Бир аятында Аллах «Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты...» (Мүлк Сүрөсү, 2) деп адамдын жаралуу максатын кабар берет. Башка бир аятында болсо бул максатты билбеген, бош жана максатсыз өмүр сүрүүнү көздөгөн адамдарды «Биз силерди бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп ойлодуңар беле?» (Мүминун Сүрөсү, 115) деп суракка алаарын билдирет. Адам дүйнөдөгү өмүрү бою Куранга ылайык жашоого, ар бир ою менен иштеринде Аллахтын ыраазылыгын көздөөгө, абийирин колдонууга, жакшы мүнөздө болууга, чын ниеттен сооптуу иштерди кылууга милдеттүү. Чындык апачык болуп турса да, жаралуу максатынан алыс жашаган адамдар өздөрүнө такыр башка максаттарды коюшат. Чындыгында болсо, адамдын кылгандарынын баары, сүйлөгөн бүт сөздөрү, ал тургай, акылына келген ойлордун баары акыретте алдына коюлуу үчүн «иш-аракет дептерине» жазылууда. Аллах Куранда «... кылгандарыңарга сөзсүз жоопкер болосуңар» (Нахл Сүрөсү, лып жаткандары себептүү ар бирине даражалар бар...» (Энъам Сүрөсү93) жана «Кы, 132) аяттары аркылуу билдиргендей, адамдар ар бир кылганынын акысын сөзсүз акыретте алышат. Бул чындык бир хадисте төмөнкүчө кабар берилет:
Бушайман болгон адам Аллахтын мээримин күтөт. Өзүн сүйгөн (бой көтөргөн) болсо Аллахтын азабын күтөт. Бүт адамдар Аллахтын алдына өлүмүнөн мурда кылган иштери менен келет. Жана албетте иш-аракеттерди жасагандар жыйынтыгына жараша өкүм кийишет... Ким кыпынчалык жакшылык кылса аны көрөт. Ким кыпынчалык жамандык кылган болсо, аны көрөт. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 237/15]
Куранда бул жагдай кабар берилген аяттардын бир канчасы төмөнкүдөй:
Периштелер жакшы мамиле менен жандарын алышканда: «Салам силерге» дешет. «Кылгандарыңардын сыйлыгы катары бейишке киргиле.» (Нахл Сүрөсү, 32)
Ар бир напси (адам) кылган жакшылыктарын (алдында) даяр (турганын) көргөн жана кандай жамандык кылса аны (жамандыгы) менен өзү арасында алыс бир аралык болушун каалаган ал күндү (ойлонгула)... (Али Имран Сүрөсү, 30)
Силердин жаныңардагы түгөнөт, Аллах Кабатындагы болсо түбөлүктүү. Сабыр кылгандардын сыйлыгын жасагандарынын эң сонуну менен Биз сөзсүз беребиз. Эркек болсун, аял болсун, бир момун (ыймандуу) катары ким ыкластуу бир амал (иш-аракет) жасаса, албетте, Биз аны сонун бир жашоо менен жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 96-97)
Аллах «бүт баарына кылгандарынын акысын берет.» Тынымсыз жакшылык жасап бийиктик, кадыр-барктуулук менен өлүмсүздүктү көздөгөндөргө түбөлүк жашоо берет. Ал эми өзүмчүлдөрдүн, чындыкка моюн сунбай адилетсиздиктин артынан ээрчигендерге азап менен ачууну жаадырат. (Павелдин Римдиктерге каты, 2-бөлүм, 6-8)
Аллах жерде жана асманда болуп жаткан бүт нерсени көрөт, ар бир сөздү, шыбырды угат жана бүт адамдардын кылган иштеринен кабардар. Эч нерсе Андан жашыруун калбайт. Аллахтын бизге күрөө тамырыбыздан да жакыныраак экенин, ар бир сөзүбүздү, ичибизден ойлонгон бүт ойлорубузду билээрин, көргөн бүт нерселерибизди Аллахтын дайыма бүт тарабынан көрүп тураарын жакшы түшүнүү керек. Себеби Аллах акырет күнү адамдардын «эч күтпөгөн нерселерин» (Зүмер Сүрөсү, 47) да алдына койот. Адамдар көпчүлүктүн арасында же жалгыз кезинде кылгандарынын баарынын, ооздорунан чыккан ар бир сөздүн, ойлоруна келген ар бир ойдун, балким ичибизде жашыруун бойдон калат деп ойлогон бүт нерсенин акыретте бир жазасы же сыйлыгы бар. Бул Аллахтын чексиз адилеттүүлүгүнүн бир чагылуусу. Бул чындыкты билдирген аяттардын бири мындай:
Ар бирөөңөргө кылгандарыңарга жараша даражалар бар; ошентип кылгандары аларга толугу менен төлөнөт жана алар зулумдукка туш болушпайт. (Ахкаф Сүрөсү, 19)
Куранда айтылган «Аллах Кабатында алар даража даража...» (Али Имран Сүрөсү, 163) аятынан да көрүнүп тургандай, бейишке кире турган адамдар да такыбаларынын (Аллахтан коркуу) даражасына жараша сыйлык алышат. Бул абал бир хадисте төмөнкүдөй айтылат:
... Бейишти да кылган иштерине жараша бөлүштүрүшөт. (Көп иштерди жасаган көп үлүш алат.) [Ramuz el-Ehadis-1, s. 198/17]
