Insects view the world through thousands of tiny eyes.
Бул жерге чейинки мисалдарда айтылган Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун жакшыраак түшүнүү үчүн жандыктарды дагы бир аз тереңирээк кароо керек. Себеби Аллахтын чеберчилиги Ал жараткан миллиондогон жандыкта сансыз түрдүү формада көрүнөт. Куранда да айтылгандай, бул жандыктар ыймандуулар үчүн бир насаат (сабак) болуп саналат:
Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар... (Нахл сүрөсү, 66)
Жер жүзүндө сансыз көп жаныбар жашайт. Курт-кумурска, чымын-чиркейлердин түрлөрүнүн саны эле миллиондорго жетет. Адамдын көзү ушунча көп жандыктын арасында эң жогорку өзгөчөлүктөргө ээ. Бирок бир-бирден караганда, кээ бир жаныбарлардын көздөрүнүн кээ бир функциялары жагынан жогоруда тураарын көрөбүз. Дүйнөдө канча түрдүү жаныбар болсо, ошончо түрдүү көз бар. Мындай көп түрдүүлүктүн мутация же табигый тандалуу сыяктуу көз-караштар менен түшүндүрүлө албай тургандыгы мурдакы бөлүмдөрдө айтылды.
Аллах ар бир жандыкка жашаган шарттарына жана азыктануу муктаждыгына жараша эң ыңгайлуу көз берген. Бул бөлүмдө ар кандай түрдөгү жаныбарлардын ар кандай өзгөчөлүктөгү көздөрүн карайбыз.
Курт-кумурска, чымын-чиркейлердин көздөрү адамдардын көзүнөн абдан айырмаланат. Бул жандыктарда жөнөкөй жана татаал болуп эки түрдүү көз болот.
Жөнөкөй көздөр кичинекей жана тоголок болот. Жарык менен караңгыны гана айырмалайт. Тордомо (татаал) көздөр болсо татаал жана чоң болот. Бул көздөр жүздөгөн майда бөлүктөн турат. Негизи ар бир бөлүк өзүнчө бир көз сыяктуу. Себеби ар биринин мээге туташкан өзүнчө бир чечекейи жана жарыкты сезүүчү клеткалары бар.
The wide visual perspective of a fly's eyes.
Адамдын көзүндө бир гана линза болоорун көрдүк, бирок ал линза айланасындагы булчуңдар аркылуу формасын өзгөртүп, алыс жана жакынга туштала алат. Чымын-чиркейлердин көздөрүндөгү линзалардын формасы болсо өзгөрбөйт, ошондуктан алыс же жакынга карата туштала албайт.
Тордомо көздөгү элес көздүн омматидиялар деп аталган майда бөлүктөрүнүн ар биринин көрүү аймагынын кичинекей бир бөлүгүн көрүшүнөн пайда болот. Омматидиялардан келген маалымат бир мозаиканын бөлүктөрүндөй бириктирилип, сырткы дүйнөгө тиешелүү бир сүрөттөлүш алынат. Омматидиялардын саны өскөн сайын көрүүнүн курчтугу да өсөт. Ар бир көз сүрөттөлүштүн өзү караган тараптагы бөлүгүн көрөт.40
Омматидиялардын саны үй чымынында 4000; канатсыздарда, мисалы, жаркырак коңуздардын ургаачыларында 300; саратан коңуздарда 5100; сары коңуздарда 9000 жана кээ бир суу ийнеликтеринде болсо 10000-28000дей болот.41
Thanks to the flawless design of its eyes, the housefly can look 360 degrees around. At left, a detailed diagram of an ommatidium, of which the fly's eye contains some 4,000.
Үй чымынынын көзү 4000 кичинекей жана жөнөкөй көздөн (омматидия) турат. Үй чымыны ал көздөрүн кыймылдата да алат. Ар бир омматидия ар тарапты караганы үчүн алдын, артын, оң жагын, сол жагын, үстүн жана астын көрө алат. Башкача айтканда, 360 градустук бир бурч менен айланасын көрө алат.
