Мүнафыктардын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул момундар арасында «фитна» чыгарууга аракеттениши. Фитна ыймандуулардын ынтымагын, Аллахка, пайгамбарга жана Куранга болгон бекемдигин бузууну максаттаган ар түрдүү бузуку сөз жана иш-аракетти түшүндүрөт. Мүнафыктар өздөрү туура эмес жолдо болгондуктан, момундарды да адаштырууну каалашат. Буга жетүү үчүн болсо өзгөчө кыйынчылык жана оор сыяктуу көрүнгөн убактарды мүмкүнчүлүк деп ойлошот.
Мүнафыктар Мусулман деген атка жамынып, өзүн сездирбестен, шайтанга кызмат кылышат. Шайтандын түпкү максаты ыйман келтиргендерди адаштырып, артынан ээрчитип кетүү болгон сыяктуу эле, мүнафык да ушундай ниет менен Мусулмандардын арасында фитна жайып, алардын туура жолдон кайтышы үчүн аракеттенет.
Момундар бар чөйрөлөрдө дайыма кубаныч, жандуулук өкүмдүк кылат. Өз араларындагы маектери да дайыма позитивдүү, окуялардын кайырдуу (жакшы) тараптарын эстеткен жана Аллахтын убадалары менен бири-бирин сүйүнчүлөгөн бир услупта болот. Ошондой эле, момундардын маектеринде эң көңүл буруучу жагдайлардын бири – бул алардын дайыма тагдырды түшүнгөн бир услуп менен сүйлөшү. Мисалы, бир коркунучту, терс бир окуяны айтып жатышканда да, чын ыкластан бул окуянын тагдырда экенине, анда бир жакшылык бар экенине ал сүйлөмдүн арасында сөзсүз басым жасашат.
Бирок мүнафыктар жүрөктөрүндөгү ооруну сөздөрүндө да жашыра алышпайт жана окуяларды негативдүү, тагдырды унуткан, «балээ чабарманы» услубундай услуп менен баяндашат. Бир окуяны азап жана кыйынчылык ичинде момундардын зыянына болгон бир абал сыяктуу айтып берүү менен, «аттиң мындай кылбаганыңарда», «эх утулдук», «ай жаман болду» сыяктуу, тагдырдан алыс адамдардын услубу менен баяндашат. Алардын мындай негативдүү услубу Аллахтын кудуретин түшүнө алышпаганын даана көрсөтөт.
Мындай услуптары менен айланасындагы чын ыкластуу Мусулмандарды да күмөнгө салууга аракеттенишет. Аллах момундарды мындай коркунучтан эскерткен жана күмөнгө салуучу адамдардын жамандыгынан Куранда мындайча сөз кылган:
Айткын: Адамдардын Раббисинен коргоо тилеймин. Адамдардын Малигинен (Падышасынан), Адамдардын (чыныгы) Кудайынан. Тымызын, жүрөктөргө азгырык жана шектенүү түшүрүп туруучу» азгырыкчынын жамандыгынан (сакта). Ал адамдардын көкүрөктөрүнө азгырык салат (ичине шектенүү, куру санааларды шыбырайт); жиндерден жана адамдардан (болгон бүт ханнастан Аллахка корголоном). (Нас Сүрөсү, 1-6)
Мүнафыктар да ушундай кыйынчылык берүү, чечкиндүүлүктү басаңдатуу, маанайды бузуу, үмүтсүздүккө түртүү, күмөнгө салуу сыяктуу ниеттер менен Аллах тагдырда жакшылык менен жараткан окуяларды бир жамандык же кырсык жөнүндө сөз кылып жаткандай жеткиришет. Чынында болсо ар бир адамдын ар бир көз ирмеми, бүт майда-баратына чейин бир план ичинде болууда жана ар бир окуя Аллахтын башкаруусунда, Анын уруксаты (буйругу) менен ишке ашууда.
