Курандын Илимий Кереметтери (1/5)

Ааламдын Жаралышы

cosmic radiation

1. Koyu kahverengi bölgeler arka plan radyasyonunu göstermektedir.
2. Açık pembe bölgeler sıcaktır.
3. Açık kahverengi bölgeler soğuktur.
4. Koyu pembe bölgeler en sıcak yerleri belirtmektedir.

NASA'nın 1992'de gönderdiği Cobe uydusunun hassas tarayıcıları Big Bang'den sonra tüm evrene yayıldığı varsayılan radyasyonun kalıntılarını buldu. Bu buluş evrenin yoktan var edildiği gerçeğinin, bilimsel bir açıklaması olan Big Bang teorisinin ispatı oldu.

20-кылымдын ортолоруна чейин «аалам чексиз көлөмгө ээ, чексиз мурдатан бери бар жана түбөлүккө чейин болот» деген көз-караш өкүмдарлык кылган. «Статикалык (туруктуу) аалам модели» деп аталган бул түшүнүк боюнча ааламдын кандайдыр бир башталышы да, аягы да жок эле.

Материалисттик философиянын да негизин түзгөн бул көз-караш ааламды туруктуу жана өзгөрбөс заттардын жыйындысы катары кабыл алып, бир Жаратуучунун бар экенин да жокко чыгарган. Бирок 20-кылымда өнүккөн илим жана технология материалисттерге фундамент болгон «туруктуу аалам модели» деген примитивдүү түшүнүктөрдү түп-тамырынан кыйратты.

21-кылымдын башы болгон бүгүнкү күндө ааламдын бир башталышы бар экендиги, жоктуктан чоң бир жарылуу менен бир заматта жаралганы заманбап физика тарабынан көптөгөн эксперимент, байкоо жана эсептөөлөр аркылуу далилденди. Мындан тышкары, ааламдын материалисттер жактагандай туруктуу эмес, тескерисинче тынымсыз бир кыймыл жана өзгөрүү ичинде экендиги, кеңейип бараткандыгы аныкталды. Учурда бул чындыктар бардык илим дүйнөсү тарабынан кабыл алынууда.

büyük patlama

Курани Керимде ааламдын пайда болушу мындайча баяндалат:

Ал асмандарды жана жерди жоктон жараткан... (Энъам Сүрөсү, 101)

Куранда берилген бул маалымат илимий ачылыштарга толук дал келет. Башында да айтылгандай, бүт ааламдын зат жана убакыт өлчөмдөрү менен бирге, жоктуктан (жок кезинде) чоң бир жарылуу менен пайда болгондугу – бул астрофизика тапкан далилдүү чындык. «Чоң жарылуу», түпкү аты менен айтканда «Биг Бенг» (Big Bang) теориясы бүт ааламдын болжол менен 15 миллиард жыл мурда жалгыз бир чекиттин жарылышы натыйжасында жоктуктан пайда болгонун далилдеди.

«Чоң жарылуудан» мурда зат деген нерсе жок эле. Зат, энергия, ал тургай, убакыт да болбогон, толугу менен метафизикалык деп айтууга боло турган бир жоктук чөйрөсүндө зат, энергия жана убакыт бир заматта жаратылган. Заманбап физика аныктаган бул улуу чындык Куранда бизге 1400 жыл мурдатан билдирилген.

Ааламдын Кеңейиши

lemaitre

Georges Lemaitre

Астрономия илими али өнүгө элек бир доордо, 14 кылым мурда түшүрүлгөн Курани Керимде ааламдын кеңейиши жөнүндө мындайча билдирилет:

Биз асманды «улуу бир күч менен» курдук жана албетте, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз. (Зарият Сүрөсү, 47)

Бул аяттагы «сема (асман)» сөзү Курандын көп жеринде космос жана аалам маанисинде колдонулат. Бул жерде да ушул мааниде колдонулган жана ааламдын кеңейүүчү экендиги билдирилген. Кыргызчага «Албетте, Биз кеңейтүүчүбүз (кеңейтип жатабыз)» деп которулган Арапча «инна ле мусиъуне» сүйлөмүндөгү «мусиъуне» сөзү «кеңейтүү» маанисине келген «евсеа» этишинен келип чыккан. «Ле» алдыңкы-мүчөсү болсо өзүнөн кийин келген ысым же сыпатка басым кошуп, «абдан көп, өтө» деген маанини кошот. Ошондуктан, бул сүйлөм «Биз асманды же ааламды өтө кеңейтип жатабыз» деген мааниге келет. Илимдин бүгүнкү жеткен жыйынтыгы да Куранда бизге билдирилген менен бирдей.

20-кылымдын баштарына чейин илим дүйнөсүндө өкүмчүлүк кылган бирден-бир көз-караш – бул «аалам туруктуу бир түзүлүшкө ээ жана түбөлүктөн бери уланып келүүдө» деген көз-караш эле. Бирок бүгүнкү күндүн технологиясы урматында жасалган изилдөө, байкоо жана эсептөөлөр ааламдын бир башталышы бар экенин жана тынымсыз «кеңейип баратканын» аныктады.

Орусиялык физик Александар Фридман (Alexander Friedmann) жана бельгиялык аалам таануучу Жорж Леметр (Georges Lemaitre) 20-кылымдын баштарында ааламдын тынымсыз кыймылда экенин жана кеңейип баратканын теориялык жактан эсептешти.

Бул чындык 1929-жылы байкоолор аркылуу да далилденди. Америкалык астроном Эдвин Хаббл (Edwin Hubble) ири бир телескоп менен асманды изилдеп жатып, жылдыздардын жана галактикалардын тынымсыз бири-биринен алыстап баратканын байкады. Бул ачылыш астрономия тарыхынын эң чоң ачылыштарынын бири деп саналууда. Хаббл бул изилдөөлөр учурунда жылдыздардын алыстыгына жараша кызыл түскө жакындаган бир жарык чыгарганын аныктады. Себеби белгилүү болгон физика мыйзамдары боюнча байкоо жасалган чекитти көздөй кыймылдаган жарыктардын спектри кырмызы түстү көздөй, байкоо жасалган чекиттен алыстаган жарыктардын спектри болсо кызыл түстү көздөй өзгөрөт. Хабблдын байкоолору учурунда болсо жылдыздардын нурларында кызылды көздөй бир өзгөрүү байкалган. Кыскача айтканда, жылдыздар тынымсыз алыстап баратышкан эле.

Edwin hubble telescope The Expansion of the Universe

Edwin Hubble, dev teleskobuyla.

Evren ilk patlamadan bu yana her an büyük bir süratle genişlemektedir. Bilim adamları genişleyen evreni şişen bir balonun yüzeyine benzetmektedirler.

Жылдыздар жана галактикалар бир гана бизден эмес, бири-биринен да алыстап баратышкан. Бүт баары бири-биринен алыстаган бир аалам болсо тынымсыз «кеңейип бараткан» бир аалам деген мааниге келет. Ааламдын кеңейип бараткандыгы кийинки жылдардагы байкоолор менен да тастыкталды.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн ааламды желденип жаткан бир шардын бетине окшоштурууга болот. Шардын бетиндеги чекиттердин шар чоңойгон сайын бири-биринен алысташы сыяктуу, ааламдагы планеталар да аалам кеңейген сайын бири-биринен алыстоодо. Негизи бул чындык 20-кылымдын эң улуу илимпоздорунун бири деп саналган Альберт Эйнштейн тарабынан да теориялык жактан табылган эле. Бирок Эйнштейн ал доордо көпчүлүк тарабынан кабыл алынган «туруктуу аалам моделине» каршы чыкпоо үчүн бул ачылышын бир бурчка таштап койгон. Эйнштейн бул кылганын кийинчерээк «жашоомдун эң чоң катасы» деп айткан.

Бул илимий чындык али эч бир адам тарабынан билине электе Куранда кылымдар мурда айтылган. Себеби Куран – бул бүт ааламдын жаратуучусу жана ээси болгон Аллахтын сөзү.

Ааламдын Аягы Жана Биг Кранч (Big Crunch)

Ааламдын жаратылышы, жогоруда да айтылгандай, Биг Бенг деп аталган чоң бир жарылуу менен башталган жана ошондон бери аалам кеңейүүдө. Илимпоздор аалам жыйындысы жетиштүү деңгээлге жеткенде, тартылуу күчү себебинен бул кеңейүүнүн токтоорун жана мунун ааламдын өз ичине чөгүп, кысылып башташына себеп болоорун айтышууда.

Кысылган ааламдын болсо аягында «Big Crunch» (Чоң кагылышуу, Биг кранч) деп аталган абдан жогорку бир температура жана кысылуу менен натыйжаланаарын айтышууда. Бул болсо биз билген бүт жашоо түрлөрү жок болот деген мааниге келет. Стэнфорд (Stanford) университетинин физика профессору Рената Каллош (Renata Kallosh) жана Андрей Линденин (Andrei Linde) бул жөнүндөгү түшүндүрмөсү мындай:

Ааламдын аягы кичирейүү жана жок болууну көздөй баратат. Көзгө көрүнгөн жана андан алыстардагы бизге көрүнбөгөн бүт нерселер бир протондон да кичинекей бир чекиттей кичирейет. Кара тешиктин ичинде турганыңыз сыяктуу... Кара энергияны эң жакшы төмөнкүдөй сүрөттөөгө болоорун түшүндүк: баскыч баскыч негативдүү абалга келген бул кара энергия ааламдын тең салмактуулугунун өзгөрүшүнө себеп болот жана кичирейип кыйрайт... Физиктер кара энергиянын негативдүү энергияга айланаарын жана ааламдын жакынкы бир келечекте кысылаарын билишет... Бирок бүгүнкү күндө биз бул кубулуштун башында эмес, балким ааламыбыздын жашоо циркуляциясынын ортосунда болушубуз мүмкүн экенин көрүп турабыз.