Ар бир омматидия өз багытына келген нурду кармап, аны өз чечекейи менен клеткаларына өткөрөт. Бул көздөрдүн ар биринин 8 сезгич клеткасы бар. Үй чымынынын эки көзүндөгү сезгич клеткалардын жалпы саны болсо болжол менен 48000ге барабар. Булар аркылуу чымындын көзү секундасына 100 сүрөттөлүш көрө алат жана бул жагынан адамдан 10 эсе жогоруда турат.
Чымындын мээсине секунданын жүздөн бириндей бир убакыт ичинде 48000 маалымат жетет. Бул маалымат мээнин үчтөн экисин түзгөн оптикалык нерв борборунда анализ кылынат.
Күнүмдүк жашоодо көп кездешкен жана адамдар жөнөкөй түзүлүштөгү бир жандык деп ойлогон чымындар мына ушундай комплекстүү система аркылуу көрүшөт.
Кичинекей бир чымындын 4000 көздүү болушун, албетте, кокустуктар же мутациялар менен түшүндүрүүгө болбойт. Мунун пландуу жаратылганы белгилүү. Болгондо да, чымындын денесинде мындан башка да көптөгөн системалар бар. Чымындын кан айлануу, бөлүп чыгаруу, тамак сиңирүү, дем алуу системалары жана учушу үчүн абдан өзгөчө канаттары бар. Булардын баары, чогуу бар болгондо гана чымын жашай алат. Мисалы, тамак сиңирүү же дем алуу системасы болбогон бир чымын жашай албайт. Уча алган, бирок сокур чымын да жок. Чымын азыркыдай абалында Аллах тарабынан жаратылган. Бир Куран аятында чымындын жаратылуусуна мындайча көңүл бурулган:
Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. (Хаж Сүрөсү, 73)
Жаныбарлар ааламындагы эң көп көзү бар жандык – бул ийнелик. Ар бир көзүндө 30000 даана кичинекей көзчө болот. 6 метр аралыкка чейин толук, тунук көрө алат.42
Кичинекей бир жандыкта жалпысынан 60000 көз, ар бир көздүн чечекейи, ар бир чечекейдин жарык түшүрүүчү тордомо чели, тордомо челден чыккан миңдеген нерв жана ал нервдерден келген сигналдарды анализ кылуучу борбордук нерв системасы... Булардын баарынын натыйжасында бир ийнеликтин бир нерселерди көрүшү жана ал сүрөттөлүштү анализдей турган акыл жөндөмүнүн болушу...
Бир даана көздүн пайда болушу, ал көз байланыш түзгөн бир даана нерв клеткасынын болушу жана ал бир сигналдын анализ кылынышынын өзү эле бир керемет. Ал эми бул жерде болсо кереметтүү бир жаратуунун натыйжасында 56000 көз, ал көздөрдүн байланыштары пайда болуп, алар бири-бири менен гармонияда иштөөдө. Бул Аллахтын чексиз илиминин бир гана көрүнүшү. Аллахтын жаратууда эч бир шериги жок.
Көпөлөктөр менен аарылар абдан өзгөчө бир көрүү жөндөмү менен жаратылышкан. Бул жөндөмдөрү себептүү азык булактарына эч кыйынчылыксыз жете алышат. Көздөрү ультра кызгылт көк нурларды сезе алат. Кээ бир гүлдөрдүн пигменттери өзгөчө бир формада тизилгендиктен, гүлдүн жалбырактарында –адам көзү көрө албаган, бирок ультра кызгылт көк нурларды көрө алчу жандыктар көрө ала турган- жалтырак сүрөттөр пайда болот. Бул сүрөттөр аарыны ширенин (нектардын) булагына чакыруучу бир белги. Гүлдөрдүн баштары, мисалы сары бир гүлдүн башы жалтырак түстө көрүнөт. Азык булагы бирөөлөр тарабынан алар үчүн атайын жарык кылып, белгиленип коюлган сымал. Бул белгилер аэропорттогу чырактар сымал бул жандыктардын көздөгөн жерин оңой гана табышына шарт түзөт.