Мүнафыктар жашыруун мүнөздөрүн кыйынчылык учурларында көрсөтүшөт. Башка мүнафыктар менен жашыруун аракеттерди кылышып, такыба деп көргөн адамдарды туура жолдон алыстатуу максатында системалуу күрөш жүргүзүшөт. Бул үчүн каапырлар менен кызматташуудан да тартынышпайт. Бирок мүнафыктар бүт иштеринин, сөздөрүнүн тагдырда бир-бирден белгиленип коюлганын, Аллахтын алардын бүт иштерине күбө экенин унутуп коюшкан. Раббибиз «Аллах каапырларга момундардын зыянына эч качан жол бербейт.» (Ниса Сүрөсү, 141) аяты менен мүнафыктардын аракетинин текке кетээрине көңүл бурган. Башка бир аятта болсо Аллах момундардын дайыма жеңээрине мындай басым жасаган:
Ким Аллахты, Анын Пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса, албетте, Аллахтын жамааты гана жеңүүчү. (Маида Сүрөсү, 56)
Мүнафык момундар алсыз деп ойлогон убактарда аларды туруксуздукка, чыккынчылыкка, үмүтсүздүккө, жалкоолукка түрткүсү келет. Бул үчүн болсо тымызын бир услуп колдонуу менен акырын гана айланасындагы адамдардын ыйманына зыян тийгизүүгө жана аларды күмөнгө сала турган сөздөр менен өзүнө кошууга аракеттенет. Бул үчүн колдонгон ыкмаларынын бири – бул момундарга жалаа жабуу.
Куранда мүнафыктардын «... Аллах жана Элчиси бизге куру бир калпты гана убада кылышты.» (Ахзаб Сүрөсү, 12) же «... буларды (Мусулмандарды) диндери жаңылтты...» (Энфал Сүрөсү, 49) сыяктуу сөздөр менен ыйман келтиргендерге күмөн берүүгө аракеттенээри кабар берилген. Мүнафыктар момундар байкабаган чындыктарды мен байкадым деген күмөндө болушат.
Мунун бир мисалын Куранда айтылган Самири аттуу кишинин «...Мен алар көрбөгөндү көрдүм...» (Таха Сүрөсү, 96) сөзү менен Аз. Мусанын коомун адаштыруу аракетинен көрүүгө болот.
Мүнафыктардын кыйынчылык учурларында фитна чыгарууларынын бир себеби – бул алардын ошол учурларда бейпил аракет кыла алышы. Самири «фитнаны» Аз. Муса жок кезде жана коомун буруу ыңгайлуу болгон кезде чыгара алган. Туура жолдон адашкан коомдун «... Муса бизге кайтып келгенге чейин ага (музоого) бел бүгүп, алдында ийилүүдөн эч кайтпайбыз» (Таха Сүрөсү, 91) деп айтышы мүнафыктардын бузукулук чыгаруу үчүн башаламан жана кыйынчылык чөйрөлөрүн күтөөрүнүн маанилүү бир далили.
