Бул бөлүмгө чейин Курандын илимий жана тарыхый тараптан кереметтүү өзгөчөлүктөрүнө токтолдук. Булардан тышкары, Куран ошол эле учурда адабий тараптан да таң калтыруучу, теңдишсиз бир услупка ээ.
Эң биринчиден белгилей турган жагдай – бул Курандын ар бир доордо, ар кандай адам топторуна кайрылган бир услупта болушу. Окуган адамдын илимий жана маданий деңгээли кандай гана болбосун, Куран бүт адамдар түшүнө ала турган ачык, түшүнүктүү бир услупка ээ. Бир аятта Аллах Куран жөнүндө мындай кабар берет:
Ант болсун, Биз Куранды зикир (насаат алып ойлонуу) үчүн жеңил кылдык... (Камер Сүрөсү, 22)
Куранда мынчалык оңой түшүнө турган бир услуп болгонуна карабастан, эч бир тараптан Куранда тууроо мүмкүн болгон эмес. Аллах Курандын теңдешсиздигине көңүл бурган аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Же болбосо: «Муну өзү жалгандан ойлоп тапты» деп жатышабы? Айткын: «Ушуга окшогон бир сүрө алып келгиле жана эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка чакыра алганыңарды(н баарын) чакыргыла.» (Йунус Сүрөсү, 38)
Курандын керемет сөзү менен сыпатталышынын себептеринин бири, жогорудагы аяттарда басым жасалгандай, адамдын аракети менен ага окшошунун жазыла албашынан келип чыгат. Тууроо, окшошун жазуу канчалык мүмкүн эмес болсо, керемет да ошончолук улуу болот. Ошондуктан, Курандын услубунун кылымдар бою миллиарддаган адамдардын арасынан бир адам тарабынан да тууроого мүмкүн болбогону кереметтүү тараптарынын далилдеринин бири. Ф. Ф. Арбутнот (F. F. Arbuthnot) The Construction of the Bible and the Koran (Инжил жана Курандын түзүлүшү) аттуу китебинде Куран жөнүндө мындай жоромолун жасаган:
«Адабий тараптан караганда, Куран жарым ыр сабы жарым түз текст абалында жазылган эң таза Арапчага өрнөк. Тил адистери кээде Куранда колдонулган белгилүү калып жана сөз айкаштарына туура келе турган эрежелерди колдоноору жана Куранга тең келчү бир эмгек жаратуу үчүн көп жолу аракет кылышканына карабастан, али эч кимисинин ийгиликке жете албаганы айтылган.»
Курандын услубунда колдонулган сөздөр маани жагынан да, услуптун шыр болушу жана таасири жагынан да абдан өзгөчө. Бирок Курандын Аллахтын буйрук жана тыюуларын кабар берген ыйык бир китеп экенине ишенгиси келбегендер, ар кандай шылтоолорду айтышып, андан баш тартышкан. Аллах ыйман келтирбегендердин Куран жөнүндөгү сыпаттоолоруна карата төмөнкү аяттарда мындайча билдирет:
Биз ага (пайгамбарга) ыр саптарын үйрөткөн жокпуз; (бул) ага жарашпайт дагы. Ал (ага түшүрүлгөн Китеп) – болгону бир насаат жана апачык бир Куран. (Куран) Тирүүлөрдү эскертип-коркутуу жана каапырларга болгон убаданын акыйкат болушу үчүн (түшүрүлгөн). (Йасин Сүрөсү, 69-70)
Prof. Adel M. A. Abbas'ın Science Miracles (Bilimsel Mucizeler) adlı kitabı |
Куранды тууроого мүмкүн эмес кылган элементтеринин дагы бири болсо Курандын адабий түзүлүшүнөн келип чыгат. Куран Арапча болгонуна карабастан, Арап адабиятында колдонулган калыптардын эч бирине окшошпойт.
Курандагы рифма системасы «сежи» деп аталат жана тил адистери Курандагы мындай рифма колдонулушун да керемет деп айтышууда. Атактуу англис илимпоз Проф. Адель М. А. Аббас (Adel M. A. Abbas) Курандын лингвистика жагынан бир керемет экенин далилдөө үчүн даярдаган Science Miracles (Илимий кереметтер) аттуу китебинде Куранда колдонулган тамгаларды, рифма системасын график жана сүрөттөр жардамы менен терең изилдеген. Бул китепте Курандагы рифма системасы жөнүндө абдан маанилүү жыйынтыктар айтылган.
Белгилүү болгондой, Куранда 29 сүрө 1 же 1ден көп символикалык тамга менен башталат. «Мукатта тамгалары (хуруфу мукатта)» деп аталган бул тамгалар башталгыч тамгалар деп да аталышат. Арап тилиндеги 29 тамганын 14 даанасы мукатта тамгаларын түзөт: Айн, Син, Каф, Нун, Ра, Йа, Та, Ха, Элиф, Лам, Мим, Хе, Сад, Кеф.
Бул тамгалардан «Нун» тамгасынын Калем Сүрөсүндөгү колдонулушу изилденгенде, аяттардын 88,8%ында «Нун» тамгасы менен рифма болгону байкалат. Шуара Сүрөсүнүн 84,6%ы, Немл Сүрөсүнүн 90,32%ы, Касас Сүрөсүнүн 92,05%ы «Нун» тамгасы менен рифмаланган (уйкаштырылган).
Курандын баары каралганда болсо, 50,08%ында «Нун» тамгасы менен рифма жасалганы аныкталат. Башкача айтканда, Курандагы аяттардын жарымынан көбү «Нун» тамгасы менен аяктайт. Ушундай чоңдуктагы эч бир адабий эмгекте тексттин жарымынан көбүндө жалгыз тыбыш менен рифма (уйкаштык) жасоо мүмкүн болгон эмес. Бул бир гана Арап тилине эмес, бүт тилдерге тиешелүү.
Yukarıdaki tablo mukata (sembolik) harfleriyle başlayan surelerde, "Nun" harfi ile sona eren ayetlerin dağılımını göstermektedir. |
Куран уйкаштык жагынан жалпы анализ кылынганда болсо, уйкаштыктардын болжол менен 80%ынын Элиф, Мим, Йа жана Нун тамгалары тарабынан турган үч тыбыштан (н, м, а) тураары аныкталган. «Нун» тамгасынан башка аяттардын 30%ы «Мим», «Элиф» же болбосо «Йа» менен рифмаланган.
