Mүнафыктар жөнүндө Куранда билдирилген бардык аяттар Аллахтын момундардын арасындагы мүнафыктарды сөзсүз ачыкка чыгараарын көрсөтүүдө. Мүнафыктар канчалык мээлерин иштетип, чыныгы жүздөрүн жашырышса да, Аллах каалаган кезде момундар тарабынан сөзсүз таанылат.
Себеби бул алардын тагдыры. Аллах аларды ушул үчүн жараткан жана момундарга сыноо болушу үчүн аларды момундардын арасына кошкон. Куранда мүнафыктардын бардык мамилелери, сөздөрү, иш-аракеттери терең баяндалган. Мүнафык эмне гана кылбасын, мындай сөз жана иштерин толугу менен айтат жана жасайт. Тагдырындагы бул чындыктан качышы мүмкүн эмес.
Мүнафыктар ачыкка чыгышы жана таанылышы үчүн сөзсүз эле кыйынчылык учурунда өздөрүн ачыкка чыгарышы кажет эмес. Аллах кааласа, момундарга аларды таануу, эки жүздүүлүктөрүн аныктоо жөндөмүн берет. Мындай жөндөмгө ээ момундар кээде балким мамилесин өзгөртөөр деп мүнафык мүнөздүү бир адамга токтоолук менен мамиле кылышы ыктымал. Мүнафык болсо мындайда өзүмдү жашыра алдым деп ойлойт, бирок бул чоң бир жаңылыштык, жалганчылыгында бекем экенин түшүнгөндө момундар бул эки жүздүү адамдардан жүз бурушат.
Аллах мүнафыктардын эч качан жашыруун кала албашын Куранда мындайча билдирүүдө:
Же жүрөгүндө оорусу (илдети) барлар Аллах кекенүүбүздү эч (ачыкка) чыгарбайт деп ойлоштубу? Эгер Биз кааласак, сага аларды албетте көрсөтөбүз, ошентип аларды жүздөрүнөн тааныйсың. Ант болсун, сен аларды сөздөрдүн айтылышына карап да тааныйсың. Аллах иштериңерди билет. Ант болсун, Биз силерден мүжахиддер менен сабыр кылуучуларды билгенге (белгилүү кылып ачыкка чыгарганга) чейин сынайбыз жана кабарларыңарды сынайбыз (баяндайбыз).» (Мухаммед Сүрөсү, 29-31)
Аяттарда билдирилгендей, Аллах мүнафыктарды жүзүнөн жана сөздөрүнөн да момундарга таанытышы мүмкүн. Мүнафыктын эки жүздүү мүнөзү, ичиндеги коркуу жана тынчсыздануусу жүзүнө жана сөздөрүнө да чагылат.
Мүнафыктар эки жүздүүлүктөрү үчүн болсо бул дүйнөдө да, акыретте да оор бир азапка туш болушат.
Мүнафыктар фитна чыгаруу менен түбөлүк бир азапка татыктуу болушат. Аллахтын буйругу менен бул азап бул дүйнөдө эле башталат жана өлүмдөн соң тозокто түбөлүккө уланат.
Баарынан мурда бул дүйнөдө да мүнафыктар үчүн руханий бир азап бар. Дайыма кыйналып, коркуп жашашат. Момундарга карата кылгандарынын эки жүздүүлүк экенин негизи өздөрү да билишет. Ошондуктан дайыма абийирлеринин кыйноосун сезишет. Мындай кыйноо өмүр бою уланат.
Мындан тышкары, фитна чыгаруудан мурда да, кийин да дайыма коркушат. Эки жүздүүлүктөрү ачыкка чыгаардан мурда момундардын аларды байкап калышынан коркушат. Момундардан бөлүнгөн соң болсо Аллах кылгандарыбыз үчүн бизге азап берет деп дайыма коркуу ичинде жашашат. Куран ахлагы менен жашаган адамдардын санынын көбөйүшү мүнафыктардын коркуусун андан да көбөйтөт. Себеби Аллахка ыйман келтирген адамдардын көбөйүшү менен кичине пайдалары үчүн алардан бөлүнгөнүнө абдан бушайман болушат. Ошондуктан кээ бир мүнафыктар Ислам ахлагы кеңири кабыл алынган доорлордо момундарга кошулууга жана «биз да силерден болчубуз» сыяктуу сөздөрдү айтышып, алардын ийгилигине өздөрүн да кошконго аракеттенишет. Куранда Пайгамбарыбыз (сав) доорунда мындай окуялардын болуп өткөнү жана ал доордогу мүнафыктардын мамилелери мындайча баяндалууда:
Мүнафыктарга сүйүнүчтүү кабар айт: алар үчүн чынында оор бир азап бар. Алар момундарды таштап, каапырларды дос (вели) тутушат. «Күч-кубат жана ардакты (абройду)» алардын жанынан издеп жатышабы? Албетте, «бүт күч-кубат жана ардак» Аллахка тиешелүү. (Ниса Сүрөсү, 138-139)
