Tek yumurta ikizleri de dahil olmak üzere, her insanın parmak izi kendine özeldir. Başka bir değişle, insanların parmak uçlarında kimlikleri şifrelenmiştir. Bu şifreleme sistemini, günümüzde kullanılmakta olan barkod sistemine benzetmek de mümkündür. |
Куранда адамдарды өлүмдөн кийин тирилтүүнүн Аллах үчүн абдан оңой экени айтылып жатканда, адамдардын өзгөчө манжа учтарына көңүл бурулат:
Ооба, анын манжа учтарын да жыйнап (кайрадан) жасоого кудуреттүүбүз. (Кыямат Сүрөсү, 4)
Аятта манжа учтарына басым жасалышынын мааниси абдан терең. Себеби манжанын изиндеги сызыктар жана детальдар ар бир адамда ар башка. Азыр жер бетинде жашаган жана тарых бою жашап өткөн бардык адамдардын манжа издери бири-бирине дал келбейт. Ал тургай, бирдей ДНК тизмегине ээ болгон бир жумуртка эгиздери да ар башка манжа изине ээ болушат.
Манжа изи төрөлөөрдөн мурда түйүлдүк кезде акыркы формага ээ болот жана калып калган бир жаракат эле болбосо өмүр бою эч өзгөрбөстөн калат. Мына ушул себептен манжа издери бүт адамдардын өзүнө гана тиешелүү бир «өздүк күбөлүгү» катары кабыл алынууда жана манжа изи илими болсо адамдар тарабынан жаңылбас таануу ыкмасы катары колдонулууда.
Бирок эң маанилүүсү – бул манжа изинин өзгөчөлүгүнүн 19-кылымдын аягына жакын гана аныкталган болушу. Андан мурда адамдар манжа изин эч кандай өзгөчөлүгү жана мааниси жок сызыктар катары кабыл алышкан. Бирок Куранда ал доордо эч кимдин көңүлүн да бурбаган манжа издерине басым жасалууда жана бул издердин учурда эми гана аныкталган маанисине көңүл бурулууда.
Parmak izi ile kimlik saptama sistemi (AFS) teknolojisi, son 25 yıldır çeflitli polis teşkilatlarında geçerliliği ispatlanmış, yasal olarak onaylanmış bir yöntem olarak kullanılmaktadır. Günümüzde geniş kapsamlı kimlik tespiti çalışmalarında parmak izi kadar isabetli sonuç veren bir teknoloji bulunmamaktadır. Parmak iziyle kimlik tespiti 100 yıldan fazladır hukuki süreçlerde kullanılmaktadır ve uluslararası geçerliliğe sahiptir.2 A. A. Moenssens, Fingerprint Techniques (Parmak izi Teknikleri) adlı kitabında parmak izinin her insana özel oluşunu şu şekilde değerlendirmiştir: "Şimdiye dek farklı parmaklardaki iki parmak izinden hiçbirinin birbiriyle aynı olduğuna rastlanmamıştır…"3 |
Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)
Бүт аарылар көптөгөн милдеттерди аркалаган аары колонияларында эркек аарылар өзгөчө болуп саналат. Эркек аарылар уянын корголушуна да, тазалыгына да, азык топтоого да, уюк же бал жасоого да эч көмөкчү болушпайт. Эркек аарылардын уюктагы жалгыз кызматы – бул ханыша аарыны уруктандыруу.4 Жупташуу органдарынан тышкары башка аарылардагы өзгөчөлүктөрдүн дээрлик эч бирине ээ болушпагандыктан, эркек аарылардын ханыша аарыны уруктандыруудан башка бир жумуш аткарышы да мүмкүн эмес.
Колониянын бардык жүгү мойнуна жүктөлгөн жумушчу аарылардын болсо, ханыша аарылар сыяктуу ургаачы болгонуна карабастан, жумурткалыктары өнүккөн эмес, б.а. алар кысыр (туубас). Уюктун тазалыгы, аары личинкаларын жана балдарын кароо, ханыша аары жана эркек аарыларды азыктандыруу, бал жасоо, уюктарды куруу жана оңдоо иштери, уюкту желдетүү, уюктун коопсуздугу, нектар (бал маңызы), чаңча (гүл чаңчасы), суу, смола сыяктуу материалдарды топтоо жана аларды уюкта кампалоо сыяктуу кызматтары бар.
Арап тилинде этиш эки түрдө колдонулат жана этиштердин колдонулушуна жараша сүйлөмдүн ээсинин (зат атоочтун) эркек же ургаачы экенин түшүнүүгө болот. Жогорудагы аяттарда аары үчүн колдонулган этиштер (асты сызылган сөздөр) этиштин ургаачы үчүн колдонулчу формасында колдонулган. Ушундайча Куранда бал жасоодо иштеген аарылардын ургаачы экенине ишарат кылынууда.5
Аарылар жөнүндөгү бул чындыктын мындан 1400 жыл мурда билинишинин мүмкүн эмес экенин унутпаш керек. Бирок Аллах бул чындыкка көңүл буруу менен Курандын дагы бир кереметин бизге көрсөткөн.
Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)
Yapılan klinik gözlemler ve deneysel araştırmalar sonucunda, balın antibakteriyel ve antienflamatuar özelliklere sahip olduğu ortaya çıkmıştır. Bal, yaralardaki enfeksiyonun ve bu bölgedeki ölü hücrelerin ağrısız olarak temizlenmesinde ve yeni dokuların gelişmesinde son derece etkilidir. Balın ilaç olarak kullanılışından en eski tarihi yazıtlarda dahi bahsedilmektedir. Günümüzde de bilim adamları ve doktorlar balın yaraların tedavisindeki etkisini yeniden keşfetmektedirler. 20 yıldır bal araştırmasının öncülüğünü yapan ve Yeni Zelanda’daki Waikato Üniversitesi’nde biyokimya profesörü olan Dr. Peter Molan, balın antimikrobik özellikleri konusunda bir uzman olarak şöyle dejmektedir: “Gelişigüzel yapılan denemeler balın yanık yaralarındaki enfeksiyonu kontrol etmede, hastanelerde çoğunlukla antibakteriyel merhem olarak kullanılan gümüş sülfadiazinden daha etkilidir ve yeni dokuların gelişimini harekete geçirmektedir.” 6 |
Бал, бул аяттарда айтылгандай, «адамдарга шыпаа» болуу өзгөчөлүгүнө ээ. Илимде алдыңкы катарларда турган өлкөлөрдө балдын адамдын ден-соолугундагы маанисинен улам аары багуу жана аары продукттары эми өз башынча бир изилдөө тармагына айланды. Балдын пайдалары жалпысынан төмөнкүлөр:
ичиндеги шекерлердин башка бир түрдөгү шекерге (фруктозанын глюкозага) айлануу өзгөчөлүгүнөн улам бал, көп санда кислотага ээ болгонуна карабастан, эң назик ашказандар тарабынан да оңой сиңирилет. Ошондой эле, ичегилердин жана бөйрөктөрдүн жакшыраак иштешине жардам берет.
бал жылуу суу менен аралаштырылганда 7 мүнөт ичинде канга аралашат. Ичиндеги эркин шекерлерден улам мээнин иштеши жеңилдейт. Бал фруктоза жана глюкоза сыяктуу жөнөкөй шекерлердин табигый бир аралашмасы. Акыркы изилдөөлөр боюнча, шекерлердин мындай өзүнө тиешелүү аралашмасы чарчоонун жазылышында эң натыйжалуу ыкма жана атлетикалык кубатты жогорулатат.
бал кан жасоо үчүн дене муктаж болгон энергиянын маанилүү бир бөлүгүн камсыз кылат. Мындан тышкары, кандын тазаланышына да көмөкчү болот. Кандын айланышын жөнгө салуучу жана жеңилдетүүчү багытта таасири бар. Артериосклероздон коргойт.
микропко каршы факторлор белгилүү бактериялардын, ачыткычтын жана көктүн чоңойушуна тоскоол болот. Балдын бактериянын жашашына мүмкүнчүлүк бербеген өзгөчөлүгү «коргоочу таасири» деп аталат. Балдын микроптон коргоо өзгөчөлүгүн камсыздаган көп себептер бар. Булардын арасында микроорганизмдер чоңойуу үчүн муктаж болгон суу көлөмүн чектөөчү көп шекерди камтышы, кислотанын жогору болушу (pH төмөн), бактерияларды чоңойуу үчүн муктаж болгон азоттон тосуучу компонентин саноого болот. Балдагы суутек перекиси (перекись водорода) жана балдын ичиндеги антиоксиданттар болсо бактериянын көбөйүшүнө тоскоол болот.
ден-соолукта жашагысы келгендердин баары өзгөчө антиоксидант керектеши керек. Антиоксиданттар – бул клеткаларда нормалдуу метаболизманын калдыктарын тазалоочу кошулмалар. Булар азыктардын бузулушуна жол ачуучу жана көптөгөн айыкпас (хроникалык) ооруларга себеп болуучу кыйратуучу химиялык реакцияларды жайлатуучу элементтер. Адистер антиоксидантка бай азыктар жүрөк ооруларынын жана рак сыяктуу оорулардын алдын ала алат дешет. Балдын ичинде да күчтүү антиоксиданттар бар: рinocembrin, pinobaxin, chrisin жана galagin. Булардын арасынан pinocembrin бир гана балда кездешүүчү бир антиоксидант.7
бал фруктоза жана глюкоза сыяктуу шекерлер менен бирге магний, калий, кальций, натрий хлор, күкүрт, темир жана фосфор сыяктуу минералдарга ээ. Нектар жана чаңча булактарынын сыпатына жараша өзгөрүү менен бирге балда B1, B2, C, B6, B5 жана B3 витаминдери бар. Мындан тышкары, жез, иод, темир жана цинк да аз санда бар.
Besin değerleri |
|
|
1 porsiyondaki ortalama miktar | 100 gr.'daki ortalama miktar | |
Su | 3,6 gr | 17,1 gr |
Besinsel İçerik |
|
|
Toplam kalori (kilokalori) | 64 | 304 |
Vitaminler |
|
|
B1 (Tiamin) | < 0,002 mg | < 0,01 mg |
Mineraller |
|
|
Kalsiyum | 1,0 mg | 4,8 mg |
◉ жараларды дарылоодо колдонулганда, балдын абадан ным тартуу өзгөчөлүгү айыгууну ылдамдатып, жара изинин калышынын алдын алат. Себеби бал жаранын бетин каптаган жаңы терини түзгөн эпителий клеткалардын чоңойушун ылдамдатат. Ошондуктан чоң жараларда да бал колдонулганда, кыртыш жамоо муктаждыгы жоголот.
◉ бал айыгуу процессине тиешелүү кыртыштарды кайрадан чоңойушу үчүн стимулдайт. Жаңы капиллярлардын калыптанышын ылдамдатып, теринин тереңирээктеги байланыш кыртышынын ордун ээлеген фибробласттардын чоңойушун стимулдайт жана айыгуунун күчүн жогорулатуучу коллаген жипчелеринин өндүрүшүн ылдамдатат.
◉ балдын жаранын айланасындагы шишикти азайтуучу «урунууга (воспаление) каршы» бир таасири бар. Бул кан айланууну жогорулатат; натыйжада айыгуу процесси ылдамдайт жана оору сезүү азайат.
◉ бал жаранын астындагы кыртыштарга жабышпайт; ошондуктан жаңы пайда болгон кыртыштар айрылбайт жана оорубайт.
◉ радиациялык дарылоо жасалган рак оорулууларынын денелеринде пайда болгон жара жана язваларды дарылоодо ийгиликтүү колдонулууда.
◉ мындан тышкары, балдын, мурда да айтылгандай, антимикроптук таасиринен улам, бал инфекциянын пайда болушунун алдын алуучу бир коргоо пайда кылат. Бар болгон инфекцияларды да жаралардан ылдам тазалайт. Бактериялардын антибиотикке каршы чыдамдуулук өзгөчөлүктөрүнө да таасирдүү. Антисептиктер жана антибиотиктерге окшоп жарадагы кыртыштарга тескери таасир бербейт.9
Бул маалыматтардан да байкалгандай, бал – бул «шыпаа» тарабы абдан күчтүү бир азык. Албетте, бул да чексиз күч-кудурет ээси Аллах түшүргөн Курандын кереметтеринин бири. Төмөнкү таблицада балдын азыктык баалуулугу көрсөтүлгөн.
«Инжирге жана зайтунга ант болсун» (Тин Сүрөсү, 1)
Тин Сүрөсүнүн биринчи аятында Аллахтын инжирге «ант болсун» деп айтышы бул мөмөнүн пайдалары жагынан абдан терең мааниге ээ.