Албетте, бир адам бейиштин кайсы даражасында болбосун, андан сөзсүз ыраазы болот, себеби Аллах бейиштеги бүт кулдарына ыраазылык убада кылган. Раббибиз чын ыкластуу кулдарынын Андан ыраазы болуп бейишке киришээрин билдирет (Беййине Сүрөсү, 8). Бирок дүйнөдө бир эле нематтан ар ким ар кандай ырахат алган сыяктуу, акыретте да нематтардан алынган ырахаттын даражасы ар түрдүү болушу мүмкүн. Туурасын Аллах билет. Мисалы, бүт адамдар сонун пейзажды караганда андан ырахат алат, бирок араларынан Аллахка эң жакыны, Аллахтын кудуретин жакшыраак түшүнө алган кишилер ал сулуулуктан көбүрөөк ырахат ала алышат. Аллах бийик даражаларга ылайыктуу кулдарынын өзгөчөлүктөрүн бир аятында төмөнкүдөй кабар берет:
Ыйман келтиргендер, хижрат кылгандар жана Аллах жолунда мал-мүлктөрү менен жана жандары менен жехд (аракет) кылгандардын Аллах Кабатында бийик даражалары бар. «Кутулууга жана бакытка» жеткендер мына ушулар. (Тообо Сүрөсү, 20)
Хадистерде болсо бейиштеги даражаларга төмөнкүдөй көңүл бурулган:
Бейиште жүз даража бар. Бирөөсү бүт ааламдарды ичине батырат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 125/8]
Бейиш жүз даража. Токсон тогузу акылдууларга тиешелүү. Калган бирөөсү болсо калгандарга. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 200/11]
Бейиш калкы гурфелерде (бейиш сарайы) жашагандарды (ахли гураф) көрүшөт. Горизонтто чыгыштан батышты көздөй кеткен берметтей жалтыраган жылдыздарды көргөнүңөр сыяктуу. Араларындагы сыпаттык айырма (гурфа калкын) ошондой жогоруда көрсөтөт. [Buhari, Müslim, Cennet 11, 2831]
|
Ошондой эле, хадистерде айтылышы боюнча, ал даражалардан эң бийик даражаны Фирдавс бейиши түзөт:
Бейиш жүз даража. Катары менен келген эки даражанын арасы жер менен асман арасындай. Фирдавс эң бийиги болуп, бейиштин ортосунда турат. Жана анын үстү Аршы Рахман. Бейиштин дарыялары ошол жерден чыгат. Аллахтан тилегениңерде Фирдавс бейишин тилегиле. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 200/4]
Мындан тышкары, хадистерде Адн бейиши да айтылат. Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир хадисинде Адн бейиши жөнүндө мындай дейт:
Фирдавс бейиштери төртөө: экөөсүнүн зыйнаттары, идиштери жана ичиндегилер алтындан. Экөөсүнүн болсо зыйнаттары, идиштери жана ичиндегилер күмүштөн. (Адн) Бейишиндегилер менен Аллахтын жүзү арасында бир Ридайы-Кибрийа (улуулук пардасы) гана бар. Жана ал дарыялар (сүт, бал, шарап жана суу дарыялары) Адн бейишинен чыгып, анан калгандарына жайылат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 272/4]
Пайгамбарыбыз (сав) башка бир хадисинде болсо Адн бейишинин көркөм сулуулугун төмөнкүдөй сүрөттөйт:
... Бир кирпичи ак берметтен, бир кирпичи кызыл жакуттан, бир кирпичи болсо жашыл изумруддан. Ылайы таза мускус (жыпар), шагыл таштары жалтырак, баалуу, чөптөрө заапаран (шафран). [Dünya Ötesi Yolculuk, s. 295]
Бейиштин ар даражасындагы киши өзүнө жараша ырахат алат. Бирок бейиш калкынан бир киши үстүңкү даражадагы киши алган ырахаттан улам өзүндө бир кемчилик сезбейт. Куранда Аллах ыймандуулардын бейиште «ыраазы кылынган»дыгын (Фежр Сүрөсү, 28), Аллахтан «ыраазы» (Беййине Сүрөсү, 8) болушканын жана ал жерде «кайгыга» түшпөшүн (Али Имран Сүрөсү, 170) билдирет. Бейиш калкынын ар бир даражасынын канчалык нематтарга толо экени бир хадисте төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Бейиш калкынын эң төмөнкү даражасындагы кишинин сексен миң кызматчысы, жетимиш эки жубайы болот. Мындан тышкары, ал үчүн бермет, изумруд жана жакуттан жасалган бир чатыр тигилет жана анын узундугу Жабийе (Дамаск аймагында бир шаардын аты) менен Санъа (Йеменде бир шаардын аты) арасындай болот. [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 412/10114]
|
Бейиш калкынын эң төмөнкү даражасындагы киши бейиштерин, аялдарын, нематтарын, кызматчыларын жана төшөктөрүн карайт. Миң жылдык жолдон көрүп аларды кыдырата карай алат. Аллах Кабатындагылардын эң кымбаттуулары болсо эрте менен кечинде Аллахтын жамалын көрө алышат. [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 412/10115]
Ислам аалымдарынан Бедиүззаман Саид Нурси болсо бейиш жөнүндөгү терең ой жүгүртүүлөрүнүн бирөөсүндө адамдын «ыйманы» урматында гана бейиштеги бийик даражаларды үмүт кыла алаарына көңүл бурган:
... Адам ыймандын нуру менен ала-йы иллийинге (бейиштеги эң жогорку даражага) чыгат; бейишке ылайыктуу бир баркка жетет. [Gençlik ve Ölüm, s. 435]
Чын ниеттүү бир Мусулмандын аракети дайыма Аллах Кабатында бейиштин эң жогорку мартабасына ылайык боло алуу болушу керек. Камил (кемчиликсиз, толук) ыймандуу болуу жана Аллахка жакындыкта дайыма эң көбүн каалоо Аллахтын ыраазылыгына туура келет.
|