Башында да айтылгандай, мүнафыктардын каапырлардан айырмасы – мүнафыктардын өздөрүн ыймандуудай көрсөтүүгө аракет кылышында. Бир катар кызыкчылыктарга жетүү үчүн момундардын жанында болгулары келет жана мындай чөйрөдө алар сыяктуу көрүнүү «пайдалуураак» деп ойлошот.
Дайыма мүнафык момундарга өзүн далилдөө үчүн Ислам ахлагын жашап жаткандай көрүнөт. Эл көзүнө ибадат кылат. Бирок бул ибадаты жараксыз болушу мүмкүн. Себеби бир кыймылдын ибадат болушу үчүн анын Аллах ыраазылыгы үчүн жасалган болушу зарыл. Мүнафыктар болсо Аллахтын эмес, адамдардын ыраазылыгын көздөшөт. Мүнафыктар намаз кылып жатканда, садака бергенде, сөз бергенде, сүйлөгөн сөздөрүндө айланага өзүн көрсөтүүгө, аброй жана пайда алууга жана өздөрүн далилдөөгө аракет кылышат. Ал эми чыныгы Мусулмандардын болсо мындай көйгөйү жок. Себеби алар Аллах Кабатында эч нерсенин жашыруун калбашын, адам өзү унутуп калса да, Аллахтын адамдар эч күтпөгөн нерселерди акыретте аларга көрсөтөөрүн билип, Анын ыраазылыгына жетүү үчүн гана жашашат.
Мүнафыктардын мындай мамилелерин бир-бирден карайлы:
Калп – бул мүнафыктардын өздөрүн момун коомдун ичинде жашыра алуу, жалганчылыктарын жаап-жашыруу үчүн эң көп колдонгон жолдорунун бири. Бул жагынан мүнафыктар момундарга калп айтууну бир көнүмүш адатка айлантып алышат. Бул калптарына момундарды ишендире алуу үчүн болсо көп көп ант ичишет. Аллах атынан ант ичүү момундар үчүн абдан маанилүү экенин билгендиктен, анттарына жашынышат. Аллах мүнафыктардын мындагы чыныгы ниеттерин төмөнкү аят менен кабар берген:
Алар анттарын калканыч кылышты, ошентип Аллахтын жолунан тосушту. Эми алар үчүн басынтуучу бир азап бар. (Мүжаделе Сүрөсү, 16)
Куранда мүнафыктардын калп ант ичкенин билдирген башка бир аят болсо мындай:
... Өздөрү да (апачык чындыкты) билип туруп, калп нерсеге ант берип жатышат. (Мүжаделе Сүрөсү, 14)
Мүнафыктар калп айтып жатып, бул калптары эч ачыкка чыкпайт же жазасыз калат деп ойлоо менен чоң жаңылыштыкка түшүшөт. Бирок «... Аллах алардын чындап калп айтып жатканын билет» (Тообо Сүрөсү, 42) жана «Калп айтып жатканы үчүн аларга оор бир азап бар.» (Бакара Сүрөсү, 10)
Аллах Куранда адамдардын ыраазылыгы үчүн намаз окугандар жөнүндө мындай деп билдирет:
Мобул намаз кылгандардын абалы оор, алар намаздарында жаңылуу ичинде, алар (намаздарын) эл көрсүн үчүн кылышууда. (Маъун Сүрөсү, 4-6)
Аллах бул аяттар аркылуу мүнафыктардын мүнөзүн бизге тааныштырууда. Ал эми момундар болсо - «Момундар чынында кутулууга жетишти, алар намаздарында хушу ичинде болушат» (Мүминун Сүрөсү, 1-2) аяттарында айтылгандай, намазда чын жүрөктөн Аллахка кайрылган жана Аллахка карата «урмат толо коркуу» сезген адамдар.