Аз. Мухаммед (сав) доорундагы мүнафыктардын да Пайгамбарыбыз (сав) жана жанындагы момундар күчтүү болгон кезде фитна чыгарбаганы көңүл бурат. Куранда мүнафыктардын согуш учурундагы башаламандыкты момундардын арасында бөлүнүү чыгаруу үчүн колдонушканы мындайча сүрөттөлгөн:
Мына ошол жерде ыйман келтиргендер сыналган жана күчтүү бир олку-солкуга кабылышкан эле. Мүнафыктар жана жүрөктөрүндө оорусу (илдети) барлар: «Аллах жана Элчиси бизге куру бир алданууну гана убада кылышты» деп жатышкан. (Ахзаб Сүрөсү, 11-12)
Мүнафыктардын бул сөздөрү алардын динге болгон көз-карашын көрсөтөт. Себеби момун коомдун арасына кошулуп жатып, алар сыяктуу болуу менен бир катар дүнүйөлүк пайдаларга жетүүнү үмүт кылышкан. Бирок алар кабылган ар бир кыйынчылык алар үчүн чоң бир азапка айланган жана эмгегибиз текке кетти деп ойлошкон. Мына ушул себептен айланасынан келчү реакцияга да ыраазы болуп, өздөрүнүн коркуусуна момундарды да кошууга аракеттенишкен. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда жашаган мүнафыктардын мындай сунуштарын кабар берген бир аят төмөнкүдөй:
Алардын бир тобу мындай деген эле: «Эй Йасриб (Медина) калкы, эми силер үчүн (бул жерде) кала турган жер жок, демек (артка) кайткыла...» (Ахзаб Сүрөсү, 13)
Ал эми момундардын мамилеси болсо Куранда мындайча билдирилген:
Момундар (душман) топторун көргөндө болсо айтышты: «Бул Аллах жана Элчиси бизге убада кылган нерсе; Аллах жана Элчиси туура айткан.» Жана (бул) алардын ыймандарын жана (Аллахка) жакындыктарын гана көбөйттү. Момундардан ушундай эркек-адамдар бар, Аллахка берген убадасына бек болушту; ошентип алардын кээ бирлери убадасын аткарды, кээ бирлери күтүп жатат. Алар (сөздөрүн) эч өзгөртүшкөн жок. Себеби Аллах (сөзүндө турган бекем) чынчыл адамдарды өз чынчылдыктары себептүү сыйлайт, мүнафыктарды кааласа азаптайт же тообо (насип кылып тообо)лорун кабыл кылат. Шек жок, Аллах – кечиримдүү, ырайымдуу. (Ахзаб Сүрөсү, 22-24)
Мүнафыктардын бузукулук чыгаруу аракеттери ар кандай учурларда болушу мүмкүн. Куранда Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) доорунда жашаган мүнафыктардын аракеттерине көңүл бурулган бир аят төмөнкүдөй:
Аллахтын элчисине каршы чыгышып, (согуштан) калып калгандар отуруп-калганына сүйүнүштү жана Аллах жолунда мал-мүлктөрү жана жандары менен жехд кылууну (аракет кылууну) жаман көрүшүп: «Мындай ысыкта (согушка) чыкпагыла» дешти. Айткын: «Тозок отунун ысыктыгы күчтүүрөөк.» Түшүнүшсө кана. (Тообо Сүрөсү, 81)
Пайгамбарыбыздын (сав) коомунун арасындагы кээ бир мүнафыктардын рискке кирээрин сезишкенде, эң башынан момундардан бөлүнгөнү Куранда кабар берилген. Мындай бөлүнүү чынында момундар үчүн чоң бир мээрим, себеби Аллах момундарды ушундайча араларындагы фитна чыгаруучулардан тазалаган. Бул абал Куранда мындайча билдирилет:
Силер менен бирге чыгышканда, силерге «жамандык менен зыяндан» башка нерсе кошмок эмес жана араңарда сөзсүз фитна чыгаруу үчүн ичиңерде аракет кылышмак. Араңарда аларга «кабар ташуучулар» бар. Аллах зулумдук кылуучуларды билет. Ант болсун, мурда алар фитна издешкен эле. Жана сага каршы бир катар иштерди жасашкан. Аягында алар каалабаса да акыйкат келди жана Аллахтын буйругу ачыкка чыгып-жогору болду. (Тообо Сүрөсү, 47-48)
Мүнафыктар кыйынчылык учурларында момундарды таштоого жана өз кызыкчылыктарын куткарууга аракеттенишет. Бирок муну да эки жүздүүлүк менен кылышат, б.а. өздөрүн туура көрсөтүүгө аракет кылуу менен кылышат. «Биз бизге зыяны тийет деп коркуп жатабыз, Аллахка тобокел кыла албай жатабыз» дешпейт. Мунун ордуна кээ бир шылтоолорду айтышат. Куранда Пайгамбарыбыз (сав) доорунда жашаган мүнафыктар айткан шылтоолордун кээ бирлери мындайча кабар берилген:
Эки коом жолуккан күнү силердин башыңарга келген Аллахтын уруксаты менен гана болду. (Бул Аллахтын) момундарды айырмалоосу; мүнафыктык кылгандарды да аныкташы үчүн эле. Аларга: «Келгиле, Аллах жолунда согушкула же коргонгула» деп айтылганда, «Биз согушканды билгенде, албетте силерди ээрчимекпиз» дешти. Ал күнү алар ыйманга караганда каапырчылыкка жакын эле. Жүрөктөрүндө болбогон (сөздү) ооздору менен айтып жатышкан. Аллах алардын жашыргандарын жакшыраак билет. (Али Имран Сүрөсү, 166-167)
Бедевилерден (согуштан) артта калгандар сага айтышат: «Бизди мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөлөрүбүз алаксытты. Ошондуктан биз үчүн кечирүү сура.» Алар жүрөктөрүндө болбогон нерсени тилдери менен айтып жатышат. Айткын: Эми Аллах силерге бир зыян кааласа же пайда кааласа, силер үчүн Аллахка карата кимдин кандайдыр бир нерсеге күчү жетет? Жок, Аллах кылганыңарды билүүчү. (Фетих Сүрөсү, 11)
Алардан бир коом болсо: «Чынында үйлөрүбүз ачык» деп пайгамбардан уруксат сурап жатышкан; чынында болсо алар(дын үйлөрү) ачык эмес эле. Алардын качкылары гана келип жаткан. (Ахзаб Сүрөсү, 13)
Байкалгандай, мүнафыктар айткан шылтоолор «согушканды билбейбиз», «үйлөрүбүздү жана үй-бүлөлөрүбүздү коргошубуз керек» сыяктуу калп ак ниеттүүдөй көрүнгөн шылтоолор. Бирок Аллах булар жөнүндө «... жүрөктөрүндө болбогон (нерсе)ни ооздору менен айтышты...» (Али Имран Сүрөсү, 167) деп айткан. Болгондо да мындай калптарын Аллах атынан ант ичүү менен айтышат. Муну кабар берген аятта мындайча буюрулууда:
... «Эгер күчүбүз жеткенде, сөзсүз сени менен бирге (согушка) чыкмакпыз» деп сага Аллах атынан ант ичишет... (Тообо Сүрөсү, 42)
Мүнафыктардын бул калптарынан сөз кылган башка бир аят мындайча:
... жүрөгүндөгүнө карабастан Аллахты күбө келтирет; чынында болсо ал адашкан бир душман. (Бакара Сүрөсү, 204)
Мүнафыктар тарых бою дайыма бир эле калптарды чыгарышкан. Ошондуктан, мындай калптарын канчалык туура көрсөтүүгө аракет кылышса да, Аллах алардын эки жүздүүлүктөрүнүн далили катары мындай тараптарын көп мисалдар менен алдын ала билдирген. Мындай шылтоолорунун баарынын негизги себеби болсо – бул ыймандарынын алсыздыгы жана жүрөктөрүндөгү оору. Себеби Аллахка жана акырет күнүнө толук билүү менен ыйман келтирген бир Мусулман үчүн мындай нерсе болбойт. Ал тургай момундар ыймандары берген чечкиндүүлүк жана толкундануу менен ар кандай кыйынчылыкка даяр болушат. Аллахтан башка эч кимден, эч бир коркунучтан коркпостон Аллах үчүн жашашат. Мүнафыктардын Мусулмандарга карама-каршы келген мындай мамилелерине Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болуп өткөн бир окуядан мындайча мисал берилген:
...Ал эми согуш аларга жазылганда, алардын бир тобу адамдардан Аллахтан корккон сыяктуу, ал тургай андан да күчтүү бир коркуу менен коркуп жатышат жана: «Раббибиз, эмнеге согушту бизге жаздың (буйрудуң), бизди кийинчерээкке кечеңдетишиң керек эмес беле?» дешти... (Ниса Сүрөсү, 77)
Аятта билдирилгендей, мүнафыктардын адамдардан болгон коркуусу ушунчалык күчтүү болгондуктан, бул коркуу алардын Аллахтын буйруктарына апачык баш көтөрүп, каршы чыгышына себеп болгон. Бирок мындай качуулары аларга эч качан бир пайда алып келбейт. Ошентип кыйынчылыктан качуу менен дүйнө жашоосунда өз ойлорунда акылдуулук кылдык деп ойлошот. Бирок эң негизгисинин түбөлүк акырет жашоосу экенин унутуп коюшканы үчүн чоң бир жоготууга туш болушат.
