Жыйынтык

Куран Аллахтын Сөзү

Бул китепте жыйынтык бөлүмүнө чейин айтылып өткөндөрдүн баары бизге апачык бир чындыкты көрсөтүүдө. Куран – ичинде берилген маалыматтардын баары туура чыккан жана туура чыгуусун уланткан бир китеп. Илимий темаларда, өтмүштөн жана келечектен билдирилген кабарларда же болбосо математикалык коддоолордо ал доордо эч бир адам тарабынан билиниши мүмкүн болбогон чындыктар аяттарда кабар берилген. Бул маалыматтарды ал доордун илим деңгээли менен жана технологиясы менен алуу мүмкүн эмес. Албетте, бул Курандын адамдын сөзү болушу мүмкүн эмес экендигинин апачык бир далили.

Куран бүт нерсени жоктон жараткан жана илими менен бүт нерселерди ороп-курчаган Улуу Аллахтын сөзү. Аллах бир аятында Куран жөнүндө «... Эгер ал Аллахтан башкасынын кабатынан болгондо, шек жок ичинде көптөгөн карама-каршылыктарды (дал келбестиктерди) табышмак. (Ниса Сүрөсү, 82) деп буюрууда. Курандын ичиндеги ар бир маалымат бул Аллахтан келген китептин белгисиз, жашыруун кереметтерин ортого койууда. Адамдын милдети болсо Аллах түшүргөн бул Илахий китепке бекем кармануу жана аны өзүнө жол көрсөтүүчү кылып кабыл алуу. Аллах Куранда бизге мындайча билдирет:

Бул Куран Аллахтан башкасы тарабынан жалган катары ойлоп чыгарылган эмес. Бул мурункуларды тастыктоочу жана Китепти терең түшүндүрүп берүүчү. Мында эч шек жок, ааламдардын Раббисинен. Же болбосо: «Муну өзү жалгандан ойлоп тапты» деп жатышабы? Айткын: «Ушуга окшогон бир сүрө алып келгиле жана эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка чакыра алганыңарды(н баарын) чакыргыла.» (Йунус Сүрөсү, 38)

Бул (Биз) түшүргөн куттуу бир Китеп. Демек Аны ээрчигиле жана коркуп-сактангыла. (Балким) Ырайымга жетээрсиңер. (Энъам Сүрөсү, 155)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)