Big Crunch деп аталган бул илимий гипотезага Куранда мындайча ишарат кылынууда:

Ошол күнү Биз асманды китептин барактарын кабаттаган сыяктуу кабаттайбыз, алгачкы жолу жаратып баштаган сыяктуу кайра аны (мурдакы абалына) кайтарабыз. Бул Биздин милдетибиздеги убада. Албетте, Биз (муну) жасоочубуз. (Анбия Сүрөсү, 104)

Башка бир аятта болсо асмандардын мындай абалы төмөнкүчө сүрөттөлүүдө:

Алар Аллахтын кудуретин жакшылап (толугу менен) аңдап түшүнүшкөн жок. Чындыгында, Кыямат күнү жер толугу менен Анын уучунда, асмандар да оң колу менен түрүлүп бүктөлгөн болот. Ал шерик кошкондорунан таза жана Улуу. (Зүмер Сүрөсү, 67)

Big Crunch теориясы боюнча, аалам алгач жай, бирок барган сайын ылдамдап чөгүп баштайт. Андан соң болсо аалам чексиз тыгыздык жана чексиз ысык температурада, чексиз кичинекей бир чекит абалына келет. Сүрөттөлгөн бул илимий теория Куран аяттарына дал келет. (Эң туурасын Аллах билет.)

big crunch

Big Crunch teorisi, Big Bang'le başlayarak genişlemekte olan evrenin, gittikçe hızlanarak içine çökeceğini öne süren bir teoridir. Teoriye göre evrendeki bu çöküş, evren tüm kütlesini kaybedip sonsuz yoğunluktaki bir noktaya dönüşene dek sürecektir.

Ысык Түтүндөн Жаралуу

Учурда илимпоздор жылдыздардын түтүндөн, ысык бир газ булутунан, пайда болооруна күбө болушууда. Ысык газ жыйындысынан пайда болуу ааламдын жаратылуусуна да тиешелүү. Куранда да ааламдын жаратылуусу бул илимий ачылыштарды тастыктай турган абалда сүрөттөлгөн:

Ал жакта (жерде) анын бетинде чайпалбас тоолорду жаратты, анда берекелерди жаратты жана каалап-издегендер үчүн тең кылып ал жердеги ырыскыларды төрт күндө жаратты. Андан соң түтүн абалындагы асманга кайрылды; ага жана жерге мындай деди: «Каалап же каалабастан келгиле (моюн сунгула).» Экөөсү тең: «Каалап (баш ийип) келдик» дешти. (Фуссилет Сүрөсү, 10-11)

Бул аятта «асман» деп которулган «сема» сөзү менен бүт аалам айтылууда. Аятта «түтүн» деп которулган «духанун» сөзү болсо учурда илимпоздор кабыл алган, ааламдын калыптанышынан мурдакы затты, ааламдын жаратылуусундагы ошол космостук жана ысык бир түтүндү сүрөттөөдө. Катуу заттарга жабышып учкан бөлүкчөлөрдү камтыган, газ абалындагы масса болгон мындай түтүн абалы аяттагы сөз менен толук сүрөттөлөт. Байкалгандай, Куранда ааламдын бул баскычтагы көрүнүшүн сүрөттөгөн эң ылайыктуу сөз колдонулган. Илимпоздор болсо ааламдын түтүн абалындагы ысык бир газ массасынан пайда болгонун 20-кылымда гана аныкташты.

Мындан тышкары, «кийин түтүн абалындагы асманга кайрылды» сүйлөмүндөгү «кийин» деп которулган «сүмме» сөзүнүн «мунун ордуна, мындан башка, мындан тышкары, анын үстүнө, кайра, дагы бир жолу» сыяктуу башка маанилери да бар. Бул жерде «сүмме» сөзү бир убакыт маанисинде эмес, кошумча түшүндүрмө үчүн колдонулууда. Ааламдын жаратылуусу жөнүндөгү мындай бир маалыматтын Куранда билдирилиши, албетте, Курандын илимий бир керемети.

«Асмандар Менен Жердин» Бири-Биринен Бөлүнүшү

Куранда асмандардын жаратылышы жөнүндө маалымат берилген башка бир аят болсо төмөнкүдөй:

Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)? (Анбия Сүрөсү, 30)

Аяттын «бири-бирине бириккен» деп которулган «ратк» сөзү Арапча сөздүктөрдө «бири-бирине бириккен, бөлүнбөй турган абалда, аралашкан» маанилерине келет. Б.а. толук бир бүтүндү түзгөн эки затты сүрөттөө үчүн бул сөз колдонулат. Аяттагы «бөлдүк» деген сөз болсо Арапча «фатк» этиши; бул этиш жабышкан, бир абалдагы бир нерсени жарып, майдалап тышкы чыгышы маанисине келет. Мисалы, уруктун бүчүрлөнүп, топурактан сыртка чыгышы Арапчада ушул этиш менен айтылат.

Эми аятты кайра карайлы. Аятта асмандар менен жердин бирге, т.а. «ратк» абалында экени айтылууда. Андан соң бул экөө «фатк» этиши менен бөлүнүшүүдө. Т.а. бири экинчисин жарып, сыртка чыгууда. Чынында эле Биг Бенгдин алгачкы баскычын элестеткенибизде, ааламдын бүт затынын жалгыз бир чекитте чогулганын көрөбүз. Башкача айтканда, бүт нерсе, ал тургай али жаратыла элек болгон «асмандар жана жер» да бул чекиттин ичинде, бири-бири менен аралаш, бөлүнбөс абалда болушкан. Андан соң бул чекит күчтүү бир жарылуу менен жарылып бөлүнүүдө.

Асмандар Менен Жердин Арасындагылардын Жаратылуусу

Куранда асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагылардын жаратылуусу жөнүндө көптөгөн аят бар:

Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды акыйкат менен гана жараттык. Эч шексиз, ал саат жакындап келатат; демек (аларга карата) жакшы мамиле кыл. (Хижр Сүрөсү, 85)

Асмандарда, жерде, бул экөөсүнүн арасындагылар жана нымдуу топурактын астындагылардын баары Ага тиешелүү. (Таха Сүрөсү, 6)

Биз асманды, жерди жана (ал) экөөсүнүн арасындагыларды бир «оюн жана алаксуу» болсун деп жаратпадык. (Анбия Сүрөсү, 16)

Илимпоздор башында ысык бир газ массасынын чогулганын, андан соң бул массанын бөлүктөргө бөлүнүп, галактикалык заттарды, андан кийин жылдыздарды жана планеталарды пайда кылганын айтышууда. Б.а. жер жана ошондой эле бардык жылдыздар бириккен абалдагы газ массасынан бөлүнгөн бөлүктөр. Бул бөлүктөрдүн кээ бирлери күндөрдү, планеталарды түзүп, натыйжада көптөгөн күн системалары жана галактикалар пайда болгон. Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, аалам «ратк» (бирге, чогуу) абалдан «фатк» болгон (бөлүктөргө бөлүнгөн). Куранда ааламдын пайда болушу илимий түшүндүрмөлөрдү тастыктаган эң ылайыктуу сөздөр менен баяндалууда.

Ар бир бөлүнүү болгон сайын, космосто жаңы пайда болгон негизги планеталардан башка бир канча бөлүкчө сыртта калган. Бул ашыкча бөлүкчөлөрдүн илимий аталышы «жылдыздар арасындагы галактикалык зат». Жылдыздар арасы заттын 60%ы суутек, 38%ы гелий жана 2%ы болсо башка элементтерден турат. Жылдыздар арасы заттын 99%ы газ, 1%ы болсо оор элементтердин 0,0001-0,001 чоңдуктагы чаңчаларынан турат.

Илимпоздор бул заттарды астрофизикадагы өлчөөлөр жагынан абдан маанилүү дешет. Бул заттар чаң, түтүн же газ деп атоого боло турганчалык жука. Бирок бул заттардын баары эске алынганда, космостогу галактикалардын жыйындысынан чоң бир масса пайда болот. Жылдыздар арасы мындай галактикалык заттардын бар экени алгачкы жолу 1920-жылы аныкталганына карабастан, жогорудагы аяттарда «экөөсүнүн арасындагылар, экөөсү арасындагы нерселер» деп которулган «ма бейнехума» сөзү аркылуу Куранда бул бөлүкчөлөрдүн бар экенине кылымдар мурда көңүл бурулган.

Ааламдагы Кемчиликсиз Тең Салмактуулук

evren

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

Ааламдагы миллиарддаган жылдыз жана галактика кемчиликсиз бир тең салмактуулук ичинде алар үчүн аныкталып коюлган орбиталарында кыймылдашат. Жылдыздар, планеталар жана спутниктер бир тараптан өз окторунда, экинчи тараптан болсо өздөрү тиешелүү болгон системалар менен бирге айланышууда. Ал тургай, кээде ичинде 200-300 миллиард жыздызы бар галактикалар бири-биринин ичинен өтүп кетишет. Мындай өтүү учурунда ааламдагы улуу тең салмактуулукту буза турган эч бир сүзүшүү болбойт.

Ааламдагы ылдамдык түшүнүгү дүйнө чоңдуктары менен салыштырганда абдан ири чоңдуктарда. Миллиарддаган, триллиондогон тонна оордуктагы жылдыздар, планеталар жана сандык мааниси бир гана математиктер түшүнө алгандай чоңдуктагы галактикалар жана галактика жыйындылары космос ичинде кереметтүү бир ылдамдык менен кыймылдашат.

Мисалы, жер саатына 1670 км ылдамдык менен өз огунун айланасында айланат. Учурда эң ыкчам октун саатына орточо 1800 км ылдамдыкка ээ экенин эске алсак, жердин ушунчалык чоң болгонуна карабастан, ылдамдыгынын канчалык чоң экенин түшүнүүгө болот.

Жердин күндүн айланасындагы ылдамдыгы болсо октун ылдамдыгынан дээрлик 60 эсеге чоң: саатына 108000 км. (Мынчалык чоң ылдамдык менен кыймылдай алчу бир унаа жасала алганда, жерди 22 мүнөттө айланып чыгууга болоор эле.) Бул чоңдуктар бир гана жерге тиешелүү. Күн системасы болсо мындан да кызык. Бул системанын ылдамдыгы логикабыздын чегине сыйбай тургандай чоң. Ааламда системалар чоңойгон сайын ылдамдык өсөт. Күн системасынын галактика борборунун айланасындагы айлануу ылдамдыгы саатына 720000 км. Болжол менен 200 миллиард жылдызды камтыган «Саманчынын жолу галактикасынын» космостогу ылдамдыгы болсо саатына 950000 км.

