Бейиш Kалкынын Өзгөчөлүктөрү

Көп аяттар намаз, орозо, зекет сыяктуу белгилүү ибадаттардан тышкары, жакшы адеп-ахлак жөнүндө түшкөн. Аллах адамдарга өздөрүнүн да жакшы адеп-ахлакта жашашын жана башка адамдарга да муну кеңеш кылышын буйруган. Аллахтын буйрук менен кеңештерин уккан жана бүт адамдар жакшы адеп-ахлакта жашаган коомдордо бейиш жашоосуна окшош бир маанай орун алат.

Мусулмандар Аллахтын чын ыкластуу кулдары. Ар бир ойлорунда, кыймылдарында жана сөздөрүндө Аллахтын ыраазылыгын көздөшөт жана Андан коркуп-тартынуу менен иш-аракет жасашат. Шайтан шыбыраган тымызын, ачык терс нерселерге эч мүмкүндүк бербеген, акылы жана абийири таза кишилер. Акыретке да ошол таза абийирлери менен барышат.

Аллах «ал Раббисине тазаланган (ак ниеттүү) бир жүрөк менен келген эле.» (Саффат Сүрөсү, 84) аяты менен Мусулмандардын рухтарындагы ушул тазалыкты билдирип, «Ичтеринде түбөлүк жашай турган астынан дарыялар аккан Адн бейиштери да (алардыкы). Жана мына ушул тазалангандын сыйлыгы.» (Таха Сүрөсү, 76) аяты менен бейишин ушул кулдарына убада кылган.

landscape


Whereas those who believe and do right actions, such people are the Companions of the Garden, remaining in it timelessly, for ever.
(Surat al-Baqara: 82)

Чын ниеттүү Мусулмандар ач көздүк, кек саноо, кызганычтык сыяктуу жаман мүнөздөрдөн тазаланып, жүрөктөрүн Аллахка байлап жашашат. Аллах «Булар ыйман кылгандар жана жүрөктөрү Аллахты эстөө менен тынчтангандар (ыраазы болгондор)...» (Рад сүрөсү, 28) аяты менен билдирген кишилер жана «Ыйман келтирип, салих (чын жүрөктөн жакшы) иштерди кылгандар жана «Раббилерине жүрөктөрү ыраазы болуу менен байлангандар», мына ушулар болсо бейиш калкы. Ал жерде түбөлүк болушат.» (Худ Сүрөсү, 23) аятында билдирилгендей, бейиш менен сүйүнчүлөнүшүүдө. Башка аяттарда болсо Аллах «Эй мутмаин (көңүлү толгон) напси, Раббиңе (Аны) ыраазы кылган жана (Андан) ыраазы болгон абалда кайт. Эми пенделеримдин арасына кир. Бейишиме кир.» (Фежр Сүрөсү, 27-30) деп, дүйнөдө тазаланып напсиси (көңүлү) мутмаин (ыраазы) болгон кулдарын бейишине чакырат.

Аллах ыраазы болгон мындай өзгөчөлүктөрдөгү ыймандуулардын ойлору менен иштери ыймандарынын тереңдигин көрсөтөт. Аллахты сүйүп жана Андан коркуп жашаганы үчүн ар бир сөзү, ар бир иши сонун болот. Алардын мындай сонун, жакшы болушу – Аллахка чын ниеттен кулчулук кылышынан келип чыккан бир нур. Ал кишилер Аллах «... Алардын рүку кылгандарын, сажда кылгандарын көрөсүң; алар Аллахтан бир фазл (берешендик жана ихсан) жана ыраазычылык каалашат. (Алардын) Белгилери жүздөрүндөгү сажда изи. Алардын Тоороттогу мүнөздөрү ушундай: Инжилдеги мүнөздөрү болсо: бир эгинге окшош; өнүп чыккан, анын кубаттандырган, анан калыңдашкан, анан бутагында түздөлүп бийик өскөн (жана бул) эгин сепкендерге жагат...» (Фетих Сүрөсү, 29) аятында билдиргендей, жүздөрүндөгү сажда издеринен таанылышат.

landscape

Those are people whose best deeds will be accepted and whose wrong deeds will be overlooked. They are among the Companions of the Garden, in fulfillment of the true promise made to them.
(Surat al-Ahqaf: 16)

Адамдарды Аллахтын берешендиги менен өтө сонун (жылуу) жана маанилүү көз менен карашат. Сөздөрү Аллахтын ыраазылыгына туура келет жана сөздөрү дайыма сонун. Аллах «Аллахтын кандай мисал бергенин көрбөдүңбү: жакшы бир сөз жакшы бир дарак сыяктуу, анын тамыры бекем, бутактары болсо асманда. Раббиңдин уруксаты менен дайыма жемишин берет...» (Ибрахим Сүрөсү, 24-25) аяттарында билдиргендей, айткан сөздөрү дайыма жакшы натыйжаларды берет. Баш ийүүчү, сөз угуучу, ынтымактуу, чын ниеттүү жана жылуу мамиледе болушат. Ушул себептен сонун бир жашоо ичинде достукту, сүйүүнү эң жогорку деңгээлде сезип жашаган адамдар болушат. Аларга дүйнөдө мындай немат, жакшы жашоону берген Аллах. Акыретте болсо Аллах бул нематтардын түбөлүктүүсүн берет.

