Бир Мусулмандын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул анын өзүнө Куранды жол башчы кылышы. Куранды жол башчы туткан адам өзүн да, дүйнөнү да, жашаган коомун да Курандын аяттарына карап анализ кылат. Себеби Куранды аны жана бүт ааламды жараткан Аллахтын түшүргөнүн билет. Ал бүт нерсени жараткандыктан, бүт нерсенин эң туурасын да Ал билет.
Мүлк Сүрөсүнүн «Ал жараткан (нерселер)ин билбейби? Ал – Латиф, Хабир» деген 14-аяты да ушул чындыкка ишарат кылууда. Аяттагы Аллахтын «Хабир» сыпаты «бүт нерсенин ич тарабын, жашыруун тарабын билүүчү» маанисине келет.
Аллах бүт нерсенин көрүнбөгөн ич тарабын билет жана бул чексиз илиминин бир бөлүгүн Өзү түшүргөн китебинде ыймандууларга жол көрсөтүүчү болушу үчүн баяндап берген. Бир Куран аятында буга мындайча басым жасалат:
Силерге өзүңөрдөн, силерге аяттарыбызды окуй турган, силерди тазалай турган, силерге Китеп жана хикматты жана билбегениңерди үйрөтө турган бир элчи жөнөттүк. (Бакара Сүрөсү, 151)
Ошондуктан, бир Мусулман Курандын аяттарын абдан кунт коюп окушу керек жана Аллах бул аяттарда берген маалыматтарды «Биз аларга анын акыйкат экени анык болгонго чейин, Өзүбүздүн (кудурет) белгилерибизди мейкиндиктерде жана алардын өздөрүндө көргөзөбүз...» (Фуссилат Сүрөсү, 53) өкүмүнө ылайык тышкы дүйнөдө да көрөөрүн унутпашы зарыл. Куранда тышкы дүйнө жөнүндө абдан маңыздуу жана хикматтуу маалыматтар берилет. Бул маалыматтардын арасындагы эң маанилүүлөрүнүн бири – бул Мусулмандын кандай коомго, кандай адамдарга кезигээрин баяндаган аяттар. Аллахтын динин жана сонун адеп-ахлагын жашоого, жана муну башка адамдарга айтып берүүгө милдеттүү болгон ыймандуу адам ар кандай адамдарга жана ар кандай жоопторго жолугат. Кээ бирлери аны угушат, кээ бирлери болсо ага каршы чыгышат. Куранда булардын баары баяндалат жана Мусулмандар кандай абалдарда кандай мамиле кылышы керек экенин үйрөнүшөт.
Бул китепте болсо Куранда дайыма көңүл бурулган бир адамдар тобун, мүнафыктарды карайбыз.
Мүнафыктар – Куран аяттарында билдирилгендей, эки жүздүү, жалганчы адамдар, жана чынында момун болуп ыйман келтиришпегенине карабастан, өздөрүн ыймандуу катары көрсөтүшөт. Эң маанилүүсү мындай алдамчылыгын өз башынча жасашпайт; ыймандуулардын арасына кирүүгө, өздөрүн алардан сыяктуу көрсөтүүгө аракеттенишет. Мындай кылуу аркылуу ыймандуулар менен бирге болуп, бир катар дүнүйөлүк кызыкчылыктарга жетүүнү үмүттөнүшөт.
Ыймандуулардын жанына келип, ыйман келтирген сыяктуу көрүнүү менен момундарды алдай алам жана алар ээ болгон кээ бир мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алам деп ойлошот.