Алар силерди аңдып-турушат. Силерге Аллахтан бир фетих (жеңиш жана олжо) келсе: «Силер менен бирге эмес белек?» дешет. Бирок каапырларга бир үлүш тийсе: «Силерге жогорулукту камсыздабадыкпы, момундардан силерге (келе турган коркунучтардын) алдын албадыкпы?» дешет. Аллах кыямат күнү араңарда өкүм берет. Аллах каапырларга момундардын зыянына эч качан жол бербейт. (Ниса Сүрөсү, 141)
Асры Саадет доорундагы мүнафыктардын Пайгамбар Мырзабыз (сав) ийгиликке жеткен согуштарда олжолордон алуу үчүн жалганчылык менен момундарга кошулууга аракеттенгени мындайча кабар берилген:
(Согуштан) Артта калтырылгандар силер олжону алууга барганыңарда: «Бизге мүмкүндүк бергиле, силерди ээрчийли» дешет. Алар Аллахтын сөзүн өзгөрткүлөрү келип жатат. Айткын: «Силер эч биздин артыбыздан ээрчий албайсыңар. Аллах мурдатан ушундай буйруду.» Ошондо: «Жок, бизди кызганып жатасыңар» дешет. Жок, алар абдан аз түшүнгөн (акылсыз) адамдар. (Фетих Сүрөсү, 15)
Байкалгандай мүнафыктар момундар жеңишке жеткенде, кайрадан аларга кошулууга аракеттенишкен, бирок момундардан эч жооп ала алышкан эмес. Тескерисинче, момундар күчтөнгөндө мүнафыктардын эки жүздүүлүгүн бүт адамдарга угузган жана мүнафыктар да ушундайча дүйнөдө бир басмырланууга дуушар болушкан.
Мүнафыктар бүт кылган эки жүздүүлүк, фитна жана душмандыктары үчүн чыныгы жазаларын акыретте тартышат. Акыретте мүнафыктарга бөлүнгөн орун – бул тозоктун эң төмөнкү кабаты, б.а. эң көп азап бар жер. Куранда бул чындык мындайча кабар берилет:
Чынында мүнафыктар оттун эң төмөн кабатында. Аларга бир жардамчы таба албайсың. (Ниса Сүрөсү, 145)
Мүнафыктар эң төмөнкү кабатына бара турган тозок Куран аяттарында мындайча сүрөттөлгөн:
Алар бир-бирине көрсөтүлүшөт. Бир кылмышкер-күнөөкөр ал күндүн азабынан кутулуу үчүн балдарын садака чапкысы келет; өз жубайын жана бир тууганын, жана аны баккан тууган-уругун да; жер бетиндегилердин баарын (берип), анан бир кутулса. Жок; (эч бири кабыл алынбайт). Чынында ал (тозок) алоолонуп күйүп жаткан от. Баштын терисин кууруп сыйрыйт. Жүз буруп, артка бурулганды чакырып-турат. (Меариж Сүрөсү, 11-17)
Ал жерде алар үчүн «сөөктөрдү чатыраткан сыздоолор» бар. Алар ал жерде угушпайт дагы. (Анбия Сүрөсү, 100)
(Мындайдын) Алдында тозок бар жана (ал жерде) ириңдүү суудан ичирилишет. Жутунууга аракеттенет жана тамагынан өткөрө албайт, ага бүт тараптан өлүм келет, бирок өлбөйт дагы. Андан соң күчтүүрөөк бир азап болот. Ал күнү кылмышкер-күнөөкөрлөрдүн (бекем) чынжырларга байланганын көрөсүң. Кийимдери (жабышчаак) кара желимден, жүздөрүн жалын каптайт. (Ибрахим Сүрөсү, 49-50)
Чынында, ал заккум дарагы; Күнөөкөрдүн тамагы. (Оттон) Ширеткич сыяктуу; курсактарда кайнай берет; Кайнак суу кайнаган сыяктуу. «Аны кармап, тозоктун ортосуна айдагыла.» «Анан кайнак суунун азабынан башынан ылдый куйгула.» (Духан Сүрөсү, 43-48)
Мүнафыктар тарта турган мындай азап алардын кылгандарынын гана жазасы. Себеби алар жалгыз Аллахка кулчулук кылган момундарга душман болушуп, жалган жана тузактар менен аларды алдоого, аларды жолдорунан кайтарууга аракеттенишкен. Аларга каршы каапырлар менен кызматташып, аларга ар түрдүү куру дооматтарды жабышып, аларга курулган тузактардын башында турушкан.
Алардын дүйнө жана акыреттеги жазасы – бул алардын кылгандарынын гана жообу. Бир аятта билдирилгендей; «Шексиз, Аллах адамдарга эч нерсе менен зулумдук кылбайт. Бирок адамдар өздөрүнө өздөрү зулумдук кылышат.» (Йунус Сүрөсү, 44)
Айтышты:
«Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)