Мүнафыктардын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн башында, башка бардык каапырлар сыяктуу, акылсыз болушу турат. Мээлүү болушу мүмкүн, бирок эч качан Куранды түшүнүү жана жашоо үчүн биринчи шарт болгон акылга ээ боло алышпайт. Ошондуктан окуяларды акылсыздык менен анализ кылышат. Аллахты жана момундарды да ушундай акылы жок сын-пикирлери менен баалашкандыктан, чындап түшүнө алышпайт.
Мүнафыктардын эң чоң акылсыздыгы – бул алардын Аллахты менин кылгандарымдан кабарсыз деп ойлошу. Момундарга гана карап план курушат. Эгер «момундарды көндүрө алсам, эч маселе чыкпайт», «аларды ыраазы кыла алсам, максатыма жетем» деп ойлошот. Чынында болсо Аллах мүнафыктардын кылып жаткандарын билет. Алардын эч бир кыймылы, эч бир ойу Аллахтан жашыруун калбайт. Ойлорунан өткөн ар бир ойду, жүрөктөрүндө сезгендерин жана жүрөгүнүн түпкүрүн (подсознание) да Аллах ороп-курчап турат. Бир аятта бул мындайча эске салынат:
... алар силер менен сүйлөшкөндө, «ишендик» дешет, өз башынча калганда болсо, силерге болгон кекенүү жана ачууларынан улам сөөмөйлөрүн кезешет. Айткын: «Кек жана ачууңар менен өлгүлө». Шексиз, Аллах жүрөктөрдүн түбүндө жашыруун турганды билүүчү. (Али Имран Сүрөсү, 119)
Мүнафыктар Аллахтын аларды билип турганынан кабарсыз калып, бир мөөнөт бою момундарды алдадым деп ойлоп жүрүшү мүмкүн. Кылган эки жүздүүлүктөрүнүн ачыкка чыкпашы аларга күч бериши мүмкүн. Куранда мүнафыктардын мындай туура эмес ой жүгүртүшү төмөнкүдөй баяндалат:
«Жашыруун чогулуштардын шыбырашмайларынан» кайтарылып, анан (ошол) кайтарылган нерсеге кайра кайткандарды; күнөө, душмандык жана пайгамбарга баш көтөрүүнү (өз ара) шыбырашкандарды көрдүңбү? Алар сага келгенде, сени Аллах саламдаган сыяктуу саламдашат. Жана өздөрүнө өздөрү: «Айткандарыбыз үчүн Аллах бизге азап бергенде кана.» дешет. Аларга тозок жетет; ошол жерге киришет. Ал бара турган кандай жаман орун. (Мүжаделе Сүрөсү, 8)
Мүнафыктар айткан «айткандарыбыз үчүн Аллах бизге азап бергенде кана» сөзү алардын канчалык акылсыз, канчалык аң-сезимсиз экенин көрсөтүп турат. Аллах аларга берген мөөнөттү чексиз деп ойлошуп, эки жүздүүлүктөрүн уланта алабыз деп ойлонушууда. Чынында болсо эч мындай болбойт, Аллах сөзсүз алардын чыныгы жүзүн ачыкка чыгарат.
Мүнафыктар, Аллахтын аларды билип турганынан кабарсыз болгон сыяктуу эле, момундарга болгон жардамын да билишпейт. Момундарды дайыма тышкы көрүнүшкө карап баалашат. Чынында болсо момундар – бул Аллах жардам берген адамдар. Эң кыйындай көрүнгөн учурда аларды ийгиликке жеткирүүдө.
Мүнафыктар чындыкты билишпегендиктен, өздөрүн кээ бир материалдык өзгөчөлүктөрү себебинен момундардан өйдө сезишет. Көрүнүштө кээде момундардан бай, кызмат орду жогорураак жана атак-даңктуу болушу мүмкүн; ошондуктан момундардан артыкчабыз деп ойлошот. Аллах мүнафыктардын мындай акылсыздыгын жана момундардын кандай болсо да, Аллахтын жардамы менен мүнафыктардан же башка каапырлардан өйдө болоорун Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болгон бир окуя аркылуу кабар берген:
«Ант болсун, Мадинага кайтсак, күчү жана кадыр-баркы көп болгондор кедей жана алсызды, албетте, ал жерден сүрүп-чыгарат» дешет. Чындыгында болсо иззет (күч, кадыр-барк жана улуулук) Аллах, Анын Элчиси жана момундарга тиешелүү. Бирок мунафыктар билишпейт. (Мүнафикун Сүрөсү, 8)
Мурдараак да айтылгандай, мүнафыктар момундар коому менен бирге жүргөн убакыт бою алар сыяктуу иш-аракет кылышып, алардын кыймылдарын туурашат. Бирок момундар үчүн кыйын бир сыноо убагы келгенде, б.а. чындап ыйман келтиргендерди аныктай турган чыныгы жан аябастык жана бекемдик сыналган учурларда, мүнафыктардын эки жүздүүлүгү ачыкка чыгат. Бул алардын абдан коркок болушунан жана аятта айтылгандай «адамдардан Аллахтан корккон сыяктуу, ал тургай андан да көбүрөөк коркушунан» келип чыгат.
