Ыймандууларга Каршы Жасаган Аракеттери

Mүнафыктар, жогоруда да айтылгандай, бир кыйынчылык учурунда фитна жана бузукулук чыгарууга аракеттенишет. Бирок мүнафык коомунун момундардын зыянына болгон аракеттери булар эле эмес. Мүнафыктар көбүнчө момундардан бөлүнүп кеткен соң да душмандык иштерин жана фитна чыгаруу аракеттерин улантышат. Куранда Аллах мүнафыктардын мындай мүнөзүн «... Фитнага чакырылган сайын ичине башы менен (балыктай) чумкушат...» (Ниса Сүрөсү, 91) аяты менен кабар берген.

Мүнафыктардын бул багыттагы эң маанилүү мүнөзү – бул момундардан бөлүнүп кеткен соң да өз ара бирге жүрүшү. Эң кызыктуусу фитна чыгарып момундардан бөлүнгөн соң да Мусулман көрүнүүгө аракет кылышып, эки жүздүүлүктөрүн улантышат.

Мунун эң маанилүү себеби, мурда да айтылгандай, мүнафыктын мүнафык экенин кабыл албашы. Эч бир мүнафык «мен Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн момундар арасында фитна чыгардым, өз пайдам үчүн момундарга каршы чыктым, себеби мен эки жүздүү бир жалганчымын, негизи ыйманым жок» деген сыяктуу сөздөр менен ичиндегисин ачыкка чыгарбайт. Ошондуктан, чын ыкластуу момундардын жанында болбосо да, өзү сыяктуу адамдар менен биригип топ түзөт жана Мусулман болуп көрүнүүнү улантат. Чынында болсо толугу менен каапырчылыкта жашап жаткан болот.

Куранда мүнафыктардын Пайгамбарыбыздын (сав) жанындагы момундардан бөлүнүп кеткен соң, жаңы бир мечит курганы айтылат. Тарыхый маалыматтар бул мечиттин атынын «Дырар мечити» экенин аныктаган. Мүнафыктардын Пайгамбарыбыз (сав) жана анын жанындагы момундардан бөлүнүп кеткен соң, бир «мечит» курушу, албетте, абдан кызык. Динден чыкканына карабастан, апачык динсиз сыяктуу көрүнүштө чогулушкан эмес жана дагы эле Мусулмандай көрүнүүнү улантышкан. Куранда мүнафыктардын мечити менен Пайгамбарыбыз (сав) «такыбалык менен» курган мечит арасындагы айырма төмөнкүдөй баяндалат:

Зыян тийгизүү, каапырдыкты (күчөтүү), момундардын арасын ажыратуу жана мурда Аллахка жана элчисине каршы согушканды күтүү үчүн мечит кургандар жана: «Биз жакшылыкты гана кааладык» деп ант ичкендер (бар го), Аллах алардын шексиз жалганчы экенине күбөлүк берет. Сен мунун (мындай бир мечиттин) ичинде эч качан турба. Биринчи күнүнөн такыбалык менен курулган мечит сенин анда (намаз жана башка иштер үчүн) болушуңа ылайыктуураак. Анда (ал мечитте) тазаланууну чын жүрөктөн каалаган адамдар бар. Аллах тазалануучуларды сүйөт. Үйүнүн түбүн (негизин) Аллах коркуусу жана ыраазылыгы үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн түбүн кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомду туура жолго (хидаятка) баштабайт. Алардын жүрөктөрү майдаланганга чейин, курган үйү (имараты) жүрөктөрүндө бир күмөн бойдон кала берет. Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Тообо Сүрөсү, 107-110)

Аяттарда да айтылгандай, мүнафыктар курган мечиттин максаты момундарга зыян берүү жана момундарга каршы чыккандар менен кызматташуу болгон. Бул мечитти курган мүнафыктар канчалык «биз жакшылык гана кааладык» дешсе да, чыныгы максаттары ошондой болгон. Эки мечиттин арасындагы эң негизги айырма болсо – бул момундардыкынын «такыбалык», б.а. «Аллах коркуусу жана Аллах ыраазылыгы» үчүн курулган болушу. Мактануу жана момундарга душмандык үчүн курулган мүнафыктардын мечити болсо, аятта кабар берилгендей, тозокко кулай турган бир жардын четинде. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда жашаган мүнафыктардын бул мечитти колдонуу менен уланткан фитнасын төмөнкүдөй анализ кылууга болот.

