Колуңуздагы китеп басмага даярдалып жатканда, бул жердеги чындыктар жөнүндө кээ бир илимпоздорго жана ойчулдарга суроолор узатылган эле. Батыштагы белгилүү университеттердин мугалимдерине интернет аркылуу жөнөтүлгөн каттар аркылуу аларга заттын өзүнө жете албашыбыз жөнүндөгү чындык түшүндүрүлүп, бул жөнүндөгү жоромолдору суралган эле. Жооп бергендердин көпчүлүгү мунун абдан маанилүү экенин, материалисттик көз-караштын бул суроого жооп бере албашын, өздөрүнүн да муну түшүндүрө албашын айтышты. Төмөндө бул жооптордун кээ бирлери орун алган. (Каттар англисче оригиналынан которулган.)
Сырткы дүйнөнүн мээнин сигналдарды кантип жоромолдошу менен эч байланышы болбошу да мүмкүн. Менимче, бүт тараптан туура келиши үчүн эң оңой жол – бирдей болушу. Ушул себептен кабылдообуз сырткы дүйнөнүн дал өзүндөй болбосо да, ага абдан жакын болуш керек. Мээбиз суу толо бир идиш ичинде сүзүп жүрүп, бир компьютер нервдер аркылуу электрдик импульстарды жөнөтүп жаткан болушу мүмкүн.
Адамдар бул темадан эмне үчүн тынчсызданышат суроосуна токтолсок. Менимче, адамдар сырткы дүйнөдө өздөрүнө бир орун табууга абдан көп аракет кылышат жана өздөрү билбеген виртуалдык бир сырткы дүйнөдө өз ордун издегилери келбейт.
Мындай абдан кызыктуу пикирлер үчүн рахмат.
Денис Кузино (Denis Cousineau)
Монреаль университети, КАНАДА
Психология бөлүмүндө доцент
...Рахмат! Сиз кайрылган нерселер таң калыштуу... Адамдар ишенген нерсесинин алар ойлогондой, алар билгендей эмес экенин ойлогулары келбейт же ыймандуу адамдар болсо напсилеринин суракка алынышын каалашпайт.
Бирок, менимче, ишеним менен илим каршы боло албайт жана андай дагы эмес. Булар чындыкты билүүнүн ар башка жолдору. Бирок экөөсү тең жалгыз бир Жаратуучудан болгондуктан түпкүрүндө карама-каршы келиши мүмкүн эмес. Ушул себептен илимпоздорго жаратылуу жөнүндөгү ачылыштары үчүн ыраазычылык билдиришибиз керек жана Жаратуучунун биз билгенден, биздин сөзүбүздөн жогору экенин унутпашыбыз зарыл. Себеби Жаратуучу чексиз (түбөлүктүү) жана жаратылгандар болсо чектүү... Бул кызыктуу маалымат үчүн рахмат.
Джилл Рэйтт (Jill Raitt)
Диний изилдөөлөр бөлүмүнүн профессору
Миссури университети, Колумбия
Булар жакшы суроолор. Философтор көптөн бери сураган суроолор. Бул суроолорду Декарт башка бир формада сураган эле. Булар балким мээнин бүт кабылдоолорубуздун себеби эмес экенин көрсөтүүдө. Бирок бул башка суроолорду да чыгарат. Адамдар коркушууда. Эмне үчүнбү? Ылдам бир гипотеза айтсак: себеби бул аларга жаңы нерсе жана кабылдоолорунун аларга айткандарына, жашоо формасына жана таянган нерселерине карама-каршы келет.
Ийгиликтер.
Жан-Ги Нейдо (Jean-Guy Nadeau)
Теология бөлүмү
Монреаль университети, Канада
... Биздин «реалдуулугубуздун» мээбиздин кабылдай ала турганы менен кооздолгону жөнүндөгү пикириңиз туура. Мисалы, физикалык дүйнөдө түс деген нерсе жок. Түс – мээбиздин электромагниттик радиацияга тиешелүү ар түрдүү толкун узундуктары жөнүндө жасаган жоромолуна таянган психологиялык бир феномен. Ошого карабастан, түс биздин реалдуулугубуздун маанилүү бир бөлүгү бойдон калат жана мээбизди, бүт дүйнөбүздү ушуну менен толтурат.
Ушул эле нерсени башка сезимдер жөнүндө да айтууга болот...
Ийгиликтер жана рахмат.
Боэм Гэри (Boehm, Gary)
Психология бөлүмү
Техас христиан университети, Техас
Таасирдүү... Чындыгында менин изилдөө тармагым бул сыйкырлоочу маселенин илимий татаалдыгын түшүнүүнү татаалдаштырат деп айта алам. Сурооңуз боюнча адамдар эмне үчүн мындан коркушууда, балким адамдар түшүнө алган нерселерин изилдегиси келээр жана түшүнө албаганда бул аларды коркутат...
Жейн Мэри Лоу (Jane Marie Law)
Корнелл университети, Нью-Йорк
... Мен жеке пикиримде адамдардын рух экенине ишенемин; материалдык эмес нерселер денелерибизге ушундай уланган; сезүүбүз, ойлонуубуз ж.б.лар мээбиздин жана борбордук нерв системабыздын физикалык абалынан көз-каранды. Бирок бул тескери бир көз-караш. Көп киши адамдар материалдык нерсе, чоң бир эт жыйындысы деп ойлойт. «Мээдеги кабарды көргөн киши ким» суроосуна мындайча жооп беришет: «сиз ушул чоң эт мээңизде белгилүү электрдик формалар пайда болгондо көрөсүз». Кээ бирөөлөр көрүү процесси электрдин бир формасы гана дешет. Бул көз-караш боюнча, жашылды көрүү үчүн мээбизде белгилүү бир электр моделинин болушу гана жетиштүү, башка эч нерсе керек эмес. Башкалар көрүү сезими заттан башка болсо да, электрдик формалардан чыгат деп ойлошот.
Мен жеке пикиримде мээлерибиздин ишенүү, үмүт кылуу, сезүү ж.б.ларды сезээрине ишенбейм. Мен «мендин» буларды кылганына ишенем жана мен өз мээм эмесмин. Мээме абдан көз-карандымын; ушунчалык көз-каранды болгонум үчүн, мээмдин жабыркашы бүт нерсени кылуума тоскоол болот. Бирок мээмден башкамын. Мен эмнемин? Мен нерселерди көрүп жатам, мен бир рухмун.
Том Крисп (Tom Crisp)
Философия бөлүмү
Нотр-Дам университети, Индиана
Адамдар күнүмдүк жашоосунда тынчсызданууну каалашпайт. Тартипти каалашат, көзөмөлдөп турууну каалашат, нерселердин алар каалагандай болушун каалашат. Кооптуулук менен алектенгилери келбейт, жооп ала албай калуудан коркушат. Материалдык абалына, социалдык абалдарына жабышышат. Эгер бир тышкы реалдуулук болбосо, булардын баарын жоготушат. Жана адамдар жалгыз калуудан коркушат, бүт көйгөйлөр менен өзү жалгыз алектенүүдөн коркушат. Өздөрүнүн ойлонуу күчүнө ишенишпейт жана эркин эмес. Жана өздөрүнүн ким экенин толук билишпейт, өздөрүн сырттагы нерселер менен сүрөттөшөт. (Адамдардын бул темаларды сүйлөшүүдөн качышынын) Себеби ушул.
Бирте Шеллинг (Birte Schelling)
Everyone in the heavens and earth belongs to Him.
All are submissive to Him.
(Surat ar-Rum: 26)
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)