Yukarıdaki tabloda Kuran'ın kafiye sisteminin %79.92'sini oluşturan 4 harfin orantılı bir şekilde dağılımı görülmektedir. |
Төмөндөгү сүрөлөрдө болсо бул төрт тамга менен жасалган көптөгөн рифмадан болгону бир канча мисал орун алган.
Эки жүз-үч жүз саптык бир ыр сабында рифманын эки үч тыбыш менен жасалышы бул чыгармага шедевр деп атай турганчалык өзгөчөлүк бере алышы мүмкүн. Бирок Курандын узундугу, ичиндеги маалыматтар жана хикматтуу (терең маанилүү) баяны эске алынганда, мындай бир рифма колдонуунун канчалык кереметтүү бир абал экени жакшыраак көрүнөт. Себеби Куран адамдарга жол көрсөтүүчү болгон ыймандык бир китеп катары бардык адабий артыкчылыктары, социалдык жана психологиялык темаларынан тышкары, физика илими менен байланыштуу көп теманы да камтыйт. Ошондуктан ушунчалык ар түрдүү жана илимий темаларды камтыган Куранда мынча аз тыбыш менен рифма жасалышы адамдын аракети менен ишке ашыруу мүмкүн эмес болгон нерсе. Бул жагынан Арап тилинин адистери Куранды «эч тууроого мүмкүн болбогон Китеп» деп сыпатташууда.
Меккеликтер дагы эле андан керемет каалап жатышкан эле жана Аз. Мухаммед (сав) чоң бир эр жүрөктүк менен жана өзүнө ишенүү менен миссиясынын далили болгон Курандын өзүнө кайрылды. Бүт Араптар сыяктуу алар да тил жана сүйлөө чеберчилигинде адис эле. Эгер Куранды ал өзү жазган болсо, башка адамдар да аны менен атаандаша алышмак. Ал сыяктуу он аят жазышсын. Эгер жаза алышпаса (эч жаза алышпайт да), анда Куранды апачык бир керемет катары кабыл алышсын. (Оксфорд университетинен атактуу Арап тили адистеринен Гамильтон Гибб (Hamilton Gibb))
Адабий бир ири эмгек катары Куран жалгыз турат; Арап адабиятынын теңдешсиз бир түшүмү, өзүндө айтылгандай бир «ата-бабасы» жана мураскору жок. Бүт доорлордун Мусулмандары бир гана мазмуну эмес, услубун да тууроо мүмкүн эмес деген орток пикирге келишкен... (Арап тили адиси Гамильтон Гибб (Hamilton Gibb))
Курандын Арап адабиятынын өнүгүшүнө болгон таасирин өлчөөгө болбойт жана бул таасир көп тараптуу болгон. Ичиндеги пикирлер, тили, рифмасы кийинки бардык адабия чыгармаларга аз же көп таасири болгон. Белгилүү тил өзгөчөлүктөрүн кийинки кылымдын прозасында да, андан кийинки проза чыгармаларында да тууроо мүмкүн болгон жок, бирок Куран Арап тилине алып келген ийкемдүүлүк себебинен ошол учурдагы абал жарым-жартылай ылдам өнүгө алды жана императорлук башкаруунун жана өнүккөн коомдун жаңы муктаждыктарына ылайык абалга келди. (Арап тили адиси Гамильтон Гибб (Hamilton Gibb))
Миссиясынын чындык экендигинин бир далили катары Аз. Мухаммедден (сав) бир керемет сурашкан сайын, Ал Курандын Аллахтан келгендигинин бир далили катары Курандын баяндарын жана эч салыштырылгыс улуулугун колдонгон. Негизи Мусулман болбогон адамдар үчүн да эч нерсе анын түшүнүктүү бир бүтүндүккө жана токтукка ээ тилинен кереметтүүрөөк эмес... Кереметтүү гармонияларга толгон тыбыштардын көптүгү жана кереметтүү ритмдер абдан душмандык жана шектенүү менен караган адамдардын өзгөрүшүндө маанилүү болгон. (Пол Казанованын (Paul Casanova) "L'Enseignement de I'Arabe au College de France" (Француз коллежинде Арапча окутуу) аттуу макаласынан)
Куран Жебрейил тарабынан Аз. Мухаммедге (сав) жеткирилген сөзү сөзүнө Аллахтын бир вахийи. Өзүнүн жана Аллахтын пайгамбары Аз. Мухаммеддин (сав) тууралыгын далилдеген бир керемет. Кереметтүү сыпаты услубунда да жатат –ушунчалык кемчиликсиз жана улуу болгондуктан, эч бир адам жана жин эң кыска сүрөсүнө салыштырууга мүмкүн болгондой бир сүрө да жаза албайт- мазмунунда да бар, келечек жөнүндөгү маалыматтарында жана Аз. Мухаммед (сав) эч өз башынча жете албаган маалыматтардын кереметтүү тууралыгында жатат. (Гарри Гайлорд Дормандын (Harry Gaylord Dorman) Towards Understanding Islam (Исламды түшүнүүнү көздөй) аттуу китебинен)
Арапча Куран менен тааныш болгон бүт адамдар бул диний китептин сонундугун макташат; калыбындагы керемет ушунчалык улуу болгондуктан, кандайдыр бир Европа тилине которулганда, анчалык суктанылбашы мүмкүн. (Эдуард Монтет (Edward Montet), Traduction Francaise du Coran (Курандын Француз тилиндеги котормосу) аттуу китебинен)
Оригиналдуу Арапчасы менен Куран адамды кыймылга келтирүүчү бир кооздукка жана өзүнө тартуучу күчкө ээ. Маңыздуу жана жогорку стили, көбүнчө рифмалуу болгон, бирден көп маанилерди камтыган кыска сүйлөмдөрү, сөзмө-сөз котормо аркылуу берилиши абдан кыйын болгон маанилүү бир таасирге жана жарылуучу бир энергияга ээ. (Жон Неиштин (John Naish) The Wisdom of the Qur'an (Курандын хикматы) аттуу китебинен)
Куран ааламдык (Китеп) катары Араптардын эң асылы жана жөнөкөйү болгон Курейш диалектинде, эң сонун жана таза бир тилде жазылган... Курандын стили сонун жана куюлушкан... жана көп жерде өзгөчө Аллахтын улуулугу жана сыпаттары сүрөттөлгөн убактарда улуу жана көркөм... Ушунчалык ийгиликтүү жана угуучуларды ушунчалык таң калтыргандыктан, кээ бир каршы чыккандар бул бир көз бойомочулук жана сыйкыр таасири деп ойлошкон. (Жорж Сейлдин (George Sale) The Koran: The Preliminary Discourse (Куран: алгачкы чакырык) аттуу китебинен)