Yeryüzünde birbirine yakın komşu kıtalar vardır; üzüm bağları, ekinler, çatallı ve çatalsız hurmalıklar da vardır ki, bunlar aynı su ile sulanır; ama ürünlerinde(ki verimde ve lezzette) bazısını bazısına üstün kılıyoruz... |
Инжир ар кандай мөмө же жашылчага караганда эң көп жипчеге ээ. 1 даана эле кургак инжир 2 грамм жипче берет, бул болсо сунушталган күнүмдүк муктаждыктын 20%ын түзөт. Акыркы 10-15 жылда жасалган изилдөөлөр өсүмдүк азыктарындагы жипчелердин тамак сиңирүү системасынын жакшы иштеши үчүн абдан маанилүү экенин аныктады. Азык катары алынган жипченин тамак сиңирүүгө көмөкчү болоору жана кээ бир рак түрлөрүнүн рискин төмөндөтүүдө маанилүү экени белгилүү. Тамактануу адистери жипче алууну жогорулатуунун идеалдуу жолу катары жипчеге бай болгон инжирди жешти сунушташууда.
Жипчелүү азыктар ээрүүчү жана ээрибес болуп экиге бөлүнүшөт. Ээрибес жипчеге бай азыктар денеден чыгарыла турган заттарга суу берип ичегилерден өтүшүн жеңилдетет. Натыйжада тамак сиңирүү системасын ылдамдатып, жакшы иштешин камсыздайт. Ошондой эле, ээрибес жипчелүү азыктардын жоон ичеги рагынан коргоору да аныкталган. Ээрүүчү жипчеге бай азыктардын болсо кандагы холестерол деңгээлин 20%дан ашыкка төмөндөтөөрү аныкталган. Ошондуктан жүрөк ооруларынын рискин төмөндөтүү үчүн абдан маанилүү. Эгер канда көп санда холестерол бар болсо, бул кан-тамырларда чогулат жана кан-тамырлардын катуулашына, тарайышына жол ачат. Холестерол кайсы органдын тамырында чогулса, ошол органга тиешелүү оорулар пайда болот. Мисалы, жүрөктү азыктандырган артерияларда холестерол чогулса, көкүрөк оорусу, жүрөк кризиси сыяктуу көйгөйлөр пайда болот. Бөйрөк тамырларында холестерол чогулушу болсо кан басымынын жогорулашы жана бөйрөк жетишсиздигине себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле, ээрүүчү жипчелерди керектөө ашказанды бошотуп, кан шекерин жөнгө салышы жагынан да маанилүү, себеби кан шекериндеги кокус өзгөрүүлөр өмүрдү коркунучка салчу ооруларга себеп болушу мүмкүн. Чынында эле жипчеге бай азыктанган коомдордун рак жана жүрөк оорулары сыяктуу ооруларга аз чалдыгаары аныкталган.
Ээрүүчү жана ээрибес жипчелердин экөөсүнүн тең бирге болушу болсо ден-соолук жагынан бир артыкчылык: эки жипче түрүнүн тең бирге болушунун рактын алдын алууда жалгыз болгонго караганда натыйжалуураак экени аныкталган. Инжирде эки жипче түрүнүн –ээрүүчү жана ээрибес жипчелердин- бирге болушу аны абдан маанилүү бир азык кылууда.
Жорж Вашингтон университетинин медицина борборунда оорулардан коргонуу институтунун башчысы Др. Оливер Алабастер (Oliver Alabaster) инжир жөнүндө мындай дейт:
... бул жерде чыныгы мааниде пайдалуу жана көп жипчеге ээ бир азыкты кошуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Инжирлерди жана башка көп жипчеге ээ азыктарды көп керектөө... өмүр бою ден-соолукта болушуңуз үчүн маанилүү.
Калифорния инжир кеңешинин (California Fig Advisory Board) ою боюнча, мөмөлөрдө жана жашылчалардагы антиоксиданттардын адамдарды бир топ оорулардан коргоору айтылат. Антиоксиданттар денебиздеги химиялык реакциялардын натыйжасында пайда болгон же сырттан алынган зыяндуу заттарды (эркин радикалдарды) таасирсиз кылышат жана клетканын бузулушуна тоскоол болушат.
Скрентон (Scranton) университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө кургак инжирдин антиоксидантка бай фенол кошулмасына башка мөмөлөргө караганда көбүрөөк ээ экени айтылган. Фенол микроорганизмдерди өлтүрүүчү –антисептик- бир зат катары колдонулууда. Скрентон университетиндеги анализдер боюнча, инжирдеги фенол көлөмү башка мөмөлөргө салыштырмалуу бир топ жогору.
Нью-Жерсидеги Рутгерс университети тарабынан жасалган изилдөөдө болсо кургак инжирдеги омега-3, омега-6 май кислоталары (EFA: Essential fatty acids: дене үчүн зарыл майлар) менен фитостерол (өсүмдүктөрдөгү май сымал зат) урматында холестеролду төмөндөтүүчү таасири жагынан да маанилүү экени аныкталган.
Белгилүү болгондой, омега-3 жана омега-6 май кислоталары денеде өндүрүлбөйт жана тамак-аш аркылуу алуу керек болот. Ошондой эле, бул майлар өзгөчө жүрөк, мээ жана нерв системасынын жакшы иштеши үчүн абдан чоң мааниге ээ. Фитостерол болсо жаныбар азыктарындагы жүрөк жана кан-тамырдын чың болушу жагынан кооптуу болгон холестеролдун жолун тосуп, канга аралашпастан денеден чыгышын камсыз кылат.
Калифорния инжир кеңеши тарабынан «дээрлик табияттын эң кемчиликсиз мөмөсү» деп сөз кылынган инжир адамзат билген эң байыркы мөмөлөрдүн бири болгонуна карабастан, тамак-аш өндүрүүчүлөр тарабынан кайрадан ачылууда. Себеби азыктык баалуулугунун жогору болушу, ден-соолукка пайдалары бул мөмөнү өзгөчө маанилүү кылууда.
100 gram taze incirdeki besin değerini gösteren tablo |
Инжир дээрлик ар бир диетанын бир бөлүгү боло алат: инжир табиятынан май, натрий жана холестеролу жок жана жипче саны көп болгондуктан, салмагын азайтууга аракет кылган адамдар үчүн да ылайыктуу бир азык. Ошондой эле, инжир белгилүү болгон бардык мөмөлөргө караганда эң көп минералга ээ. 40 грамм инжир 244 мг калий (күнүмдүк муктаждыктын 7%ы), 53 мг кальций (күнүмдүк муктаждыктын 6%ы) жана 1,2 мг темирге (күнүмдүк муктаждыктын 6%ы) ээ.24 Инжирде кальций деңгээли абдан жогору; мөмөлөр арасынан кальцийге бай болуу жагынан апельсинден соң экинчи орунда турат. Бир чыны кургак инжир бир чыны сүт менен бирдей санда кальций берет.
Инжирди көпкө уланган оорулардан соң бат айыгууга көмөкчү болуучу, күч-кубат берүүчү бир дары катары кабыл алууга болот. Физикалык жана мээнин кыйналышын жок кылат жана денеге энергия жана күч берет. Инжирдин эң маанилүү азыктык элементи – бул бүт мөмөнүн 51-74%ын түзгөн шекер, жана бүт мөмөлөр арасында эң көп шекерге ээ. Ошондой эле, инжир астма, жөтөл жана суук тийүү сыяктуу учурларда да дары катары сунушталууда.
Бул жерде бираз гана бөлүгүнө токтолгон инжирдин пайдалары Аллахтын адамдарга болгон мээриминин бир көрсөткүчү. Раббибиз ырахат менен желчү бул мөмөнүн ичинде адамдын муктаждыгы болгон заттарды, анын ден-соолугуна ыңгайлуу бир тең салмактуулук менен, атайын пакеттелгендей абалда пайдаланууга берүүдө. Аллахтын бул өзгөчө нематты Куранда зикир кылышы да инжирдин адамдар үчүн маанисине ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) Инжирдин азыктык баалуулугунун, адамдын ден-соолугуна болгон маанисинин алдыңкы медицина жана технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен гана аныктала алышы – албетте, Курандын бүт нерсени билүүчү Аллахтын сөзү экендигинин көрсөткүчтөрүнүн бири.
Деңиз аңчылыгы жана аны жеш силерге жана (жер бетинде) жашагандарга бир пайда катары адал кылынды... (Маида Сүрөсү, 96)
Жүрөк ооруларына чалдыккан жана ушул себептен өлүмгө кабылган адамдардын орточо жашынын күн өткөн сайын төмөндөшү жүрөктүн чың болушуна маани берүүнү жогорулатты. Медицинада жүрөк ооруларын дарылоо боюнча көптөгөн жаңы өнүгүүлөр болсо да, адистердин негизги сунушу – бул ооруга чалдыгуудан мурун алдын алуучу чаралардын жакшылап көрүлүшү болууда. Адистер жүрөктүн чың иштешинде жана оорулардын алдын алууда маанилүү бир азыкты сунушташууда: балык
Балыктын маанилүү бир азык болушунун себеби – бул анын бир тараптан адамдын денеси үчүн керектүү заттарды камсыздашы, экинчи тараптан болсо денени ар кандай оору рисктеринен мүмкүн болушунча алыс кармай турган курамга ээ болушу. Мисалы, курамындагы омега-3 кислотасы менен ден-соолук үчүн бир калкандай кызмат аткарган балык дайыма керектелип турса, жүрөк оорулары рискинин азайаары жана иммундук системанын күчтөнөөрү аныкталган.
Илим тарабынан пайдалары жаңы гана далилденген балыктын баалуу бир азык экендиги мындан болжол менен 1400 жыл мурда түшүрүлгөн Куранда да билдирилүүдө. Улуу Аллах Куранда деңиз продукттарын «Деңизди да силердин буйругуңарга Ал берген, андан жаңы эт жейсиңер... (Нахл Сүрөсү, 14), Деңиз аңчылыгы жана аны жеш силерге жана (жер бетинде) жашагандарга бир пайда катары адал кылынды... (Маида Сүрөсү, 96) аяттары менен кабар берүүдө. Ошондой эле, Кехф Сүрөсүндө да балыкка атайын көңүл бурулган. Бул сүрөдө Аз. Муса жана жаш жардамчысынын узак бир сапарга чыкканы жана жанына азык катары балык алганы айтылган:
Ошентип экөө эки (деңиз) кошулган жерге жеткенде балыктарын унутуп коюшту; (балык) деңизде бир агымды көздөй өз жолуна түштү. (Жетиши керек болгон жерге келип) Өтүшкөндө (Муса) жаш жардамчысына: «Тамагыбызды бизге алып кел, ант болсун, бул сапарыбыздан чынында чарчадык.» деди. (Жаш жардамчысы:) «Көрдүңбү, аскага киргенибизде мен балыкты унуттум...» (Кехф Сүрөсү, 61-63)
Кехф Сүрөсүндө алыс бир сапар учурунда чарчаган соң азык катары атайын балыктын тандалган болушу абдан терең маанилүү. Ошондуктан бул окуядагы терең сырлардын бири катары балыктын пайдаларына, азыктык жагына ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)
Чынында эле балыктын азыктык өзгөчөлүктөрүн изилдегенибизде кызыктуу маалыматтарды көрөбүз. Раббибиздин бизге чоң бир нематы болгон балыктар өзгөчө протеин, D витамини жана чыгарма элементтер (денеде абдан аз санда кездешүүчү, бирок дене үчүн абдан маанилүү кээ бир элементтер) жагынан кемчиликсиз бир азык. Курамындагы фосфор, сульфиддик кошулма, ванадий сыяктуу минералдар урматында болсо чоңойууну жана кыртыштардын жакшырышын камсыздашат. Тиш мүлктөрү жана тиш түзүлүшүнүн чың болушуна жардам берет, теринин өңүн сулуу кылат, чачтардын чың болушун камсыздайт, бактериялык инфекциялар менен күрөшүүдө көмөкчү болот. Ошондой эле, кандагы холестеролду жөнгө салуучу таасирлери менен жүрөк кризисинин алдын алууда маанилүү ролго ээ. Крахмал жана майлардын майдаланып денеде колдонулушуна жардам беришет. Натыйжада күч-кубаттуураак болууну камсыздайт. Ошондой эле, мээнин жакшы иштешине таасир берет. Курамындагы D витамини жана башка минералдар жетиштүү деңгээлде денеге алынбаганда болсо, рахит (сөөк алсыздыгы), тиш мүлкү оорулары, зоб, гипертиреоз сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, учурда медицина балыктын курамындагы омега-3 май кислоталарынын ден-соолукка болгон абдан маанилүү ролун аныкташты. Ал тургай, бул майлар зарыл май кислоталары (EFA: essential fatty acid) деп кабыл алынган.