Албетте, мынчалык татаал жана ыкчам кыймылдаган бир системанын ичинде чоң кырсыктардын болуу ыктымалдуулугу абдан жогору. Бирок мындай болбойт жана биз бейпилдик ичинде өмүр сүрөбүз. Себеби ааламдагы бүт нерселер Аллах койгон кемчиликсиз тең салмактуулукка ылайык иштөөдө. Мына ушул себептен аятта билдирилгендей, бүт бул система ичинде эч бир «карама-каршылык жана төп келбестик» жок.

Ааламдагы Абдан Аяр Эсеп

The Splitting Asunder of The Heavens and The Earth

Temsili Big Bang resmi. Allah'ın evreni yoktan var ettiğini bir kez daha ortaya koyan Big Bang, bilimsel delillerle ispatlanan bir teoridir. Bazı bilim adamları Big Bang'e alternatifler üretmeye çalışmışlarsa da, elde edilen deliller Big Bang'in bilim dünyasında kesin bir kabul görmesiyle sonuçlanmıştır.

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

«Аллахтын жети асманды бири-бири менен бир төп келүүчүлүк ичинде жаратканын көрбөй жатасыңарбы?» (Нух сүрөсү, 15)

Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (системага) салган, белгилүү бир өлчөм (эсеп) менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)

Материалисттик философия «ааламдагы жана табияттагы бардык системалар өзүнөн-өзү иштеген бир машина сыяктуу» жана «алардагы кемчиликсиз тең салмактуулук жана системанын жаратуучусу – бул кокустуктар» деген догманы жактайт. Бирок бүгүнкү күндө материализмдин жана анын калп илимий таянычы болгон дарвинизмдин жараксыз экени илимий тараптан толук далилденди. (Караңыз: Harun Yahya, Evrim Aldatmacası (Эволюция жалганы), Araştırma Yayıncılık; Harun Yahya, Hayatın Gerçek Kökeni, Araştırma Yayıncılık).

20-кылымдагы астрофизика тармагында болсун, биология тармагында болсун көптөгөн илимий ачылыштар ааламдын жана жандуулардын жаратылганын далилдеди. Бир тараптан дарвинизмдин гипотезалары бир-бирден кыйрап отурганда, экинчи тараптан болсо ааламдын жоктон жаратылганын көрсөткөн Биг Бенг теориясы жана заттык дүйнөдө улуу бир долбоор, план жана «кылдат бир жөнгө салуу» (fine tuning) бар экенин көрсөткөн ачылыштар материализмдин догмаларынын негизсиз экенин дагы бир жолу көрсөттү.

Жандуу нерсенин пайда болушу үчүн керектүү болгон шарттарды караганыбызда бир гана жердин мындай өзгөчө бир чөйрөгө ээ экенин көрөбүз. Жашоого ыңгайлуу болгон бул чөйрөнү камсыздоо үчүн болсо санап бүтүүгө мүмкүн болбогондой көп сандагы шарттар бир эле учурда, тынымсыз ишке ашууда. Ааламда болжол менен 100 миллиард галактика жана ар биринде орточо 100 миллиард жылдыз жана дагы ошончо планета бар экенин эске алсак, анда жерде мынчалык өзгөчө бир чөйрөнүн пайда болушунун маанисин жакшыраак түшүнүүгө болот.

Биг Бенгдин жарылуу ылдамдыгынан атомдордун физикалык тең салмактуулуктарына, төрт негизги күчтүн чоңдуктарынан жылдыздардын алхимиялык процесстерине, күн таркаткан нурдун өзгөчөлүгүнөн суунун суюктук (агуучулук) даражасына, айдын жерге болгон алыстыгынан атмосферадагы газдардын катышына, жердин күнгө болгон алыстыгынан анын огунун орбитасына болгон кыйшайуу деңгээлине, жердин өз огундагы айлануу ылдамдыгынан жер бетиндеги океандардын, тоолордун функцияларына чейинки бардык детальдардын баары биздин өмүр сүрүшүбүзгө абдан кереметтүү тактыкта ыңгайлуу. Учурда илим чөйрөсү ааламдын мындай өзгөчөлүктөрүн «Адамдык принцип» (Anthropic Principle) жана «кылдат бир жөнгө салуу» (Fine Tuning) түшүнүктөрү менен сүрөттөөдө. Бул түшүнүктөр ааламдын максатсыз, өз башынча, кокустан пайда болгон бир зат жыйындысы эмес экенин, тескерисинче адамдын жашоосуна багытталган бир максатка ылайык, абдан кылдат долбоорлонгонун көрсөтөт.

Жогорудагы аяттарда Аллахтын жаратуусундагы өлчөм жана төп келүүчүлүккө көңүл бурулууда. Фуркан Сүрөсүнүн 2-аятында «өлчөп бычуу, тууралоо, өлчөп жасоо» маанилерине келген «такдийр» сөзү Мүлк Сүрөсүнүн 3-аяты менен Нух Сүрөсүнүн 15-аятында болсо «төп келишкен» маанисине келген «тибака» сөзү колдонулууда. Мындан тышкары, Аллах Мүлк Сүрөсүндө «карама-каршылык, туура келбестик, төп келбестик, тең салмаксыздык» маанилерине келген «тефавутин» сөзү аркылуу төп келбестик издегендин аны таба албашын билдирүүдө.

evren

Göklerde ve yerde olanlar Allah'ındır ve (bütün) işler Allah'a döndürülür.
(Al-i İmran Suresi, 109)

20-кылымдын аягына жакын колдонулуп баштаган «кылдат бир жөнгө салуу» (fine tuning) сөзү да ушул аяттарда айтылган чындыкты тастыктоодо. Акыркы 20-30 жыл ичинде көптөгөн илимпоздор ааламдын бир кокустуктар жыйындысы эмес экенин, тескерисинче ар бир детальда адамдын жашоосун көздөгөн кереметтүү бир долбоор жана жөнгө салуу бар экенин көрсөтүштү. (Караңыз: Harun Yahya, Evrenin Yaratılışı (Ааламдын жаратылуусу), Araştırma Yayıncılık; Harun Yahya, Mucizeler Zinciri (Кереметтер тизмеги), Araştırma Yayıncılık). Ааламдагы көптөгөн өзгөчөлүк ааламдын жашоо үчүн өзгөчө долбоорлонгонун апачык көрсөтүүдө. Физик Др. Карл Гиберсон (Karl Giberson) бул чындыкты мындайча баяндайт:

Акыркы 40 жылдан бери физика жана космологиядагы өнүгүүлөр илим терминологиясына «долбоор» сөзүн кайра алып келди. 1960-жылдардын башында физиктер адамдын жашоосу үчүн «кылдат жөнгө салуу» жасалган бир ааламдын эшигин толук ачышты. Ааламда жашоонун бар болушунун эч мүмкүн болбогон жана эч кемчиликсиз бир тең салмактуулуктагы физикалык факторлордон көз-каранды экенин аныкташты.

Англиялык астрофизик проф. Жорж Ф. Эллис (George F. Ellis) бул кылдат жөнгө салуу жөнүндө мындай дейт:

(Ааламдагы) мындай комплекстүүлүккө мүмкүндүк берген мыйзамдарда таң калыштуу бир кылдат жөнгө салуу көрүнүп турат. Ааламдагы мындай комплекстүүлүктүн ишке ашышы «керемет» сөзүн колдонууга мажбурлайт.

Биг Бенгдин Жарылуу Ылдамдыгы:

Ааламдын пайда болуу учуру болгон Биг Бенгде курулган тең салмактуулуктар ааламдын кокустан пайда боло албашынын көрсөткүчтөрүнүн бири. Австралиядагы Adelaide университетинен атактуу, математикалык физика профессору Пол Дейвистин (Paul Davies) ою боюнча Биг Бенгден кийин ишке ашкан кеңейүү ылдамдыгы эгер миллиард көбөйтүү миллиардда бир (1/1018) чоңдукта эле башкача болгондо, аалам жарала алмак эмес.12 Стивен Хокинг (Stephen Hawking) да Убакыттын кыскача тарыхы аттуу эмгегинде ааламдын кеңейүү ылдамдыгындагы мындай кереметтүү тең салмактуулукту мындайча кабыл алат:

Ааламдын кеңейүү ылдамдыгы ушунчалык критикалык болгондуктан, Биг Бенгден кийинки биринчи секундада бул чоңдук эгер жүз миң миллион көбөйтүү миллиондо бирге кичирээк болгондо эле, аалам азыркы абалына келбестен мурун өз ичине чөгүп кетмек.

Төрт Күч:

Учурда заманбап физика кабыл алган «төрт негизги күчтүн» - гравитациялык күч (планеталардын тартылуу күчү), электромагниттик күч, күчтүү ядролук күч жана алсыз ядролук күчтүн- байланышы жана тең салмактуулугу урматында ааламдагы бардык физикалык кыймылдар жана түзүлүштөр пайда болот. Бул күчтөр бири-биринен кереметтүү айырмаларга ээ. Атактуу молекулярдык биолог Майкл Дентон (Michael Denton) бул күчтөр арасындагы назик тең салмактуулукту мындайча түшүндүрүүдө:

Эгер гравитациялык күч бир триллион эсе күчтүү болгондо, анда аалам абдан кичинекей бир жерде болмок жана өмүрү да абдан кыска болмок. Орточо бир жылдыздын массасы азыркыдан бир триллион эсе кичинекей болмок жана өмүрү да бир жылдай эле болмок. Башка тараптан, эгер гравитациялык күч биразга эле алсызыраак болгондо, эч бир жылдыз же галактика эч пайда боло алмак эмес. Башка күчтөр арасындагы тең салмактуулуктар да абдан назик «эсептелген». Эгер күчтүү ядролук күч биразга эле алсыз болгондо, анда ааламдагы жалгыз тең салмактуу элемент суутек болмок. Башка эч бир атом боло алмак эмес. Эгер күчтүү ядролук күч электромагниттик күчкө салыштырмалуу биразга эле күчтүүрөөк болгондо, анда ааламдагы жалгыз тең салмактуу элемент ядросунда эки протону бар бир атом болмок. Мындай учурда ааламда эч суутек болмок эмес, жана жылдыздар жана галактикалар эгер пайда болушса да, азыркы түзүлүштөрүнөн такыр башкача болмок. Кыскасын айтканда, эгер бул негизги күчтөр жана өзгөрүүчүлөр азыр ээ болгон маанилеринин дал өзүндөй мааниге ээ болушпаса, эч бир жылдыз, супернова (supernova), планета жана атом болмок эмес. Жашоо да болмок эмес.