Чындыктын, хикматтын жана услуп маңыздуулугунун керемети... (Касиеттүү (святой) Босуорт Смиттин (Bosworth Smith) Mohammed and Mohammadanism (Аз. Мухаммед жана Мухаммедийлик) аттуу китебинен)
Куран тандамал кооздуктагы бир рифмага жана кулакты сыйкырлоочу бир гармонияга ээ. Көп христиан-арап Курандын стилинен таң калуу менен сөз кылышат жана көп арап тили адистери анын кемчиликсиздигин кабыл алат... Чынында поэзияда да, прозада да бай жана түшүмдүү болгон Арап адабиятында аны менен салыштырууга боло турган эч нерсе жок. (Альфред Гийомдун (Alfred Guillaume) Islam (Ислам) аттуу китебинен)
Бир бүтүн катары Куранда эң мээлүү адамдар, эң улуу философтор жана эң күчтүү саясатчылардан алына ала турган бир акыл коллекциясын табабыз. Бирок Курандын Кудайдан келгендигинин дагы бир далили бар; вахий кылынган күндөн бүгүнкү күнгө чейин кылымдар бою бузулбастан корголгондугу... Мусулман дүйнөсү тарабынан кайра кайра окулуучу бул китеп ыйман келтирген бир адамды эч качан тажатпайт, тескерисинче кайталанган сайын ар күнү мурдакыдан да көбүрөөк сүйүлөт. Аны уккан же окуган адамда терең бир хушу (Аллахтан коркуу) жана урмат сезимин ойготот... Ошондуктан, Исламдын улуу жана ылдам жайылышына себеп болгон – бул баарынан мурда бул китептин Аллахтын китеби болушу... (Лаура Веччи Вальеринин (Laura Veccia Vaglieri) Apologie de I'Islamisme (Ислам дини жөнүндө бир сөз) аттуу китебинен)
Куран көп санда кемчиликсиз ахлактык кеңештерди камтыйт жана мазмуну кичине, байланышсыз бөлүктөрдөн турат, бүт адамдар тастыкташы керек болгон нуска сөздөрү (афоризми) жок бир бетин да көрө албайбыз. Курандын бөлүмдөр абалындагы мындай түзүлүшү жашоодогу кандайдыр бир окуяда катардагы адамдарга туура келген, өз ичинде бир бүтүн болгон бул тексттер нуска сөздөрдү жана эрежелерди түзөт.159 (Жон Уильям Драпердин (John William Draper) A History of the Intellectual Development of Europe (Европанын интеллектуалдык тарыхынын өнүгүшү) аттуу китебинен)
[Аллахтын] Күч, илим жана ааламдык Кудайдык эрк жана жалгыздыгы (асмандардын жана жердин ээси жалгыз бир Аллахка болгон ишеним жана таяныч) сыпаттарына таянган Курандагы Кудайдык табият түшүнүгү, ошондой эле жогорку жана терең адеп-ахлактык чечкиндүүлүк, насаат берүүчү көсөм темалардын Куранда орун алышы жана күчтүү калктар жана чоң императорлуктардын курулаарын далилдеген бөлүмдөрдүн болушу себебинен Курандын эң жогорку мактоого татыктуу экенин кабыл алуу керек.160 (Касиеттүү (святой) Ж. М. Родуэллдин (J. M. Rodwell) Арапчадан которулган англисче Куран маанилери котормосунун баш сөзүнөн)
... Адабий бир түшүм катары анын баркын кээ бир субъективдүү жана кооздук каалоолорго карап өлчөбөш керек, Аз. Мухаммеддин (сав) замандаштары жана жердештерине болгон таасирин эске алуу зарыл. Ошого чейин душман болгон элементтерди жалгыз бир денеде бириктирүүдөн тышкары, эгер угуучулардын жүрөгүнө үнүн мынчалык күчтүү жана ынандырарлык жеткире алып жатса, ошого чейинки араптардын аң-сезиминен жогору болгон пикирлерди сунуп жатса, реторикасы эч кемчиликсиз, себеби уруулардан маданий бир улут курган... (Др. Стейнгасстын (Dr. Steingass) T. P. Hughes'тун Dictionary of Islam (Ислам сөздүгү) аттуу китебинде орун алган бир сөзү)
... Арапча Курандын улуу реторикасын алсыз да болсо чагылта турган бир нерселерди чыгаруу аракетим, кабардын өзүнөн тышкары, комплекстүү жана бай рифмалары менен байытылган адамзаттын эң улуу адабий шедеври болгон Курандын алдында нурсуз болуп калды... Мусулман Пикхоль (Pickthall) Ыйык Китепти сүрөттөп жатып айткандай «тууроого мүмкүн болбогон гармонияга» мурдакы котормочулар тарабынан дээрлик эч маани берилген эмес; ошондуктан кереметтүү кооздолгон оригиналы менен салыштырылганда (котормолордун) супсак жана түз тыбыштарга ээ болушу таң калыштуу эмес.162 (Артур Алберринин (Arthur J. Arberry) The Koran Interpreted (Түшүндүрмөлөрү менен Куран) аттуу китебинен)
Заманбап илимдин негизинде Куран толугу менен объективдүү анализ кылынганда, көп жолу айтылгандай, экөөсү арасындагы дал келүү байкалат. Аз. Мухаммеддин (сав) доорундагы бир адамдын ал күндүн илим деңгээли менен мындай баяндарды жаза алышы мүмкүн эмес. Мындай ойлор Курандын теңдешсиздигин көрсөтүүдө жана объективдүү илимпоздун материалисттик себептерге таянган бир түшүндүрмө бере албашын кабыл алууга мажбурлайт. (Др. Морис Бюкай (Dr. Maurice Bucaille), Париж университетинин Хирургия клиникасынын башчысы)
... Куран башталгыч чекити катары өзгөрбөгөн ордун сактап калды... Бүт адамдар түшүнө ала турган маңыздуу бир баянга ээ болгон бул дин адамдардын абийирин кыймылдатууга багытталган улуу бир күчкө да ээ.164 (Атактуу француз окумуштуулардан Эдуард Монтет (Edward Montet))
