Адамдар көңүлүндө каалаган, бирок дүйнө жашоосунда мүмкүн болбогон нерселерди кээде кинолордо, романдарда чагылдырышат. Мындай пикирлерди фантастика, утопия деп сыпаттап, турмушка ашпайт дешет. Көп адамдар мындай кыялдагы сонун нерселердин чындап болушун каалап, аларды туурайт. Бирок дүйнө шарттарында алардын ишке ашпашын билүү жана аларды жөн гана кыялдануу адамдардын рухуна терең ырахат бербейт. Тескерисинче, айланадагы кемчиликтерди андан да жакшыраак түшүнүп, дүйнөнүн чыныгы жүзүн көрүшүнө, бул болсо маанайларынын чөгүшүнө себеп болот. Албетте, мындай маанай ыймансыз кишилерге тиешелүү.
Allah will reward them for what they say with Gardens with rivers flowing under them, remaining in them timelessly, for ever. That is the recompense of the good-doer. |
Акыреттин бар экенине анык бир илим, далилдер менен ыйман кылган ыймандуулар болсо кыялга көп сыйбаган бүт ыктымалдыктардын Аллахтын «бол» деши менен болуп калаарын, акыретте бейиш нематы катары алдыларынан чыгышы мүмкүн экенин билишет. Демек адам дүйнөдө «болсо кандай сонун болмок» деп ойлогон бүт сулуулук менен нематка бейиште жетишим мүмкүн деп үмүт кыла алат. Мындай үмүттөгү адам каалаган бүт нерсесине жетүү мүмкүн болгон бейишке татыктуу болуу үчүн болгон аракетин жумшап баштайт.
Бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) Аллахтын чын ыкластуу кулдары үчүн акыретте «эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган жана эч бир адамдын жүрөгүнө келбеген бир катар немат-жакшылыктар» болоорун айткан. [Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, s. 306/497]
Аллах бейишти сүрөттөп тааныткан аяттары аркылуу адамдарга дүйнөдөгүлөргө салыштыргыс бир немат көз-карашын ачат. «Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар.» (Каф Сүрөсү, 35) аяты менен бейиштеги немат-жакшылыктардын көптүгү кабар берилүүдө. Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир хадисинде ыймандууларга аларды күтүп турган бейиш жакшылыктары жөнүндө төмөнкү аятты эске салган:
Эми эч бир напси (жан) кылгандары үчүн аларга көз кубанта турган эмнелердин (сансыз нематтардын) жашырылганын билбейт. (Сажда Сүрөсү, 17) [Tezkireti'l Kurtubi, s. 306/498]
Аллах бейиште тартуулай турган сый-жакшылыктарды ойлоп жатканда, адам акылынын өтө чектүү экенин да эч унутпаш керек. Ушул себептен, адам ага убада кылынган нематтардын молчулугун, көп түрдүүлүгүн, теңдешсиз сулуулуктарын оюнда толук элестете албашы мүмкүн. Куранда жана хадистерде кабар берилген нематтар, сүрөттөөлөр адамдарга түшүнүктүү болушу үчүн дүйнөдөгү сулуулуктарга салыштырып сүрөттөлөт. Бирок алар бейиште алда канча сонун абалда болот. Себеби Аллах чексиз акылынын бир чагылуусу катары бейишти бүт кемчиликтерден тазалап, кемчиликсиз бир мекен кылып жараткан.
Адамдын чектүү ойлонуу жөндөмүн төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрүүгө болот. Адамдын көрүү сезими болбой, даам сезүү, жыт сезүү, угуу жана тийүү сезимдери менен гана жаратылган болгондо; көрүп ырахат алынган нематтар ага канчалык сүрөттөлүп берилсе да, аларды түшүнө алмак эмес. Түстөн, жарыктан, сулуулуктан, симметриядан, көркөмдүктөн сөз кылынганда ал киши булардын баарын түшүнө алмак эмес эле. Ушул сыяктуу эле, азыр биз билбеген, бирок Аллах бейиште жарата турган жана бизге жапжаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулай турган башка сезимдер да болушу мүмкүн. Ошондуктан беш сезимибиз менен гана чектелген бул дүйнөдө кандай немат-жакшылыктардан кабарсыз экенибизди толук түшүнүшүбүз да мүмкүн болбойт.
Көз-караш жана кыялыбыздын чектүүлүгүн терезесиз бир үйдөн эч сыртка чыкпаган бир адамдын абалына да салыштырсак болот. Үйдүн сыртындагы сулуулуктардан –тоолордун, дарыялардын, дарактардын көрүнүшүнөн, бир-биринен сулуу гүлдөрдөн, сүйкүмдүү жаныбарлардан, ачык асмандан, күн нурунун жаркырашынан...- кабарсыз болгон бул киши кандай немат-жакшылыктарды сезбей жүргөнүн да биле албайт. Болгондо да, бул салыштыруу дүйнөдөгү сулуулуктар негизинде жасалган бир салыштыруу. Дүйнөнүн немат жана сулуулуктары болсо бейиш нематтарынын жанында өтө кемчиликтүү. Ошондуктан ыймандуу бир киши бейишти да чектүү илими менен, тар бир көз-карашы менен баалоодон качынып, мындай жаңылыштыкка түшпөшү керек. Себеби адам Раббибиз кабар бергендерден тышкары, бейиштеги майда-бараттардын, бейиш калкына даярдалган сюрприздердин эмнелер болушу мүмкүн экени жөнүндө жоромол да жасай албайт. Куранда ушуга басым жасалган аяттардын бирөөсүндө Аллах «Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар.» (Каф Сүрөсү, 35) дейт.
Бир риваятта болсо Пайгамбарыбыз (сав) бейиш нематтарын төмөнкүдөй сүрөттөгөн:
Бейишке чуркаган жокпу? Себеби бейиште акылга, ойго келбеген немат-жакшылык бар. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 306-307/499]