Асман Планеталары Арасындагы Аралыктар:

Асман планеталарынын космостогу жайгашышы жана араларындагы чоң боштуктар жерде жандуулардын жашай алышы үчүн керектүү шарт. Асман планеталары арасындагы аралыктар жердеги жашоону колдой турган абалда көптөгөн ааламдык күч менен ыңгайлуу бир эсеп ичинде жаратылган. Майкл Дентон (Michael Denton) Nature's Destiny (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде суперновалар жана жылдыздар арасындагы аралыктардагы тең салмактуулуктарды мындайча түшүндүрүүдө:

Суперновалар жана негизи бардык жылдыздар арасындагы аралыктар абдан критикалык нерсе. Галактикабыздагы жылдыздардын бири-бирине болгон орточо алыстыгы 30 миллион миля. Эгер бул аралык биразга азыраак болгондо, планеталардын орбиталары туруксуз абалга келмек. Эгер көбүрөөк болгондо, бир супернова тарабынан жайылган зат ушунчалык чачыранды абалга келмек, натыйжада биздикине окшогон планета системалары чоң бир ыктымалдуулук менен эч пайда боло алмак эмес. Эгер аалам жашоого ыңгайлуу бир жер боло турган болсо, анда супернова жарылуулары абдан так бир көлөмдө ишке ашышы керек жана бул жарылуулар менен башка бардык жылдыздар арасындагы аралык абдан так бир алыстыкта болушу зарыл. Бул алыстык учурда ансыз деле бар болгон алыстык.15

Жердин Тартылуу Күчү:

◉ Эгер күчтүүрөөк болгондо: жердин атмосферасы абдан көп аммиак жана метан чогултмак, бул болсо жашоого абдан терс таасир бермек.

◉ Эгер алсызыраак болгондо: жердин атмосферасы абдан көп суу жоготуп, жашоо болмок эмес.

Күнгө Болгон Алыстык:

◉ Эгер алысыраак болгондо: планета абдан муздап, атмосферадагы суу айлануусуна тескери таасир бермек жана планета муз дооруна кирмек.

◉ Эгер жакыныраак болгондо: планета ысыктан куурулуп, атмосферадагы суу айлануусуна тескери таасир бермек жана жашоо мүмкүн болбой калмак.

Жердин Үстүңкү Катмарынын Калыңдыгы:

◉ Эгер калыңыраак болгондо: атмосферадан жердин үстүңкү катмарына абдан көп санда кычкылтек берилмек.

◉ Эгер ичкерээк болгондо: жашоонун мүмкүн болбой калышына себеп боло турганчалык көп санда вулкандык кыймылдар болмок.

Жердин Өз Огунда Айлануу Ылдамдыгы:

◉ Эгер жайыраак болгондо: түн менен күндүздүн арасындагы температура айырмалары абдан чоң болмок.

◉ Эгер ылдамыраак болгондо: атмосфера шамалдары абдан чоң ылдамдыктарга жетип, бороон жана чапкындар жашоону мүмкүн эмес кылмак.

Жердин Магнит Талаасы:

◉ Эгер күчтүүрөөк болгондо: абдан күчтүү электромагниттик бороондор болмок.

◉ Эгер алсызыраак болгондо: күн шамалы деп аталган жана күндөн чыккан зыяндуу бөлүкчөлөрдөн жер корголбой калмак. Эки учурда тең жерде жашоо мүмкүн болмок эмес.

Альбедо (Albedo) Таасири:
(Жер Бети Тарабынан Жутула Албастан Артка Чагылган Күн Нуру)

◉ Эгер күчтүүрөөк болгондо: ылдам муз доору башталмак.

◉ Эгер алсызыраак болгондо: күкүрттүн таасири ашыкча ысыкка себеп болуп, жер алгач айсбергдердин ээриши натыйжасында суу астында калмак, андан соң күйүп калмак.

Атмосферадагы Кычкылтек Менен Азоттун Катышы:

◉ Эгер көбүрөөк болгондо: жашоо функцияларын ылдамдатуучу тескери таасир болмок.

◉ Эгер азыраак болгондо: жашоо функцияларын жайлатуучу тескери таасир болмок.

Атмосферадагы Көмүр Кычкыл Газы Жана Суунун Деңгээли:

◉ Эгер көбүрөөк болгондо: атмосфера абдан бат ысымак.

◉ Эгер азыраак болгондо: атмосферанын температурасы төмөндөмөк.

Озон Катмарынын Калыңдыгы:

◉ Эгер көбүрөөк болгондо: жер бетинин температурасы абдан төмөндөмөк.

◉ Эгер азыраак болгондо: жер жүзү ашыкча ысып, күндөн келген зыяндуу ультра-кырмызы нурларга карата бир коргоо калбай калмак.

Жер Титирөө Кыймылдары:

◉ Эгер көбүрөөк болгондо: жандуулар үчүн тынымсыз бир кыйроо болмок.

◉ Эгер азыраак болгондо: океандын түбүндөгү азыктар сууга аралашмак эмес, океан жана деңиздеги жашоо, натыйжада бүт дүйнө жандыктарына тескери таасир болмок.

Жердин Огунун Кыйшайган Абалы:

Жердин огу орбитасына 23 даражалык бир бурч менен кыйшайып турат. Жыл мезгилдери ушул кыйшайуунун урматында пайда болот. Бул кыйшайуу учурдагы маанисинен көбүрөөк же азыраак болгондо, жыл мезгилдери арасындагы температура айырмасы жогорку даражаларга жетип, жер бетинде жан чыдагыс ысык жаз-жайлар жана ашыкча суук кыштар болмок.

Күндүк Чоңдугу:

Күндүн ордунда кичирээк бир жылдыздын болушу жердин ашыкча суушуна, чоң бир жылдыздын болушу болсо жердин ысыктын күйүп-куурулушуна себеп болмок.

Ай менен жердин арасындагы тартылуу таасири:

◉ Эгер көбүрөөк болгондо: айдын күчтүү тартылуу күчүнүн атмосфера шарттары, жердин өз огундагы айлануу ылдамдыгы жана океандардагы суунун жээкке көтөрүлүп-төмөндөөлөрүнө (прилив) болгон катуу таасирлери болмок.

◉ Эгер азыраак болгондо: күчтүү климат өзгөрүүлөрүнө себеп болмок.

Ай Менен Жердин Арасындагы Аралык:

◉ Эгер дагы бираз жакыныраак болгондо, ай жерди сүзмөк.

◉ Эгер алысыраак болгондо, ай космосто жоголуп кетмек.

◉ Эгер жакыныраак болгондо, айдын жерге таасир берип, себеп болгон суунун көтөрүлүп-төмөндөөлөрү кооптуу деңгээлдерге жетмек. Океандын толкундары материктердин төмөн жерлерин каптамак. Натыйжада пайда болгон сүрүлүү океандардын температурасын жогорулатып, жерде жашоо үчүн керектүү болгон аяр температура тең салмактуулугун жок кылмак.

◉ Эгер бираз алыста болгондо, океандын көтөрүлүп-төмөндөө кубулуштары азаймак жана бул болсо океандардын кыймылынын азайышына себеп болмок. Кыймылы аз суу океандагы жашоого кооптуулук жаратмак, ошол эле учурда дем алган абабыздагы кычкылтек деңгээлине кооптуулук жаралмак.16

Жердин Температурасы Жана Көмүртек Негиздүү Жашоо:

Жашоонун негизи болгон көмүртек элементинин болушу белгилүү чектердеги температурадан көз-каранды. Көмүртек – бул аминокислота, нуклеин кислотасы жана протеиндер сыяктуу жашоону түзгөн негизги органикалык молекулалар үчүн керектүү бир зат. Ошондуктан жашоо бир гана көмүртек негиздүү боло алат жана бул үчүн болсо температура эң аз -20 0C, эң көп +120 0C болушу керек. Жердин температурасы дал ушундай аралыктарда.

Бул жерде саналгандар жерде жашоонун пайда болушу жана жандуулуктун уланышы үчүн керектүү, абдан кылдат тең салмактуулуктардын бир канчасы гана. Бир гана бул жерде саналгандар эле ааламдын жана жердин кокустуктар натыйжасында, кокустук окуялардын биринин артынан экинчисинин болушу натыйжасында пайда боло албашын дапдаана көрсөтүү үчүн жетиштүү. 20-кылымда колдонулуп баштаган «кылдат бир жөнгө салуу», «адамдык принцип» түшүнүктөрү Куранда кылымдар мурда билдирилген «төп келүүчүлүк жана өлчөө менен жаратылууну» тастыктап жатат.

evren

Göklerin ve yerin mülkü Allah'ındır. Allah, her şeye güç yetirendir. Şüphesiz göklerin ve yerin yaratılışında, gece ile gündüzün ardarda gelişinde temiz akıl sahipleri için gerçekten ayetler vardır.
(Al-i İmran Suresi, 189-190)

Күн, Ай Жана Жылдыздын Түзүлүшүндөгү Айырма

Силердин үстүңөрдө абдан бекем жети-асман курдук. Абдан жаркыраган бир шам (Күн) жасадык. (Небе Сүрөсү, 12-13)

Белгилүү болгондой, күн – бул күн системасындагы жалгыз нур булагы. Технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен астрономдор айдын бир нурдун булагы эмес экенин, бир гана күндөн келген нурду чагылтаарын аныкташты. Жогорудагы аятта айтылган «шам» сөзү да – Арапчада ысыктык жана жарык булагы болгон күндү эң сонун сүрөттөгөн «сираж» сөзү.