Bees' eyes are sensitive to ultraviolet light; enabling them to find pollen in flowers with ease. Their eyes were designed by the All-Knowing and All-Seeing God.
Аарыларга азык үчүн гүл чаңчалары керек. Чаңчалар болсо башка гүлдөрдү уруктандыруу үчүн аарыларга муктаж болушат, себеби аарылардын буттарына жабышкан чаңчалар гүлдөрдүн арасында уруктанууга шарт түзөт. Экөө тең бири-бирин таба турган өзгөчөлүктөр менен жаратылган. Мисалы, гүлдөр ультра кызгылт көк нурларды чагылтып, бирок аарыда бул нурларды көрө турган бир система болбогондо, аары ачкадан өлмөк жана аары түрү жок болуп баштамак. Аарылардын ультра кызгылт көк нурларды көрө турган системасы болуп, бирок гүлдөр мындай нурду чагылта албаганда, анда да аары гүлдөрдү таба алмак эмес, жана бул аарылардын да, гүлдөрдүн да жок болушуна себеп болмок. Бул эки жандыктын тең бир Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгынын бир далили.
Учкан бир жандык үчүн көрүү сезими эң негизги сезим болуп саналат. Себеби өзүнчө бир керемет болгон учуу, күчтүү бир көрүү жөндөмү болбосо, чоң кооптуулук жаратат. Ошондуктан Аллах куштарга учуу жөндөмү менен бирге, күчтүү бир көрүү жөндөмүн да берген.
Куштар адамдардан ыкчамыраак көрө алышат жана көбүрөөк аймакты, бир топ кылдат иликтей алышат. Бир канаттуу адам бөлүк бөлүк көргөн бир канча сүрөттөлүштү бир эле карап бүтүн бойдон көрө алат.
Адамдын көзүнүн тескерисинче, канаттуунун көзү уяларына кыймылсыз отурган. Бирок куштар баштары менен моюндарын бат баттан айлантып, көрүү аймагын кеңейтишет. Бир жапалак үкү 80 градустук аймакты көрө алат, бирок түрүнө жараша башын 360 градуска чейин ойното алат. Натыйжада үкү башын айлананын төрттөн үчүнчөлүк айландырып, бүт айланасын абдан бат көрө алат.
Үкүнүн аңчылыкта колдонгон эң негизги органы – бул анын көздөрү. Түнкүсүн адамдардын көргөнүнөн 10 эсе тунугураак көрөт.43
Үкү 360 градусту көрсө, адамдын бир көзү туурасынан максимум 150 градусту, эки көзү биригип жалпысынан 180 градусту көрө алат.44
Аңчы куштардын көздөрү алысты абдан мыкты көрөт. Натыйжада олжолорун көздөй чабуул жасаганда аралыкты эң мыкты болжой алышат. Кээ бир куштардын көздөрү адамга салыштырмалуу 6 эсе алысты көрө алат.
Чоң көздөрдүн көрүү клеткасы көбүрөөк болот. Бул болсо сүрөттөлүштүн жакшыраак болушу деген мааниге келет. Бир аңчы куштун көзүндө бир миллиондон ашуун көрүү клеткасы болот.
Үкүлөр жана ушул сыяктуу түн канаттуулары башка жандыктарга салыштырмалуу түнкүсүн жакшыраак көрүшөт. Түнкүсүн азык издеген куштар бат кыймылдаган майда жандыктарга аңчылык кылышат. Олжосун кармоо үчүн алардын бир аз кыймылын да көрүшү керек. Бул куштар үчүн боздун тондорун көргөн көз эң жакшы көз болуп саналат. Башкача айтканда, алардын дүйнөсү ак-кара телевизор сыяктуу. Алардын көзүнүн ичинде таякча (жарыкты сезүүчү) клеткалардын саны абдан көп болот. Көздө таякча канчалык көп болсо, түнкүсүн сүрөттөлүш ошончолук жакшы көрүнөт. Түнкүсүн караңгыда аңчылык кылган бир жандык үчүн олжонун түсүн көрүүнүн кажети жок, ошондуктан көздөрүндө кумганча клеткалардын саны аз болот.