Аяттарда Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы мүнафыктардын кыйынчылык учурларында кандайча мамиле кылышканы төмөнкүчө кабар берилген:
Аларга «Колуңарды (согуштан) тарткыла, намазды кылгыла, зекетти бергиле» деп айтылгандарды көрдүңбү? Ал эми согуш аларга жазылганда, алардын бир тобу адамдардан Аллахтан корккон сыяктуу, ал тургай андан да күчтүү бир коркуу менен коркуп жатышат жана: «Раббибиз, эмнеге согушту бизге жаздың (буйрудуң), бизди кийинчерээкке кечеңдетишиң керек эмес беле?» дешти. Айткын: «Бул дүйнөнүн жалганчы кооздугу аз, акырет болсо такыбалар үчүн жакшыраак жана силер «бир курма данегиндеги ипичке бир жипчедей» да адилетсиздикке туш болбойсуңар.» (Ниса Сүрөсү, 77)
Адамдардын ушундайлары бар: «Аллахка ыйман келтирдик» дешет, бирок Аллах жолунда кыйынчылыкка кабылганда, адамдардын (ага кылган кыйноо жана) фитнасын Аллахтын азабындай көрөт; бирок Раббиңден «бир жардам жана жеңиш» келсе, ант болсун: «Биз чынында силер менен бирге элек» дешет. Чынында болсо, Аллах ааламдардын ичиндегини (эң ич маңызындагыны) жакшыраак билүүчү эмеспи? (Анкебут Сүрөсү, 10)
Момундардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул ич ара биримдик жана ынтымак. Мүнафыктар болсо тескерисинче болушат. Баарынын орток бир өзгөчөлүгү, б.а. эки жүздүүлүгү бар; бирок мындан тышкары бири-бири менен тирешип, пикир келишпестикте болушат. Себеби момундар сыяктуу жалгыз бир максатты, т.а. Аллахтын ыраазылыгына жетүүнү көздөшпөйт. Тескерисинче баары өз пайдаларын көздөшөт жана натыйжада кызыкчылыктары сөзсүз карама-каршы келет. Куранда мүнафыктардын мындай өзгөчөлүгүнө төмөнкүдөй көңүл бурулат:
...Мунун себеби – шексиз, алардын «терең бир акылга ээ эмес болушу». Алар жакшылап корголгон шаарларда же дубалдын артында болмоюнча, силер менен топ болуп согушушпайт. Өз араларындагы уруштары болсо абдан күчтүү. Сен аларды чогуу деп ойлойсуң, чынында болсо жүрөктөрү бөлөк-бөлөк. Бул, шексиз, алар акыл жүгүртпөгөн бир коом болгону үчүн ушундай. (Хашр Сүрөсү, 13-14)
Мүнафыктар момундарды алдай алдык деп ойлошот жана натыйжада өздөрүн абдан акылдуу сезишет. Момундар сыяктуу жан аябастык кылышпагандыктан, Аллахтын ыраазылыгын максат кылган бир өмүр сүрбөгөндүктөн, өз ойлорунда «пайдалуу» абалдамын деп ойлошот.
Чынында болсо мүнафыктар абдан чоң акылсыздык кылышкан болот. Аларга динди үйрөнүү, Аллахтын ыраазылыгы жана бейишине жетүү мүмкүнчүлүгү берилгенде, бүт буларды ташташып дүйнө жашоосунун пайдасыз жана убактылуу кооздугуна көз артышат. Улуу бир кутулуунун ордуна, кичинекей эсептери себебинен, чоң бир азапка, т.а. тозок азабына татыктуу болушкан болот. Болгондо да, бул дүйнөдө да көп азап тартып, дайыма абийир азабы, шектенүү жана санаа ичинде жашашат.
Куранда мүнафыктардын өздөрүн момундардан акылдуу ойлошоору, бирок чыныгы акылсыздардын өздөрү экени кабар берилет:
Жана (кайра) аларга: «Адамдар ыйман келтирген сыяктуу силер да ыйман келтиргиле» деп айтылганда: «Акылы төмөндөр ыйман келтирген сыяктуу ыйман келтирелиби?» дешет. Билип койгула, чынында чыныгы акылы төмөндөр өздөрү; бирок билишпейт. (Бакара Сүрөсү, 13)