Балык майында ден-соолугубуз үчүн өзгөчө абдан маанилүү болгон 2 башка «тойбогон» май кислотасы бар: EPA ( eicosapentaenoic acid) жана DHA (docosahexaenoic acid). EPA жана DHA көптүк тойбогон майлар катары белгилүү жана маанилүү омега-3 май кислоталарына ээ. Адамдын денеси омега-3 жана омега-6 май кислоталарын өндүрө албайт, ошондуктан сырттан азыктар менен алышы керек.
Балык майынын –омега-3 май кислоталарын камтыгандыктан- адамдын ден-соолугуна пайдалары жөнүндө көптөгөн далилдер бар. Омега-3 май кислоталары өсүмдүк майларында бар болгонуна карабастан, адамдын ден-соолугун коргоодо абдан аз натыйжалуу. Ал эми деңиз планктондору омега-3 май кислотасын EPA жана DHA'га айлантууда абдан натыйжалуу. Балыктар бул планктондорду жегенде, EPA жана DHA'га бай болуп калышат. Ошондуктан балык дене үчүн абдан маанилүү болгон бул май кислоталарына эң бай азыктардын бири.
Балыктагы май кислоталарынын негизги өзгөчөлүгү болсо – бул энергия өндүрүүгө салым кошушу. Бул май кислоталары денеде кычкылтекке кошулуп, электрондун которулушун ишке ашырат жана денедеги бир катар химиялык процесстер үчүн энергия беришет. Ошондуктан балык майына бай тамактануунун чарчоону жоготооруна, мээнин иштешин жана кыймыл жөндөмүн жакшыртаарына далилдер бар. Омега-3 адамдын энергия деңгээлин жана концентрация жөндөмүн да артырууда. Балыктын «мээ азыгы» деп аталышынын илимий негизи бар, себеби мээдеги майдын негизги компоненти – бул омега-3 май кислоталарындагы DHA.
Балыктагы омега-3 май кислотасы кандагы холестеролду, триглисеридди жана кан басымын төмөндөтүп, жүрөктүн ден-соолугун коргоочу таасири менен белгилүү.28 Триглисерид бир май түрү жана курамындагы көп сандагы май жана аз протеин жагынан LDL'ге (жаман холестеролго) окшош. Триглисериддин жогору болушу өзгөчө холестерол жогору болгондо, жүрөк оорусу рискин артырат. Ошондой эле, балык майлары бир жүрөк кризисинен кийинки анормалдуу жүрөк ритмдеринин жашоого кооп туудурган рисктерин да азайтууда.
Америка медицина биримдиги тарабынан жасалган бир изилдөөдө жумасына 5 порция балык жеген аялдарда жүрөк кризисине чалдыгуу деңгээлинин 1/3ге азайганы аныкталган. Мунун себеби балык майындагы омега-3 май кислоталарынын кандын азыраак коюлушуна себеп болушунда деп кабыл алышууда. Кандын тамырлардагы кадимки ылдамдыгы саатына 60 км жана кандын жетиштүү деңгээлде суюк болушу, тыгыздыгынын, көлөмүнүн, ылдамдыгынын нормалдуу деңгээлде болушу абдан маанилүү. Каныбыз үчүн эң чоң коркунуч –каноо сыяктуу керектүү учурлардан тышкары учурларда- бул кандын коюлуп агуусунун начарлашы. Балык майлары кандагы тромбоциттердин (денеде каноо болгондо канды коюлаткан кан бөлүкчөлөрү) бири-бирине жабышышына тоскоол болуп, кандын коюлушун азайтууда мааниси чоң. Антпесе кандын коюлушу тамырлардын тарайышына себеп болот. Бул болсо эң башта жүрөк, мээ, көз жана бөйрөктөрдүн жана башка денедеги көптөгөн органдардын кан менен жетиштүү азыктана албашына, жай иштешине жана акырындап функцияларын жоготушуна себеп болот. Мисалы, артериялар коюлуу себебинен толугу менен тосулуп калганда, тамыр турган жерге жараша жүрөк кризиси, мунжулук же башка оорулар пайда болушу мүмкүн.
Омега-3 май кислоталары эритроциттердин ичиндеги кычкылтек ташуучу гемоглобин молекуласынын өндүрүшүндө жана клетка кабыкчасынан өтүүчү азыктарды текшерүүдө да маанилүү рол ойнойт жана денеге зыяндуу майлардын зыянына тоскоол болот. Изилдөөлөр балыктагы омега-3 май кислоталарынын жүрөк кризиси рискин азайтаарын аныктады.
Омега-3 май кислоталары адамдын мээси жана торчосунун маанилүү бир компоненти болгондуктан, өзгөчө жаңы төрөлгөн наристерлердин муктаждыгына байланыштуу, өткөн он жылда маанилүү изилдөөлөргө тема болду. Омега-3түн наристенин эне курсагындагы өрчүшү жана жаңы төрөлгөн наристенин чоңойушундагы маанилүүлүгүн тастыктаган көптөгөн далилдер бар. Омега-3 өзгөчө кош бойлуулук периоду боюнча жана наристелик кездин баштарында мээ жана нервдердин нормалдуу өрчүшү үчүн абдан маанилүү. Эне сүтү болсо табигый жана кемчиликсиз бир омега-3 кампасы болгондуктан, илимпоздор эне сүтүнүн маанисине өзгөчө басым жасашууда.
Ревматизмдик артрит оорусунда (ревматизмге байланыштуу тарамыш инфекциясы) эң маанилүү риск – бул тарамыштарда пайда болгон бузулуунун калыптандырууга болбой турган бир зыянга жол ачышы. Омега-3 май кислотасына бай тамактануунун артриттин пайда болушуна тоскоол болоору, шишиген жана назик тарамыштардагы ооруларды да жеңилдетээри далилденген.31
Омега-3 май кислотасынын мээ жана нерв системасынын жакшы иштешине таасир берээри көптөгөн изилдөөдө аныкталган. Мындан тышкары, балык майынын депрессия жана шизофрения белгилерин жеңилдете алаары, алзеймер (аlzheimer) оорусунун (эс-тутум жоготушуна себеп болуучу, күнүмдүк кыймылдарга тоскоол болуучу бир мээ оорусу) алдын алаары көрсөтүлгөн. Мисалы, депрессияга кабылган жана 12 жума бою 1 грамм омега-3 май кислотасы керектеген адамдарда тынчсыздануу, капалануу жана уйку көйгөйлөрү сыяктуу белгилердин азайганы далилденген.32
Инфекциялык Ооруларга Пайдасы, Иммундук Системаны Күчтөндүрүшү
Омега-3 май кислоталары ошол эле учурда инфекциянын алдын алуучу кызмат аткарышат.33 Ошондуктан;
◉ Ревматизмдик артрит (ревматизмге байланыштуу байламта инфекциясы),
◉ Остеоартрит (акырындап байламталардын функциясын бузуучу бир оору),
◉ Язвалык колит (ичеги инфекциясына байланыштуу жаралар) жана
◉ Lupus (териде жара пайда болушуна себеп болуучу тери оорусу) ооруларынын баарында колдонууга болот.
Мындан тышкары, миелинди (нерв клеткаларын курчаган кабыкчаны) коргоочу өзгөчөлүгү бар. Ушул себептен;
◉ Глаукома (көздүн ичиндеги кан басымынын жогорулашы натыйжасында сокурдукка себеп болчу оору),
◉ Көп жактуу склероз (мээ жана жүлүндө кыртыштын катуулашы натыйжасында пайда болгон өлүмгө себеп болчу оору),
◉ Остеопороз (сөөк кыртышында структуралык алсыздоого себеп болуучу оору) жана
◉ Шекер ооруларын дарылоодо колдонулат.
Ошондой эле;
◉ Мигрен ооруларында,
◉ Анорексияда (өлүмгө себеп болчу тамактануу бузуктугу),
◉ Күйүктү дарылоодо
◉ Тери менен байланыштуу ооруларды дарылоодо да жардамчы болоору айтылууда.
Көп санда омега-3 май кислотасына ээ болгон балык менен азыктанган Гренландия эскимолору жана япондор сыяктуу элдер жүрөк, кан-тамыр ооруларына, астма жана псориаз сыяктуу ооруларга азыраак чалдыгаарын көрсөткөн абдан көп маалыматтар бар. Балык, ушул себептен, дарылоочу бир азык катары да сунушталат. Омега-3 май кислоталары жүрөктүн чың болушу үчүн далилденген пайдалары менен учурда тамактануу адистери кеңеш кылган негизги заттардын бири.
Бул жерде жалпысынан айтылып өткөн балыктын пайдаларына күн сайын жаңылары кошулууда. Болгондо да балыктын пайдаларын аныктоо көптөгөн илимпоздун, алдыңкы технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен жабдылган изилдөө борборлорунун колдонулушу менен гана мүмкүн болду. Мынчалык баалуу бир азык булагына Куранда ишарат кылынышы жана Кехф Сүрөсүндө өзгөчө чарчоону басуучу бир азык катары билдирилиши да албетте абдан терең мааниге ээ. Балыктан алынган бардык пайдалар Раббибиз бизге берген чоң бир немат-жакшылык. Бүт азыктардагы сыяктуу балыктардагы кемчиликсиз түзүлүштү да биз үчүн жараткан – бул ааламдардын Рабби болгон Аллах.
Ал силерге өлүмтүктү, канды, чочконун этин жана Аллахтан башканын аты менен (башкага аталып) союлган (жандык)ты толук арам кылды. Бирок ким эч башка жолсуз муктаж абалда калса, чегинен чыкпай, сугалактык кылбай (жесе), ага бир күнөө жок. Чынында Аллах кечиримдүү, коргоочу. (Бакара Сүрөсү, 173)
Resimde "trişin" paraziti görülmektedir. |
Чочконун этинин ден-соолукка көптөгөн зыяндары бар. Мындай зыяндар өтмүштө болгон сыяктуу, ар кандай чаралар көрүлгөнүнө карабастан учурда да бар. Биринчиден, чочко фермаларда, жакшылап каралган жерлерде багылса да, баары бир өзүнүн заңдарын жечү бир жандык. Мындай жаман нерселер менен азыктангандыктан жана биологиялык түзүлүшү себебинен чочконун денеси башка жандыктарга салыштырмалуу бир топ көп антитело өндүрөт. Ошондой эле чочконун денесинде башка жандыктарга жана адамга салыштырмалуу абдан жогору дозада чоңойуу гормону өндүрүлөт. Мындай көп дозадагы антителолор жана чоңойуу гормону сөзсүз түрдө кан айлануу аркылуу чочконун булчуң кыртышына да өтүп чогулат. Ошондой эле, чочконун этинде абдан көп өлчөмдө холестерол жана липид бар. Натыйжада бардык мындай жогорку дозадагы антителолор, гормондор, холестерол жана липиддерди камтыган чочконун этинин адамдын ден-соолугуна маанилүү бир коркунуч экени илимий далилденди.
Учурда чочконун эти көп керектелген АКШ, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн калкынын маанилүү бөлүгүн түзгөн ашыкча семиз адамдардын болушу эми табигый бир көрүнүшкө айланды. Чочконун этине таянган бир тамактануу натыйжасында ашыкча чоңойуу гормонун алган адамдын денеси алгач абдан семирүүдө, андан соң дене деформацияга –формасынын бузулушуна- кабылууда.
Мындан тышкары, чочконун этиндеги ден-соолукка зыяндуу заттардын бири – бул «трихина» паразити. Адамдын денесине киргенде, түздөн-түз жүрөк булчуңдарына жайгашып, өлүмчүл кооптуулук жаратуучу трихина паразити чочконун этинде көп кездешет. Учурдагы технология менен трихиналуу чочколорду аныктоо мүмкүн болсо да, мурдакы кылымдарда мындай ыкма белгисиз эле. Ошондуктан, чочконун этин жеген бүт адамдар үчүн трихина паразитине кабылуу жана өлүмгө чалдыгуу риски бар эле.
Байкалгандай, бул себептердин баары Раббибиздин чочконун этине тыюу салышынын себептеринин бир бөлүгү. Мындан тышкары, Раббибиздин бул буйругу ар кандай шартта ден-соолукка зыяндуу таасирлери бар болгон, контрольсуз өндүрүлгөн учурда болсо өлүмгө да себеп болушу мүмкүн болгон чочконун этин жештен толук коргойт.
20-кылымга чейин чочко этинин адамдын ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч жараткан зыяндары бар экенин билүү мүмкүн эмес эле. Учурдагы медициналык аппараттар, биологиялык тесттер менен даана аныкталган бул зыянга карата али эч ким микроп, бактерия, трихина, гормон, антитело сыяктуу түшүнүктөрдү билбеген кезде 14-кылымда түшүрүлгөн Куранда так бир чара көрүлүшү да Курандын Улуу илимдүү Раббибиздин вахийи экенин көрсөткөн кереметтердин бири. Бүгүнкү күндө да чочкону өндүрүүдө алынган ар кандай чара жана контрольго карабастан, чочконун этинин физиологиялык жактан адамдын денесине ыңгайлуу бир азык эмес экени, адамдын ден-соолугуна зыян берүүчү бир эт түрү экени өзгөрбөгөн бойдон калды.
