Мүнафыктар ыйман келтирген чын ыкластуу Мусулмандардан сырткы көрүнүшү жагынан ичке бир сызык менен айырмаланышат; бирок ички жүздөрү такыр башка. Мүнафыктар сырттан караган бир адамга диндар адамдай көрүнүшү мүмкүн; сөздөрү менен, кыймылдары менен Мусулмандарды туурай алышы, ибадаттары менен өздөрүн диндар көрсөтө алышы мүмкүн. Бирок алардын дин түшүнүгү Куранга эмес, өздөрүнүн туура эмес логикаларына таянат. Динге болгон көз-карашынын негизинде кызыкчылыкка жетүү, өздөрүнүн каалоо жана эңсөөлөрүн канааттандыруу максаты орун алган.
Мүнафыктар мындай ниеттерин жашырышып, момундар арасында Куран ахлагы өкүмчүлүк кылган чөйрөдөгү жакшылыктардан пайдалангылары келет. Аллах Өз Кабатынан бир мээрим катары Мусулмандарга берген байлык, берекет, сулуулук, бейпилдик, ишеним, кубаныч, бир туугандык, боорукердик, мээрим, сүйүү, урмат чөйрөсүнөн пайдаланууга аракеттенишет. Ошондой эле, мындай өз кызыкчылыгын көздөгөн жашоо калыбын эч ким байкаган жок, Мусулмандарды алдадым деп ойлошот жана мындай «ийгиликке» өз мээлери менен жеттик деп ишенишет.
Бирок мүнафыктар мындай ойлору менен абдан чоң бир жаңылыштыкка түшүшөт. Себеби кичинекей бир жасалмалыкты (ыклассыздыкты) да ыйман көзү менен караганда ошол замат байкоого болот. Бирок эң маанилүүсү жашыруундун жашыруунун да билүүчү, бүт нерсенин ич тарабынан кабардар болгон Аллах бул адамдардын чыныгы жүзүн билет. Ошондуктан, көргөзмө момун алааматтары да Аллах Кабатында такыр маанисиз болуп калышы мүмкүн. Аллах мындай адамдардын кылган ибадаттарынын текке кетээрин «... кылып жаткан (ибадат)тары да жараксыз (бош).» (Аьраф Сүрөсү, 139) аяты аркылуу билдирүүдө. Ошондой эле, Аллах мүнафыктардын жасалма диндардыгын, эч ким билбей калды деп ойлогон тараптарын да билет. Ошондуктан мүнафыктар мындай жалганчы мамилелери аркылуу, аятта кабар берилгендей, «... бир гана өздөрүн алдашат жана муну байкашпайт.» (Бакара Сүрөсү, 9)
Мүнафыктардын кээ бир негизги өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:
Мүнафыктар ыймандуулар жок бир чөйрөдө болушпайт. Ыймандуулар жок бир чөйрөдө Куранда мүшрик же каапырлар деп аталган адамдар гана болот. Бирок бир коом ичинде бир ыймандуулардын тобу бар болсо; кээ бир адамдар бул ыймандуулардын арасына киришип, алар ээ болгон кээ бир мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу үчүн ыйман келтирбесе да, ыймандуу сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Мындай эки жүздүүлүккө барышынын жалгыз себеби – бул алардын «ыймандуу болуп көрүнүү мага кээ бир пайдаларды алып келет» деп ойлошу.
Бир коом ичинде момундар бар болсо, бул коомдун ичинде мүнафыктар тобунун да болоорун Аллахтын бир мыйзамы экенин Куран аяттарынан көрөбүз. Мүнафыктардын ыймандуулардын арасында жашашынын негизги себептери арасында момундар тобун ичинен жыгытуу, аларга зыян берип аларды таркатуу, Аллахтын элчисине жана момундарга каршы топтошуп, каапырларга көмөкчү болуу сыяктуу көптөгөн максаттары бар. Бүт ушундай себептерден улам мүнафыктар колунан келишинче көп убакыт бою момундар тобунун арасында өздөрүн жашырууга аракет кылышат. Бир аятта Аллах мүнафыктардын момун коомдун ичинде жашаган бир топ экенин мындайча билдирүүдө:
Чынында ойлоп чыгарылган бир калп менен келгендер силердин араңарда чогуу жүргөн бир коом... (Нур Сүрөсү, 11)
Башында да айтылгандай, эки жүздүү адамдардын негизги сыпаты – бул ыйманы жок болуп туруп, ыймандуудай көрүнүшү. Мунун негизги себеби болсо Аллахка болгон ыйман-ишенимдеринин чын жүрөктөн эмес, эл көзүнө (көргөзмө) болушу. Аллах бул адамдардын абалын бир аятта мындайча билдирүүдө:
Үйүнүн түбүн (негизин) Аллах коркуусу жана ыраазылыгы үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн түбүн кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомду туура жолго баштабайт. (Тообо Сүрөсү, 109)
Мүнафыктар өз кызыкчылыктарына момундар аркылуу жетебиз деп ойлошкондуктан, ыймандуу болуп көрүнүү үчүн болгон аракетин кылышат. Динге болгон көз-карашындагы мындай эки жүздүүлүктүн бир натыйжасы катары ынандыруучу сөздөрү менен Мусулмандарды алдай алабыз деп ойлошот. Куранда «Силерди ыраазы кылуу үчүн Аллахка ант ичишет; чынында болсо (эгер) ыймандуу болушса, ыраазы кылууга Аллах жана элчиси ылайыктуураак.» (Тообо Сүрөсү, 62) аяты аркылуу мүнафыктардын мындай аракеттерине көңүл бурулган.
