:
Аллах ыймандуу эркектерге жана ыймандуу аялдарга ичинде түбөлүк кала турган, астынан дарыялар аккан бейиштерди жана Адн бейиштеринде сонун үйлөрдү убада кылган. Аллахтан болгон ыраазылык болсо баарынан өйдө. Улуу кутулуу жана бакыт мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 71-72)
Куранда ыймандуулардын бейиште бүт тараптан ыраазы болоору болсо төмөнкү аяттарда кабар берилет:
Эй мутмаин (көңүлү толгон) напси, Раббиңе (Аны) ыраазы кылган жана (Андан) ыраазы болгон абалда кайт. Эми пенделеримдин арасына кир. Бейишиме кир. (Фежр Сүрөсү, 27-30)
Раббилери Кабатында алардын сыйлыгы – ичинде түбөлүк жашай турган астынан дарыялар аккан Адн бейиштери. Аллах алардан ыраазы болду, алар да Андан ыраазы болушту. Мына ушул Раббиңден «ичи титиреп корккон адам» үчүн. (Беййине Сүрөсү, 8)
Бир хадисте бейиш калкынын Аллахтан ыраазы болоору төмөнкүдөй айтылат:
«Эй Раббибиз, айт! Буйругуңа даярбыз! Жакшылыктар Сенин колуңда!» дешет. Раб Таала:
«Ыраазы болдуңарбы?» деп сурайт. Алар:
«Эй Раббибиз! Ыраазы болбошко эмне акыбыз бар! Сен бизге макулуктарыңдан (жараткандарыңдан) эч бирине бербеген немат-жакшылыктарды бердиң!» дешет. [(Buhari, Müslim, Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 456-457/13]
Албетте, бейиш нематтарынын ар бири өз-өзүнчө өтө куттуу жана баалуу. Өзгөчө тозоктун бар болушу бейиш калкынын ал нематтардан алган ырахатын эсе эсе көбөйтөт. Себеби акыретте бейиш менен тозоктон тышкары адамдар бара турган башка бир жер жок. Ошондуктан Аллах бейишине кабыл албаган бир кишинин бараар жери – тозок.
Аллах дүйнөдө адамдарга жакшы менен жаманды, жагымдуу менен жагымсызды, көңүлгө жаккан менен жакпаганды бирдей көрсөтүүдө. Бул болсо ыймандуулардын салыштырышына жана сулуулуктан алган ырахатынын өсүшүнө себеп болууда. Бейиште болсо Аллах бейиш калкына эгер каалашса тозоктогулардын абалын көрсөтүп, алардын бейиштен алган ырахатын күчөтүшү мүмкүн. (Туурасын Аллах билет.) Бейиш калкынын тозок азабынан Аллахтын мээрими менен кутулуудан сезген кубанычы бир хадисте төмөнкүдөй кабар берилет:
Бейиш калкынын баары тозоктогу өз ордун көрүп «Аллах мага хидаят бербей койсо кантмекмин?» дейт жана бул ага шүгүр болот... [Ramuz el-Ehadis-2, s. 342/1]
Ыймандуулар жеткен мындай улуу мээрим менен нематты кабар берген башка бир хадис болсо төмөнкүдөй:
... Бейишке кирип, тозоктон кутулуу нематтын толук болушунан. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 449/6]
Бейиш калкынын мындай кубанычы Куранда төмөнкүдөй кабар берилет:
... «Бизди буга жеткирген Аллахка мактоолор болсун. Эгер Аллах бизге хидаят бербегенде (туура жолго салбаганда), биз туурага жетмек эмеспиз. Ант болсун, Раббибиздин элчилери акыйкат менен келишти» дешет. Аларга: «Мына ушул кылган иштериңер үчүн сыйлык катары мураскор кылынган бейишиңер» деп айтылат. (Аьраф Сүрөсү, 43)
Ошондой эле, ыймандуулар эгер кааласа тозок калкынын сабак болчу абалын, дүйнөдө кылгандарына кандай жаза алганын да көрө алышат. Аллах Куранда бейиш калкынын тозок калкы менен маегин төмөнкүчө кабар берет:
Алар бейиште; бир-биринен сурашат. Кылмышкер-күнөөкөрлөрдөн; «Силерди бул тозокко түртүп-айдаган эмне?» Алар: «Биз намаз кылчу эмеспиз» дешти. «Жакырды тойгузчу эмеспиз. (Негизсиз ишенимдерге жана каалоолорго) Чумкуп кеткендер менен биз да чумкуп кетчүбүз. Дин (сурак жана жаза) күнүн жалган дечүбүз. Аягында йакин (анык бир чындык болгон өлүм) бизге келип жетти.» (Мүдессир Сүрөсү, 40-47)
As for those who believed and did right actions, they will be made joyful in a verdant meadow. |