Пайгамбарыбыз (сав) да көп хадисинде бейишке кирген кишилердин сонун адеп-ахлагына көңүл бурган. Алардын бири мындай:

... Бейишке киришине эң көп себеп болгон нерселер эмне? Аллахтан коркуу жана сонун адеп-ахлак... [Ramuz el-Ehadis-1, s.12/8]

Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисте бейишке ылайыктуу боло алуу үчүн эске тутуу керек болгон нерселерди да айткан:

... Аллахтан уялууну, кабырларда чирүүнү унутпашыңар, ичиңерди жана андагыларды унутпашыңар, башты жана баштагыларды унутпашыңар. Ким акырет сыйын кааласа, дүйнө зыйнатын таштасын. Мына ошондо кул «Аллахтан чындап уялган» болот. Ошондо Аллахтын достугуна жеткен болот. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 343/2]

Сонун адеп-ахлак өзгөчөлүктөрү катары Пайгамбарыбыз (сав) «адилеттүү», «мээримдүү», «сабырдуу», «жоомарт», «таза», «өз намысын коргогон, намыстуу» жана «туура сөздүү (чынчыл)» болууну хадистеринде көп эскерткен.

Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз (сав) бейишке жете алуу үчүн «жашыруун жана ашкере (ачык) сооптуу иштерди жасоону», «сөздү жагымдуу кылып айтууну», «байлыкта да, жокчулукта да Аллахка шүгүр кылып, мактоо айтууну», «садака берүүнү», «Аллахка эч нерсени шерик кошпоону», «билим алууну», «Аллахтан коркууну», элчиге «моюн сунууну», «текебердиктен (бой көтөрүүдөн)» сактанууну, «жакыр болсо да намысын коргоп тилемчилик жана уятсыздыкка барбоону», «чынчыл соодагер» болууну, Аллахтан «ыраазы болууну» жана «Аллах үчүн, дини үчүн жакшы, сооптуу иштерди кылууну» эскерткен.

Пайгамбарыбыз (сав) көңүл бурган бул нерселердин баары Куранда Аллахтын ыраазылыгына, сүйүүсүнө жетүү үчүн талап кылынган момун өзгөчөлүктөрү катары билдирилет.

Инжилде болсо бейишке ылайыктуулардын өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй айтылат:

... Асмандардын падышалыгы ошолордуку... Алар ыраазы кылынышат. Жумшак мүнөздүүлөр кандай бактылуу! Алар жер жүзүн мураска алышат. Чынчылдыкты самап суусагандар кандай бактылуу! Алар тойгузулушат. Мээримдүүлөр кандай бактылуу! Алар мээрим табышат. Жүрөгү тазалар кандай бактылуу! Алар Аллахты көрүшөт. Тынчтыкты түзгөндөр кандай бактылуу!... Чынчылдык үчүн зулумдук көргөндөр кандай бактылуу! Асмандардын падышалыгы алардыкы. Кубангыла, кубанычтан толкундангыла! Себеби асмандардагы сыйлыгыңар чоң... (Матфей, 5-бөлүм, 2-12)

Башка Инжил тексттеринде болсо бейишке кире тургандардын өзгөчөлүктөрү төмөнкүдөй айтылат:

Иса жолго чыгып жатканда, бирөө чуркап жанына келди. Алдына тизелеп отуруп ага: «Жакшы мугалимим, түбөлүк жашоого жетүү үчүн эмне кылышым керек?» деп сурады. Иса ага: «Мени эмне үчүн жакшы деп жатасың?» деди. «Жакшы бирөө гана бар, Ал Аллах. Анын буйруктарын билесиң: «Адам өлтүрбө, зына (ойноштук) кылба, уурулук кылба, жалган күбөгө өтпө, эч кимдин акысын жебе, энеңе атаңа урмат көрсөт.» Киши «Мугалимим, булардын баарын жаш кезимден бери орундатып келатам» деди. Ага сүйүү менен караган Иса: «Бир гана кемчилигиң бар» деди. «Бар, эмнең бар болсо сат, акчасын жакырларга бер; ошентип асманда казынаң болот. Анан келип, мени ээрчи.» (Марк, 10-бөлүм, 17-21)

... Бир-бириңерди бир туугандай сүйгүлө. Боорукер жана кичи пейилдүү болгула. Жамандыкка жамандык менен, сөккөнгө сөгүү менен эмес, тескерисинче жакшылык менен жооп бергиле. Себеби жакшылыкты мураска алуу үчүн чакырылдыңар. «Жашоону сүйүгүсү жана жакшы күндөрдү көргүсү келген тилин жамандыктан, эриндерин болсо алдамчы сөздөрдөн алыс тутсун. Жамандыктан тартынсын жана жакшылык кылсын. Эсендикти издеп анын артынан барсын. (Петирдин биринчи каты, 3-бөлүм, 8-11)

... Чынчылдыктын, Аллах жолунун, ыймандын, сүйүүнүн, сабырдын жана моюн сунуучулуктун артынан чурка. Ыйман жолунда улуу күрөштү улант. Түбөлүк жашоону бекем карман. Ошол үчүн чакырылдың жана көп күбөлөр алдында улуу ишенимди апачык кабыл алдың. Азыркы учурдагы байларга мактанбагыла, убактылуу байлыкка үмүттөнбөгүлө деп айт. Ырахат алышыбыз үчүн бизге бүт нерсени молчулук менен берген Аллахтан үмүт кылышсын. Аларга жакшылык кылгыла, жакшылык менен бай болгула, жоомарт жана бөлүшүүнү жактыргандардан болгула деп айт. Ушундайча чыныгы жашоого жетүүгө келечек үчүн өздөрүнө бекем пайдубал боло турган бир казынаны чогулткан болушат. (Павелдин Тимотейге биринчи каты, 6-бөлүм, 11-19)