Буларды окуп жатып, акыркы бир мүнөттүн ичинде көзүңүздү болжол менен 22 жолу ирмедиңиз. Мунун натыйжасында көзүңүз тазаланып, нымдалды. Көзүңүздү ирмегенде көзүңүз секунданын белгилүү бөлүгүнчөлүк бир убакыт өз милдетин аткара албай калды. Адам үчүн көп деле маанилүү болбогон мындай кыска убакытка сүрөттөлүштүн жоголушу жүздөгөн метр бийиктикте, тездик менен учуп бараткан бир куш үчүн чоң маселе жаратышы мүмкүн эле. Ошондуктан куш көзүн ирмегенде эч качан сүрөттөлүш үзгүлтүккө учурабайт. Себеби канаттуунун көз ирмөө катмары деп аталган көзүнүн үчүнчү бир кабагы болот. Бул тунук бир катмар жана көздүн бир тарабынан экинчи тарабын көздөй кыймылдайт. Натыйжада куштар көздөрүн толук жумбай туруп көздөрүн ирмей алышат. Сууга чумкуган канаттууларда бул катмар сууга кирүүчү көз айнек кызматын аткарып, көздү коргойт. Башкача айтканда, кээ бир канаттуулардын табиятынан сууга чумкуучу көз айнеги, кээ бирлеринин болсо учкуч көз айнеги бар.
Урук жана чымын-чиркей, курт-кумурскалар менен азыктанган канаттуулар азыгын оңой табуу үчүн алардын түсүн көрө алышы керек. Ошондой эле, кеңири аймакты да көрө алышы керек. Көздөрү баштарынын капталында болгондуктан, эки тараптан тең азык издеп, чоң аймакты көрө алышат. Бул душмандарын да оңой байкашына шарт түзөт.
Көк кытандар сууда аңчылык кылганда бир катар кыйынчылыктарга туш болушат. Белгилүү болгондой, жарык суунун бетинен чагылат. Бул болсо көк кытан сыяктуу канаттуулардын аңчылык кылып жатканда суунун астын көрүшүнө жолтоо болот. Суунун бул ыңгайсыздыгынан кутулуу үчүн бул канаттуулар сүзүп баратканда канатын жайышат; канаттар күндүн нурун тосуп, суунун бетиндеги күндүн чагылуусу жоголот. Натыйжада суу бетиндеги балыктарды көрүү оңой болуп калат.
Көк кытан мындай кылбаганда, күндүн чагылуусунан олжосун көрө албай, ачкадан өлмөк. Бирок кандайдыр бир себеп менен, суучул куштардын баары жарыктын сынышы сыяктуу физика мыйзамын билип туулушат жана ага карата чара көрүшөт. Муну башка кээ бир суучул канаттуулар да жасашат; ал канаттуулар чогулуп, бул маселени өз ара бир чечим алып чечишкенби же белгилүү убакыт физика сабагын окуп, ар кандай ыкманы колдонуп көрүп, тажрыйба чогултуп, анан физикадан үйрөнгөндөрү менен алган тажрыйбаларын бириктирип ушул ыкманы ойлоп табышканбы?
Миңдеген метр бийиктикте учкан бүркүттөрдүн көздөрү ошончолук аралыктан жер жүзүн бүт майда-чүйдөсүнө чейин көрө алат. Жогорку технологиялуу согуш учактарынын миңдеген метрден көздөгөнүн аныктай алышы сыяктуу, бүркүт да жер бетиндеги кичинекей кыймылды, кичинекей түс айырмасын байкап, олжосун табат. Бүркүттүн бул жөндөмү анын көзүндөгү өзгөчө түзүлүштөрдөн келип чыгат.