Мүнафыктардын намазды эл көзүнө кылаары башка аяттарда мындайча билдирилет:
...Намазга турганда, каалабастан (араң) турушат. Эл көрсүн үчүн кылышат... (Ниса Сүрөсү, 142)
Алар намаздарында жаңылуу ичинде, алар (намаздарын) эл көрсүн үчүн кылышууда. (Маъун Сүрөсү, 5-6)
Мүнафыктар намаздарындагы сыяктуу, жалпы маанай жана мамилелеринде да дайыма Аллахты эмес, момундарды ыраазы кылууга аракеттенген бир маанай ичинде болушат. Өздөрүн такыба (Аллах койгон чектерден чыкпаган) бир момун сыяктуу көрсөтүү үчүн одоно кыймылдарды жасашат. Өздөрүн алдыга чыгарууга, кылган кандайдыр бир ишин бүт баарына угузуп, өз ойлорунда момундардын көз алдында «упай топтоого» аракеттенишет. Куранда мүнафыктардын мындай эки жүздүү кыймылдары мындайча кабар берилет:
Силерди ыраазы кылуу үчүн Аллахка ант ичишет; чынында болсо, эгер ыймандуу болушса, ыраазы кылууга Аллах жана элчиси ылайыктуураак. (Тообо Сүрөсү, 62)
Мүнафыктын ыйманы чын жүрөктөн болбогондуктан, кылган бир жакшылыгынын билинбей калышынан абдан тынчсызданат. Өз оюнда момундардын урматына, абройго жетүү үчүн кылгандарынын мүмкүн болушунча көп адамдын билишин каалайт. Жалгыз максаты – бул өзүн алдыга чыгаруу, адамдар арасында абройго, урмат-сыйга жетүү. Бирок бир нерсени унутпоо керек, мүнафыктардын ниеттери чын ыкластан болбогондуктан (эки жүздүү болгондуктан) жана Аллахтын ыраазылыгын максат кылбагандыктан, кылгандарынын акыреттеги жообу башкача болушу мүмкүн. Аллах көп аяттарда иштеп, пайдасыз чарчагандар, кылгандары текке кеткендер, ибадаттары жараксыз кылынгандар жөнүндө сөз кылат. Ошондуктан мындай мүнөздүү адамдар да ошондой бир натыйжага туш болуудан сактануулары зарыл.
Мүнафыктар эл көзүнө жасаган дагы бир ибадат – бул садака берүү. Садака Аллах жолунда жана Аллах ыраазылыгы үчүн кылынган ар түрдүү акча сарптоо жана жардам маанисине келет. Момундар мал-мүлктөрүн Аллах ыраазылыгы үчүн сарпташса, мүнафыктар муну адамдардын ыраазылыгы үчүн жасашат. Аллах Куранда мүнафыктардын мамилелерин төмөнкүчө кабар берген:
Жана алар мал-мүлктөрүн адамдар көрсүн үчүн (эл көзүнө) садака кылышат, Аллахка жана акырет күнүнө да ишенишпейт. Шайтан кимге дос болсо, ал кандай жаман дос. Аллахка жана акырет күнүнө ишенип, Аллах аларга берген ырыскыдан сарпташканда (садака кылышканда), алардын зыянына болмок беле? Аллах аларды жакшы билет. (Ниса Сүрөсү, 38-39)
Бирок мүнафыктар адамдар үчүн жасаган мындай садаканын Аллах Кабатында кабыл алынбай турганы Куранда төмөнкүдөй билдирилет:
Айткын: «Каалап же каалабай садака кылсаңар да, силерден эч кабыл алынбайт. Себеби силер бир бузукулар коому болдуңар.» Садака кылгандарынын алардан кабыл алынышына тоскоол болгон нерсе – (бул алардын) Аллахты жана элчисин тааныбашы, намазга каалабастан келиши жана жактырбай садака кылышы. (Тообо Сүрөсү, 53-54)
Аяттарда мүнафыктардын ибадаттарды «каалабастан» же «жактырбастан» кылаары билдирилген. Бул мүнафыктардын бул дүйнөдө азап ичинде жашашынын да себеби. Эл көзүнө жасаганы үчүн кылгандарынын баары текке кетүүдө. Ал тургай, Аллах бул ыклассыз (эки жүздүү) адамдардын чыныгы жүздөрүн, кааласа момундарга да көрсөтүүдө жана бүт мындай көргөзмө аракеттерин бул дүйнөдө да текке кетирүүдө. Мындай учурда мүнафык жалгыз максаты болгон адамдардын ыраазылыгынан да кол жууп калган болот.
Аллах дагы бир аятында эл көзүнө кылынган ибадаттардын жараксыз экенин жана Анын ыраазылыгы үчүн садака кылгандарга болгон берекесин төмөнкү мисал менен баяндаган:
Эй ыйман келтиргендер, Аллахка жана акырет күнүнө ишенбестен, адамдардын көзүнө (мактануу үчүн) мал-мүлкүн садака кылган сыяктуу милдет (садака берилгендерден алкыш сыяктуу бир нерсе үмүт) кылып жана (аларды) басмырлап садакаларыңарды жараксыз (соопсуз) кылбагыла. Мындайдын абалы үстүндө топурак турган бир таштын абалына окшойт; үстүнө себелеген бир жамгыр жааса эле, аны (ал ташты) жыпжылаңач кылып койот. Алардын тапкандарынан эч нерсеге күчтөрү жетпейт. Аллах каапырлар коомун туура жолго баштабайт. Бир гана Аллахтын ыраазылыгын каалаган жана өздөрүндөгүнү тамырландырып-күчтөндүрүү үчүн мал-мүлктөрүн садака кылгандардын мисалы бийик бир дөбөдө жайгашкан, нөшөрлүү жамгыр жааганда түшүмүн эки эсе берген бир бакчага окшойт. Ага нөшөрлүү жамгыр жаабаса да, бир себелеген (жамгыр бар). Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү, 264-265)
Мүнафыктар мал-мүлктөрүн эл көзүнө сарпташат, бирок эч качан көп өлчөмдө коротушпайт. Адамдардын көзүн бойоого жетиштүү, чектүү сумманы гана каржашат. Эч качан «Эч шек жок, Аллах момундардан жандарын жана мал-мүлктөрүн акысына аларга бейишти берүү үчүн сатып алган...» (Тообо Сүрөсү, 111) аятында сүрөттөлгөн момундардай болушпайт.