... Корголгон болушу жана мазмуну жагынан толугу менен теңдешсиз бир китеп бар... эч ким олуттуу бир шектенүү чыгара албаган чыныгы бир авторитет. (Босуорт Смиттин (Bosworth Smith) Mohammed and Mohammadanism (Аз. Мухаммед жана Мухаммедийлик) аттуу китебинен)
... Куран абийир эркиндигин апачык колдойт.166 (Жеймс Миченердин (James Michener) "Islam: The Misunderstood Religion" (Ислам: туура эмес түшүнүлгөн дин) аттуу макаласынан)
Адилет түшүнүгү Исламдын кереметтүү идеалдарынын бири, себеби Куранды окуганымда жашоонун бул динамикалык принциптерин көрүүдөмүн; булар мистикалык эмес, тескерисинче бүт дүйнөгө туура келген, жашоонун күнүмдүк агымына ылайыктуу практикалык адеп-ахлак системасын көрүүдөмүн.167 (Speeches and Writings of Sarojini Naidu (Сарожини Найдунун сөздөрү жана дил баяндары) аттуу китепте орун алган "The Ideals of Islam" (Ислам дининин идеалдары) темалуу бир конференциядан)
Курандын бир булак, илимдердин башы экенин көрүү бизди таң калтырбашы керек. Куранда асмандар жана жер менен, адам жашоосу менен, соода жана ар кандай иштер менен байланыштуу ар түрдүү темадан сөз кылынууда жана бул болсо ыйык китептин бөлүмдөрүндөгү тафсирлерди түзгөн жалгыз бир тема же бир теманын жалгыз бир тарабы жөнүндөгү түшүндүрмөлөрдү пайда кылууда. Куран ушундайча Мусулман дүйнөсүндөгү бардык илим тармактарындагы кереметтүү өнүгүүлөрдүн негизги себеби... Бул бир гана араптарга таасир этпестен, ошол эле учурда еврей философтордун метафизикалык жана диний темаларга арап ыкмалары менен ой жүгүртүшүнө себеп болгон. Ошондой эле, христиан схоластицизминин арап дин философиясы менен канчалык аралашып кеткени жөнүндө көп талашуунун кажети жок.
Исламдык чектер ичинде ойгонгон руханий кыймыл бир гана диний божомолдор менен чектелбейт. Гректердин философиялык, математикалык, астрономиялык жана медициналык жазма эмгектери менен болгон жакындык бул эмгектердин уланышына жол ачкан. Аз. Мухаммед (сав) түшүндүрмө вахийлер менен Аллахтын кереметтеринин бир бөлүгү катары адамдын кызматына сунулган, натыйжада сыйынылбашы керек болгон асман телолорунун кыймылдарына көп жолу көңүл бурган. Бүт улуттардан Мусулмандардын астрономия илиминде канчалык ийгиликтүү эмгектенгени алардын кылымдар бою бул илимдин эң алдыңкы колдоочулары болушунан көрүнүп турат. Азыр деле көптөгөн арап тилиндеги жылдыз аттары жана техникалык термин колдонулууда. Европада ортоңку кылым астрономдору араптардын окуучулары болушкан.
Ошондой эле, Куран медициналык эмгектерге да күч берип, жалпы табият жөнүндө ойлонууну жана эмгектенүүнү насаат кылган.168 (Проф. Хартвиг Хиршвельддин (Prof. Hartwig Hirschfeld) New Researches into the Composition and Exegesis of the Qur'an (Курандын түзүлүшү жана тафсирин изилдеген жаңы эмгектер) аттуу китебинен)
Курандын дүйнөнүн Кудайдан келген улуу китептеринин арасында маанилүү орду бар экенин көпчүлүк кабыл алат. Кылымга жол ачкан эмгектердин эң жаңылары адабият классына тиешелүү болсо да, булардын дээрлик эч бири көп адам топторуна мынчалык кереметтүү таасир эте алган эмес. Куран адамдын ой жүгүртүүсүндө жаңы бир доор жана жаңы бир табият пайда кылган. Алгач Арап жарым аралынын бири-биринен абдан айырмалуу көп сандагы чөл урууларын баатырлар калкына айлантып, андан соң учурда Европа жана Чыгыштын эң чоң күчтөрүнүн бири катары эске алынышы керек болгон Аз. Мухаммед (сав) доорунун абдан кеңири саясий-диний уюмдарын түзүүсүн уланткан. (Ж.М. Родуэллдин (J. M. Rodwell) Курандын арап тилинен англис тилине маанилеринин котормосуна Г. Марголит (G. Margoliouth) тарабынан жазылган кириш бөлүмүнөн)
... колубузга алган сайын... кыска бир убакыт ичинде бизди өзүнө тарткан, айран таң калтырган жана эң аягында алдына таазим кыла турганчалык таң калтырган бир чыгарма... Курандын услубу мазмуну жана максатына ылайык абдан күчтүү, улуу жана кереметтүү... бул китеп кылымдар бою эң таасирдүү китеп бойдон калат. (Гетенин (Goethe) Т. П. Хьюздун (T. P. Hughes) Dictionary of Islam (Ислам сөздүгү) аттуу китебинде орун алган бир сөзү)
... (Куранда) абдан көп чындык бар жана Др. Мур (Dr. Moore) сыяктуу мен да бул баяндарды жасаткандын Кудайдан келген бир илхам экенине ишенүүдө эч кыйналбайм. (Проф. Персод (Prof. T. V. N Persaud) Manitoba университетинде анатомия, педиатрия жана балдар ден-соолугу, акушердик, гинекология тармактарында профессор)
... Менимче генетика менен дин арасында эч бир карама-каршылык жок, тескерисинче дин кээ бир традициялык илимий подходдорго вахий кошуп, илимге жол көрсөтө алат, булар болсо Куранда бар болгон сөздөр, кылымдардан кийин туура экени көрсөтүлгөн жана Курандагы мындай илимий колдоо Аллахтан. (Проф. Жо Ли Симпсон (Prof. Joe Leigh Simpson) акушердик, гинекология, молекулярдык жана адам генетикасы тармактарында профессор)