Момундардан Өч Алгылары Келген

Мүнафыктардын момундардан бөлүнгөн соң өздөрүнчө чогулушунун эң маанилүү себеби момундарга болгон кекенүүсү жана жек көрүүсү болгон. Жогоруда мүнафыктардын арасында момундардыкы сыяктуу бир сүйүү жана урмат мамилеси жок экенин, тескерисинче аятта айтылгандай, «жүрөктөрүнүн бөлөк-бөлөк» экенин айткан элек. Ошондуктан, мүнафыктарды чогуу кармаган нерсе – бул момундарга болгон жек көрүүлөрү жана өч алуу каалоолору.

Момундардан өч алгылары келген, себеби алардын арасында жашап турган мөөнөт бою момундар аларды эскерткен, каталарын айткан, кылгандарынын жалганчылык экенин бетине айткан, кылгандарынан кайтпаса тозокко түшүшү мүмкүн экенин билдиришкен. Бирок мүнафыктар текебердиктери себебинен момундардын мындай сонун ахлагын түшүнө алышкан эмес жана аларга кекенишип, душмандык сезишкен.

Тообо Сүрөсүнүн 74-аятында Аллах «...чынында болсо өч алгылары келгенинин себеби аларды Аллахтын жана элчисинин берешендик менен бай кылышынан башка (бир себеби) жок эле...» деп мүнафыктардын момундардан өч алгылары келгенине көңүл бурууда. Бирок, албетте, мүнафыктардын мындай аракети текке кеткен; Аллах тузактарына өздөрүн түшүргөн жана аларды андан да «төмөн жана кор» кылган.

Мүнафыктар өч алгылары келген үчүн момундар жөнүндөгү кабарларды аңдып турушат. Момундардын башына жамандыктардын келишин, алардын зыянга кабылышын үмүттөнүшөт. Куранда бул чындык «Силерге бир жакшылык келсе капаланышат, силерге бир жамандык келгенде болсо буга сүйүнүшөт. Эгер силер сабыр кылсаңар жана сактансаңар, алардын «тузактары» силерге эч бир зыян бере албайт. Шексиз, Аллах кылып жаткандарын ороочу» (Али Имран Сүрөсү, 120) аяты аркылуу кабар берилген.

Момундарга Каршы Каапырлар Менен Кызматташышкан

Мүнафыктар момундардан өч алуу үчүн каапырлар менен кызматташуу ыкмасын да колдонушат. Куранда мүнафыктардын каапырларга ишенээрине жана аларды дос тутаарына төмөнкүчө көңүл бурулган:

Мүнафыктарга сүйүнүчтүү кабар айт: алар үчүн чынында оор бир азап бар. Алар момундарды таштап, каапырларды дос (вели) тутушат. «Күч-кубат жана ардакты (абройду)» алардын жанынан издеп жатышабы? Албетте, «бүт күч-кубат жана ардак» Аллахка тиешелүү. (Ниса Сүрөсү, 138-139)

Пайгамбарыбыз (сав) доорунда да мүнафыктар мындай мүнөзүн көрсөтүшкөн. Момундарга кол салган каапырларга жардам беришкен, аларга момундар жөнүндө маалымат берип, аларды момундарга кол салууга үндөшкөн. Куранда бул окуялар мындайча кабар берилет:

Мүнафыктык кылгандарды көрдүңбү, китеп берилгендерден каапыр туугандарына: «Ант болсун, эгер силер (мекендериңерден) чыгарылсаңар, сөзсүз биз да силер менен бирге чыгабыз жана силерге каршы болгон эч кимге, эч качан баш ийбейбиз. Эгер силерге каршы согушушса, албетте силерге жардам беребиз» дешет. Ал эми, Аллах алардын чындап жалганчылар экенине күбөлүк берет. Ант болсун, (мекендеринен) чыгарылса, алар менен бирге чыгышпайт. Аларга каршы согулушса, аларга жардам беришпейт; жардам беришсе да (артына) бурулуп качышат. Кийин аларга жардам берилбейт. (Хашр Сүрөсү, 11-12)