Мүнафыктар адамдарды «ыймандуубуз» деп ишендирүүгө аракет кылышып, адамдарга карап жашашат; бирок жалгыз калганда же өздөрү сыяктуу мүнафык мүнөздүү адамдар менен калышканда болсо, Аллахтын аларды дайыма карап турганын, эмне гана кылышпасын, эмнени гана ойлонушпасын, муну билип турганын билишпейт. Мындай ыйман бузуктугу себебинен Мусулмандардын жанында ибадаттарын аткарышып, алар сыяктуу кыймылдашып, алар сыяктуу сүйлөшөт да, алардан алыстаганда болсо ибадаттарын ташташып, каапырдын услубу менен сүйлөп, динсиз бир адамдай камырабас болуп калышат. Бирок тууроо таланты канчалык өнүксө да, Аллах Куранда мүнафыктардын абалдарын сөзсүз ачыкка чыгараарын билдирген. Куранда Аллах буга мындайча көңүл бурган:
Адамдардын арасында ушундайлар бар: «Биз Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет; чынында болсо ишенишпейт. (Өз оюнда) Аллахты жана ыйман келтиргендерди алдашат. Чынында болсо алар өздөрүн гана алдап жатышат жана муну билишпейт. Жүрөктөрүндө оору бар. Аллах да ооруларын көбөйттү. Калп айтып жаткандыгы үчүн аларга оор бир азап бар. (Бакара Сүрөсү, 8-10)
Дагы бир аятта болсо Аллах мүнафыктардын мындай абалы жөнүндө төмөнкүчө сөз кылат:
Чындыгында, мүнафыктар (өз оюнда) Аллахты алдашууда. Чынында болсо Ал аларды алдоочу... (Ниса Сүрөсү, 142)
Мүнафык дегенде ойго жүзүнө караганда эле жалганчы экени көрүнүп турган бир адам келбеши керек. Бул адамдар сырткы көрүнүшү жагынан чын ыкластуу адамдардан айырмаланбашы мүмкүн. Аллах аятында мындай адамдардын сөөлөттүү көрүнүшкө ээ болушу мүмкүн экенине, сөздөрүнүн да кооз болушу мүмкүн экенине көңүл бурууда:
Сен аларды көргөнүңдө сөөлөттүү көрүнүштөрү сага жагат. Сүйлөгөндө болсо аларды угасың. (Чынында болсо) Алар (мунара сыяктуу) сүйөп коюлган жыгач-дөңгөч сыяктуу. (Мындай чыдабас (бош) болгондуктан) Ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот. Алар душман, ошондуктан алардан качынып-сак болгула. Аллах аларды азаптасын; кантип бурулуп кетишүүдө. (Мүнафикун Сүрөсү, 4)
Ыймандуулардын дене тазалыгы, кийимдери мүнафыктар тууроого аракет кылган өзгөчөлүктөр арасында. Ошентип сырттан караганда мүнафыктарды башка Мусулмандардан сырткы көрүнүшүнөн айырмалоо көп мүмкүн болбошу мүмкүн. Бирок мүнафыктар жашоолорун дайым коштогон руханий бир балиттиктин ичинде болушат. Аллах «... Эми силер алардан жүз бургула. Алар чынында балит (кир-жаман)...» (Тообо Сүрөсү, 95) аяты аркылуу бул адамдардын абалын билдирген. Аллах алардын «... жийиркеничтигине жийиркеничтик (кир) кошуп-көбөйткөн...» (Тообо Сүрөсү, 125). Ойлору дайыма жамандыкты пландоо, тузак куруу, кыянаттык, кек, калп, кызганычтык сыяктуу көптөгөн терс ойлорго толо болгондуктан, жүздөрүндө да ыймандын нуру пайда болбойт. Аллах Куранда мындай адамдардын жүздөрүн «...караңгы бир түндүн бөлүктөрүнө чүмкөнгөн сыяктуу» (Йунус Сүрөсү, 27) деген бир мисал менен сүрөттөгөн. Башка бир аятта болсо мүнафыктар жөнүндө мындайча кабар берилет:
Ыймандуулар болсо дайыма Аллахтын ыраазычылыгын көздөп, жакшылык жана соопту ойлошкондуктан, жүздөрү абдан нурдуу болот жана Аллах бир аятында билдиргендей алардын «... Белгилери жүздөрүндөгү сажда изинен...» (Фетих Сүрөсү, 29). Ошондуктан мүнафыктардын жүзүндөгү көрүнүш жана үстүндөгү руханий балиттик ыймандуулардын нуруна салыштырылганда, бир топ даана байкалат.