Бир илимпоз катары таптак көргөн нерселеримди гана изилдей алам. Эмбриология жана өрчүү биологиясын түшүнө алам. Курандан мага которулган сөздөрдү да түшүнө алам. Мурда берген мисалымда айткандай, эгер өзүмдү ошол доорго алып бара алганымда, бүгүн билгендерим менен жана түшүндүрө алгандарым менен ал доордо сүрөттөлгөн нерселерди түшүндүрүп бере алмак эмесмин... Демек (Куранда) жазылган бүт нерседе Аллахтын кийлигишүүсү бар деген пикирде эч бир карама-каршылык жок. (Проф. Маршалл Жонсон (Prof. E. Marshall Johnson), Thomas Jefferson университетинде анатомия жана өрчүү биологиясы профессору)
Кээ бир аяттар (Куран аяты) адамдын өрчүшүн клетка аралашмасынан органдардын жаратылуусуна чейин абдан терең баяндап берет. Баскычтары, терминологиясы жана түшүндүрмөсү менен бирге адамдын өрчүшүнүн мынчалык даана жана кемчиликсиз маалыматы мурда болгон эмес эле. Баарында болбосо да көбүнчө бул түшүндүрмө адаттагы илимий булактарда жазылган адамдын эмбриону жана адам түйүлдүгүнүн өрчүшүнүн көптөгөн баскычтарын кылымдар мурда кабар берген. (Жеральд К. Герингер (Gerald C. Goeringer), Georgetown университетинде медициналык эмбриология тармагында доцент)
Адамдын өрчүшү жөнүндөгү Курандагы сөздөрдү түшүндүрүүдө көмөкчү болуу мен үчүн чоң бир ырахат. Мен бул баяндарды Аз. Мухаммедге (сав) Аллах берди деп так айта алам, себеби бул маалыматтардын көпчүлүгү көптөгөн кылым кийинге чейин аныктала алган жок. Бул мага Аз. Мухаммеддин (сав) Аллахтын элчиси (пайгамбары) экенин далилдөөдө. (Проф. Кейт Мур (Prof. Keith L. Moore), Торонто университетинин анатомия жана клетка биологиясы профессору, атактуу бир эмбриолог жана көптөгөн медициналык окуу китептеринин автору)
... Адамдын эмбриону басып өткөн баскычтар комплекстүү болгондуктан, –бул үчүн өрчүү учурундагы тынымсыз өзгөрүүгө милдеттүү- Куран жана сүннөттөгү сөздөр колдонулуу менен жаңы бир классификациялоо системасы сунушталган. Сунушталган система жөнөкөй, абдан көп маалыматты камтыйт жана учурдагы эмбриология илиминин ачылыштарына толук дал келет. (Проф. Кейт Мур (Prof. Keith L. Moore), Торонто университетинин анатомия жана клетка биологиясы профессору)176
Акыркы төрт жылда Куран жана хадистер менен жасалган терең изилдөөлөр натыйжасында адамдын эмбрионун бөлүмдөргө бөлгөн жаңы бир система пайда болду, мунун б.з. 7-кылымында жазылган болушу болсо абдан таң калыштуу... Курандагы маалыматтардын б.з. 7-кылымындагы илимге таянган болушу мүмкүн эмес... (Проф. Кейт Мур (Prof. Keith L. Moore), Торонто университетинин анатомия жана клетка биологиясы профессору)
(Аз. Мухаммеддин) ааламдын орток тамыры сыяктуу темаларды билген болушу мүмкүн эмес деп ойлоймун, себеби илимпоздор муну абдан комплекстүү жана алдыңкы технологиялык ыкмаларды колдонуу менен акыркы бир канча жыл ичинде аныктай алышты... 1400 жыл мурда ядролук физика жөнүндө эч нерсе билбеген бир адам, мисалы; жер бетинин жана асмандардын бир эле булактан келгенин же бул жерде биз талашкан башка суроолордун жоопторун өзү таба албайт. (Проф. Альфред Кронер (Prof. Alfred Kroner), Германия Mainz университетинин геобилим профессору, дүйнөнүн эң атактуу геологдорунан)
Булардын баарын бириктирсеңиз жана Куранда дүйнө жөнүндөгү темалар менен дүйнөнүн пайда болушу жана жалпысынан илим менен бардык бул сөздөрдү кошсоңуз, бир канча түрдө ал жерде баяндалгандардын туптуура экенин жана учурда алардын илимий ыкмалар менен тастыкталганын... айта аласыз. Куранда айтылгандардын көпчүлүгү ал доордо али далилденген эмес эле, бирок заманбап илимий ыкмалар учурда Аз. Мухаммеддин (сав) 1400 жыл мурда айткандарын далилдеген бир позицияда. (Проф. Альфред Кронер, Германия Mainz университетинин геобилим профессору)
Куранда туура астрономиялык чындыктарды көргөнүм үчүн абдан таасирлендим деп айта алам жана биз сыяктуу ааламдын эң кичинекей бөлүкчөсүн да изилдеген заманбап астрономдор үчүн өзгөчө. Эң кичинекей бөлүкчөнү да түшүнүү үчүн көп аракет кылуудабыз. Себеби телескопторду колдонуу менен бүт ааламды ойлонбостон, асмандын эң кичинекей бөлүктөрүн да көрө алуудабыз. Демек Куран окуу менен жана суроолорду Курандан жооптоо менен аалам изилдөөлөрүм үчүн келечектеги жолумду таба аламын деп ойлойм. (Проф. Юшиди Кусан (Prof. Yushidi Kusan), Япония, Токио Обсерваториясынын директору)
Көргөн нерсебизди кереметтүү деп так айткым келет. Илимий түшүндүрмөнү кабыл алсын, албасын, биз көргөн бул жазууларды анализдөө үчүн биздин кадимки бир адам тажрыйбасы менен түшүнө ала тургандан абдан жогору болушу керек. (Проф. Армстронг (Prof. Armstrong), NASA'да иштеген астрономия профессору)
Мындай бир маалыматтын ал доордо, т.а. 1400 жыл мурда бар экенин элестетүү да абдан кыйын. Балким кээ бир нерселер жөнөкөй бир пикирлер болушу мүмкүн эле, бирок буларды абдан терең түшүнө алуу абдан татаал. Демек, бул эч адам өзү билген нерсе эмес. Кадимки бир адам бул кубулушту мынчалык терең детальдары менен түшүндүрө албайт. Демек бул маалымат табияттан жогорку бир булактан келген болушу керек деп ойлойм. (Проф. Dorja Rao, Сауд Арабия, Жидда, Абдулазиз Хан университетинде деңиз геологиясы профессору)
