Бул китепте, башка кээ бир китептерибизде терең каралган «заттын чыныгы жүзү» темасын башка жагынан колго алдык. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, Элестин башка бир аты: зат)
Мунарадагы кичинекей адам мисалы бизге кызыктуу бир чындыкты көрсөтүүдө:
Эгер заттын өзүн көрүп жатам деп ишенсеңиз, анда сиздин чыныгы денеңиз, азыр көрүп жаткан денеңиз боло албайт.
«Сыртта», б.а. мээбиздин сыртында, биз эч көрбөгөн, сезбеген дагы бир дене болушу керек.
Жана бул дене сиз азыр көрүп жаткан денеңизден эсе эсе чоң бир «дөө».
Сиз болсо бир мунаранын чокусундагы жабык бир бөлмөгө камалган бир туткунсуз.
Башкача айтканда, сиз чоң ыктымалдык менен өмүр бою кабыл алып келген «денем бул дүйнөнүн үстүндө жашап жатат, мен болсо денемден сыртты карап жатам» деген гипотеза туура эмес. Бул мүмкүн эмес.
Мындан акылдуураак жыйынтык болсо «мунара» деген нерсенин жок экенин кабыл алуу. Себеби анын бар экенин көрсөткөн бир да далил жок. Заттын өзүн билебиз деген стереотип гана бизге мындай бир нерсе бар деген пикирди берүүдө.
Бул стереотиптен кутулганда болсо дүйнөнүн чынында такыр башкача бир жер экенин түшүнөбүз:
Биз көргөн жана сезгендерибиздин баары – Аллах биздин рухубузга көрсөткөн кабылдоолор (элестер). Жалгыз абсолюттук Зат болсо – бул бүт нерсенин Жаратуучусу, ааламдардын Рабби Улуу Аллах.