Аллах Куранда ай, күн жана жылдыздар сыяктуу асман планеталары жөнүндө сөз кылганда, ар башка сөздөрдү колдонууда. Булардан күн жана айдын түзүлүштөрү арасындагы айырма Куранда мындайча айтылган:

Жана Айды булардын арасында бир нур кылып, Күндү болсо (жарык кылуучу жана ысытуучу) бир шам кылган. (Нух Сүрөсү, 16)

Бул аятта ай үчүн жарык (Арапча «нур»), күн үчүн шам чырак (Арапча «сираж») сөздөрү колдонулган. Бул сөздөрдөн ай үчүн колдонулган сөз жарыкты чагылткан, жаркыраган, кыймылсыз бир массаны сүрөттөйт. Күн үчүн колдонулган сөз болсо тынымсыз күйүп турган, ысыктык жана жарыктын булагы, асмандагы бир түзүлүш маанисине келет.

Ал эми «жылдыз» сөзү Арапчада «пайда болгон, көрүнгөн» маанилерине келген «нежеме» тамырынан чыккан. Мындан тышкары, жылдыз төмөндөгү аяттагы сыяктуу нуру менен караңгылыктарды жаруучу, жаркыроочу, өзүн-өзү сарптоочу жана күйүүчү маанилерине ишарат кылган «сакиб» сөзү менен да сыпатталган:

(Караңгыны) Тешүүчү (жаруучу) жылдыз. (Тарык Сүрөсү, 3)

Учурда айдын өзүнөн нур чыгарбашы, күндөн келген нурду чагылтаары белгилүү. Күн жана жылдыздардын болсо өз нурларын чыгараарын билебиз. Куранда бул чындыктар адамдардын асман телолору жөнүндө маалыматы абдан чектелүү бир доордо, т.а. мындан 14 кылым мурда билдирилген.

güneş dünya ay

Eğer gerçekten iman edip sakınsalardı,
Allah katındaki sevab(ları) gerçekten daha hayırlı olurdu; bir bilselerdi.
(Bakara Suresi, 103)

Орбиталар Жана Айлануучу Аалам

orbits

1. Merkür
2 . Venüs
3. Dünya
4. Mars

5. Jüpiter
6. Satürn
7. Uranüs
8. Neptün

9. Plüton
10. Ay
11. Güneş

Ааламдагы улуу тең салмактуулуктун эң маанилүү себептеринин бири – бул албетте асман телолорунун белгилүү орбиталар менен жүрүшү. Жылдыздар, планеталар жана спутниктер бир тараптан өз окторунда, экинчи тараптан көз-каранды болгон система менен бирге айланышууда, аалам бир заводдун тиштери сыяктуу кылдат бир система ичинде иштөөдө.

Ааламдын биз көрө алган бөлүгүндө 100 миллиарддан көп галактика бар жана кичинекей галактикаларда болжол менен бир миллиард, чоң галактикаларда болсо бир триллиондон көп жылдыз бар. Бул жылдыздардын көпчүлүгүнүн планеталары, бул планеталардын болсо спутниктери бар. Бардык бул асман телолору абдан назик, так эсептер менен аныкталган орбиталарга ээ. Жана миллиондогон жылдан бери баары өз орбитасында башкалары менен теңдешсиз бир төп келүүчүлүк жана система ичинде агып (учуп) жүрөт. Булардан башка дагы көптөгөн куйруктуу жылдыз да өзү үчүн белгиленген орбитада сүзүп жүрөт.

Ааламдагы орбиталар бир гана асман телолоруна тиешелүү эмес. Күн системабыз, ал тургай, башка галактикалар башка борборлор айланасында абдан кыймылда болушат. Жер жана аны менен бирге күн системасы жыл сайын мурдакы ордунан 500 миллион км алыстайт. Асман телолорунун орбиталарынан кичине эле жылып кетишинин системаны кыйрата турганчалык маанилүү натыйжаларга себеп болушу мүмкүн экени эсептелген. Мисалы, жер орбитасында кадимкиден көп же аз 3 миллиметрлик бир жылып кетүүнүн себеп болушу мүмкүн болгон натыйжалары бир булакта мындайча сүрөттөлгөн:

Жер күндүн айланасында айланып жатып, ушундай бир орбита чийет; ар бир 18 миляда түз сызыктан болгону 2,8 мм алыстайт. Жер чийген бул орбита кылчалык да адашпайт; себеби орбитадан 3 миллиметрлик бир алыстоо да чоң кырсыктарга себеп болмок: алыстоо 2,8 ордуна 2,5 миллиметр болгондо, орбита абдан кенен болмок жана баарыбыз тоңуп калмакпыз; алыстоо 3,1 миллиметр болгондо, баарыбыз куурулуп, күйүп өлмөкпүз.

Асман телолорунун дагы бир өзгөчөлүгү болсо – бул орбиталарынан тышкары өз огунда да айланышы. Куранда «Айлануучу асманга ант болсун» (Тарык Сүрөсү, 11) аяты болсо дал ушул чындыкка ишарат кылат. Албетте, Куран түшүрүлгөн доордо адамзат учурдагы сыяктуу космосту миллиондогон киллометр алыстарга чейин байкоо жүргүзө ала турган телескопторго, өнүккөн байкоо технологияларына, заманбап физика жана астрономия маалыматтарына ээ эмес эле. Ошондуктан космостун, аятта билдирилгендей, «кылдат (аяр) жолдор жана орбиталар менен жабдылган» (Зарият Сүрөсү, 7) экенин ал доордо илимий тараптан аныктоо мүмкүн эмес эле. Бирок ал доордо түшүрүлгөн Курани Керимде бул чындык бизге апачык кабар берилген; себеби Куран – бул Аллахтын сөзү.

orbits orbits

Evrendeki pek çok kuyruklu yıldız gibi yukarıdaki resimde görülen Halley kuyruklu yıldızı da planlı bir harekete sahiptir. Kendisine ait belirli bir yörüngesi vardır ve diğer gök cisimleriyle birlikte, kusursuz bir uyum ve düzen içinde bu yörüngede hareket etmektedir. Evrendeki tüm gök cisimlerinin, gezegenlerin, bu gezegenlerin uydularının, yıldızların, hatta galaksilerin bile çok ince hesaplarla saptanmış yörüngeleri vardır. İşte bu kusursuz düzeni kuran ve devamlılığını sağlayan, tüm evreni yaratmış olan Allah'tır.

Күндүн Жол Алган Багыты

Куранда күн жана ай жөнүндө айтылганда ар биринин белгилүү бир орбитасынын бар экени баса белгиленет:

Түндү, күндүздү, күндү жана айды Ал жараткан; ар бири бир орбитада сүзүп жүрөт. (Анбия Сүрөсү, 33)

Жогорудагы аятта айтылган «сүзүү» сөзү Арапчада «сабаха» деп айтылат жана күндүн космостогу кыймылын түшүндүрүү үчүн колдонулууда. Бул сөз күндүн космосто кыймылдап баратканда, башкаруусуз эмес экени, өзүнүн огунда айланаары жана айланып баратканда бир жолдо сүзөөрү маанисине келет. Күндүн бир жерде турбашы, белгилүү бир орбитада кыймылдаары дагы бир аятта мындайча билдирилүүдө:

Күн да ал үчүн (белгиленип) коюлган бир ордун көздөй агып (сүзүп) баратат. Бул улуу жана кудуреттүү, даанышмандын буйругу. (Йасин Сүрөсү, 38)

Куранда билдирилген бул чындыктар бир гана биздин доордогу астрономиялык байкоолор менен аныкталды. Астрономия адистеринин эсептөөлөрү боюнча күн Solar Apex деп аталган бир орбита боюнча Вега жылдызын көздөй саатына 720000 киллометрлик абдан чоң бир ылдамдык менен кыймылдап баратат. Бул болжолдуу эсеп менен күндүн күн сайын 17 миллион 280 миң км жол басып өтөөрүн көрсөтөт. Күн менен бирге анын тартылуу системасы ичиндеги бардык планеталар жана спутниктери да ошончо жолду басышат.

Айдын Орбитасы

Биз ай үчүн да бир катар барчу жерлерди аныктап койдук; аягында ал эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат). Күн айга жете албайт, түн да күндүздөн алдыга өтүп кете албайт. Баары бир орбитада сүзүп жүрүшүүдө. (Йасин Сүрөсү, 39-40)

Айдын орбитасы башка планеталардын спутниктери сыяктуу бирдей бир орбитада эмес. Ай орбитасында баратканда жердин кээде алдына, кээде артына өтөт. Ошол эле учурда жер менен бирге күндүн айланасында айлангандыктан, космосто тынымсыз «S» тамгасына окшош бир орбита чийет. Айдын космостогу мындай орбитасынын калыбы Куранда «эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат)» сүйлөмүндө сүрөттөлгөндөй, кургаган курма дарагынын бутагынын ийрилигине абдан окшошууда. Аяттагы «уржун» сөзүнүн мааниси куурап ичкерген, тырышкан курма бутагы жана курма дарагынын мөмөлөр жыйылып алынган соң калган бөлүгүн айтуу үчүн колдонулат. Мындан тышкары, бул бутактын «эски» сөзү менен айтылышы да абдан сырдуу, себеби курма бутагынын эскиси ичкерээк жана ийрирээк.

Албетте, 1400 жыл мурун айдын орбитасы жөнүндө маалыматка ээ болуу мүмкүн эмес эле. Учурдун технологиясы жана илимий жетишкендиктери менен аныктала алган мындай түзүлүштүн Куранда мынчалык так бир окшоштуруу менен билдирилиши Курандын дагы бир илимий керемети.

ayın yörüngesi

Ay, Dünya'yla birlikte Güneş'in etrafında da döndüğünden, uzayda sürekli "S" harfi benzeri bir yörünge çizer. Bu yörüngenin görünümü, Kuran'da bildirildiği gibi kuru hurma dalının eğriliğine benzemektedir.