... Мен Куранда 1400 жыл мурда айтылган бүт нерсенин туура экенине жана илимий ыкмалар менен далилдене алаарына ишенем... Бул бүт илимдерди билген Аллахтын илхамы. Демек, төмөнкүнү айтуунун убактысы келди, «Аллахтан башка Кудай жок жана Аз. Мухаммед (сав) Анын элчиси». (Проф. Tejatat Tejasen, Tayland, Chiang Mai университетинин эмбриология жана анатомия бөлүмүнүн башчысы)
Куран бир канча кылым мурда келген жана эмне ачылыш жасасак тастыктаган. Бул Куран Аллахтын сөзү дегенди билдирет. (Проф. Joly Sumson, гинекология жана акушердик профессору)
Бул китеп (Куран) өтмүштөн, жакынкы убактан жана келечектен сөз кылууда. Аз. Мухаммеддин (сав) доорундагы адамдардын маданий деңгээлин биле албаймын жана илимий деңгээлин да билбейм. Эгер бул өтмүш доордо илим деңгээли биз билгендей төмөн болгон болсо жана технология жок болгон болсо, анда учурда Куранда окуганыбыздын баары Аллахтын нуру экенинде эч күмөн жок. Муну Аз. Мухаммедге (сав) илхам кылган. Мынчалык кемчиликсиз бир илим болушу мүмкүнбү деп Ортоңку Чыгыштагы маданияттын башталгыч тарыхы жөнүндө бир изилдөө жасадым. Бул Аллахтын Аз. Мухаммедди (сав) жөнөткөнүнө болгон ишенимди андан да күчтөндүрдү. Ага улуу илиминен биз жакында аныктаган кичинекей бир бөлүк жөнөттү. Геология тармагында Куран менен илимдин үзгүлтүксүз бир диалогу болоорун үмүт кылуудабыз. (Проф. Palmar, Америкада геология тармагындагы алдыңкы илимпоздордун бири)
Куранда тоолордун жер бетин турукташтыруу функциясы жөнүндө болгон бир маекте:
Бул (Куран маалыматы) абдан абдан кызыктуу жана дээрлик эч мүмкүн эмес экенине ишенем. Эмне айтсаңар туура экенине ишенем, мындан улам бул китепти (Куранды) угузуу (жеткирүү) абдан баалуу, силерге кошулам. (Проф. Syawda, океан геологиясы тармагында Японияда жана дүйнөдө атактуу япон илимпоз)186
Бүт баары логикага абдан туура келди. Мына ушул Курандын кооздугу сизден жооп жана акыл жүгүртүүңүздү күтөт... Куранды көбүрөөк окуганымда, дуба, жакшылык жана жардам жөнүндө сөз болуп жаткан эле. Ал кездерде али Мусулман болгон эмес элем, бирок мен үчүн жалгыз жооптун Куран экенин жана Куранды Аллахтын жөнөткөнүн түшүндүм.
«Аллахка моюн сунган адам» маанисинде бир «Мусулманмын» деп үмүт кылганыма карабастан, көнүмүш мааниде бир Мусулман эмесмин. Менин жана башка батыштыктардын Куран жана башка Исламдык ой жүгүртүүнү чагылдырган булактарда терең каралган жана али үйрөнүшүбүз керек болгон абдан улуу Илахий чындыктар бар экенине ишенем. Ошондой эле, Исламдын келечектин жалгыз дининин негизги чатырын түзө турган эң күчтүү талапкер экени талашсыз. (Islam and Christianity Today (Учурда Ислам жана Христиандык) аттуу китептен)188
Менин динимди өзгөртүп, Ислам динин тандашымдын эң маанилүү факторлорунун бири Куран эле.
Мен Ислам динин тандоодон мурда Батыштык бир интеллектуалдын критикалык маанайы менен Куранды изилдеп баштадым... Бул китепте, Куранда он үч кылымдан мурда вахий кылынган, заманбап илимий изилдөөлөрдүн көпчүлүгүндөгү пикирлерди толугу менен камтыган аяттар бар. Мына ушул толугу менен менин динимди өзгөртүшүмө себеп болду. (Ali Selman Beroist, Француз медицина доктору)
Мен бардык диндердин ыйык китептерин окудум, Исламда көргөн нерсемди эч бирөөсүнөн таба албадым; кемчиликсиздикти. Куран, башка окуган китептериме салыштырмалуу, бир ширеңкенин жарыгы менен күн сыяктуу. Чындыкка толугу менен жабык болбогон бир акыл менен Аллахтын сөздөрүн окугандардын баарынын Мусулман болооруна так ишенем. (Saifuddin Dirk Walter Mosig)
Куранды күчтүү кылган нерселердин бири төмөнкүдөй; бир Мусулман же кандайдыр бир адам Куранды колуна алып кандайдыр бир бетин ачып окуганда, жашоонун маңызы жөнүндө алышы зарыл болгон кабарды алат. (Атактуу теолог Джон Эспозито (John Esposito))191
Дүйнөдөгү бардык аалым жана билерман адамдарды топтоп, жалгыз туура жана адамдарды бактылуулукка жеткире турган жалгыз себепчи болгон Курандын принциптерине таянган орток бир режим кура турган учурдун абдан жакын экенин үмүттөнөм. (Француз император Наполеон Бонапарт)
Бүгүнкү күнгө чейин Куранды үч жолу окуганын айткан Англиянын премьер-министри Тони Блер көп сөздөрүндө Куран ахлагына болгон суктануусун айтып келүүдө. 2000-жылдын 29-мартында атактуу телевизор каналы BBC Блердин Куранга болгон суктануусун "Blair: Koran Inspired Me" (Блер: Куран мага илхам берди) темалуу кабары менен чагылдырган эле. Исламдын абдан тынчтыкка чакырган жана сонун бир дин экенин, ага тиешелүү эки Куранды окуганын жана Куранды окуган сайын андан илхам алганын айткан Блер сөздөрүн мындайча уланткан:
Эгер Куранды окусаңыз, абдан айкын бир китеп экенин көрөсүз... адамзатка жол башчылык кылган сүйүү жана достук түшүнүктөрүн абдан сонун баяндап берет.