Мүнафыктардын дагы бир фитна чыгаруу жолу – алардын бул момундар арасында негизсиз кабарларды жайуу мүнөзү. Мүнафыктар момундардын зыянына сыяктуу көрүнгөн кандайдыр бир кабарды андан да көбүртүп-жабыртып жана бир «балээ кабарына» айлантып момундар арасында жайышат. Ушундай жол менен момундар коомунда тынчсыздануу жана бейпилсиздик жараткылары келет. Куранда мүнафыктардын мындай иш-аракеттеринен төмөнкүдөй сөз болот:
Аларга коопсуздук (тынчтык) же кооптуу кабар келгенде, аны жайып жиберишет. Андан көрө муну пайгамбарга жана алардан болгон башчыларына жеткеришкенде эле, алардан «жыйынтык чыгара алгандар» аны билишмек. Аллахтын силерге болгон боорукердиги жана мээрими болбогондо, балким азыңардан башка (баары)ңар шайтанды ээрчиген болоор элеңер. (Ниса Сүрөсү, 83)
Куранда мындай бир мамиленин жообу жана момундардын бул адамдардын калптарына, дооматтарына кандай жооп бериши керек экени болсо Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болуп өткөн бир окуя баяндалып жатканда мындайча билдирилет:
Чынында ойдон чыгарылган бир калп менен (зина дооматы менен) келгендер силердин араңарда чогуу жүргөн бир коом; силер аны өзүңөр үчүн бир жамандык деп ойлобогула, тескерисинче ал силер үчүн бир жакшылык. Алардын ар бирине топтогон күнөөсүнөн (бир жаза) бар. Алардан (куру дооматтын) чоңун алганга (жасаганга) болсо чоң бир азап бар. Аны укканыңарда, эркек момундар менен аял момундар өз напсилери атынан жакшы бир күмөндө болуп: «Бул апачык бир ойлоп чыгарылган куру доомат сөзү» деши керек эмес беле? (Нур Сүрөсү, 11-12)
Мүнафыктар, дайыма кылган сыяктуу, фитна чыгарып жатканда да эки жүздүүлүк кылышат. Кылган жамандыктарын чынында жакшы ниет менен кылганбыз дешет. Чынында болсо мүнафыктардын бир кабар таркатуудагы максаты фитна чыгаруу, жанындагы адамдарды күмөнгө салуу, алардын күчүн азайтуу сыяктуу көптөгөн жаман ниеттер болгон болот. Бирок алардан эмне үчүн мындай кылдың деп суралса, жакшы ниет менен кылдык дешет. Бирок Аллах Куранда мүнафыктардын жалган айтып жатканына мындайча көңүл бурат:
Аларга: «Жер бетинде бузукулук чыгарбагыла» деп айтылганда: «Биз болгону оңдоочуларбыз» дешет. Билип койгула; чынында чыныгы бузукулар ошолор, бирок билишпейт. (Бакара Сүрөсү, 11-12)
Калп айтканын билдирген дагы бир аят болсо төмөнкүдөй:
Зыян тийгизүү, каапырдыкты (күчөтүү), момундардын арасын ажыратуу жана мурда Аллахка жана элчисине каршы согушканды күтүү үчүн мечит кургандар жана: «Биз жакшылыкты гана кааладык» деп ант ичкендер (бар го), Аллах алардын шексиз жалганчы экенине күбөлүк берет. (Тообо Сүрөсү, 107)