Куранда көңүл бурулган азыктардын бири – бул зайтун. Акыркы жылдарда жасалган изилдөөлөр зайтундун бир гана даамдуу бир азык эле эмес, ошондой эле ден-соолукка да абдан пайдалуу экенин аныктады. Зайтун жана зайтундун майы да абдан жакшы азык. Куранда зайтун дарагынын майына болсо төмөнкү аятта көңүл бурулган:
Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах бүт нерсени Билүүчү. (Нур Сүрөсү, 35)
Бул аятта «мубарекетин зейтунетин» сөзү менен зайтун «берекелүү, куттуу, сансыз пайда берүүчү» маанилерине келген мубарек сыпаты менен сыпатталган. «Зейтуха» сөзү менен билдирилген зайтун майы, башка катуу майлардын тескерисинче, бардык адистер тарабынан эң биринчиден жүрөк жана кан-тамырдын чың болушу үчүн жана башка себептерден улам эң көп сунушталган май түрү катары белгилүү. Зайтун майынын ден-соолукка пайдаларын мындайча саноого болот:
Onunla sizin için ekin, zeytin, hurmalıklar, üzümler ve meyvelerin her türlüsünden bitirir. şüphesiz bunda, düşünebilen bir topluluk için ayetler vardır. |
Зайтун жана зайтун майынын ичиндеги май кислоталарынын көпчүлүгү «моно тойбогон майлар». Моно тойбогон майларда холестерол жок. Ошондуктан зайтун майы кандагы холестеролду жогорулатпайт, тескерисинче контрольдоп турат. Зайтун майы мындан тышкары, денеге абдан керек болгон (EFA: essential fatty asit) омега-6 май кислотасына (линолеикалык кислота) ээ. Мындай өзгөчөлүгү үчүн ден-соолук уюму да (Дүйнөлүк ден-соолук уюму/WHO) тамыр катуулугу, шекер оорулары көп кездешчү коомдордо колдонулган майлардын ичиндеги май кислотасынын эң аз 30%ынын омега-6 май кислотасы (линолеикалык кислота) болушун сунушташууда; бул болсо зайтундун баалуулугун өстүрүүдө.
Бул темадагы изилдөөлөр 1 жума бою күн сайын 25 миллилитр –болжол менен 2 аш кашык- табигый зайтун майын керектеген адамдардын азыраак LDL (жаман холестерол) жана көбүрөөк антиоксидант деңгээлин көрсөткөнүн аныктаган.35 Антиоксиданттар «эркин радикалдар» деп аталган денебиздеги зыяндуу заттарды таасирсиз кылышы жана клетканын кыйрашына тоскоол болушу жагынан абдан маанилүү заттар. Мындан тышкары, зайтун майын колдонуунун холестерол деңгээлин төмөндөтөөрү жана жүрөк ооруларынын алдын алаары көптөгөн изилдөөлөр тарабынан тастыкталган.
Зайтун майы канда айлануучу LDL аттуу зыяндуу холестерол деңгээлин төмөндөтүп, ошол эле учурда HDL аттуу пайдалуу холестерол деңгээлин болсо жогорулаткандыктан, жүрөк жана кан-тамыр ооруларына дары катары сунушталууда. Жүрөк жана кан-тамыр оорулары көп кездешкен өлкөлөрдө көбүнчө көп холестеролго ээ «тойгон майлар» керектелүүдө.
Ошондой эле, зайтун майы денедеги омега-6 май кислотасынын омега-3 май кислотасына болгон катышын да бузбай сактайт. Омега-3 жана омега-6 май кислоталарынын денеге белгилүү бир көлөмдө алынышы абдан маанилүү. Себеби бул катыштарда тең салмаксыздык болгондо, жүрөк, иммундук система менен байланыштуу оорулар жана рак да кошо көптөгөн оору пайда болууда. Ушул себептерден улам көп адамдар зайтун майы менен ден-соолугун чыңап келишүүдө. Америка жүрөк коомчулугу жүрөк ооруларынын рискин төмөндөтүү үчүн көп сандагы «моно тойбогон майлар» диетасынын 30% аз майлуу диетага бир альтернатива боло алаарын айтууда.
The Archives of Internal Medicine'де жарык көргөн бир эмгек көп санда «моно тойбогон май» керектеген аялдардын көкүрөк рагына кабылуу рискинин төмөнүрөөк экенин көрсөткөн.40 Нью-Йоркто Буффало университетинин изилдөөчүлөрү жүргүзгөн башка бир изилдөөдө болсо зайтун майы сыяктуу өсүмдүк майларында кездешчү бир май болгон B-ситостериндин простат рагы клеткаларынын пайда болушуна тоскоол болууда көмөкчү болоору айтылган. Изилдөөчүлөр B-ситостерин клеткаларга «бөлүнбө» буйругун берүүчү клетка ичиндеги байланыш системасын күчтөндүрөт, натыйжада, клетка чоңойушу контрольсуз абалга келбестен мурун, ракка тоскоол болууга мүмкүн болот деген жыйынтыкка барышкан.
Оксфорд университетиндеги докторлор тарабынан жасалган акыркы бир изилдөөдө болсо зайтун майынын ичеги рагынан коргоочу өзгөчөлүккө ээ экени аныкталган. Докторлор зайтун майынын ичеги рагынын башталышына тоскоол болуу үчүн ашказандагы кислота менен реакцияга кирээрин аныкташкан. Оксфорд изилдөөчүлөрү, ошондой эле, зайтун майынын өт суюктугун азайтып, DAO (диаминоксидаз аттуу энзим) деңгээлин жогорулатып, анормалдуу клеткалардын көбөйүшүнөн жана рактан коргоочу экенин аныкташкан.41
Изилдөөчүлөрдүн жыйынтыктары боюнча, көп санда зайтун майы жана бышкан жашылча жеген адамдарда тарамыштардагы хроникалык инфекциялык оору болгон ревматизмалык артрит болуу риски төмөндөшү мүмкүн.
Зайтун майындагы E, A, D, жана K витаминдери жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн сөөктөрүнүн өрчүшүнө көмөкчү болуу, кальцийди турукташтырып, сөөктөрдү күчтөндүрүшү жагынан абдан маанилүү. Ошондой эле, улгайгандарга да өзгөчө сунушталууда, себеби сиңиши оңой жана минералдар менен витаминдердин денеде колдонулушуна көмөкчү болот. Мындан тышкары, сөөк минерализациясын (минералдардын сөөктөрдө чөгүшү) кыймылга келтирип, кальций жоготууга тоскоол болот.42 Сөөктөр организмдин минералдык түзүлүшүнүн кампасын түзөт жана сөөктөрдө минерал топтолбосо сөөктүн жумшарышы сыяктуу олуттуу оорулар пайда болот. Бул жагынан зайтун майынын скелет түзүлүшүнө абдан оң пайдасы бар.
Зайтун майындагы витаминдер клетка жаңылоочу өзгөчөлүктөргө ээ болгондуктан, улгайууну дарылоодо да колдонулат, терини азыктандырышат жана коргошот. Азыктар денебизде энергияга айлантылып жатканда, оксидант деп аталган кээ бир заттарды чыгарат. Зайтун майы ичиндеги көп сандагы антиоксидант заты менен зыяндуу заттардын зыянынын алдын алат, клеткаларды жаңылайт, кыртыш жана органдарыбыздын улгайышын кечеңдетет. Ошондой эле, зайтун майы денебизде клеткаларды кыйратуучу, улгайтуучу «эркин радикалдарды» басып туруучу Е витаминине да бай.
Зайтун жана зайтун майы ичиндеги линол кислотасынан (омега-6 май кислотасы) улам жаңы төрөлгөн наристелер, чоңойуп жаткан балдар үчүн абдан пайдалуу бир азык. Линол кислотасынын жетишсиздиги наристенин өрчүшүнүн жайлашына жана бир катар тери ооруларынын пайда болушуна себеп болот.
Зайтун майы денебиздеги зыяндуу заттардын зыянынын алдын алуучу антиоксидант элементтерди жана адам үчүн абдан маанилүү болгон май кислоталарын камтыйт. Булар болсо гормондорго жардам берет жана клетка кабыкчасынын пайда болушуна көмөкчү болушат.
Зайтун майы адамдын сүтүндөгү май кислотасынын катышына окшош, тең салмактуу бир курамга ээ. Адамдын денеси тарабынан өндүрүлө албаган, ошол эле учурда дене үчүн сөзсүз керек болгон мындай негизги май кислоталарга зайтун майы жетиштүү бир булак болот. Бул факторлор зайтун майын жаңы төрөлгөн наристелер үчүн абдан пайдалуу кылууда.
Төрөттөн мурда жана кийин наристе мээсинин жана нерв системасынын табигый өрчүшүнө салым кошкондуктан, адистер тарабынан энелерге бир гана зайтун майы сунушталууда. Эне сүтүнө жакын көлөмдө линол кислотасын камтуу менен бирге майсыз уй сүтүнө зайтун майы кошулганда, эне сүтүндөй табигый бир азык булагына айланат.
Archives of Internal Medicine журналынын 2000-жылдын 27-мартындагы санында жарыяланган бир эмгек зайтун майынын жогорку кан басымын төмөндөтөөрүнө дагы бир жолу басым жасаган. Мындан тышкары, зайтун дарагынын жалбырагынан кан басымын төмөндөтүүчү дарылар жасалууда.
Ысык же муздак болсун, кандай абалда керектелсе да, зайтун майы ашказан кислотасын азайтып, ашказанды гастрит жана ашказан жарасы (язва) сыяктуу оорулардан коргойт. Мындан тышкары, өт суюктугун иштетип, эч кемчиликсиз абалга келишин камсыздайт. Өттүн тазалануу процессин жөнгө салат жана өт ташы рискин азайтат. Ошондой эле, ичиндеги хлор урматында боордун иштешине көмөкчү болот жана натыйжада дененин калдыктардан тазаланышын жеңилдетет. Мындан тышкары, мээ артерияларынын чың болушуна да жардам берет.
Ушундай көптөгөн өзгөчөлүктөрүнөн улам зайтун майы акыркы жылдарда адистердин көңүлүн абдан бурууда. Адистердин жоромолдорунун кээ бирлери төмөнкүдөй:
Ден-соолук жана тамактануу тармагында алдыңкы авторитеттердин бири, CNN'дин сыйлыктуу корреспонденти The Food Pharmacy (Азыктануу фармацевтикасы) жана Food-Your Miracle Medicine (Тамак-аштар – кереметтүү дарыларыңыз) китептеринин автору жана ошол эле учурда эл аралык бир журналист Jean Carper:
Жаңы Италия изилдөөсү зайтун майынын LDL холестеролунун артерияларды тосуп калуу өзгөчөлүгү да кошо кээ бир оору процесстери менен согушкан... антиоксиданттарга ээ экенин аныктаган.
Диетолог жана тамактануу адиси Pat Baird:
Зайтун майынын көп тараптуулугу... анын ден-соолукка болгон пайдасы жөнүндө али биле элек көп нерсе бар.
Гарвард университетинин Элдин ден-соолугу мектебинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Dr. Dimitrios Trichopoulos:
Америкалык аялдар тойгон майлардын ордуна көбүрөөк зайтун майы керектешкенде, көкүрөк рагы рискинде 50%га чейин төмөндөө болушу мүмкүн эле.
... Зайтун майы кээ бир жаман шишик түрлөрүнөн коргоочу таасирге ээ: простатит, көкүрөк, ичеги, шапкалуу клетка жана тамак шишиктери.
Майами университетинин медицина факультетинен D. Peck:
Зайтун майынын чычкандардын иммундук системасын күчтөндүрөөрү аныкталган...
Милан фармацевтика факультетинен Bruno Berra:
... табигый сызма зайтун майынын кичинекей полярдык элементтери LDL'дин кычкылданууга болгон тирешүүсүн маанилүү көлөмдө жогорулатат.
II. Federico университети терапия жана метаболизма оорулары бөлүмүнөн A. A. Rivellese жана G. Riccardi, M. Mancini:
Зайтун майы инсулин каршылыгына тоскоол болот жана кандагы глюкозанын жакшыраак башкарылышын камсыз кылат.
Napoli университетинин медицина жана химия факультетинен Patrizia Galletti:
Зайтун майы полифенолдорунун азык катары алынышы реактивдүү кычкылтек метаболиттер менен байланыштуу оорулардын рискин төмөндөтүшү мүмкүн –ашказан жана ичегилер менен байланыштуу кээ бир оорулар жана сосуддардын тосулуп калышы сыяктуу. Зайтун майы гидрокситирозолду адам эритроциттерин кычкылдануу коркунучунан коргойт.