Мүнафыктардын каапырларга момундар жөнүндө маалымат берээрине башка бир аятта мындайча көңүл бурулат:

Эй пайгамбар, жүрөктөрү ишенбеген абалда ооздору менен «ишендик» дегендер менен еврейлерден каапырдык ичинде аракеттенгендер сени кайгыртпасын. Алар калпка кулак тосуучулар, сага келбеген башка коом үчүн кулак тосуучулар (кабар жыйноочулар). Алар сөздөрдү ордуна коюлган соң бурмалашат, «силерге бул берилсе аны алгыла, ал берилбесе андан качынгыла (албагыла)» дешет. Аллах кимдин фитна(га түшү)шүн кааласа, эми ал үчүн сен Аллахтан эч нерсеге ээ эмессиң (күчүң жетпейт). Аллах жүрөктөрүн тазалагысы келбегендер мына ошолор. Дүйнөдө алар үчүн бир басмырлануу, акыретте алар үчүн оор бир азап бар. (Маида Сүрөсү, 41)

Мүнафыктар мунун натыйжасында каапырлардын момундарды жеңээрин, ошентип алар да өч алгандай болоорун үмүт кылган болушу мүмкүн. Чынында болсо жаңылышкан. Себеби аяттарда билдирилгендей, «бүт кудурет жана урмат Аллахтыкы» жана Аллах момундардын колдоочусу. Мүнафыктардын жана каапырлардын момундарга каршы жасаган кол салуулары жана тузактар Аллахтын жардамы менен момундарга зыян бере албайт.

Момундарды Каралаганга Аракеттенишкен

Пайгамбарыбыз (сав) доорундагы Асры Саадет убагында мүнафыктардын момундарга болгон кол салууларынын эң маанилүүлөрүнүн бири момундар жөнүндө ойлоп чыгарган доомат жана жамандоолору болгон. Мүнафыктар момундарды каралаган сайын өзүбүздү актайбыз деп ойлошуп, момундар жөнүндө чыгарган дооматтары менен алардан бөлүнүшүнүн жана аларга душмандык кылышынын туура бир себеби бардай көрсөткөнгө аракеттенишкен.

Момундар жөнүндө ойлоп чыгарган дооматтарын каапырларга айтышып, момундардын абройун түшүрө алабыз деп ойлошкон.

Куранда мүнафыктардын мындай мүнөзүнө да көңүл бурулган. Пайгамбарыбыздын (сав) жубайы жөнүндө чыгарган дооматтан тышкары, «...тилдерин жамандык менен силерге тийгизишет...» (Мүмтехине Сүрөсү, 2) аяты менен болсо мүнафыктардын момундарга доомат аркылуу кол салганы кабар берилген.

Куранда мындан тышкары мүнафыктардын момундарды шылдыңдоого аракеттенгени да билдирилген:

Садакаларда момундардан кошумча садака бергендер менен эмгектеринен (жехддеринен) башка (эч нерсе) таба албагандарды бөлүп, аларды шылдың кылгандар; Аллах аларды(н өзүн) шылдыңга айлантты жана алар үчүн оор бир азап бар. (Тообо Сүрөсү, 79)

Момундарды Өздөрүнө Кошууга Аракеттенишкен

Мүнафыктар момундардан бөлүнгөн соң, жогоруда айтылгандай, бир «мечит» курушкан. Момундарга куру доомат кылып, каапырлар менен кызматташкандан тышкары, момун коомдун арасынан башка адамдарды да мүнафыктык кылып аларга кошулууга чакырышкан.

Мүнафыктар бул үчүн момундар коомунун ичинде ыйман жагынан алсыз деп ойлогон адамдарга жакындаганга аракеттенишкен. Куру санаа жана күмөндөргө оңой кирет деп ойлогон адамдарга жакындаганга, аларды да фитнага түшүрүүгө аракет кылышкан. Момундар коому бир кыйынчылыкка кез келгенде, мындай аракеттерин андан да күчөтүшкөн. Аллах Куранда бул окуяны «Чынында Аллах араңардан тосуучуларды (мүнафыктарды) жана бир туугандарына: «Бизге келгиле» дегендерди билет. Булар, аз бөлүгүнөн башкасы, кыйын-согуштарга келишпейт» (Ахзаб Сүрөсү, 18) аяты менен кабар берген.