Ай Жылынын Эсептелиши

Күндү бир жарык кылуучу, айды бир нур кылган жана жылдардын санын жана эсепти билишиңер үчүн ага орундарды аныктап койгон – Ал (Аллах). Аллах буларды акыйкат менен гана жаратты. Ал билүүчү бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден баяндап берүүдө. (Йунус Сүрөсү, 5)

Биз ай үчүн да бир катар барчу жерлерди аныктап койдук; аягында ал эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат). (Йасин Сүрөсү, 39)

Жогорудагы биринчи аятта Аллах айдын адамдар үчүн бир жыл эсептөөдө бир өлчөө болоорун апачык билдирген. Мындан тышкары, бул эсептердин айдын орбитасында айланышы учурундагы көрүнүштөрүнө жараша жасалаарына да көңүл бурулган. Жер-ай жана жер-күн түздүктөрү арасындагы бурч тынымсыз өзгөрүп тургандыктан, биз айды ар кайсы убакта ар кандай абалда көрөбүз. Мындан тышкары, айды көрө алышыбыз айдын күндөн алган жарыкты чагылтышы натыйжасында мүмкүн болгондуктан, айдын күн тарабынан жарык кылынган тарабы жердеги байкоочу үчүн тынымсыз калып өзгөртөт. Мындай өзгөрүүлөр эске алынып, бир катар эсептөөлөр жасалат жана бул адамдарга жылды эсептөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Мурда 1 ай адамдар тарабынан эки толгон ай арасындагы аралык же айдын жердин айланасында айланган убактысы катары эсептелчү. Бул эсеп боюнча 1 ай 29 күн 12 саат жана 44 мүнөткө ээ эле. Бул «камарий (ай боюнча) ай» эсеби деп аталат. 12 камарий ай болсо румий календарь боюнча 1 жыл болот. Бирок жердин күндү айланып бүтүшүн 1 жыл деп кабыл алган миладий (учурда колдонулган) календарь менен румий календарь арасында жыл сайын 11 күндүк бир айырма пайда болот. Кехф Сүрөсүнүн 25-аятында да бул айырмага мындайча көңүл бурулган:

Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл болушту (турушту) жана дагы тогуз (жыл) кошушту. (Кехф Сүрөсү, 25)

Аяттагы убакытты мындайча түшүндүрүүгө болот: 300 жыл х 11 күн (ар бир жыл үчүн пайда болгон айырма) = 3300 күн. 1 күн жылынын 365 күн 5 саат 48 мүнөт жана 45,5 секундадан тураарын эске алсак, анда 3300 күн/365,24 = 9 жыл. Башкача айтканда, миладий календарь боюнча 300 жыл румий календарь боюнча 300+9 жылга барабар. Байкалгандай, аятта кылдат эсептерге таянган бул 9 жылдык айырмага көңүл бурулган. (Эң туурасын Аллах билет). Албетте, Куранда мындай бир маалыматка көңүл бурулушу Курандын илимий кереметтеринин бири.

Тартылуу Күчү Жана Орбиталык Кыймылдар

yörünge

Жок; сиңип айлануучу (планета)ларга ант ичем, бир агым ичинде ордуна баруучуларга; (Теквир Сүрөсү, 15-16)

Теквир Сүрөсүнүн 15-аятындагы «хуннес» сөзү бырышып сиңүүчү, артка кетүүчү, артка кайтуучу сыяктуу маанилерге келет. 16-аятта «ордун ээлөөчүлөргө» деп которулган Арапча сөзү болсо «куннес». «Канис» сөзүнүн көптүк түрү болгон «куннес» сөзү белгилүү трасса, уяга кирүү, кыймылдагы нерсенин уясы, уясына кирип сактануучулар маанилерине келет. 16-аяттагы «агым» сөзү болсо «жарайан» сөзүнөн чыккан жана агып баруучу маанисине келген «жарийа» сөзүнүн көптүк түрү болгон «жавар». Бул сөздөрдүн маанилерине көңүл бурулганда, планеталардын тартылуу күчтөрү жана орбита айланасындагы кыймылдарына ишарат кылынып жатат деп айтууга болот.

Жогорудагы аяттарда колдонулган бул сөздөр тартылуу күчтөрүнөн келип чыккан орбиталык кыймылдарды толук сүрөттөйт. Булардан «хуннес» сөзү менен планеталардын өз борборлорун көздөй жана күн системасынын борбору болгон күндү көздөй тартылууларына көңүл бурулууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Тартылуу күчү ааламда ансыз деле бар болгон бир күч, бирок бул тартылуу күчүнүн математикалык формулалар менен аныкталышы 17-18-кылымдарда жашаган Исаак Ньютон тарабынан мүмкүн болгон. Кийинки аяттагы «альжавари» сөзү болсо бул тартылуу күчүнө карама-каршы күч болгон борбордон качуу күчүнөн келип чыккан орбиталык кыймылдарга басым жасоодо. Албетте, агып (сүзүп) жүрүүчүлөр маанисине келген «альжавари» сөзүнүн «хуннес» (борборду көздөй тартылуу, кысылуу, сиңүү) жана «куннес» (трасса, уяга кирүү, кыймыл абалындагы нерсенин уясы) сөздөрү менен колдонулушу 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон маанилүү бир илимий чындыкка көңүл бурууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Мындан тышкары, Куранда ант ичилген нерселердин бири болгон бул аяттар бул жагдайдын маанисине көңүл бурган дагы бир аят.

Жердин Тоголок Формасы

Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты. Түндү күндүзгө ороп-чулгайт, күндүздү болсо түнгө ороп-чулгайт... (Зүмер Сүрөсү, 5)

Курандын ааламды тааныткан аяттарында колдонулган сөздөр абдан кызыктуу. Жогорудагы аятта «ороп-чулгайт» деп которулган Арапча сөз «йукаввиру». Бул сөздүн мааниси «тоголок бир нерсенин үстүнө бир нерсени ороо». (Мисалы, Арапча сөздүктөрдө «башка чалма ороо» сыяктуу тоголок нерселерди камтыган этиштер үчүн ушул сөз колдонулат.) Аятта түндүн жана күндүздүн бири-биринин үстүн ороп-чулгашы (таквир кылышы) жөнүндө берилген маалымат ошол эле учурда жердин формасы жөнүндө таптак бир маалыматты камтыйт. Жер тоголок болгондо гана бул аятта айтылган этиш ишке аша алат. Т.а. 7-кылымда түшүрүлгөн Куранда жердин тоголок экенине ишарат кылынган.

Ал доордогу астрономия түшүнүгүндө жердин башкача кабылданганын унутпоо керек. Ал доордо жер түз бир тегиздик деп кабыл алынчу жана бардык илимий эсеп жана түшүндүрмөлөр да ушуга жараша жасалчу. Бирок Куран Аллахтын сөзү болгондуктан, ааламды сүрөттөп жатканда, мүмкүн болгон эң так сүрөттөөчү сөздөр колдонулган. Куран аяттарында болсо биз жакынкы кылымда араң биле алган бул маалыматтар 1400 жыл мурдатан кабар берилүүдө.

dünya küre

Bilmez misin ki, gerçekten göklerin ve yerin mülkü Allah'ındır. Sizin Allah'tan başka veliniz ve yardımcınız yoktur.
(Bakara Suresi, 107)

Жердин Айлануу Багыты

Тоолорду карап, (аларды) кыймылдабай турат деп ойлойсуң; чынында болсо алар булуттар айдалгандай айдалышат. Бул – бүт нерсени «бекем жана орду-орду менен кылган» Аллахтын чеберчилиги. Шексиз Ал кылганыңардан кабардар. (Немл Сүрөсү, 88)

Намл Сүрөсүндөгү аятта жердин бир гана айланышы эмес, айлануу багытына да басым жасалууда. 3500-4000 метр бийиктиктеги негизги булут массаларынын кыймыл багыты дайыма батыштан чыгышты көздөй болот. Аба ырайы божомолдору үчүн көбүнчө батыштагы абалга каралышынын себеби да ушул.

Булут массаларынын батыштан чыгышты көздөй кыймылдашынын негизги себеби – бул жердин айлануу багыты. Учурда белгилүү болгондой, жер батыштан чыгышты көздөй айланууда. Илим жакында гана аныктаган бул илимий чындык Куранда кылымдар мурда -жер бир тегиздик, бир өгүздүн үстүндө кыймылдабай турат деп кабыл алынган 14-кылымда- кабар берилген.

Жердин Геоид Абалы

The Roundness of the Earth

Андан соң жер бетин жайып төшөдү. (Назиат Сүрөсү, 30)

Бул аятта «жайып төшөдү» деп которулган «даха» сөзү жайуу маанисине келген «дахв» сөзүнөн келип чыгат. Дахв сөзү төшөө, оңдоо маанилерине келсе да, мааниси жагынан жөнөкөй бир «төшөө» этиши эмес. Себеби бул сөз да тоголок кылып оңдоо, төшөө этиштерин сүрөттөө үчүн колдонулууда.

Дахв сөзүнөн келип чыккан башка сөздөрдө да тоголок мааниси бар. Мисалы, балдардын топту жердеги бир чуңкурга түшүрүшү, таш ыргытып түшүрүү жарыштары, жаңгак менен ойнолгон оюн, булардын баары дахв сөзү менен айтылат. Төө куштун уя жасашына, жата турган жердеги таштарды тазалашына, жумурткалаган жерге жана жумурткасына да ушул сөздөн келип чыккан сөздөр колдонулат.

Жердин формасы да бир жумуртканы элестеткен формада тоголок. Жердин уюлдардан басылган эллипс формасы геоид деп аталат. Бир тараптан аятта «даха» сөзүнүн колдонулушу Аллах жер жөнүндө берген маанилүү бир маалыматты камтууда. Адамдардан жүздөгөн жылдар бою жердин формасын тегиздик деп кабыл алышы жана чыныгы формасынын технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен гана аныкталышы Курандын Аллахтан келген вахий экендигинин маанилүү далилдеринин бири.