Гарвард университетинин элдин ден-соолугу мектебинен Frank Sacks:
Зайтун майына бай бир диета ашыкча салмактуулукту башкарууда жана дарылоодо аз майлуу бир диетадан натыйжалуураак. Мындан тышкары, көбүрөөк убакка салмак жоготууга себеп болот жана салмакты башкаруу жеңилирээк...
Байкалгандай, учурда көптөгөн илимпоздор зайтун майына негизделген бир азыктануу моделин эң идеалдуу деп айтышууда. Ушундай өзгөчөлүктөрүнөн улам күнүмдүк тамактануу рационунда дайыма болушу керек болгон эң негизги азыктар катары зайтун жана зайтун майы айтылууда. Аллах көп аятта көңүл бурган зайтун өсүмдүгүнүн пайдалары медицина илиминин өнүгүшү менен бирге аныкталды.
Ал силерге асмандан суу түшүрөт. Ичер сууңар да ошондон, дарак да ошондон. Жана андан (жаныбарларды) сугарасыңар. (Аллах) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Шексиз буларда пикир кылган элдер үчүн аят-далилдер бар. (Нахл Сүрөсү, 10-11)
Биз сенин көкүрөгүңдү ачып-кеңейтпедикпи? Жана жүгүңдү азайтып-алып салбадыкпы? Ал (жүк) сенин белиңди бүккөн эле; Сенин зикириңди (атак-даңкыңды) көтөрбөдүкпү? Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.(Инширах Сүрөсү, 1-6)
Белгилүү болгондой, бүт органдар өмүрүн улантуу жана кызматын аткаруу үчүн кан аркылуу азыктанууга муктаж. Кан жүрөк булчуңубузга болсо «коронер артерия» деп аталган артериялар аркылуу келет. Атеросклероз учурунда бул кан-тамырларда кысылуу жана пробкалар пайда болушу мүмкүн. Бул абал күчөгөндө болсо кандын агымына тоскоол болунат жана жүрөк жетиштүү азыктана албай калат. Бул болсо жүрөктүн өз милдетин аткара албаганын көрсөткөн көкүрөк оорусуна жана жүрөк кризисине себеп болууда.
Жогорудагы аяттарда «Биз сенин көкүрөгүңдү ачып-кеңейтпедикпи» деп которулган «Э лем нешрах леке садреке» сүйлөмү ушундай бир жүрөк оорусуна жана бүгүнкү күндө жасалуучу коронер by-pass операцияларына бир ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) Себеби аяттагы «лем нешрах» сөзү биринчи мааниси боюнча этти жана ушул сыяктуу нерселерди ачуу (жаруу) этишин билдирүүдө. Мындай операцияларда да көкүрөк сөөк узунунан экиге бөлүнүп, ичине кирилүүдө. Жасалган операция натыйжасында кан агымы кайрадан камсыз кылынууда жана көкүрөк оорусу жоголууда. Аяттагы кеңейүү сөзү ушул кан-тамырлардагы кысылуунун жок кылынышына ишарат болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, бул сүрөнүн артынан эле Аллахтын жүрөктүн чың болушуна пайдалуу бир өсүмдүк болгон «зайтунга» ант ичиши да (Тин Сүрөсү, 1) абдан терең мааниге ээ.
Куранда көңүл бурулган кыймыл-аракеттердин бири Аз. Айубка келген бир вахийди баяндаган аяттарда билдирилет:
Пендебиз Айубду да эстегин. Ал: «Шайтан мага оор бир кыйноо жана азап жеткирди окшойт» деп Раббисине кайрылган эле. «Бутуңду кыймылдат. Мына жууна турган жана иче турган муздак (суу» деп вахий кылдык). (Сад Сүрөсү, 41-42)
Аз. Айубка шайтан берген кыйынчылык жана тынчсызданууга карата Аллах билдирген кеңештердин бири – бул «бутун кыймылдатышы». Аяттагы бул сөз кыймылдоонун, спорт менен машыгуунун пайдаларына ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) «Бутуңду кыймылдат, жерди теп» деп которулган «уркуд» сөзү Анбия Сүрөсүнүн 12- жана 13-аяттарында «чуркоо» маанисинде колдонулууда. Бул болсо бул жерде айтылган кыймыл-аракеттин «чуркоо» же «ылдам басуу» маанисинде болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.
Спорт учурунда өзгөчө бут булчуңдары сыяктуу узун булчуңдардын кыймылдатылышы (изометрикалык кыймыл-аракеттер) менен кан айлануу ылдамдайт, клеткаларга баруучу кычкылтек көбөйөт. Натыйжада адамдын чарчоосу жоголот, уулуу заттардын денеден чыгышы натыйжасында болсо адам энергиялуу абалга келет. Ошол эле учурда дене микропторго карата бир топ чыдамкай абалга келет. Үзбөстөн көнүгүү жасап жүргөн адамдардын кан-тамырлары кенен жана таза болот. Бул болсо тамырлардын тосулушунун, жана натыйжада жүрөк ооруларынын алдын алат.50 Мындан тышкары, үзбөстөн, дайыма жасалган көнүгүүлөр кандагы шекердин тең салмактуулугун камсыздап, шекер оорусунун алдын алуучу рол ойнойт. Спорттун боорго болгон оң таасири – бул «жакшы холестерол» деп атоого мүмкүн болгон холестерол көлөмүн жогорулатышы. Ошондой эле, жылаң аяк жерде басуу денеде чогулган туруктуу электрдик зарядды жок кылууда эң мыкты ыкма болуп саналат. Бул ыкма дене үчүн бир зарядды жерге өткөрүү кызматын аткарат.
Мындан тышкары, аятта көңүл бурулгандай, жуунуунун да денедеги статикалык токту чыгарууда эң жакшы ыкма экени белгилүү. Жуунганда денеде чогулган кирден тышкары адамдын үстүндөгү капалануу жана кыйынчылык да азайат. Ошондуктан, жуунуу стресс жана температура оорулары кошо көптөгөн физикалык жана психологиялык ооруларды айыктыруучу таасирге ээ.
Аятта жуунуудан тышкары суу ичүү да сунушталган. Суунун дененин ар бир органына болгон пайдалары абдан көп. Тер бездери, ашказан, ичегилер, бөйрөктөр, тери жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн органдын чың болушу суунун жетиштүү көлөмдө ичилишинен көз-каранды. Бул багытта кандайдыр бир оору же кыйынчылыкты да кайра эле суу ичүү менен кетирүүгө болот. Чарчоону жана уйкусуроону жоюу үчүн да денедеги суунун көлөмүн жогорулатып, натыйжада уулуу заттардан тазалануу керек болот.
Ар бири дене жана рухубуздун чың болушу үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон бул кеңештердин чогуу жасалышы болсо эң идеалдуу натыйжаны берет. Бул кеңештердин баары Аллахтын «Куранда ыймандуулар үчүн шыпаа жана рахмат (мээрим) болгон нерселерди түшүрүүдөбүз...» (Исра Сүрөсү, 82) аятынын бир көрүнүшү.
Sizin için gökten su indiren O'dur; |
Жерде өскөндөрдөн, алардын напсилеринен жана али билбеген канча нерселерден бардык жуптарды жараткан (Аллах абдан) Улук. (Йасин Сүрөсү, 36)
... дагы силер билбеген эмнелерди жаратууда? (Нахл Сүрөсү, 8)
Бул аяттарда Куран түшүрүлгөн учурда адамдар билбеген жашоо түрлөрүнүн бар экенине ишарат кылынууда. Микроскоптун табылышы менен бирге адамдын көзүнө көрүнбөгөн кичинекей жаңы жандыктар аныкталган. Ушундайча Куранда көңүл бурулган мындай жандыктардын бар экени жөнүндө адамдар маалыматка ээ боло башташты. Куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон жана көбүнчө бир гана клеткадан турган микро жандыктардын бар экенине ишарат кылган башка аяттар болсо төмөнкүлөр:
... Асмандарда жана жерде кыпындай (атомдой) оордуктагы эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).» (Себе Сүрөсү, 3)
... Жерде жана асманда кыпындай (атом салмагында) болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)
Жер бетинин бүт тарабына таркаган мындай жашыруун дүйнөнүн мүчөлөрү, т.а. микроорганизмдер жер бетиндеги жаныбарлардан 20 эсе көп. Көзгө көрүнбөгөн кичинекей мындай микроорганизмдер тобу бактериялар, вирустар, козу карындар, суу балырлары жана мителерден турат. Бул микро жандыктар жер бетиндеги жашоо тең салмактуулугунун маанилүү бир элементи. Мисалы, жер бетинде жашоонун пайда болушун камсыздаган негизги элементтердин бири болгон азоттун айланышы бактериялар тарабынан камсыз кылынат. Өсүмдүктөрдүн топурактагы минералдарды ала алышын камсыз кылган эң маанилүү элемент болсо – бул тамыр козу карындары. Салат же эт сыяктуу нитраты бар азыктардан ууланып калышыбыздан болсо тилибиздеги бактериялар коргойт. Ошол эле учурда кээ бир бактериялар жана балырлар дүйнөдө жандуулуктун бар болушунун негизги элементи болгон фотосинтез кыла алуу жөндөмүнө ээ жана бул кызматты өсүмдүктөр менен бөлүшүшөт. Кээ бир мите түрлөрү органикалык заттарды майдалап, азыктарды өсүмдүктөр колдоно ала турган абалга айланта алышат. Байкалгандай, биз технологиялык аспаптар менен гана алар жөнүндө маалымат ала алган бул кичинекей жандыктар адамдын жашоосу үчүн орду толгус мааниге ээ.
Куранда кылымдар мурда биздин көзүбүзгө көрүнгөн ааламдардан башка да жандыктар бар экенине көңүл бурулган болушу – бул албетте Курандын дагы бир керемети. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Mikrodünya Mucizesi (Микродүйнө керемети), Araştırma Yayıncılık)
Жер бетиндеги жандык жана эки канаты менен учкан канаттуулардын бүт баары силер сыяктуу үммөттөр... (Энъам Сүрөсү, 38)
Учурда жаныбар жана канаттууларга жасалган байкоолор натыйжасында бардык жаныбарлардын жана канаттуулардын өзүнчө коомдор абалында жашашаары аныкталды. Көпкө созулган, кеңири масштабдуу изилдөөлөр натыйжасында жаныбарлар жөнүндө алынган маалыматтар жаныбарлар арасында абдан системалуу бир социалдык түзүлүштүн бар экенин аныктады.
Мисалы, коомдук жашоосу менен илимпоздорду таң калтырган бал аарылар колониялар абалында дарак коңулдарында же ошол сыяктуу жерлерде өздөрүнө уюк жасашат. Бир аары колониясы бир ханыша, бир канча жүз эркек жана 10-80 миң жумушчу аарыдан турат. Мурда да айтылгандай, аары колонияларынын ар биринде бир гана ханыша болот жана ханышанын негизги кызматы – бул жумурткалоо. Мындан тышкары, колониянын биримдигин жана уюктагы системанын иштешин камсыз кылуучу маанилүү заттарды да чыгарат. Эркектердин болсо жалгыз кызматы – бул ханышаны төлдөтүү (уруктандыруу). Уюкту жасоо, азык чогултуу, аары сүтүн өндүрүү, уюктун жылуулугун жөнгө салуу, тазалык, коргонуу сыяктуу акылга келген бардык иштерди болсо жумушчу аарылар жасашат. Аары уюгундагы жашоонун ар бир баскычында бир система бар. Личинкаларды кароодон баштап уюктун жалпы муктаждыктарын камсыз кылууга чейинки бүт иштер эч кемчиликсиз жасалат.
Кумурскалар да дүйнөнүн эң көп калкына ээ болушканына карабастан, технология, коллективдик иштөө, аскердик стратегия, өнүккөн байланыш тармагы, иерархиялык система, дисциплина, кемчиликсиз бир шаар пландоо сыяктуу көптөгөн тармакта адамдарга мисал боло тургандай бир тартипти көрсөтүшөт. «Колониялар» деп аталган коомдор абалында жашаган кумурскалар ушунчалык өнүккөн бир тартипте болушкандыктан, бул жагынан адамдардыкына окшош бир цивилизацияга ээ деп айтууга болот.