Тордомо челде көрүү эң курч болгон жердин кумганча клеткалары эң тыгыз жайгашкан борбордук чуңкурча (фовеа) деген бөлүктө экенин айткан элек. Бүркүттөрдүн көздөрүндө болсо эки фовеа бар. Фовеанын экөө болушу абдан курч көрүү жөндөмүн берет. Адамдын көзүндө бир гана фовеа (бинокулярдык фовеа) бар. Бир нерсени караганыбызда эки көз тең бир эле нерсени карайт жана эки көздүн көргөнү мээде бириктирилип, тереңдик сезими пайда болот. Бүркүттөрдүн көздөрүндө болсо адамдардагы сыяктуу бинокулярдык фовеадан тышкары, эки көздүн өз-өзүнчө капталдарын көрүшүнө шарт түзгөн монокулярдык көрүү үчүн өзүнчө бирден фовеа бар. Натыйжада бүркүттөрдүн көзү курч болуу менен бирге, бир учурда алдын да, капталдарын да көрө алышат.
Бүркүттүн көзү үч жүз градустук кеңири бурчту көрө алат жана тушталуу жөндөмү да күчтүү. Адамдын көзүндө буюмдарга тушталуу үчүн чечекейдин формасы өзгөрсө, бүркүттүн көзүндө чечекейдин дагы, тордомо челдин дагы формасы өзгөрө алат жана бул бүркүттүн тушталуу жөндөмүн бир топко көтөрөт. 4500 метр бийиктикте учуп баратып 30000 гектарлык бир аянтты көздөрү менен сканерлей алат.45 90 метрден талаадагы чөптөрдүн арасында камуфляж болуп алган бир коенду оңой гана айырмалай алат.46
Мынчалык кылдат камуфляж болуп алган бир олжону таба алышы үчүн бүркүттүн көзүндөгү тордомо чел клеткалары бир тамчы түстүү суюктук менен бойолгон. Мындан улам бүркүт миңдеген метрден түстөрдүн арасындагы кичинекей бир контрастты айырмалап, олжосу турган жерди аныктайт. Бир тамчы май менен ушундай бир өзгөчөлүктүн келип чыгышы, эч күмөнсүз, Аллахтын чексиз даанышмандыгынын бир көрсөткүчү.
Учуунун өзү эле бир керемет. Бир канаттуу уча алышы үчүн анда азыркыдай түзүлүштөгү жана азыркыдай абалда жайгашкан канаттары болушу керек. Канаттар эч качан убакыттын өтүшү менен, акырындап өрчүй албайт.
Убакыттын өтүшү менен, акырындап өрчүшү мүмкүн эмес болгон дагы бир системанын көрүү системасы экендигине жогоруда токтолдук. Бүркүттүн көзүндөгү кемчиликсиз түзүлүш жөнүндө ой жүгүрткөндө, бул чындыкты дагы бир жолу жакшыраак түшүнөбүз. Эки тордомо челдүү бир көзгө ээ болуу убакыттын өтүшү менен келе турган же кокустан пайда боло турган бир өзгөчөлүк эмес. Экинчи бир тордомо чел атайын бул жандыктын муктаждыгын канааттандыруу үчүн жасалган.
Тордомо чел клеткаларындагы бир тамчы майдан келип чыккан артыкчылыктын бүркүт үчүн мааниси абдан чоң. Мынчалык тактыктагы бир оптикалык жөнгө салуу ким тарабынан жасалган. Муну бүркүт өзү ойлоп тапканбы же башка жаныбарлардын кеңеши менен ушундай болуп калганбы? Албетте, бүркүт, мындан миңдеген жыл мурда жашаган бүркүттөр сыяктуу, туулганда эле бул өзгөчөлүктөрү менен бирге туулат.