Момундар, жогорудагы аятта талап кылынгандай, керек болгон бардык мүмкүнчүлүктөрүн Аллах ыраазы боло турган жакшылык иштерге колдонуудан тартынышпайт. Ал эми мүнафык болсо момундардын арасына бир пайда алуу үчүн кирген. Өз мал-жанынан сарпташы болсо Аллах ыраазылыгы үчүн эмес, келечекке багытталган бир инвестиция болот. Момун болуп көрүнүү үчүн жасаган кичинекей чыгымы менен момундардын колундагы чоңураак мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланам деп ойлойт.
Куранда мүнафыктардын сараңдыгына мындайча көңүл бурулат:
Алардын (мүнафыктардын) кээ бирлери болсо: «Ант болсун, эгер бизге берешендигинен мол берсе, чындап садака беребиз жана ыкластуулардан болобуз» деп Аллахка убада беришкен. Аларга Өзүнүн мол берешендигинен бергенде болсо, анда сараңдык кылышты жана жүз бурушту; алар ушундай терс бурулуучулар. Ошентип Ал да, Аллахка берген сөздө турбаганы жана калп айтканы үчүн, Аны менен жолуга турган күнгө чейин жүрөктөрүндө мүнафыктыкты бекем кылды. (Тообо Сүрөсү, 75-77)
Мүнафыктар ушундай сараң жана өзүмчүл болсо, момундардын ою дайыма өз мал-жанын аябай сооп иштерди кылууда болот. Себеби момун кылгандарынын жообун Аллах Кабатынан күтүп, акыретти максат кылат. Бул дүйнөнүн убактылуу жана пайдасыз экенин жана бул дүйнөдө Аллахты ыраазы кылуу үчүн гана жашап жатканын түшүнгөн болот.
Мүнафыктар Аллах жолунда мал-мүлкүнөн көбүрөөк сарптабаган сыяктуу эле, мүмкүн болушунча момундардан пайдаланууга аракеттенишет. Аллахтын ыраазылыгын максат кылышпагандыктан, дайыма кичинекей пайдаларды алууну көздөшөт. Ошондуктан момундар жан аябас, асыл болушса, алар ач көз жана өзүмчүл болушат. Куранда мүнафыктардын момундардан пайдалануу каалоолору мындайча кабар берилген:
Алардан садакалар жөнүндө сени сындай тургандар бар. Андан аларга берилсе, жактырышат, аларга берилбегенде болсо, ачууланышат. Эгер алар Аллах жана элчиси бергенге ыраазы болушканда жана: «Бизге Аллах жетет; Аллах жакында бизге берешендигинен берет, Анын элчиси да. Биз чынында бир гана Аллахка умтулуучуларбыз» дешкенде (кана)!..» (Тообо Сүрөсү, 58-59)
Аяттагы «бизге Аллах жетет» сөзү момундардын көз-карашын сүрөттөйт. Момун кылгандарынын чыныгы жообунун акыретте экенин билет. Аллах аны кылгандарынан эсе эсе көбү менен, бейиши, мээрими жана ыраазылыгы менен сыйлайт. Ошондуктан бул дүйнөдөгү кичинекей пайдалар үчүн ач көздүк кылуу, пайгамбарга жана момундарга каршы чыгуу момунга эч жарашпайт. Момун төмөндөгү аяттын өкүмүнө кирип калуудан абдан тынчсызданат:
«Ким ага «туптуура жол» апачык белгилүү болгон соң, элчиге каршы чыкса жана момундардын жолунан башка бир жолду ээрчисе, аны кайткан нерсесинде калтырып койобуз жана тозокко салабыз. Кандай жаман орун ал!..» (Ниса Сүрөсү, 115)
Ошондой эле, момун Аллах ага зарыл учурда бул дүйнөдө да чоң немат-жакшылыктар берээрин билет.