Ыймандуулардын арасында жашаган мүнафыктар канчалык жасалмалыгын сездирбегенге аракет кылышпасын, көбүнчө чыныгы жүзүн көрсөтүп коюучу кыймылдарды жасашат. Жүрөктөрүндөгү оору көп байкалчу учурлардын бири – бул алардын Куран аяттары жөнүндөгү жоромолдору. Чындап ыйман келтиришпегендиктен жана динди өздөрүнүн бузук логикалары менен баалашкандыктан, Аллах ыймандууларга чын ыкласына жооп катары берген акыл жана илимге ээ эмес болушат. Ошондуктан Куран окушканда, аяттарда ишарат кылынган маанилерге, айтылган насааттарга, эскертүүлөргө акылдары жетпейт. Ар бир мүмкүнчүлүктө ыймандуулар арасында бөлүнүп-жарылуу чыгара алчу же өз напсилерине ылайыкташтыра ала турган негизде аяттарды бурмалап жоромолдошот. Мүнафыктардын мындай мамилеси жөнүндө Куранда мындайча айтылат:
Сага Китепти Ал түшүрдү. Анын Китептин энеси (негизи) болгон бир катар аяттар мухкем (ачык аяттар); калгандары болсо мүтешабих (түшүнүлүшү оор). Жүрөктөрүндө илдет-ийрилик барлар фитна чыгаруу жана болбогон жоромолдорду жасоо үчүн анын мүтешабих тарабын ээрчишет. Чынында болсо анын түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким билбейт. Терең илимдүү адамдар болсо: «Биз ага ишендик, баары Раббибиздин Кабатынан» дешет. Акылдуу адамдар гана сабак алып-ойлонушат. (Али Имран Сүрөсү, 7)
Кээде болсо алардын жоопторунан аяттардан таасирленбегени апачык байкалат. Мүнафыктардын мындай мүнөзүн кабар берген кээ бир аяттар төмөнкүчө:
Бир сүрө түшүрүлгөндө алардын кээ бирлери: «Бул кимиңердин ыйманыңарды көбөйттү?» дешет. Бирок ыйман келтиргендер болсо; алардын ыйманын көбөйткөн болот жана алар (бири-бирине) кубанычтуу кабар-айтышат. (Тообо Сүрөсү, 124)
Бир сүрө түшүрүлгөндө, кээ бири кээ бирин карайт (жана): «Силерди бирөө көрүп турабы?» (дешет.) Анан терс бурулуп кетишет. Чынында алар түшүнбөгөн бир коом болгондуктан, Аллах алардын жүрөктөрүн буруп койгон. (Тообо Сүрөсү, 127)
Аяттарда кабар берилген мүнафыктардын мындай сөздөрү алардын Куран аяттарындагы хикматты түшүнө албагандыгын, сабак алчу тараптарынан насаат алышпаганын даана көрсөтүп турат. Аллахка жана динге шектенүү менен карашкандыктан, баш ийүүчүлүк менен эмес, баш тартуучулук көзү менен карашат. Ыймандууларга Аллахтын «... аяттары окулганда ыймандарын көбөйтөт...» (Энфал Сүрөсү, 2), ал эми мүнафыктардын болсо жүрөктөрүндөгү оорусу ачыкка чыгат. Мүнафыктар шайтандын таасири менен ыймандарындагы мындай бузукулукту момундарга да киргизгиси келет. Мындай бурмаланган жоромолдорун айтып жатып, айланасындагы адамдардын жүрөктөрүнө азгырык (весвесе) берүү, аларды күмөнгө салуу же момундар арасында бөлүнүп-жарылууну чыгаруу сыяктуу максаттарды көздөшөт. Мына ушул себептен Аллах мындай адамдарга карата этият болуу зарылдыгын «Этият болгула; чынында алар Раббилерине жолугуудан терең күмөн санашат...» (Фуссилет Сүрөсү, 54) аяты менен эскерткен.