Эмне үчүн адамдын көздөрү бүркүттүкүндөй курч эмес. Мунун себеби бүркүттүн көздөрүнүн денесине болгон катышы. Эгер адамда бүркүттүн көзүндөй курч бир жуп көз болгондо, анын көлөмү бир грейпфруттай болмок. Адамдын миңдеген метрден бир коенду айырмалоо сыяктуу бир муктаждыгы жок. Ошондуктан Аллах адамды азыркыдай көздөр менен, абдан келишимдүү, сулуу кылып жараткан.
Секирүүчү жөргөмүштөрдүн жашоосу башка жөргөмүштөрдөн айырмаланат. Көп жөргөмүштөргө окшоп, тор жасап олжосун күтүүнүн ордуна, бул жөргөмүш олжосуна өзү барат. Ошондуктан көрүү системасы дээрлик сокур болгон башка жөргөмүштөргө салыштырмалуу бир топ жогоруда турат.
Мисалы, бир дарактын үстүндө турган секирүүчү жөргөмүш чыгарган жиби менен өзүн бир бутакка байлайт. Анан учуп бараткан бир чымын-чиркейдин үстүнө секирип, аны абада кармайт. Өзүн даракка байлап койгон ийкемдүү жиби себептүү жерге кулабайт жана ал жипти карманып олжосу менен бирге кайра жогору чыгат. Жөргөмүш минте алуу үчүн олжонун учуу багытын, ылдамдыгын аныктап, секирген кездеги өзүнүн ылдамдыгын жана көздөгөн жерине жеткенге чейин өтө турган убакытты да аныктаган соң, бүт бул маалыматтарды компьютердей анализ кылып, анан секириши керек. Бул үчүн ага абдан өнүккөн көздөр жана бул эсептерди жасай турган маалымат иштетүү борбору керек.
Секирүүчү жөргөмүштөрдүн 8 (төрт жуп) көзү бар. Алардын алдыңкы тарапта жайгашкан жубу эң натыйжалуусу; муну бүт муунак буттуулардын арасындагы эң мыкты көз деп кабыл алганга болот. Көздүн ичиндеги тордомо чел 3 өлчөмдө кыймылдай алат, мунун натыйжасында жөргөмүш бүт тараптарды карай алат жана буюмдарга көзүн туштай алат. Башынын айланасында жайгашкан калган 6 көз жөргөмүшкө 360 градус көргөнгө мүмкүндүк берет.47
Секирүүчү жөргөмүштөрдүн көрүү жөндөмү адамдын көрүү жөндөмүнө абдан окшош, ал тургай, бул жөргөмүштөр телевизордогу сүрөттөлүштү да көрө алышат. Көп жандыктар телевизордо кыймылдап жаткан башаламан чекиттерди гана көрө алат. Изилдөөчүлөр секирүүчү жөргөмүштөрдүн телевизордогу жөргөмүш жана чымындардын сүрөттөлүштөрүнө реакция көрсөткөнүн аныкташкан.
Секирүүчү жөргөмүштүн көрүү системасы, көрүнүп тургандай, абдан татаал түзүлүшкө ээ. 300 градустук аянттан келген маалыматтарды анализдөө адамдын мээси үчүн дагы абдан оор бир жумуш. Бирок кичинекей бир жөргөмүштүн көздөрү ар кайсы тараптарды карап, аларды көрүп, анализ жасай алат. Албетте, бул өзгөчөлүктөрдү жөргөмүш өзү тилеген эмес, убакыт ичинде өзүнөн өзү келип чыккан эмес, анын бүт өзгөчөлүктөрү толук бойдон Аллах тарабынан жаратылган.
Көздөр дененин эң назик органдары болгону үчүн этияттык менен корголушу керек. Ошондуктан жаныбарлардын баш сөөгү көздөрдү максимум коргой турган абалда жаратылган.