Кумурскалар азыктарын өндүрүп кампалашат, балдарын кайтарышат, колонияларын коргошот жана согушушат. Ал тургай, «тигүүчүлүк» кылышып, «айыл-чарба» менен алектенген, «айбан баккан» колониялар да бар. Араларында абдан күчтүү бир байланыш тармагы бар болгон бул жандыктар коомдук уюшуу жана адистешүү жагынан караганда, эч бир жаныбарга салыштырууга мүмкүн болбогондой жогору. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз Harun Yahya, Karınca Mucizesi (Кумурска керемети), Araştırma Yayıncılık)
Топ-топ болуп жашаган жандыктар системалуу жашоо менен бирге коркунучтарга да чогуу каршы турушат. Мисалы, кичинекей канаттуулар бүркүт же бай уулу сыяктуу жырткыч канаттуулар алардын аймагына киргенде, чогуулап бул жандыктарды орошот. Ошол эле учурда айланадагы башка канаттууларды да аймакка чакыруу үчүн атайын бир үн чыгарышат. Кичинекей канаттуулардын чогуулап кол салышы жырткыч канаттууларды көбүнчө ал аймактан качууга мажбур кылат.
Топ болуп учкан бир канаттуу үйүрү да ошол сыяктуу бардык үйүр мүчөлөрү үчүн калкан болот. Мисалы, үйүр болуп учкан чыйырчыктар араларында кенен бир аралык калтырып учушат. Бирок бир бүркүт көрүшкөндө, араларындагы боштукту жабышат. Натыйжада бүркүттүн үйүрдүн арасына киришин оор кылышат, бүркүт кол салса да канаттарын майып кылып алат жана аңчылык кыла албайт.53 Сүт эмүүчү жаныбарлар да үйүрлөрүнө бир кол салуу болгондо, чогуу аракет кылышат. Мисалы, зебралар душмандарынан качып баратышып, балдарын үйүрдүн ортосуна алышат. Дельфиндер болсо дайыма топ-топ болуп жүрүшөт жана эң чоң душмандары болгон акулалардан тобу менен коргонушат.
Жаныбарлардын коомдук жашоосу жөнүндө сансыз мисал жана көптөгөн детальдарды айтып берүүгө болот. Жаныбарлар жөнүндө алынган бул маалыматтар көп жылдар бою жасалган терең изилдөөлөр натыйжасында алынган. Байкалгандай, башка тармактардагы сыяктуу эле жаныбарлар жөнүндө Куранда берилген маалыматтар да анын Аллахтын сөзү экенин көрсөтүүдө.
Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. (Нахл сүрөсү, 66)
Чындыгында жаныбарларда да силер үчүн бир сабак (насаат) бар; курсактарынын ичиндегилерден силерге ичирүүдөбүз жана аларда силер үчүн дагы көптөгөн пайдалар бар. Силер аларды жейсиңер. Алардын үстүндө жана кемелерде жол жүрөсүңөр. (Мүминун Сүрөсү, 21-22)
Учурда көптөгөн илимпоз жана изилдөө-өнүктүрүү (R&D) адиси долбоорун баштоодон мурда мунун жаныбарлардагы өрнөктөрүн изилдөөдө жана алардагы система жана долбоорлорду тууроодо. Башкача айтканда, илимпоздор Аллах табиятта жараткан долбоорлорду көрүп изилдешүүдө жана алардан илхам алышып, жаңы технологияларды иштеп чыгышууда.
Бул жаңы бир илим тармагын пайда кылды: «биомиметика». «Табияттагы жандууларды тууроо» маанисине келген бул илим тармагы өзгөчө акыркы убактарда технология дүйнөсүндө кеңири таркады. Куранда Мүминун Сүрөсүнүн 21-аятында жана Нахл Сүрөсүнүн 66-аятында «сабак алуу, маани, маанилүү нерсе, өрнөк» маанилерине келген «ибретен» сөзүнүн колдонулушу бул жагынан абдан терең мааниге ээ.
Биомиметика – бул адамдар табияттагы системаларды туурап жасаган буюмдардын, аспаптардын, механизм жана системалардын баарын камтыган бир термин. Табияттагы долбоорлор өрнөк алынып жасалган аспаптарга өзгөчө нанотехнология, робот технологиясы, жасалма мээ (AI), медицина индустриясы жана аскердик жабдыктар сыяктуу тармактарда колдонулуу үчүн муктаждык болууда.
Биомиметика (биомимикрия) – алгачкы жолу Монтаналык бир автор жана илим изилдөөчү Жанин М. Бенюз (Janine M. Benyus) тарабынан чыгарылган бир түшүнүк. Кыргызча «био-тууроо» маанисине келген бул түшүнүк буга чейин көп адамдар тарабынан жоромолдонуп, ишке ашырылды. Биомиметика жөнүндө жасалган жоромолдордун бири төмөнкүдөй:
Биомимикрия табияттан модел, критерий жана акыл катары өрнөк ала турган көп нерсебиз бар экенин көрсөтөт. Мындай изилдөөлөрдүн орток чекити – бул табияттагы долбоорлорго урмат көрсөтүшү жана адамдардын кабылган көйгөйлөрдү чечүүдө буларды колдонуп илхам алышы.
Продукттун сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда табияттан пайдаланган фирмалардын бири болгон Интерфейстин продукт стратеги Давид Оаклей (David Oakley) биомиметика жөнүндө мындай дейт:
Табият менин жумуш жана долбоор темаларында акыл мугалимим, жашоо стилим үчүн бир модел. Табияттын системасы миллиондогон жылдан бери иштөөдө... Биотууроо табияттан үйрөнүүнүн бир жолу.
Акыркы жылдары илимпоздор ылдам тараган бул көз-карашты кабыл алышты; алдыларындагы теңдешсиз жана кемчиликсиз моделдерди өрнөк алышып, иштерине ылдамдык кошушту. Табияттагы долбоорлор эң аз каражат жана энергия менен эң көп натыйжа алышы, өзүн-өзү оңдоо өзгөчөлүгү, кайра иштетүүгө мүмкүн болгон жана табият-досу болушу, үнсүз тынч иштеши, кооз, чыдамкай жана узун өмүрлүү болушу жагынан технологиялык эмгектерге өрнөк болушат. High Country News аттуу бир гезитте биомиметикага илимий бир кыймыл катары аныктама берилген жана мындай бир жоромол жасалган:
Табигый системаларды модел алып, учурда биз колдонуп жатканыбыздан бир топ узун мөөнөттүү технологияларды жасоого болот.
Табиятта көргөн кемчиликсиз системалар жөнүндө ойлонуп, табияттагы моделдерди тууроо керек деп ойлогон Жанин М. Бенюз Biomimicry (Биомимикрия) аттуу китебинде берген мисалдарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:
◉ Аары жегич канаттуунун 10 граммдан аз бир күйүүчү май менен Мексика Корфезунан өтө алышы,
◉ Ийнеликтердин эң мыкты вертолеттордон да жакшыраак маневр жасай алышы,
◉ Термит мунараларында жайгашкан температураны жөнгө салуу жана желдетүү системаларынын каражат жана энергия колдонушу жагынан адамдардын жасагандарынан жакшы болушу,
◉ Жарганаттын көп-жыштыктуу кабар жөнөтүүчүсүнүн адамдар жасаган радарлардан ийгиликтүү жана сезгичирээк иштеши,
◉ Жарык чыгарган балырлардын дене чырактарын күйгүзүү үчүн ар кандай химикаттарды бириктириши,
◉ Уюл балыктары жана бакалардын тоңгондон кийин кайрадан жашоого кайтуулары жана органдарынын муздан жабыркабашы,
◉ Хамелеондун жана сыя балыгынын жашаган чөйрөлөрүнө толук окшош абалга келе турган негизде терилеринин өңдөрүн, «саймаларын» заматта өзгөртүшү,
◉ Аарылардын, ташбакалардын жана чымчыктардын колдорунда карталары болбостон, алыс жолго сапар кылуулары,
◉ Киттердин жана пингвиндердин кычкылтек түтүгүн колдонбостон сууга чөмүлүүлөрү.
Бул жерде бир канча гана мисалы берилген табияттагы таң калтырган ушул сыяктуу механизм жана долбоорлор технологиянын көптөгөн тармагын байытуу потенциалына ээ. Маалыматыбыздын көбөйүшү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен бирге бул потенциал күн сайын улам жакшыраак көрүнүүдө.
Жаныбарлардын ар бири адамдарды таң калтырган көптөгөн жаратылуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Кээ бирлери сууда кыймылдоосун камсыз кылуучу эң идеалдуу формага (гидродинамикага) ээ болсо, кээ бирлери биз үчүн абдан жат болгон сезүү органдарын колдонушат. Булардын көпчүлүгү адамдар алгачкы жолу көргөн, тагыраак айтканда, эми байкаган өзгөчөлүктөр. Кээде бир жандыктын бир эле өзгөчөлүгүн тууроо үчүн компьютер, механика, электроника, математика, физика, химия жана биология сыяктуу илим тармактарынын алдыңкы илимпоздорунун чогулушу керек болууда.
Илимпоздор күн сайын табиятта байкаган теңдешсиз түзүлүштөр жана системалар алдында айраң калышууда жана буларга болгон таң калууларын адамзаттын пайдасына жаңы технологияларды өндүрүү үчүн колдонуу аркылуу көрсөтүшүүдө. Табияттагы кемчиликсиз системалардын, колдонулган кереметтүү ыкмалардын илимпоздордун илими жана акылынан бир топ жогору экенин, көйгөйлөргө теңдешсиз чечүү жолдорду сунганын түшүнгөн илимпоздор эми жылдар бою алектенип чече албаган көп темада табияттагы долбоорлордон жардам алышууда. Мунун натыйжасында кыска мөөнөттө ийгиликтүү натыйжаларга жетүү мүмкүн болууда. Мындан тышкары, табиятты тууроо менен илимпоздор убакыт, эмгек күчү жана ошондой эле материалдык булактарды натыйжалуу пайдалануу жагынан маанилүү ийгиликтерге жетишүүдө
Учурда өнүккөн технологиянын жаратылуу кереметтерин бир-бирден ачып көрсөтүп жатканын жана «биомиметика» илиминдеги сыяктуу жандыктардагы кереметтүү долбоорлорду өрнөк алып адамзатка кызмат кылып жатканын көрүүдөбүз. Жанин М. Бенюз да табиятты туурасак, тамак-аш жана энергия өндүрүшү, маалымат жыйноо, саламаттыкты сактоо сыяктуу көп тармактарда өзүбүздү оңой гана өнүктүрө алаарыбызды айткан. Бул темаларды колго алган көптөгөн илимий макалалардын бир канчасы төмөнкүлөр:
Илим табиятты тууроодо
Жашоонун долбоордогу сабактары
Биомимикрия: көз алдыбызда жашырылган сырлар
Биомимикрия: табият илхам берген ачылыштар
Биомимикрия: бизди курчаган жогорку талант
Биомиметика: табияттан жакшы дизайндар чыгаруу
Биомиметика: табияттагы долбоорлордон материалдарды жасоо
Инженерлер долбоор үчүн табияттан өрнөк алышууда
19-кылымда табиятты тууроо бир гана кооздук чөйрөсүндө жасалчу. Ошол доордун сүрөтчү жана архитекторлору табияттагы кооздуктардан таасирленип, жасаган эмгектеринде бул түзүлүштөрдүн сырткы көрүнүштөрүн өрнөк алышкан эле. Бирок табияттагы долбоорлордун кереметтүүлүгү жана аларды тууроо адамдарга пайда алып келээри табияттагы механизмдердин молекулярдык деңгээлде изилденип башташы менен гана -20-кылымда- башталган. Учурда илимпоздор жана изилдөөчүлөр, Куранда болжол менен 1400 жыл мурда билдирилгендей, жандыктардан «сабак (өрнөк)» алышууда. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Харун Яхья - Аднан Октар, Биомиметика, технология табиятты өрнөк алууда).
Көздөрү «басмырлангандан жана коркуудан жер карап», «жайылган» чегирткелер сыяктуу кабырларынан чыгышат. (Камер Сүрөсү, 7)
Бул аятта ыйман кылбагандардын акыреттеги абалдары сүрөттөлүүдө. Жашап өткөн бардык миллиарддаган адамдардын тобу менен тирилиши жайылган чегирткелерге окшотулууда. Албетте, Аллахтын бул мисалды беришинин көп терең маанилери бар.