Момундар – Аллахты көп эстеген, терең терең Ага дуба кылып кайрылган жана Андан кечирим сураган адамдар. Ичинен да Аллахты абдан көп эстешет, сөз, маанай жана мамилелеринде да чөйрөлөрүнө Аллахты эстетишет. Аллахты эстөө дайыма Аллахтын бар экендигин, немат-жакшылыктарын билип-түшүнүп жашоонун табигый бир көрүнүшү. Бир аятта Аллахты эстөөнүн маанисине мындайча көңүл бурулган:
... Аллахты зикир кылуу (эстөө) болсо чынында эң чоң (ибадат). (Анкебут Сүрөсү, 45)
Мүнафыктардын эң негизги өзгөчөлүгү болсо – бул Аллах менен байланыштарынын жок болушу. Жүрөгүнөн Аллах менен бирге болушпайт, Ага кайрылбайт, Аны эстебейт, Андан кечиришин суранышпайт. Муну Мусулман көрүнүү үчүн мажбурдуу нерсе катары көрүшкөндүктөн, Аллахты абдан аз араң эстешет. Аллах бир Куран аятында бул чындыкты мындайча билдирүүдө:
Чындыгында, мүнафыктар (өз оюнда) Аллахты алдашууда. Чынында болсо Ал аларды алдоочу. Намазга турганда, каалабастан (араң) турушат. Эл көрсүн үчүн кылышат жана Аллахты абдан аз эстешет. (Ниса Сүрөсү, 142)
Башка аяттарда болсо мүнафыктардын Аллахты эстебеген адамдар экендиги мындайча айтылууда:
Шайтан аларды ороп-курчаган; ушундайча аларга Аллахты эстөөнү унуттурду. Мына ошолор шайтандын жамааты. Көңүл бургула; шексиз шайтандын жамааты кыйроого кабылгандардын дал өзү (ошолор). (Мүжаделе Сүрөсү, 19)
Мүнафык эркектер менен мүнафык аялдар; кээ бири кээ биринен; жамандыкка буюрушат, жакшылыктан тосушат, абдан сараңдык кылышат. Алар Аллахты унутушту; Ал да аларды унутту. Шексиз, мүнафыктар бузукулар. (Тообо Сүрөсү, 67)
Мүнафыктар Аллахты эстегенде болсо, Аллахтын улуулугун, кудуретин, чеберчилигин, илимин терең түшүнө алышпагандыктан, Аллахты талап кылынгандай эстешпейт. Аллахты эстөөдөгү максаты момундарды тууроо болгондуктан, сөздөрү да, услуптары да чын жүрөктөн, чын ыкластан болбойт. Жасалма, жаттап алынган, чыныгы ойлорун, сезимдерин чагылтпаган, мажбурлуу бир эстөө болот. Күнүмдүк жашоодогу бир темада эч туталанбастан, абдан бай сөздөр менен сүйлөшөт, бирок Аллахты эстегенде болсо үзүк-үзүк, кыйналып, калыптанган сөздөр менен сүйлөшөт. Жүрөгүнөн чыкпаганына карабастан, мындай бир мажбурдук сезиши бир тараптан ыймандууларга карата жек көрүүнү пайда кылат. Куранда бул мындайча айтылган:
Бир гана Аллах эскерилгенде, акыретке ишенбегендердин жүрөгү ачууланып-көбөт. Ал эми Андан башкалар эскерилгенде ылдам сүйүнүшөт. (Зүмер Сүрөсү, 45)
Ошондой эле, Аллах эскерилген чөйрөлөрдөн атайылап алыс болушат, ар кандай шылтоолорду айтып, качууга аракеттенишет. Ушул сыяктуу, мүнафыктар Куран окулган чөйрөлөрдөн да качышат. Себеби Куранды тыңдаганда, унуткулары келген жана ойлонгусу келбеген өлүм, акырет күнү, тозок сыяктуу чындыктарды угушат жана абийирлерине басым пайда болот. Аллах бир аятта мүнафыктардын мындай мамилесине мындайча көңүл бурган:
Алар Мени зикир кылууда көздөрү бир парда ичинде эле. (Куранды) угууга чыдай алышчу эмес. (Кехф Сүрөсү, 101)
Башка бир аятта болсо Аллах мүнафыктардын жүзүндөгү көрүнүшүн мындайча кабар берет:
Аларга апачык болгон аяттарыбыз окулганда, сен ал каапырлардын жүзүндөгү «жокко чыгаруу жана каапырлыкты» тааный аласың. Аларга аяттарыбызды окуганга кол салчудай болушат. Айткын: «Силерге мындан жаман кабар берейинби? От... Аллах аны каапырларга убада кылган; (ал) кандай жаман бир мекен.» (Хаж Сүрөсү, 72)
Бир момундун эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул анын жөнөкөй, бой көтөрбөс болушу, дайыма ката кылышы мүмкүн экенин кабыл алышы жана ага айтылган насаат жана эскертүүлөргө ылдам моюн сунушу. Ал эми мүнафыктар болсо абдан текебер жана өзүн сүйгөн бир мүнөзгө ээ. Аларга айтылган эч бир насаатка кулак салышпайт, ката кетиргенин кабыл алышпайт. Абдан акылдуумун, бүт нерсенин эң жакшысын билем деген ишенимде болушат. Ал тургай, Аллахтын жакшы бир кулумун дешет. Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы мүнафыктардын Пайгамбар Мырзабыздын (сав) алар үчүн Аллахтан кечирүү сурашын кабыл албашы алардын текебердигинин эң даана бир көрсөткүчү:
Аларга: «Келгиле, Аллахтын Элчиси силер үчүн кечирүү сурасын» деп айтылганда, баштарын капталга бурушат. Сен алардын текеберденип, жүз буруп жатканын көрөсүң» (Мүнафикун Сүрөсү, 5)
Мусулмандар жүрөктөрүндө оору бар болгон мындай адамдарды чын ыкластуу бир момун болууга чакырышып, аларга Аллахтын аяттарын эстетишкенде, мүнафыктардын мамилесинен да куру намысына баш ийгени байкалат. «Мен кемчиликсиз, катасызмын» деп ишенип, адамдык каталарды да өздөрүнө жакындатышпайт. Аллах аяттарда алардын куру намысына баш ийгендигинин натыйжасын мындайча баяндайт:
Ага: «Аллахтан корк» деп айтылганда, текебердик (бой көтөрүү) сезими аны күнөөгө түртөт, (аны) оройт. Мындайга тозок жетет; кандай жаман бир мекен ал. (Бакара Сүрөсү, 206)
Себеби аларга: «Аллахтан башка кудай жок» деп айтылганда, бой көтөрүшчү. (Саффат Сүрөсү, 35)
Өздөрүн бардык каталардан, кемчиликтерден алыс көрүшкөндүктөн, өздөрүндөгү мүнөз бузукулугунун, кылган жамандыктарынын акыретте аларга кандай жаза алып келээрин эч ойлошпойт. Мүнафыктардын негизги мүнөзү болгон текебердик аларды бир айлампага камайт. Момундар дайыма каталарын оңдоп, кемчиликтерин толуктап, өздөрүн алдыга жылдырса, мүнафыктар болсо мындай жалганчы жашоонун ичине андан да сүңгүшөт. Аларга айтылган эскертүү жана насааттардан да пайдалана алышпайт. Аллах мындай өзүн кемчиликсиз көрүүнүн натыйжасын мындайча кабар берген:
Жок; чынында адам адашат (жолдон чыгат). Өзүн кемчиликсизмин (катасызсын) деп ойлогондуктан. (Алак Сүрөсү, 6-7)
Ошондой эле, Куран аяттарын окуп жатканда да, айтылган нерселерди дайыма алардан башка адамдар жөнүндө сөз болуп жаткандай жоромолдошот. Ошондуктан насаат алышы керек болгон нерселерди, сабак болчу кыссалардын (баяндардын) хикматтарын түшүнө алышпайт. Куранды дайыма окушса да, өлүмдү, акыретти, тозокту өздөрүнөн абдан алыс элестетишет. Негизи жакшы ниеттүүмүн, ошондуктан эч жазаландырылбаймын деп ойлошот.
Мүнафыктар текебер болушкандыктан, ыймандууларды да өздөрүнөн төмөн көрүшөт. Ээ болгон кандайдыр бир өзгөчөлүк –байлык, наам, кызмат даражасы, сулуулук- аларды көптүрөт жана мындай өзгөчөлүккө ээ болбогон бир момунду өзүнөн төмөн көрөт. Чынында болсо жогорулук бир гана такыбалык (Аллахтан коркуу) менен ченелет. Ыймандуулар мындай критерийлерди карашпайт, адамдарды акча, атак-даңк, денесинин сулуулугуна карап эмес, ыймандарына карап сүйүп-урматташат. Ушул себептен мындай өзгөчөлүктөрүнөн улам текеберленген адамдардын бети момундардын арасында ылдам ачылып калат жана натыйжада уят болушат.
Мүнафыктардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – бул жалган айтуу.
Аллахтан коркушпагандыктан, кыйын абалга кабылганда, ошол замат жалган айтышат жана ушундайча момундарды алдай алам деп ойлошот. Жалган айтуу менен аларга берилген милдеттерден качууга аракеттенишет. Куранда Пайгамбарыбыз (сав) доорунда душмандан коргонуу үчүн чакырылган мүнафыктардын жалган сүйлөп, качууга аракеттенишкенине мындайча көңүл бурулган:
Эки коом жолуккан күнү силердин башыңарга келген Аллахтын уруксаты менен гана болду. (Бул Аллахтын) момундарды айырмалоосу; мүнафыктык кылгандарды да аныкташы үчүн эле. Аларга: «Келгиле, Аллах жолунда согушкула же коргонгула» деп айтылганда, «Биз согушканды билгенде, албетте силерди ээрчимекпиз» дешти. Ал күнү алар ыйманга караганда каапырчылыкка жакын эле. Жүрөктөрүндө болбогон (сөздү) ооздору менен айтып жатышкан. Аллах алардын жашыргандарын жакшыраак билет. (Али Имран Сүрөсү, 166-167)