Мүнафык болсо Аллахтан жана Анын мээриминен кабарсыз болгондуктан, кичинекей жана пас пайдалардын артынан чуркайт жана өзүн уят кылат.
Эгер бир момун коомунун ичинде бирден көп мүнафык бар болсо, булар бири-бири менен жашыруун мамиле түзүшөт жана Куранда билдирилгендей, «жашыруун чогулуштарды» өткөрүшөт.
Момундар коомунун ичинде жашоого аракеттенген мүнафык кыска убакыт ичинде өзүнө окшош мүнөздүүлөрдү сезет. Себеби алар да, ал сыяктуу жан аябастыктан качкан, сүйүүдөн алыс, текебер адамдар болот. Момундар коомунун ичинде ага окшош мүнөздүү башкалардын да бар экенин сезген мүнафык аларга жакындайт. Өз ара топ түзүшөт. Момундардан алыс болууга жана өз ара жакын болууга аракеттенишет. Себеби момундардын жанында тынч жүрө алышпайт; момундар алардын Куранга туура келбеген мамилелерин эскертип, аларды жан аябай аракет кылууга чакырышат. Ошондуктан, ибадаттарын көңүл коштук менен кылган жана өз пайдасын көздөгөн башка мүнафыктардын жанында өзүн тынч сезет.
Мүнафыктардын өз ара топтошушу жана жашыруун чогулуштарды өткөрүшү Куранда кабар берилген. «Жашыруун чогулуш» - бул мүнафыктардын момундарга билдирбестен чогулуп, момундар жана пайгамбар жөнүндө «каршы чыгууну (баш көтөрүүнү)», же «фитнаны» сүйлөшүшү. Куранда мүнафыктардын мындай иш-аракети терең баяндалат:
«Жашыруун чогулуштардын шыбырашмайларынан» кайтарылып, анан (ошол) кайтарылган нерсеге кайра кайткандарды; күнөө, душмандык жана пайгамбарга баш көтөрүүнү (өз ара) шыбырашкандарды көрдүңбү? Алар сага келгенде, сени Аллах саламдаган сыяктуу саламдашат. Жана өздөрүнө өздөрү: «Айткандарыбыз үчүн Аллах бизге азап бергенде кана.» дешет. Аларга тозок жетет; ошол жерге киришет. Ал бара турган кандай жаман орун. (Мүжаделе Сүрөсү, 8)
Аллах «жашыруун чогулуштарды» баяндаган башка бир аятта болсо мындай чогулуштардын түнкүсүн болооруна мындайча көңүл бурууда:
Алар адамдардан жашырышып, Аллахтан жашырышпайт. Чынында болсо алар сөздөрдөн (план кылып) (Аллах) ыраазы болбой турган нерсени түндөлөрү түзүп жатышканда, Ал алар менен бирге. Аллах кылгандарын ороп туруучу. (Ниса Сүрөсү, 108)
Башка бир аятта болсо Аллах мүнафыктардын мындай иш-аракетинин «шайтандан» экенин төмөнкүчө билдирген:
Шексиз, «жашыруун чогулуштардын шыбырашмайлары» ыйман келтиргендерди кайгыга салуу үчүн бир гана шайтан (жасаган иштер)ден... (Мүжаделе Сүрөсү, 10)
Мүнафыктардын кээ бирлери момун болуп көрүнүү менен момундардын арасынан орун табууга аракеттенип жатып, бир тараптан каапырларга момундар жөнүндө кабар жеткиришет. Себеби каапырлар момундарды өздөрүнө душман көрүшөт, бирок момундар арасындагы бир туугандык мамиледен улам аларга зыян бере алышпайт. Мындай учурда момундардын арасына аралашкан мүнафыктарга жакындап, аларга бир катар кызыкчылыктарды сунушат жана бул үчүн момун коому жөнүндө аларга маалымат алып келишин каалашат.
Пайгамбарыбыз (сав) доорунда мисалдары көрүлгөн мүнафыктардын мындай мамилеси «...араңарда аларга (каапырларга) «кабар жеткиргендер» бар. Аллах зулумдук кылуучуларды билет.» (Тообо Сүрөсү, 47) аяты аркылуу билдирилген. Куранда мүнафыктардын мындай мүнөзү «башка бир коом үчүн кабар топтоо» деп да айтылат. Аятта мындайча буюрулат:
Эй пайгамбар, жүрөктөрү ишенбеген абалда ооздору менен «ишендик» дегендер менен еврейлерден каапырдык ичинде аракеттенгендер сени кайгыртпасын. Алар калпка кулак тосуучулар, сага келбеген башка коом үчүн кулак тосуучулар (кабар жыйноочулар)... (Маида Сүрөсү, 41)