Жердин Жана Космостун Көлөмдөрү

Эй жин жана инсан коомдору, эгер асмандардын жана жердин учтарынан ашып-өтүүгө күчүңөр жетсе, ылдам ашкыла; бирок «улуу бир күч (султан)» болбостон аша албайсыңар. (Рахман Сүрөсү, 33)

Ultraviolet rays

Бул аятта учтары деп которулган сөздүн Арапчасы «актар». «Актар» Арапчада көлөм (диаметр) маанисине келген «кутур» сөзүнүн көптүк түрү, жана асмандардын жана жердин көптөгөн көлөмдөрү (диаметрлери) бар экенин билдирүүдө. Арапчада сөздүн колдонушуна жараша жекелик түрдө же көптүк түрдө (экиден көппү) же жуптук формада колдонулганын түшүнүүгө болот. Ошондуктан сөздүн бул жердеги колдонуу формасы аркылуу –экиден көп экенин билдирген көптүк форма аркылуу- дагы бир кереметтүү маалымат билдирилүүдө.

Белгилүү болгондой, үч өлчөмдүү нерсе бир калыптуу тоголок формага ээ болсо гана бир көлөм (диаметр) жөнүндө сөз кылууга болот. Көлөмдөр сөзү болсо бир калыптуу болбогон бир тоголок формага гана тиешелүү болушу мүмкүн. Аятта тандалган бул сөз –көлөмдөр- жердин геоид формасына ишарат кылышы жагынан маанилүү. Аятта дагы бир көңүл бурула турган нерсе – бул көлөмдөр жөнүндө сөз болуп жатканда жер бети жана асмандардан өз-өзүнчө сөз кылынышы.

Албетте, Эйнштейндин Жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча аалам кеңейүүдө; бирок бул галактикалар жана башка космос телолору космосто айланага таркап жатат деген мааниге келбейт. Бул космос кеңейип жатат жана бул учурда галактикалар арасындагы аралык алыстап баратат дегенди билдирет.

Рахман Сүрөсүнүн 33-аятындагы «асмандардын көлөмдөрү» сөзү да космостун айлана сымал формасына ишарат кылууда. (Эң туурасын Аллах билет.) Космостун ар кайсы жерлеринен космостун көлөмдөрү ар түрдүү чыгат, ошондой эле тынымсыз кеңейген космостун көлөмдөрү да тынымсыз өзгөрүп турат. Бул жагынан караганда аятта «көлөм» сөзүнүн көптүк түрдө колдонулушу абдан терең маанилүү жана Курандын бүт нерсенин илимине ээ болгон Раббибиздин вахийи экендигинин көрсөткүчтөрүнүн бири.

Атмосферанын Кабаттары

The Layers of the Atmosphere

1- Troposfer
2- Stratosfer
3- Mezosfer
4- Termosfer

5- Ekzosfer
6- İyonosfer
7- Manyetosfer

Куран аяттарында аалам жөнүндө берилген маалыматтардын бири – бул асмандын жети кабат болуп жаратылганы:

Силер үчүн жердегилердин баарын Ал жаратты. Анан асманды максат кылып аларды жети асман кылып Ал жасады. Жана Ал баарын билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 29)

Анан түтүн абалындагы асманга кайрылды... (Фуссилет Сүрөсү, 11)

Ушундайча аларды эки күн ичинде жети асман кылып толуктады жана ар бир асманга буйругун вахий кылды... (Фуссилет сүрөсү, 12)

Куранда көп аятта колдонулган асман сөзү бүт ааламды айтуу үчүн колдонулган сыяктуу, жердин асманын айтуу үчүн да колдонулат. Сөздүн бул мааниси эске алынганда, жердин асманынын, б.а. атмосферанын 7 кабаттан тураары айтылууда.

Учурда жердин атмосферасынын үстү-үстүнө тизилген ар башка катмарлардан тураары белгилүү болду.20 Химиялык курамы же аба температурасы өлчөө катары кабыл алынып жасалган аныктамаларда жердин атмосферасы 7 катмар деп белгиленген.21 Учурда дагы эле 48 сааттык аба ырайы божомолдорунда колдонулган жана «Limited Fine Mesh Model» (LFMII) деп аталган атмосфера модели боюнча да атмосфера 7 кабат. Заманбап геологиялык аныктамалар боюнча атмосферанын 7 катмары төмөнкүчө саналат:

1- Тропосфера
2- Стратосфера
3- Мезосфера
4- Термосфера
5- Экзосфера
6- Ионосфера
7- Магнитосфера

The Layers of the Atmosphere

1. Atmosfer
2. Dünya

Dünya, yaşam için gerekli olan özelliklerin tümüne sahiptir. Bunlardan bir tanesi de canlıları koruyan ve özel bir kalkan görevini yerine getiren atmosferdir. Bugün Dünya atmosferinin üst üste dizilmiş farklı katmanlardan meydana geldiği bilinmektedir. Atmosfer aynen ayette bildirildiği gibi, tam yedi temel katmandan oluşmaktadır. Bu, elbette ki Kuran'ın mucizelerinden biridir.

Бул жөнүндөгү дагы бир керемет болсо Фуссилет Сүрөсүнүн 12-аятындагы «Ар бир асманга буйругун вахий кылды» сүйлөмүндө орун алган. Т.а. аятта Аллахтын ар бир катмарды белгилүү бир кызмат менен милдеттендиргени билдирилүүдө. Кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк карала тургандай, жогоруда саналган катмарлардын ар биринин адамдардын жана жер бетиндеги бардык жаныбарлардын пайдасына абдан маанилүү кызматтары бар. Жамгырлардын пайда болушунан зыяндуу нурлардын тосулушуна, радио толкундардын чагылтылышынан метеориттердин зыянсыз абалга келтирилишине чейин ар бир катмардын өзүнө тиешелүү бир функциясы бар.

Төмөнкү аяттар болсо бизге атмосферанын 7 катмарынын көрүнүшү жөнүндө маалымат берүүдө:

«Аллахтын жети асманды бири-бири менен бир төп келүүчүлүк ичинде жаратканын көрбөй жатасыңарбы?» (Нух сүрөсү, 15)

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан... (Мүлк Сүрөсү, 3)

Бул аяттарда «төп келүүчүлүк» деп которулган Арапча «тибакан» сөзү ошол эле учурда «катмар, бир нерсенин ылайыктуу капкагы жана жапкычы» маанилерине да келет, жана жогорку катмардын ылдыйкы катмарга туура келишине басым жасайт. Сөз көптүк мааниде колдонулганда болсо «кабат кабат» маанисине келет. Аятта сүрөттөлгөн кабат кабат абалындагы асман, албетте, атмосфераны толук сүрөттөгөн бир түшүндүрмө.

20-кылымдын технологиясы болмоюнча, эч аныктоого мүмкүн болбогон мындай маалыматтардын 1400 жыл мурда түшүрүлгөн Курани Керимде апачык билдирилиши болсо албетте абдан улуу бир керемет.

Корголгон Чатыр

Куранда Аллах асмандын абдан маанилүү бир өзгөчөлүгүнө мындайча көңүл бурат:

Асманды корголгон бир чатыр кылдык; алар болсо мунун аяттарынан жүз бурушууда. (Анбия Сүрөсү, 32)

Аятта айтылган асмандын мындай өзгөчөлүгү 20-кылымдагы илимий изилдөөлөр менен далилденди.

Жерди толук курчаган атмосфера жандуулардын өмүр сүрүшү үчүн абдан маанилүү функцияларды аткарат. Жерге жакындаган чоң-кичине көптөгөн метеоритти майдалап жок кылат жана алардын жерге түшүп жандууларга чоң зыян беришине тоскоол болот.

Атмосфера, мындан тышкары, космостон келген жана жандуулар үчүн зыяндуу болгон нурларды фильтрден өткөрөт. Атмосферанын мындай өзгөчөлүгүнүн абдан өзгөчө тарабы – бул атмосферанын бир гана зыянсыз деңгээлдеги нурларды, т.а. көзгө көрүнгөн нур, инфра-кызыл нурлар жана радио толкундарды өткөрүшү. Булардын баары жашоо үчүн керектүү нурлар. Мисалы, атмосфера тарабынан белгилүү санда өтүшүнө уруксат берилген ультра-кырмызы нурлар өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашы жана натыйжада бардык жандыктардын жашоосун улантышы үчүн зор мааниге ээ. Күн тарабынан чыгарылган күчтүү ультра-кырмызы нурлардын көпчүлүгү атмосферанын озон катмарында сүзгүчтөн өтөт жана жер бетине жашоо үчүн керектүү болгон аз бөлүгү гана жетет.

Атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү булар менен эле чектелбейт. Жер космостун орточо -270 даражалык тоңдуруучу суугунан да атмосфера урматында сактанат.

van allen

Dünya'nın manyetik alanının oluşturduğu manyetosfer tabakası, yeryüzünü gök taşlarından, zararlı kozmik ışın ve parçacıklardan koruyan bir kalkan gibidir. Yukarıdaki resimde Van Allen Kuşakları adı da verilen bu manyetosfer tabakası görülmektedir. Dünya'nın on binlerce kilometre uzağındaki bu kuşaklar, yeryüzündeki canlıları uzaydan gelebilecek öldürücü enerjiden korumaktadır. Tüm bu bilimsel bulgular, Dünya'nın özel bir şekilde korunduğunu kanıtlamaktadır. Önemli olan, bu korunmanın "gökyüzünü korunmuş bir tavan kıldık" ayetiyle 1400 sene önce Kuran'da haber verilmiş olmasıdır.

arizona meteor

Gökyüzünü seyreden insanlardan çoğunun aklına atmosferin koruyucu yapısı gelmez. Bu yapı olmasa Dünya'nın nasıl bir yer olacağı da çoğu zaman düşünülmez. Yukarıdaki resimde Dünya'ya düşen bir gök taşının ABD Arizona'da açtığı dev çukur görülmektedir. Eğer atmosfer olmasaydı bu gök taşlarının milyonlarcası Dünya yüzeyine düşer ve gezegen yaşanılmaz bir hale gelirdi. Ancak atmosferin koruyucu özelliği sayesindedir ki, Dünya'daki canlılar güven içinde yaşamlarını sürdürürler. Bu, elbette Allah'ın insanlar üzerindeki bir korumasıdır ve Kuran'da haber verilmiş bir mucizedir.

sun earth

Жерди зыяндуу таасирлерден коргогон бир гана атмосфера эмес. Атмосферадан тышкары «Ван Аллен тилкемдери» деп аталган жана жердин магниттик талаасынан келип чыккан бир катмар да планетабызга келген зыяндуу нурларга карата бир калкан кызматын аткарат. Күндөн жана башка жылдыздардан тынымсыз таркаган бул нурлар адамдар үчүн өлтүрүүчү таасирге ээ. Өзгөчө күндө бат бат болуп турган жана «жаркыроо» деп аталган энергия жарылуулары Ван Аллен тилкемдери болбосо, жердеги бүт жашоону жок кыла ала турган күчкө ээ.