Байкалгандай, мүнафыктар кыйынчылык учурунда момундарды таштап, өз кызыкчылыктарын коргоого аракет кылышат. Бирок муну да, демейкидей, эки жүздүүлүктөрүн улантуу менен, б.а. өзүнүкүн туура көрсөтүүгө аракеттенүү менен жасашат. Албетте, «кызыкчылыктарымдын тебеленишинен коркомун» деп айтып качышпайт; анын ордуна акылсыз шылтоолорду айтып, өзүнүн туура экенине ишендирүүгө аракеттенишет. Аллах Куранда мүнафыктардын мындай мамилелерин төмөнкүдөй кабар берген:
Бедевилерден (согуштан) артта калгандар сага айтышат: «Бизди мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөлөрүбүз алаксытты. Ошондуктан биз үчүн кечирүү сура.» Алар жүрөктөрүндө болбогон нерсени тилдери менен айтып жатышат. Айткын: Эми Аллах силерге бир зыян кааласа же пайда кааласа, силер үчүн Аллахка карата кимдин кандайдыр бир нерсеге күчү жетет? Жок, Аллах кылганыңарды билүүчү. (Фетих Сүрөсү, 11)
... Алардан бир коом болсо: «Чынында үйлөрүбүз ачык» деп пайгамбардан уруксат сурап жатышкан; чынында болсо алар(дын үйлөрү) ачык эмес эле. Алардын качкылары гана келип жаткан. (Ахзаб Сүрөсү, 13)
Байкалгандай, мүнафыктар айткан шылтоолор «согушканды билбейбиз», «үйлөрүбүздү жана үй-бүлөлөрүбүздү коргошубуз керек» сыяктуу көрүнүштө «жакшы ниеттүүдөй» болгон шылтоолор. Бирок Аллах бул адамдардан «... жүрөктөрүндө болбогонду ооздору менен айтышты.» (Али Имран Сүрөсү, 167) деп сөз кылууда. Болгондо да бул калптарын айтып жатышканда Аллахтын атынан ант ичишет. Аллах Куранда мүнафыктардын мындай жалган сөздөрүн төмөнкүдөй кабар берет:
... «Эгер күчүбүз жеткенде, сөзсүз сени менен бирге (согушка) чыкмакпыз» деп сага Аллах атынан ант ичишет... (Тообо Сүрөсү, 42)
Мүнафыктардын бул калптары жөнүндө сөз кылган башка аят болсо төмөнкүдөй:
... жүрөгүндөгүнө карабастан Аллахты күбө келтирет; чынында болсо ал адашкан бир душман. (Бакара Сүрөсү, 204)
Момундардын эң маанилүү мүнөздөрүнүн бири – бул жакшылыкка буйруп, жамандыктан тосуу. Б.а. бир момун адамдарды колунан келишинче жакшылыкка, Куран ахлагына чакырат жана колунан келишинче жамандыктардан тосууга аракет кылат.
Мүнафыктардын мүнөзү болсо толугу менен тескерисинче. Диндин жана ыймандуулардын пайдасына болгон иштерге тоскоол болууга аракеттенишет. Мусулмандардын пайдасына чечиле турган жагдайлардан тынчсызданышат. Өзүмчүл каалоо жана эңсөөлөрүн ээрчишет. Мусулмандарга зыян берет, аларды кыйынчылыкка салат деп ойлогон иштердин баарына көмөкчү болушат. Аятта мындайча айтылат:
Мүнафык эркектер менен мүнафык аялдар; кээ бири кээ биринен; жамандыкка буюрушат, жакшылыктан тосушат, абдан сараңдык кылышат. Алар Аллахты унутушту; Ал да аларды унутту. Шексиз, мүнафыктар бузукулар. (Тообо Сүрөсү, 67)
Мүнафыктар Аллахтын ыраазылыгын көздөбөгөндүктөн, Аллахтын ыраазылыгына туура келген иштерди жаман көргөндүктөн адашышат. Ал эми момундар үчүн болсо Аллахтын ыраазылыгы эң негизги максат жана Аллахтын ыраазылыгын көздөө момундарга кубаныч жана бакыт берет. Ал эми мүнафыктар болсо ибадаттардын баарын жаман көрүшөт, бүт нерсенин Жаратуучусу болгон Аллахка кулчулук кылуунун ырахатын тата алышпайт. Бир аятта мындайча айтылат:
Мына ушундай; себеби чынында алар Аллахты ачууланткан нерсени ээрчишти жана Аны ыраазы кыла турган нерселерди жаман көрүштү; ошол үчүн (Аллах алардын) иштерин текке кетирди. (Мухаммед Сүрөсү, 28)
Мүнафыктар бүт башка каапырлар сыяктуу Аллахка карата нашүгүр (жакшылыкты билип, шүгүр кылбаган адам) болушат. Аларды жараткан жана ар түрдүү жакшылыктарды берип жашаткан Аллахка дайыма нашүгүрдүк кылышып, Анын өкүмдөрүнөн жүз бурушат.
Экинчи бир нашүгүрдүгү болсо ыймандууларга карата болот. Себеби момундардын арасына кошулганда, момундар аларга жардам берген. Момундар аларды ыйманга чакырып, алардын акыретин куткарууга аракеттенишкен. Аларга берген насааттар, айткан эскертүүлөрдүн баары алардын жакшы болушун каалагандыктан айтылган.