11-сентябрь кол салуусу болоордон бир эки күн мурда англис The Mail on Sunday гезитиндеги бир кабарда болсо мурдакы АКШ президенти Билл Клинтондун (Bill Clinton) кызынын ага Куран белекке бериши менен Куран окуп баштаганын айткан Блер Курандын ага эр жүрөктүк бергенин айткан эле. Кол салуудан кийин Аль-Жазира каналында жарыяланган бир маегинде Блер дагы бир жолу Куран окуганын айтып, мындай деген:
Курандын биздин тилге которулганын окудум. Ислам жөнүндөгү эмгектерди да окуп жатамын жана мындан абдан ырахат алам. Куран жөнүндө мурда билбеген жана Христиандарды да абдан кызыктырат деп ойлогон көп нерсени үйрөндүм.
Time журналы болсо Тони Блер жөнүндөгү бир макалада Блерди «көп убактан бери Курандын окуучусу болгон Тони Блер» деп сүрөттөгөн.
Американын мурдакы президенти Билл Клинтон (Bill Clinton) Ак үйдөгү акыркы жылында Рамазан майрамында Мусулмандарды кабыл алган эле. Куран аяттары окулуп башталган чогулушта Билл Клинтон да өз сөзүндө Курандан аяттар колдонгон жана Исламга болгон жакындыгын көп жолу айткан:
Имам Курандан окуган бөлүмдө Аллахтын адамдарды бири-бири менен согушушу үчүн эмес, таанышуулары үчүн улут улут кылып жаратканы айтылган эле. Менимче бул абдан таасирлентүүчү. Тооротто адамдардын жат адамдардан жүз бурбашы, мунун Улуу Теңирден жүз буруу маанисине келээри айтылат. Инжилде болсо адамдарга коңшуларына жакшы мамиле кылуулары айтылат. Бирок Куранда Аллахтын улуттарды жана расаларды бири-бири менен таанышсын, пикирлерин бөлүшсүн деп жараткандыгынын айтылышы менимче керемет... Бир нерсени айтууга уруксат бериңиздер, менимче дүйнө Исламдан үйрөнө турган көп нерсе бар. Дүйнөдө ар бир төрт адамдын бири Мусулман. Америкалыктар университеттерде жана лицейлерде Исламды үйрөнүшүүдө. Менин кызым да лицейде окуп жүргөн кезинде Ислам тарыхы сабагын окуган жана Курандын көп бөлүгүн окуп чыккан эле. Ал тургай, мектептен келген соң бизге да бул жөнүндө маалымат берип, бизге суроолор узатчу. Сиздерден дагы бир жолу бул өлкө адамдарынын сиздердин диниңиздерди, ибадаттарыңыздарды, үрп-адаттарыңыздарды жакшыраак түшүнүүлөрү үчүн өзүңүздөрдү, диниңиздердин баалуулуктарын жана адамзаткан берген жакшылыктарын аларга жеткиришиңиздерди өтүнөм. Куранда адамдарга өзүңө кандай мамиле кылынышын кааласаң, башкаларга да ошондой мамиле кыл деп айтылган. Жана өзүбүзгө каалабаган нерселерди башкаларга да каалабашыбыз жана тынчтык ичинде аракет кылышыбыз...
2001-жылдын 26-сентябрь күнү Буш Америкадагы Мусулман уюмдардын башчыларын Ак сарайда кабыл алды. Исламдын адамдарды бир гана тынчтыкка жана жакшылыкка чакырганын айткан Бушту бул жолугушуу учурунда таасирленткен окуялардын бири – Мусулман лидерлер ага тартуулаган Курани Керим эле. Түндүк Америка Ислам коомунун (ISNA) башчысы Др. Музаммил Сиддикиден (Dr. Muzammil Sıddıqi) алган бул белектин канчалык көңүлүнө жакканын жолугушуудан кийин жасалган пресс-конференцияда Буш мындайча билдирген:
Имам Сиддикиге «Мага берген белегиңиз үчүн, Куран үчүн сизге чоң ыраазычылык билдирем. Абдан аярдык менен тандалган бир белек» дегенимде, «Бул мен сизге бере алчу эң баалуу белек урматтуу Президент» деген жообун берди.198
2001-жылдын 17-сентябрь күнү президент Буш Американын эң байыркы мечиттеринин бири болгон Вашингтон Ислам борборунун мечитин зиярат кылды. Исламдын тынчтык дини экенине, террористтик кол салуулардын Ислам менен жана чын ниеттүү Мусулмандар менен эч байланышы жок экенине басым жасаган бул сөзүндө Буш күнөөсүз жана катардагы Мусулмандарга зыянын тийгизген адамдардын да террористтик кол салууларды жасагандардай адилетсиздик кылган болоорун айтты. Көп адам чогулган, көптөгөн улуттук жана эл аралык телевизор каналы тарабынан түз алып берүү жасалып жаткан сөзүндө Буш Курандан төмөнкү аятты окуду:
«Анан жамандык кылгандардын акыбети, Аллахтын аяттарын жалганга чыгарганы жана шылдың кылганы үчүн, абдан жаман болду.» (Рум Сүрөсү, 10)
256. [F. F. Arbuthnot, The Construction of the Bible and the Koran, London, 1985, s. 5.]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/miracalous1.htm
257. Dr. Adel M. A. Abbas, Anne P. Fretwell, Science Miracles, No Sticks or Snakes, Amana Publications, Beltsville, Maryland, ABD, 2000, s. 13.