Atmosphere

Geminid meteor yağmuru her sene Aralık ayının ikinci haftasında en yoğun şekilde gözlemlenir. Üstteki fotoğrafta görülen kısa çizgiler yıldızlara ait izlerdir; uzun olanlar ise meteorlara aittir. Resimde görülen meteor yağmurunda gök taşları saatte 58 taneye varan yoğunlukta düşmüştür.

Ван Аллен тилкемдеринин жашообуз үчүн маанисин Др. Хью Росс (Dr. Hugh Ross) мындайча баяндайт:

Жер күн системасындагы планеталар арасынан эң жогорку тыгыздыкка ээ. Бул көп сандагы никель-темир борбору чоң бир магникттик талаага жооп берет. Бул магниттик талаа Ван Аллен радиациядан коргоочу катмарын пайда кылат. Бул катмар жер бетин радиация бомбалоосунан коргойт. Эгер бул коргоочу катмар болбогондо, жерде жашоо болмок эмес. Магниттик талаасы бар жана аскалуу аймактардан турган дагы бир планета – бул Меркурий. Бирок бул магниттик талаанын күчү жердикинен 100 эсе аз. Ван Аллен радиациядан коргоочу катмары жерге гана тиешелүү.

Өткөн жылдарда аныкталган бир жаркыроодо ачыкка чыккан энергиянын Хиросимага ташталганга окшогондон 100 миллиард атом бомбасына тең келээри эсептелген. Жаркыроодон 58 сааттан соң компастын көрсөткүчтөрүндө ашыкча кыймылдар байкалган. Жер атмосферасынын 250 км үстүндө температура абдан өзгөрүп, 2500 0C'ге жогорулаган.

Кыскача айтканда, жердин бетинде аны ороп-курчаган жана тышкы факторлордон коргогон кемчиликсиз бир система иштейт. Мына ушул жерди курчаган асмандын коргоочу калкан өзгөчөлүгүн Аллах бизге көптөгөн кылым мурда Куранда билдирген.

Асмандын Там Кылынышы

meteor yağmuru

Ал силер үчүн жер бетин бир төшөк, асманды бир там кылды. Жана асмандан жамгыр жаадырып, аны менен силер үчүн (ар түрдүү) түшүмдөрдөн ырыскы чыгарды. Демек (булардын баарын) билип туруп Аллахка шериктер кошпогула. (Бакара Сүрөсү, 22)

Бул аятта асман сүрөттөлүп жатканда Арапча «ессемае бинаен» сөзү колдонулууда. Бул сөз купол, чатыр маанилери менен бирге Арап көчмөндөрү тарабынан колдонулган чатырга окшош бир жапкычты да сүрөттөйт.23 Жана бул чатырга окшош түзүлүш менен басым жасалган жагдай – бул сырткы факторлордон бир коргоонун коюлгандыгы.

Биз көбүнчө байкабасак да, башка планеталардагы сыяктуу жерге да көп санда метеорит түшүп турат. Башка планеталарга түшкөндө, ири кратерлер (оюктар) ачкан бул метеориттердин жерге зыян бербешинин себеби – бул жерди курчаган атмосферанын түшүп келе жаткан метеориттерге карата абдан каршы турушу. Метеорит бул туруштукка көп чыдай албайт жана сүрүлүүдөн улам күйүп массасынын көп бөлүгүн жоготот. Ошентип ири кырсыктарга жол ачышы мүмкүн болгон коркунуч атмосфера урматында тосулган болот. Аллах жогоруда айтылган атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү жөнүндөгү аяттардан тышкары, төмөнкү аятта да бул өзгөчө жаратылууга көңүл бурууда:

Аллахтын жердегилерди жана деңизде Анын буйругу менен сүзүп жүрүүчү кемелерди силердин пайдаланууңарга бергенин көргөн жоксуңбу. Жана (Өз) уруксаты болмоюнча, асманды жердин үстүнө түшүүдөн сактайт. Шексиз, Аллах адамдарга карата боорукер, абдан мээримдүү. (Хаж Сүрөсү, 65)

Мурдакы бөлүмдө да айтылган атмосферанын коргоочу өзгөчөлүгү жерди космостон, т.а. сырткы факторлордон коргоодо. Жогорудагы аяттарда асман үчүн колдонулган там сөзү менен да толугу менен асмандын Пайгамбарыбыз (сав) доорунда билиниши мүмкүн болбогон ушул тарабына көңүл бурулууда. Бул маалыматтардын алдыңкы технология менен жабдылган космос унаалары, ири телескоптор жок кезде, 1400 жыл мурда Курани Керимде билдирилген болушу Курандын чексиз илим ээси Раббибиздин вахийи экенин көрсөтөт.

Артка Кайтаруучу Асман

Курани Керимде Тарык Сүрөсүнүн 11-аятында асмандын «артка кайтаруучу» өзгөчөлүгү жөнүндө мындайча айтылат:

Кайтуучу асманга ант болсун. (Тарык Сүрөсү, 11)

Куран котормолорунда «кайтуучу» деп которулган «режъи» сөзү «артка кайтаруучу» маанисине келет.

Белгилүү болгондой, жерди курчаган атмосфера көптөгөн катмардан турат. Ар бир катмардын жандуулуктун пайдасын көздөгөн маанилүү кызматы бар. Изилденгенде ар бир катмардын ага жеткен затты же нурларды космоско же жер бетине кайра кайтаруу өзгөчөлүктөрүнүн бар экени аныкталган. Бул жерде атмосфера катмарларынын артка кайтаруучу өзгөчөлүгүн бир канча мисал менен карайлы.

The Returning Sky

Dünya üzerindeki canlı yaşamı için suyun varlığı son derece önemlidir. Suyun oluşmasındaki etkenlerden bir tanesi de atmosferin katmanlarından biri olan Troposferdir. Troposfer tabakası okyanuslardan yükselen su buharını yoğunlaştırarak yeryüzüne yağmur olarak geri döndürür.

Yeryüzündeki yaşam için öldürücü olabilecek ışınları engelleyen atmosfer katmanı ise, Ozonosfer tabakasıdır. Stratosferin alt tabakası olan Ozonosfer tabakası ultraviyole gibi zararlı kozmik ışınları uzaya geri döndürerek, bu ışınların yeryüzüne ulaşmasını ve canlılığa zarar vermesini engeller.

Atmosferin her katmanı insanlara yararlı özelliklere sahiptir. Örneğin atmosferin üst tabakalarından biri olan İyonosfer tabakası, belli bir merkezden yayınlanan radyo dalgalarını yeryüzüne geri yansıtarak bu yayınların uzak mesafelerden bile algılanmasını sağlar.

Мисалы, 13-15 км бийиктиктеги тропосфера катмары жер жүзүнөн көтөрүлгөн суу буусунун топтошуп, оордошуп жаан-чачын абалында жерге кайра кайтышын камсыздайт. 25 км бийиктиктеги стратосферанын астыңкы катмары болгон озоносфера космостон келген радиация жана зыяндуу ультра-кырмызы нурларды чагылтып, жер бетине жете албастан космоско кайра кайтышын камсыздайт. Ионосфера катмары болсо жер бетинен чыккан радио толкундарды бир спутник сыяктуу жер бетинин ар кайсы аймактарына кайра чагылтып, уюлдук байланыштын, радио жана телевизор берүүлөрүнүн алыс аралыктарга жетишин камсыз кылат. Магнитосфера катмары болсо күндөн жана башка жылдыздардан чыккан зыяндуу радиоактивдүү бөлүкчөлөрдү жер бетине жеткирбей артка кайтарат.

Асман катмарларынын жакынкы жылдарда эле аныкталган мындай өзгөчөлүгүнүн кылымдар мурда Куранда билдирилиши Курандын Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу тастыктоодо.

Булактар

1. S. Waqar Ahmed Husaini, The Quran for Astronomy and Earth Exploration from Space, Goodword Press, 3. baskı, New Delhi, 1999, ss. 103-108.

2. http://www.time.com/time/time100/scientist/profile/hubble.html

3. Philip Ball, "Black Crunch Jams Universal Cycle", Nature, 23 Aralık 2002; Dr. David Whitehouse, "Universe is 'doomed to collapse'", BBC News Online, 22 Ekim 2002, http://news.bbc.co.uk/1/hi/sci/tech/2346907.stm; Mark Schwartz, "Cosmic 'big crunch' could trigger an early demise of our universe", Stanford Report, 25 Eylül 2002.

4. Mark Schwartz, "Cosmic 'big crunch' could trigger an early demise of our universe", Stanford Report, 25 Eylül 2002.

5. Mahdi La'li, A Comprehensive Exploration of the Scientific Mireacles in Holy Qur'an, Trafford, Kanada, 2003, ss. 35-38.

6. Ebu'l-A'lâ Mevdûdî, Tefhimu'l Kur'an; http://www.enfal.de/tefhim/)

7. Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 53.

8. Meyers Lexikon in drei Bänden Bibliographisches Institut & F.A. Brockhaus AG, Mannheim 1995, Digitale Ausgabe LexiRom.