Үмүт кылган кызыкчылыктарга жете албашын түшүнгөндө, же момундардын башына Аллахтан сыноо катары бир кыйынчылык келгенде болсо, ошол замат алардан бөлүнүп кетишет жана чыныгы жүзүн көрсөтүшөт. Бөлүнүп кеткен соң, же бөлүнүп кетип атып, момундарга зыян берүүгө, алардын арасындагы биримдикти бузууга аракет кылышат. Момундардан алыстаган соң, каапырлар менен кызматташып, зыян берүү аракеттерин улантышат. Ошондуктан, мындай эки жүздүү адамдарга Куранда «мүнафык» (б.а. нифак чыгаруучу, бузукулук жана фитна чыгаруучу) деген ат ыйгарылган.
Мүнафыктар – бул Куранда көптөгөн аяттарда баяндалган жана ыймандуулардын этият болушу эскертилген адамдар. Ушул себептен, өзүнө Куранды жол башчы тутунган бир момун мүнафыктарга карата этият болушу, алардын өзгөчөлүктөрүн билиши зарыл. Себеби Куран ахлагы менен жашаган ар бир момун коом сөзсүз мүнафыктарга жолугат.
Бул адамдарды бир гана Пайгамбарыбыз (сав) доорунда Мекке жана Мединада жашаган бир коом деп ойлоо болсо такыр туура эмес. Себеби бул адамдар, бүт доордогу сыяктуу, кебетесин өзгөртүп, азыркы доорго ылайыкташкан мүнафыктар келбетинде алдыбызда турушат.
Учурдагы Мусулмандар арасында да, бүт доорлордо болгон сыяктуу, жасалма Мусулман өзгөчөлүктөрү менен өздөрүн камуфляж кылып жашырдык деп ойлогон мүнафыктардын коому бар. Бул адамдар тымызын, кээде өздөрү сыяктуу чын ыклассыз (жасалма) бир дин түшүнүгүнө ээ адамдар менен достошуп, чындыкты жашыруу, батылга (жалганга) алмаштыруу, динде бөлүнүп-жарылууну чыгаруу, момундарга материалдык-моралдык зыян берүү максатын көздөшөт.
Куран бүт доорлорго жана бүт коомдорго кайрылгандыктан, бүт нерсени Куран көзү менен анализ кылган бир адам Аллахтын «... Ал силерге аяттарын көрсөтөт, силер болсо аларды билип тааныйсыңар» (Немл Сүрөсү, 93) өкүмүнө ылайык мүнафыктар жөнүндөгү аяттардын ишке ашканын, азыркы доордо да мындай адамдардын Курандын бир керемети катары дал Куранда сүрөттөлгөндөй иш-аракеттерди жасаганын көрүшөт. Бул жагынан караганда, мүнафыктар жашырган жаман ниеттерин ачыкка чыгаруу, чыныгы жүзүн ачып көрсөтүү, Аллахка жана динге карата тымызын бир согуш жүргүзүшүнө каршы Куран менен пикирдик күрөшүү Аллах Кабатында сыйлыгы үмүт кылынган маанилүү бир ибадат болот.
Мүнафыктын кулк-мүнөздөрүн таануу дагы бир тараптан маанилүү: момундар бул өзгөчөлүктөргө карап, өздөрүн да тарбиялоого милдеттүү. Туура эмес бир иш-аракеттин мүнафык же каапырдын өзгөчөлүгү экенин билүү момундун мындай иш-аракеттерге карата абдан этият болушун камсыздайт. Мисалы, текебердүү болуу (бой көтөрүү) бир мүнафыктын жана каапырдын мүнөзү. Бирок момун да өзүн бош койгондо, капылет калганда, текебердүү бир мамиле жасашы мүмкүн. Бирок кылганынын мүнафык жана каапырдын кулк-мүнөздөрүнүн бири экени эскертилгенде, ылдам катасынан кайтат. Ошондуктан, мүнафыктарды баяндаган аяттарды окуп жатканда, момундар буларга өзүн салыштырып, сабак алышы зарыл.
Бул китепте ушул максатта Куран аяттарынын негизинде мүнафыктын кулк-мүнөзү таанытылат жана момундар насаат алып, алыс болушу керек болгон иш-аракеттер каралат.