20-кылымда чегирткелерге микро камералар менен жасалган терең изилдөөлөр учурунда көп маалыматтар алынган. Чегиртке топтору абдан коюу, жыш болушат, бирок бир дене сыяктуу кыймылдашат. Миллиарддаган чегиртке чогулушуп, узундугу жана туурасы киллометрлерге созулган капкара бир жамгыр булуту сыяктуу болуп калышат. Бул топтордун кээ бирлеринин туурасынын 3-5 киллометр жана тереңдигинин бир канча метрге чейин жетээри аныкталган. Чегиртке топтору мынчалык жыштыктан улам абанын карарып булут баскан сыяктуу көрүнүшүнө себеп болушат.66
Бул жандыктар жөнүндө алынган дагы бир маалымат болсо – бул алардын жумурткаларын топурактын ичине урук сыяктуу жайгаштырышы жана чегиртке личинкаларынын бир топ мөөнөт жердин астында жаткан соң жер бетине тобу менен чыгышы. Ургаачы чегирткелер топурактын астына 10-15 сантиметрлик бир туннель казган соң бир жолкуда 95-158 личинка ташташат. Бир чегиртке бул процессти болжол менен үч жолу кайталайт. Личинкалар жетилгенде –абанын температурасына жараша 10-65 күн ичинде- чогуу жердин астынан чыгышат. 1 м2'тык бир аянтта 1000 жумуртка чуңкуру болушу мүмкүн. Чегиртке топтору бир канча жүз км2'тык аянтты каптай турганчалык көп. Бир км2ка туура келген чегиртке саны болсо 40-80 миллионго чейин болот. Чегирткелердин жердин астында болушу, бир топ убакыт бою ал жерде жаткан соң тобу менен жана абдан жыш абалда жер бетине чыгышы кыямат күнү адамдардын тирилишине окшош көрүнүштө болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)
Учурда чегирткелерди изилдөө үчүн атайын бөлүмдөр курулган жана бул изилдөөлөрдүн кээ бирлеринде алыстан башкарылуучу камера системалары колдонулууда. Ал тургай НАСАнын спутниктик маалыматтары да Африкада чөл чегиртке топтору жашаган аймактарды аныктоо максатында колдонулууда. Спутник маалыматтары жардамында 18 миллион км2'тык аянттарда жерден жана абадан терең изилдөөлөрдү жасоо мүмкүн болууда.
Байкалгандай, чегирткелер жөнүндө мындай маалыматтарды алуу үчүн колдонулган бул технологиялар жок бир доордо мындай бир окшоштуруунун жасалышы Курандын бүт нерсени билген Аллахтын вахийи экендигинин далилдеринин бири.
Куранда Аз. Сулаймандын аскерлери жөнүндө айтылып жатып, кумурскалар арасында бир «байланыш системасынын бар экенине ишарат кылынууда:
Анан кумурска өрөөнүнө келишкенде, бир ургаачы кумурска: «Эй кумурска коому, уяларыңарга киргиле, Сулайман менен ордолору (аскерлери) байкабастан силерди эзип кетпесин» деди. (Немл Сүрөсү, 18)
20-кылымда кумурскаларга жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр бул кичинекей жандыктардын абдан уюшумдуу бир коомдук жашоосу бар экенин жана мындай уюшумдуулуктун бир талабы катары өз ара абдан комплекстүү бир байланыш тармагына ээ экенин аныктаган. National Geographic журналында жарык көргөн бир макалада бул жөнүндө мындайча айтылат:
Чоң же кичине кандайдыр бир кумурска башындагы татаал сезүү органдары аркылуу миллиондогон, ал тургай андан да көп химиялык жана көрүү сигналдарын кармайт. Мээ 500000 нерв клеткасын камтыйт; көздөр бириккен; антеналар адамдагы мурун жана манжа учу сыяктуу кыймылдайт. Ооздун астындагы проекциялар даамды кабылдайт, кылдар тийүүгө жооп берет.
Биз байкабасак да, кумурскалар назик сезүү органдары жардамында абдан көп түрдүү байланыш ыкмаларын колдонушат. Олжосун табуудан бири-бирин ээрчүүгө, уяларын куруудан согушууга чейин жашоолорунун ар бир көз ирмеминде бул сезүү органдарынан пайдаланышат. 2-3 миллиметр квадраттык денелеринин ичине батырылган 500000 нерв клеткалары менен адамдарды таң калтыра турган бир байланыш системасына ээ.
Бул жандыктардын байланыштарындагы реакциялар белгилүү категорияларга бөлүнгөн: сигнал берүү, чогулуу, азыктын ордун кабар берүү, тазалануу, суюк азык алмашуусу, топтошуу, таануу, максат аныктоо...
Системалуу бир коомду түзгөн кумурскалардын бул реакциялар аркылуу бири-бирине кабар жөнөтүү системасына таянган бир жашоолору бар. Кумурскалар маалымат алып-берүүдө кээде адамдар сүйлөшүп чече албаган багыттарда (чогулуу, бөлүшүү, тазалык, коргонуу сыяктуу) бир топ жакшы байланыш курушат.
Кумурскалар көбүнчө химиялык бир байланыш курушат. Кумурскалар байланыш куруу максатында колдонгон химиялык заттар – бул жарым-химикаттар (semiochemicals) катары белгилүү болгон «феромендер». Жыт катары кабылданган жана ички бездер тарабынан чыгарылган бир суюктук болгон «феромендер» кумурска топторунун уюшуусунда эң маанилүү ролду аткарат. Бир кумурска сигнал катары бул суюктукту чыгарганда, башкалары жыт же даам сезүү органы аркылуу кабарды алышат жана жооп беришет. Кумурска феромендери жөнүндө жасалган изилдөөлөр бардык сигналдардын кумурска тобунун муктаждыктарына жараша чыгарылаарын аныктаган. Ошондой эле, кумурскалар чыгарган феромендин көлөмү абалдын канчалык зарыл экенине жараша өзгөрүүдө.
Байкалгандай, кумурскалар кылган иштерди кыла алуу үчүн терең бир химия илимине муктаждык бар. 14 кылым мурда, кумурскалар жөнүндө мынчалык терең маалымат болбогон бир доордо, кумурскалардын байланыш системасына көңүл бурулушу Курандын илимий кереметтеринин бири. (Тереңирээк маалымат үчүн караңыз. Harun Yahya, Karınca Mucizesi (Кумурска керемети), Araştırma Yayıncılık)
Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүктөн чыгарат, өлүктү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? (Энъам Сүрөсү, 95)
Бул аятта Куран түшүрүлгөн доордо билүү мүмкүн болбогон бир азык айлануусуна көңүл бурулган.
Бир жандык өлгөндө, микроорганизмдер аны абдан бат майдалашат. Натыйжада өлүү дене органикалык молекулаларга айланган болот. Бул молекулалар топуракка аралашып, өсүмдүк жана жаныбарлардын, жана натыйжада адамдардын негизги азык булагы болот. Эгер мындай айлануу болбосо, жашоо да мүмкүн болбой калмак.
Бактериялар болсо жандыктардын муктаждыгы болгон минерал жана азыктарды даярдоо милдетин аткарышат. Кыш бою дээрлик өлүк абалда болгон өсүмдүк жана кээ бир жаныбарлар жазында кайрадан жанданып жатканда муктаж болгон бардык азык жана минералдар кышындагы бактериялардын иш-аракеттери менен камсыз кылынат. Кыш бою бактериялар органикалык калдыктарды, б.а. жаныбар жана өсүмдүк өлүктөрүн майдалап, минералдарга айландырышат.71 Натыйжада жандыктар жазында ойгонушканда азыктары даяр болгон болот. Бактериялар урматында бир тараптан алар жашаган чөйрөдө бир «жаз тазалыгы» жасалган болсо, экинчи тараптан жазда кайрадан жанданган табият үчүн жетиштүү көлөмдө азык даярдалган болот.
Байкалгандай, өлгөн жандыктар жаңы жандыктардын жашашында биринчи даражадагы ролго ээ. Ошентип Аллах аятта «тирүүнү өлүктөн чыгарат, өлүктү болсо тирүүдөн чыгарат» сүйлөмү менен көңүл бурган бул айлануу эч кемчиликсиз ишке ашкан болот. Куранда мынчалык детальдуу бир маалыматка кылымдар мурда көңүл бурулушу – Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин бири.
1. Ölen bitki ve hayvanlar |
Şemada canlandırıldığı gibi ölen bitki ve hayvanlar bakteriler tarafından ayrıştırılarak minerallere dönüştürülürler. Toprağa karışan bu organik artıklar da bitkilerin temel besin kaynağını oluştururlar. Dolayısıyla bu besin döngüsü tüm canlılar için hayati önem taşımaktadır. |
Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик). (Кехф Сүрөсү, 11)
Бул аяттагы «кулактарына урдук» сөзүнүн Арапчасы «дарабе» этиши. Арап тилинде бул этиш өтмө мааниде «аларды уктаттык» маанисине келет. Ошондой эле, «дарабе» сөзү кулак менен бирге колдонулганда, «кулактын угушуна тоскоол болуу» маанисине да келет. Аятта уйку жөнүндө бир гана угуу сезимине көңүл бурулушу болсо негизи абдан маанилүү бир маалыматты камтууда.
Илимпоздордун аныктоолору боюнча адам уктап жатканда активдүү абалда болгон жалгыз орган – бул кулак. Ойгонуу үчүн сааттын коңгуроосуна муктаж болгонубуздун себеби да ушул. Аллах Кехф адамдары жөнүндө колдонгон «кулактарына урдук» сөзүнүн мааниси болсо бул жаштардын угуу сезимдеринин жабылганына жана ушул себептен узак жылдар бою ойгонбостон уктаганына ишарат болушу ыктымал.
Сен аларды ойгоо деп ойлойсуң, бирок алар (терең уйкуда) уктап жатышат. Биз аларды оң тарапка жана сол тарапка айлантып турдук. Иттери болсо эки колун сунуп жаткан. Аларды көргөнүңдө, алардан артка бурулуп качмаксың, алардан ичиңди коркуу каптамак. (Кехф Сүрөсү, 18)
YБул аятта жүздөгөн жылдар бою уктаган Кехф адамдарынан сөз кылынууда. Ошондой эле, Аллах бул аятта бул адамдардын денелерин оң жана сол тараптарга айлантканын билдирүүдө. Мунун мааниси болсо жакында гана аныкталды.
Көп убакыт бою бирдей абалда жаткан адамдар олуттуу ден-соолук проблемаларына кабылышат: кан айлануусунда кыйынчылыктардын пайда болушу, териде жаралардын пайда болушу, жерге тийген тараптарда кандын уюшу сыяктуу...
Көп убакыт бою бир тарабы менен жатканда пайда болгон жаралар «басым жаралары» деп да аталат. Себеби көп убакыт бою бир тарап менен жатканда, дененин бир тарабына болгон тынымсыз басым кан-тамырлардын кысылып жабылышына себеп болушу мүмкүн. Мунун натыйжасында кан аркылуу алып жүрүлгөн кычкылтек жана башка азыктар териге жете албайт жана тери өлүп баштайт. Бул абал денеде жаралардын пайда болушуна себеп болот. Эгер бул жаралар дарыланбаса, теринин катмарлары, май жана булчуң кыртыштары да өлүшү мүмкүн.
Теринин же кыртыштын астында пайда болгон мындай жаралар дарыланбаса же инфекцияга кабылышса, ырбап кетиши мүмкүн, ал тургай өмүрдү коркунучка салышы ыктымал. Ушул себептен териге болгон басымды азайтуу үчүн 15 мүнөттө бир жатуу позициясын өзгөртүү эң туура болот. Өз алдынча кыймылдай албаган мунжу оорулуулар да ушул себептен атайын бир кароого алынышат жана 2 саатта бир башка адамдын жардамы менен кыймылдатып турулат. Жогорудагы аятта ушул кылымда аныкталган бул медициналык маалыматтарга көңүл бурулушу – албетте, Курандын дагы бир керемети.
... Түндү бир сүкун (эс алуу), күн жана айды бир эсеп менен кылды... (Энъам Сүрөсү, 96)
Бул аяттагы Арапча «секенен» сөзү «тынчтык, эс алууга өтүү убагы, эс алуу убагы» маанилерине келет. Аллах Куранда көңүл бургандай, түн адамдар үчүн эс алуу убагы. Түнкүсүн денеде чыгарылган мелатонин гормону адамды уйкуга даярдайт. Бул гормон адамдын физикалык кыймылын жайлатуучу, уйкусуратып, чарчаңкы кылуучу; маанайын бейпил кылуучу табигый бир тынчтандыргыч. Уйку бою жүрөк согушу жана дем алуу ритми жай абалда болуп, кан басымы төмөндөйт. Эрте менен болсо бул гормондун өндүрүшү токтойт жана дене ойгонууга стимул кылынат.
Уйку ошол эле учурда денедеги булчуңдардын жана башка кыртыштардын оңдолушуна, улгайган же өлгөн клеткалардын жаңыланышына да мүмкүнчүлүк берет. Уйку учурунда энергия коротуу азайгандыктан, түнү бою денеде энергия кампаланат. Мындан тышкары, иммундук система үчүн маанилүү кээ бир химикаттар жана чоңойуу гормону да уйку учурунда чыгарылат.