258. [H. A. R. Gibb, Islam-A Historical Survey, 1980, Oxford University Press, s. 28.]; http://www.islamic-awareness.org/Quran/Miracle/ijaz.html
259. [H. A. R. Gibb, Arabic Literature-An Introduction, 1963, Oxford at Clarendon Press, s. 36.]; http://www.islamic-awareness.org/Quran/Miracle/ijaz.html
260. [H. A. R. Gibb, Arabic Literature-An Introduction, 1963, Oxford at Clarendon Press, s. 36.]; http://www.islamic-awareness.org/Quran/Miracle/ijaz.html
261. [Paul Casanova, "L'Enseignement de I'Arabe au College de France", Lecon d'overture, 26th April 1909]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/miracalous1.htm
262. [Harry Gaylord Dorman, Towards Understanding Islam, New York, 1948, s. 3.]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/miracalous1.htm
263. [Edward Montet, Traduction Francaise du Coran, Introduction, Paris, 1929, s. 53.]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/miracalous1.htm
264. [John Naish, M. A. (Oxon), D. D., The Wisdom of the Qur'an, Oxford, 1937, önsöz s. 8.]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/miracalous1.htm
265. [George Sale, The Koran: The Preliminary Discourse, London & New York, 1891, ss. 47-48.]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/miracalous1.htm
266. Aziz R. Bosworth Smith, Mohammed and Mohammadanism adlı kitabından; http://www.ndirect.co.uk/~n.today/disc160.htm
267. [Alfred Guillaume, Islam, 1990 (Reprinted), Penguin Books, ss. 73-74.]; www.islamicawareness.org/Quran/Miracle/ijaz.html
268. [Laura Veccia Vaglieri, Apologie de I'Islamisme, ss. 57-59]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/ARCHIVE.htm
269. [John William Draper, A History of the Intellectual Development of Europe, c. I, London, 1875, ss. 343-344.]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/ARCHIVE.htm
270. [Rev. J. M. Rodwell, M. A., The Koran, London, 1918, s. 15.]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/miracalous2.htm
271. [Dr. Steingass, quoted in T. P. Hughes' Dictionary of Islam, s. 528.]; http://www.quran.org.uk/ieb_quran-feedback.htm
272. [Arthur J. Arberry, The Koran Interpreted, Oxford University Press, London, 1964, s. x.]; http://www.quran.org.uk/ieb_quran-feedback.htm
273. [Maurice Bucaille, The Qur'an and Modern Science, 1981, s. 18.]; http://www.quran.org.uk/ieb_quran-feedback.htm
274. T. W. Arnold, The Preaching of Islam, London, 1913, ss. 413-414; [Edward Montet, Paris, 1890]; http://users.erols.com/zenithco/quote1.html
275. [Reverend Bosworth Smith in Muhammad and Muhammadanism, London, 1874.]; http://users.erols.com/zenithco/quote1.html
276. [James Michener in Islam: The Misunderstood Religion, Reader's Digest, May 1955, ss. 68-70.]; http://users.erols.com/zenithco/quote1.html
277. [Lectures on "The Ideals of Islam", Speeches and Writings of Sarojini Naidu, Madras, 1918, s. 167.]; http://www.mostmerciful.com/published-quotes.htm
278. [Hartwig Hirschfeld, Ph. D., M. R. AS., New Researches into the Composition and Exegesis of the Qur'an, London 1902, s. 9.]; www.islamweb.net/english/quran/miracalous/miracalous2.htm
279. [G. Margoliouth, Introduction to J. M. Rodwell's, The Koran, Everyman's Library, New York, 1977, s. vii.]; http://www.quran.org.uk/ieb_quran-feedback.htm
280. [Goethe, quoted in T. P. Hughes' Dictionary of Islam, s. 526]; http://www.quran.org.uk/ieb_quran-feedback.htm
281. www.islam-guide.com/ch1-1-h.htm
282. www.islam-guide.com/ch1-1-h.htm
283. www.islam-guide.com/ch1-1-h.htm
284. www.islam-guide.com/ch1-1-h.htm
285. www.islamic-awareness.org/Quran/Science/scientists.html
286. www.islamic-awareness.org/Quran/Science/scientists.html
287. www.islamic-awareness.org/Quran/Science/scientists.html
288. www.islamic-awareness.org/Quran/Science/scientists.html
289. www.islamic-awareness.org/Quran/Science/scientists.html
290. www.islamic-awareness.org/Quran/Science/scientists.html
291. www.islamic-awareness.org/Quran/Science/scientists.html
292. www.islamic-awareness.org/Quran/Science/scientists.html
293. http://islamweb.net/english/new/week15/ (10)%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20THE%20LEADERS%20OF%20MODERN%20.htm
294. http://islamweb.net/english/new/week15/(10)%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20THE%20LEADERS%20OF%20MODERN%20.htm
295. http://islamweb.net/english/new/week15/(10) %20%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20THE%20LEADERS%20OF%20MODERN%20.htm
296. http://islamweb.net/english/new/week15/(10)%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20%20THE%20LEADERS%20OF%20MODERN%20.htm
297. http://www.alsunnah.com/call_to_islam/articles/what_they_say_about_islaam.html
298. http://www.al-sunnah.com/call_to_islam/articles/what_they_say_about_islaam.html
299. http://www.al-sunnah.com/call_to_islam/articles/what_they_say_about_islaam.html
300. http://www.al-sunnah.com/call_to_islam/articles/what_they_say_about_islaam.html
301. John Esposito; ABD Today, 27 Kasım 2001
302. www.wponline.org/vil/Articles/politics/quotations_on_islamic_civilizati.htm; [Christian Cherfils, Bonaparte et Islam, Pedone Ed., Paris, France, 1914, ss. 105, 125.]169)
303. BBC News, 29 Mart 2000.
304. "Blair Kuran'a Merak Salmış", Milliyet, 11 Eylül 2001.
305. Prime Minister Tony Blair's Interview with Al-Jazeera, 9 Ekim 2001.
306. "Travels With Tony", Time, 12 Kasım 2001, c. 158, no. 20.
307. http://www.amaana.org/ISWEB/ramadan.htm
308. http://www.ama-nj.org/bush_meeting.html
309. http://usinfo.state.gov/usa/islam/s091701b.htm