Бирок мүнафыктар болсо момундарга душмандык менен гана жооп беришет. Албетте, бул чоң бир нашүгүрдүк жана Куранда мүнафыктардын мындай нашүгүр мүнөзү төмөнкүчө баяндалат:
(Ал каапырдык сөзүн) айтпадык деп Аллахка ант ичип жатышат. Чынында болсо, ант болсун, алар каапырдык сөзүн айтышкан жана Исламга кирген соң каапырдыкка бурулушту жана жете албаган бир нерсеге кол сунушту. Чынында болсо өч алгылары келгенинин себеби аларды Аллахтын жана элчисинин берешендик менен бай кылышынан башка (бир себеби) жок эле. Эгер тообо кылышса, өздөрүнө жакшы болот, эгер жүз бурушса, Аллах аларды бул дүйнөдө да, акыретте да оор бир азап менен азаптайт. Алар үчүн жер бетинде бир коргоочу-дос жана бир жардамчы жок. (Тообо Сүрөсү, 74)
Сен алар үчүн кааласаң (Аллахтын) кечиришин суран, кааласаң суранба. Алар үчүн жетимиш жолу (Аллахтын) кечиришин сурансаң да, Аллах аларды эч качан кечирбейт. Мунун себеби алар Аллахка жана элчисине (карата) нашүгүрдүк кылышты. Аллах бузукуларга хидаят бербейт (туура жолго салбайт). (Тообо Сүрөсү, 80)
Аллах Куранда мүнафыктардын «балит» экенин билдирүүдө. Жалпысынан бардык мүшриктердин (Аллахка шерик кошкондордун) «балит» экенине басым жасаган Тообо Сүрөсүнүн 27-аятынан тышкары, түздөн-түз мүнафыктар жөнүндөгү аяттарда да физикалык жана руханий бир балиттик жөнүндө айтылат. Мүнафыктар Пайгамбарыбыз (сав) жана анын жанындагы момундардан бөлүнгөндө курган «Дырар мечити» менен момундардын мечити арасындагы айырма баяндалып атканда да, момундардын мечитинде «тазаланууну сүйгөн» адамдар бар экенине көңүл бурулат (Тообо Сүрөсү, 107-108). Ошондой эле, мүнафыктар жөнүндө сөз болгон дагы бир аятта болсо Аллах мындайча буюрууда:
(Аллах) Жүрөктөрүндө оорусу (илдети) барлардын болсо жийиркеничине жийиркеничтик кошуп-көбөйткөн жана алар каапырлар бойдон өлүштү. (Тообо Сүрөсү, 125)
Мүнафыктардын маанайы, жогоруда саналгандардан тышкары, дагы бир катар кыйынчылык, кайгы, азап жана кыйналуу ичинде болот. Мүнафыктын азабы бул дүйнөдө жашап жатканда эле башталат. Эң башта бир кооптонуу жана коркуу ичинде болот. Ыймандуулардагы сыяктуу өзүн тапшыруу, бейпилдик жана кубанычка эч жете албайт.
Ыймандуулар менен бирге жүргөн кезде да мүнафыктын эң маанилүү өзгөчөлүгү – бул кооптонуу менен жүрүшүндө. Момундар (ыймандуулар) өздөрүн Аллахка тапшырышат жана бүт кыйынчылык, көйгөйлөрдү Аллахтын чечээрин билишет, натыйжада көңүл ток жана кубанычтуу жүрүшөт. Аллахка ишенишет жана Аллахка тобокел кылышат (иштерин Аллахка тапшырышат).
Мүнафык болсо дайыма тынчсыздана берет; Аллахка өзүн тапшырбайт. Дайыма өзүн башкача кылып көрсөтүүгө аракет кылган, дайыма өзүн айланасына далилдөөгө жана бул үчүн роль ойноого аракеттенген бир адамдын көңүл ток, бейпил жана көңүлү тынч жашашы мүмкүн эмес.
Мындай кооптонуу жана тынчсыздануу психологиясы ичинде айланасында болуп жаткан бардык окуяларды «мага зыян алып келет» деп ойлойт. Ар бир жаңы окуядан «менин эки жүздүүлүгүмдү ачыкка чыгарып койот» деп коркот. Куранда мүнафыктардын мындай маанайы «...Ар бир добушту өздөрүнүн зыянына деп ойлошот» (Мүнафикун Сүрөсү, 4) аяты аркылуу кабар берилет.