Ошондуктан адам жетиштүү уктабаганда, мындан иммундук системасы ылдам таасирленет жана дене ооруларга туруксуз абалга келет. Бир адам эки түн уктабаганда концентрациясы оордойт, көңүл бурушу төмөндөп, ката кетириши көбөйөт. Бир адам үч күн уктабаса, галюцинация көрүп баштайт жана логикалуу ойлоно албас абалга келет.79
Түн адамдар сыяктуу эле башка жандыктар үчүн да бир эс алуу учуру. Аллах «түндүн бир тынчтык кылынышы» аяты аркылуу билдирген бул абал куралсыз көз менен мүмкүн болбогон маанилүү бир чындыкка ишарат кылат: жер бетинде күндүз ишке ашкан көп кыймыл-аракеттер түнү бою жайлап, эс алууга өтөт. Мисалы, өсүмдүктөрдө күндүн чыгышы менен бирге жалбыракта тердөө жана ушуга байланышта фотосинтез жогорулап баштайт. Түштөн кийин болсо бул процесс тескери жүрөт; б.а. фотосинтез жайлайт, дем алуу көбөйөт, себеби абанын температурасынын көтөрүлүшү менен бирге тердөө да ылдамдайт. Түнкүсүн болсо температуранын төмөндөшү менен бирге тердөө жайлайт жана өсүмдүк бейпил абалга келет. Эгер түн бир күн гана болбой койсо, өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү өлүп калмак. Демек түн адамдар сыяктуу эле өсүмдүктөр үчүн да эс алуу жана күчтөнүү маанисине келет.
Түндөлөрү молекулярдык деңгээлде да кыймылдуулук азайат. Күндүздөрү күн тараткан радиация жердин атмосферасындагы атом жана молекулаларды кыймылга келтирип, алардын жогорураак энергия деңгээлине жетишине себеп болот. Караңгы болгондо болсо, атом жана молекулалар төмөнүрөөк энергия деңгээлине түшүшөт жана радиация чыгарып башташат.
Куранда Энъам Сүрөсүнүн 96-аяты менен жогоруда биз сөз кылган ушундай илимий маалыматтарга ишарат кылынып жаткан болушу ыктымал жана бул да Курандын сансыз кереметтеринин бири. (Эң туурасын Аллах билет.)
Адам жашай алуу үчүн кычкылтек жана аба басымына муктаж. Дем алуубуз болсо абадагы кычкылтектин өпкөлөрүбүздөгү аба чөйчөктөрүнө кириши менен мүмкүн болот. Бирок жогору көтөрүлгөн сайын жердин атмосферасы ичкергендиктен, атмосфера басымы, жана натыйжада кан басымына кирген кычкылтектин саны азайат. Мунун натыйжасында дем алуу оордойт. Өпкөнүн аба чөйчөктөрү кысылып, көкүрөктө муунуп жаткан жана аба жетпеген сыяктуу бир сезим пайда болот.
Эгер кандагы кычкылтек дененин муктаждыгынан аз болсо, денеде бир катар кыйынчылыктар пайда болот. Ашыкча чарчоо, баш оору, баштын айланышы, ашказандын кыйналышы жана ой жүгүртүүнүн начарлашы сыяктуу белгилер пайда болот. Белгилүү бир бийиктикке жеткенде болсо адам үчүн дем алуу мүмкүн эмес абалга келет. Ошондуктан биз мындай бийиктикте жашай алуу үчүн кычкылтек колдоосуна жана атайын кийимдерге муктаж болобуз.
Деңиз деңгээлинен 5000-7500 метр бийиктиктеги бир адам дем алуунун оордугу себебинен эстен танып, комага кириши мүмкүн. Ошондуктан учактарда дем алуу үчүн кычкылтек жабдыгы да бар. Учактар деңиз деңгээлинен 9000-10000 метр бийиктикте учуп баратканда кабинада аба басымын жөнгө салуучу атайын системалар бар.
«Аноксия» деп аталган оору да дене кыртыштарына кычкылтектин жетпей калышынан келип чыгат. Мындай кычкылтек жетишпестиги 3000-4500 метр бийиктикте пайда болот. Кээ бир адамдар мындай чөйрөдө эс-учун жоготушу да мүмкүн, бирок ылдам кычкылтек берилсе, аларды өлүмдөн алып калууга болот.
Төмөндөгү аяттагы окшоштурууда бул физикалык чындыкка –бийиктиктин өсүшү менен бирге көкүрөктө пайда болгон өзгөрүүгө- мындайча ишарат кылынууда:
Аллах кимди хидаятка (туура жолго) жеткиргиси келсе, анын көкүрөгүн Исламга ачат; кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткандай тар жана машакаттуу кылат. Аллах ыйман келтирбегендердин үстүнө мына ушундай жамандыкты түшүрөт. (Энъам Сүрөсү, 125)
111. http://www.ridgesandfurrows.homestead.com/fingerprint.html
112. http://www.ridgesandfurrows.homestead.com/fingerprint.html
113. http://www.optel.com.pl/article/english/article2.htm; A. A. Moenssnens, "Fingerprint Techniques", Chilton Company, 1971.
114. Hayvanlar Ansiklopedisi-Böcekler, Phoesbus Publishing Company, İstanbul, 1979, s. 97.
115. Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, ss. 68-69.
116. http://www.newswise.com/articles/2000/8/HEALER.
NHB.html; National Honey Board, 1 Ağustos 2000.
117. http://www.nutritionfarm.com/health_news/1998/antioxidants4.htm; Journal of Apicultural Research, 1998, c. 37, ss. 221-225; http://www.sciencenews.org/sn_arc98/9_12_98/Bob1.htm
118. http://news.bbc.co.uk/2/hi/health/3787867.stm; Angie Knox, "Harnessing honey's healing power", 8 Haziran 2004
119. http://www.sdearthtimes.com/et0100/et0100s17.html
120. http://www.draperbee.com/info/honey_news.htm
121. http://www.geocities.com/SoHo/Easel/3809/hurma.htm
122. http://www.sgp-dates.com/date.htm
123. http://198.65.147.194/English/Science/2000/7/article5.shtml; http://www.people.virginia.edu/~rjh9u/oxytocin.html; http://eilat.sci.brooklyn.cuny.edu/newnyc/DRUGS/OXYTOCIN.HTM#supplied
124. The Independent Newspaper, 9 Temmuz 1995.
125. http://www.sgp-dates.com/date.htm
126. http://www.telmedpak.com/agricultures.asp?a=agriculture&b=date_palm
127. http://www.telmedpak.com/agricultures.asp?a=agricul
ture&b=date_palm
128. http://www.californiafigs.com/nutrition/
129. http://www.californiafigs.com/nutrition/
130. http://www.californiafigs.com/nutrition/
131. Dr. Joe A. Vinson, "The Functional Food Properties of Figs", Cereal Foods World, Şubat 1999, c. 44, no. 2.
132. Dr. Joe A. Vinson, "The Functional Food Properties of Figs", Cereal Foods World, Şubat 1999, c. 44, no. 2.
133. http://www.californiafigs.com/industry/page2.html
134. http://www.californiafigs.com/industry/page2.html
135. Bilim ve Teknik Dergisi, Eylül 1998, s. 86.
136. http://www.ventris.org.uk/health_supplements_biocare_s-e52760.htm
137. http://www.homeschoolmath.net/other_topics/fats-intelligence.php
138. B. J. Holub, "Fish oils and cardiovascular disease", CMAJ, 1989, c. 141, no. 1063; W.E. Connor, "The importance of n-3 fatty acids in health and disease", Am J. Clin. Nutr., 2000, c. 71, (1 Suppl):171S-5S; P. Angerer, C. von Schacky, "n-3 Polyunsaturated fatty acids and the cardiovascular system", Curr. Opin. Lipidol, 2000, c. 11, no. 1, ss. 57-63.
139. http://news.bbc.co.uk/1/hi/health/3837329.stm; BBC News, "'Fish' test for heart attack risk", 26 Haziran 2004
140. http://news.bbc.co.uk/1/hi/health/3835657.stm; BBC News, "Mother's fish diet boost to baby", 24 Haziran 2004
141. http://www.umm.edu/altmed/ConsSupplements/Omega3FattyAcidscs.html?cfA3F3B2C5=bmVuNjE4Mzpnb29keWVhcl9lbWVhX2ludGVybmV0Ok9S3oVvl46l1fxb71Iaai4=
142. Archives of General Psychiatry, Ekim 2002, c. 59, ss. 913-919
143. http://www.omega-3info.com/arthritis.htm
144. Scientific Encyclopedia, s. 207.
145. European Journal of Clinical Nutrition, Nisan 2002, c. 56, ss. 114-120.
146. Archives of Internal Medicine, 1998, c. 158, ss. 1181-1187.
147. A. Keys, A. Menotti, M.J. Karvonen, et al., "The diet and 15-year death rate in the Seven Countries Study", Am. J. Epidemiol, 1986, c. 124, ss. 903-915; W.C. Willett, "Diet and coronary heart disease", Monographs in Epidemiology and Biostatistics, 1990, c. 15, ss. 341-379; World Health Organization: Diet, nutrition, and the prevention of chronic diseases, Report of a WHO Study Group, WHO Technical Report Series, Geneva, 1990, c. 797.
148. http://www.ncbi.nlm.nih.gov/entrez/ query.fcgi?cmd=Retrieve&db=PubMed&list_uids=12442909&dopt=Abstract
149. Journal of the American Heart Association, Eylül 1999.
150. Archives of Internal Medicine, 1998, c. 158, ss. 41-45.
151. American Journal of Clinical Nutrition, 1999, c. 70, ss. 1077-1082.
152. American Journal of Clinical Nutrition, 1999, c. 70, ss. 1077-1082.
153. Diane H. Morris, PhD., RD., A Health and Nutrition Primer, "Importance of Omega-3 Fatty Acids for Adults and Infants", ss. 28-34
154. http://www.mercola.com/2000/oct/22/infant_formula.htm)
155. Muammer Kayahan, "Sağlıklı Yaşam ve Zeytinyağı", Bilim Teknik Dergisi, Nisan 1995, s. 48.
156. Muammer Kayahan, "Sağlıklı Yaşam ve Zeytinyağı", Bilim Teknik Dergisi, Nisan 1995, s. 48.
157. Muammer Kayahan, "Sağlıklı Yaşam ve Zeytinyağı", Bilim Teknik Dergisi, Nisan 1995, s. 48.
158. Hürriyet, 14 Mayıs 1997, Ayşegül Kartal, Zeytinyağı Kongresi.
159. Prof. Dr. Fehmi Tuncel, Bilim Teknik Dergisi, Ocak 1993.
160. Barbara A. Brehm, Your Health and Fitness, Fitness Management Magazine, 1990.
161. Kathleen Mullen, Some Benefits of Exercise, Medical Times, C.Brown Publishers, 1986.
162. Edward O. Wilson, Sociobiology: The New Synthesis, The Belknap Press of Harvard University Press, İngiltere, 1975, s. 123.
163. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E. P. Dutton, New York, 1978, s. 69.
164. Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E. P. Dutton, New York, 1978, ss. 66-67.
165. http://www. biomimicry. org/reviews_text.html
166. http://www.bfi.org/Trimtab/spring01/biomimicry.htm
167. http://www. biomimicry.org/reviews_text.html; Michelle Nijhuis, High Country News, 6 Temmuz 1998, c. 30, no.13.
168. Bilim ve Teknik Dergisi, Ağustos 1994, s. 43.
169. http://www. nature. com/cgi-taf/DynaPage. taf?file=/nature/journal/v409/n6818/full/409413a0_fs. html&_UserReference=C0A804EF46B465AFF2C953AE40623B641423
170. http://www. natlogic. com/resorces/nbl/v06/n22. html
171. http://www. biomimicry. org/reviews_text.html
172. http://www. biomimicry. org/reviews_text.html
173. http://www. rdg. ac. uk/AcaDepts/cb/96vincent.html
174. http://www. the-scientist.com/yr1991/july/research_910708.html
175. New York Times, 11 Aralık 2001.
176. http://73.1911encyclopedia.org/E/EC/ECONOMICS.htm
177. www.fao.org/NEWS/GLOBAL/LOCUSTS/LOCFAQ.htm#q5
178. National Geographic, c. 165, no. 6, s. 777.
179. Bert Hölldobler-Edward O.Wilson, The Ants, Harvard University Press, 1990, s. 227.
180. Bert Hölldobler-Edward O.Wilson, The Ants, Harvard University Press, 1990, p. 244.
181. Bilim ve Teknik, Mayıs 1987, no. 234, s. 17.
182. Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 108.
183. Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 108.
184. http://www.geocities.com/abusedelders/page9.html
185. http://www.biomedcentral.com/1364-8535/5/81/abstract
186. http://www.bodyandfitness.com/Beauty/Anti-Aging/melatonin1.htm
187. www.stenlake.com.au/ShowDocument.asp?DocumentId=53
188. http://wildcat.arizona.edu//papers/90/ 22/05_1_m.html
189. http://fitness.howstuffworks.com/sleep.htm?printable=1
190. http://aggiehorticulture.tamu.edu/greenhouse/ornamentals/light.html
191. http://beta.physicsweb.org/article/news/5/1/10