Дагы бир аятта мүнафыктардын дайыма бир шектенүү ичинде болоору жана куру санаалар ичинде кыйналаары мындайча билдирилүүдө:
(Мүнафыктар) Аларга айтышат: «Биз силер менен бирге эмес белек?» (Алар) айтышат: «Ооба, бирок силер өзүңөрдү фитнага салдыңар, (Мусулмандарга азап жана кырсыктардын келишин) аңдып-күттүңөр, (Аллах жана Исламга карата) шек-күмөндө болдуңар. Силерди санаалар жаңылтып-алдады. Аягында Аллахтын буйругу (болгон өлүм) келип калды; жана ал алдоочу да силерди Аллах менен (Аллахтын атын колдонуп, ал тургай тымызын силердей көрүнүп) алдады.» (Хадид Сүрөсү, 14)
Мүнафыктын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул анын канчалык өзүн күчтүү көрсөтүүгө аракеттенсе да, кичинекей бир окуяда да ылдам үмүтсүздүккө жана пессимисттикке түшүшү. Бирок өзүн сыртка мындай көрсөтпөйт. Абдан күчтүү бир ыйманы бардай, кандай гана болбосун туура жолдон адашпайм, ар кандай шартта Аллахтын ыраазылыгын максат кылам, ар бир иште Аллахка тобокел кылам деп убадаларды берет. Бирок булардын баары сөз жүзүндө гана калат, айткан нерселерине чыныгы жашоодо кез келгенде болсо такыр башкача мамиледе болот. Напсисине карама-каршы келген кичинекей бир жагдайда да артка кайтып баштайт. Аллахтын колдоорун, жардам берээрин, бүт нерсени башкарып тураарын, бүт нерсени бир жакшылык менен жаратканын билип-түшүнбөйт. Аллах бир аятта мүнафыктардын мындай абалын төмөнкүдөй кабар берет:
...Бирок (бир) иште чечкиндүүлүк жана бекемдик керек болгондо, Аллахка бекем болушканда (артка кайтып, чыккынчылык кылышпаганда), албетте, өздөрүнө жакшы болмок. (Мухаммед Сүрөсү, 21)
Чынында эле мүнафыктар сырткы көрүнүшүнөн момундарга абдан окшосо да, чыныгы кулк-мүнөздөрү, динге болгон көз-карашы жагынан каапырларга абдан окшош болушат. Кыйынчылык учурларындагы мамилелери жагынан да момундарга толук карама-каршы бир маанайда болушат. Мисалы, ооруп калганда, оңой гана Аллахка баш көтөрүп, үмүттөрүн үзүп калышы жана тобокелсиздик кылышы мүмкүн. Чынында болсо Аллах каапырлардын гана Аллахтан үмүт үзөөрүн бир аятта мындайча кабар берген:
... Каапырлар коому гана Аллахтын мээриминен үмүт үзүшөт. (Йусуф Сүрөсү, 87)
Ошондой эле, Аллах бир мээрим катары момундардын сыноосун жеңил кылган. Бирок мындай жеңилдик бир гана чын ыкластан ыйман келтиргендер үчүн. Чын ыкластан Аллахка өзүн тапшырган бир Мусулман Аллах жараткан сүрөттөлүштөрдөгү (кадрлардагы, б.а. жашоосундагы) тынымсыз өзгөрүүлөрдү сабак алуу менен, толкундануу менен, шүгүр кылуу менен, тобокелдик менен кабыл алат. Ал эми мүнафыктарда болсо коркуу, тынчсыздануу, сабырсыздык болот. Шайтандын таасиринде көп болгондуктан, мүнафыктар башына келген кыйынчылыктар тагдырдан тышкары, Аллахтын мээрими, билиши жана планынан тышкары болду деп ойлошот. «Аттиң мындай кылбаганымда», «туура эмес болду», «андай кылбаганымда мындай болмок эмес» сыяктуу сөздөрүнөн ар бир окуянын тагдырда эң кайырдуу (жакшылык менен) жаратылганын билишпегени байкалат. Чынында болсо Аллах момундар үчүн кемчиликсиз бир тагдыр жараткан. Ар бир окуя хикмат жана жакшылык менен жаратылган жана момунга ал жердеги хикматты түшүнүүгө аракет кылуу, тагдырдагы пландын кооздугун көрүп, билип кубануу жарашат.
Мүнафыктардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – бул алардын дайыма бир коркуу психологиясында болушу. Курандын «...алар коркушпайт жана кайгырышпайт» (Бакара Сүрөсү, 38) аятында айтылган момундардын тескерисинче, мүнафыктар абдан коркуп жашашат. Чыныгы жүздөрүнүн көрүнүп калышынан, алдамчылыктарынын билинип калышынан коркушат. Момундардын алардын эки жүздүүлүктөрүн байкап калышынан коркушат. Куранда мүнафыктардын мындай коркууга толгон маанайы төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Чындап силерденбиз деп Аллахтын атынан ант ичишет. Чынында болсо алар силерден эмес. Бирок алар абдан коркок адамдар. Эгер алар бир башпаанек же (жашай турган) үңкүрлөр же болбосо кире турган бир жер табышканда, ошол замат ошол жакты көздөй качышмак. (Тообо Сүрөсү, 56-57)
Мүнафыктардын момундардан болгон коркуусунун күчтүүлүгү дагы бир аятта мындайча билдирилет:
Ичтеринде «коркунуч жана коркоктукту ойготуу жагынан» силер Аллахтан да күчтүүсүңөр сыяктуу. Мунун себеби – шексиз, алардын «терең бир акылга ээ эмес болушу». (Хашр Сүрөсү, 13)