Мышык, ит сыяктуу жаныбарлардын көздөрүнүн көп бөлүгү баш сөөгүнүн ичине жайгаштырылып, бирок бир аз бөлүгү сыртта калган. Көздүн айланасындагы сөөктөр ар тараптан келиши ыктымалдуу болгон соккуларга карата калкан кызматын аткарат. Алдыдан келчү коркунучка болсо көздүн кабактары жооп берет.
Өтө оор шарттарда жашаган төөнүн көздөрү дагы өзүнө эң ыңгайлуу коргоо менен жаратылган. Көздөрдүн айланасындагы катуу сөөктөр соккулардан да, күндүн нурларынан да көздү эң мыкты бурч менен коргошот. Абдан күчтүү кум бороондору дагы төөнүн көздөрүнө зыян тийгизбейт. Себеби кирпиктер бири-биринин арасына өтө алат жана кандайдыр бир коркунуч туулганда автоматтык түрдө жабылышат. Натыйжада төөнүн көзүнө кичинекей бир чаң да киргизилбейт.
Суу астындагы дүйнөдө жашаган жандыктар кургактыкта жашаган жандыктардан абдан айырмаланат. Себеби суу астындагы дүйнө башка бир планета сыяктуу жана ал дүйнөнүн кожоюндары өз чөйрөсүнө ылайык эң идеалдуу абалда жаратылган. Кургактыкта да, сууда да жаныбарлар үчүн негизги жашоо принциптери өзгөрбөйт. Жашаш үчүн дем алуу, азыктануу (аңчылык кылуу) жана олжо болбоо керек. Бир суу жандыгы айланасындагы дүйнөнү көрүп, душманы менен олжосун бири-биринен айырмалашы зарыл. Ал үчүн суу астында тунук көрө ала турган өзгөчө көздөргө муктаж.
Балыктардын көздөрү дүйнөнү тунук бир тосмонун артынан карайт. Бул парда (тосмо) суучулдардын (водолаз) атайын көз айнектерин эске салат. Бир кит же бир бычок болсун айырмасы жок; суунун астында көрүү аймагы 30 метр тереңдиктен соң чектүү болот жана керексиз. Көбүнчө абдан жакындагы нерселерди көрүү керек болгондуктан, көздөрү да ошого ылайык жаратылган. Тоголок жана катуу болгон чечекейлери жакын пландагы нерселерди көрүүгө ылайыкталган. Алыстагы бир чекитти карагысы келгенде болсо, бүт чечекей системасы көздүн ичиндеги атайын бир булчуң механизми менен артты көздөй тартылат.
Балыктын көзүндөгү тоголок чечекей суунун асты үчүн абдан ыңгайлуу. Суунун астында тунук көрүү үчүн көздүн чечекейи адамдын көзүнүкүнөн тогологураак болушу керек. Себеби жарыктын суудагы сынуу даражасы абадагыга караганда жогорураак болот. Балыктын көзүндөгү чечекей адамдын жана кургактык жаныбарларынын түзүрөөк көз чечекейине салыштырмалуу жарыкты көбүрөөк сындырып, тунук бир сүрөттөлүштү пайда кылат. Суу жандыктары ар дайым чоңураак бир жандыкка жем болуу коркунучу астында жашашат. Бирок аларда сүт эмүүчүлөрдө болбогон маанилүү бир артыкчылык да бар. Балыктар бир учурда бирден көп сүрөттөлүштү көрө алышат.
Көздөр баштын эки тарабында жайгашат. Балыктын көргөн сүрөттөлүштөрү мээнин карама-каршы тарабында кабыл алынат. Бирок зат бир көз менен көрүлгөндүктөн, сүрөттөлүш эки өлчөмдүү болот. Ошондуктан аралык билинбейт. Баштын алдында эки көздүн сүрөттөлүшү кесилишкен тар бир аймак бар. Кандайдыр бир нерсе көздүн көңүлүн бурганда, эки көз тездик менен ошол тарапка бурулуп, ал нерсенин турган жери аныкталат.
Балыктар күңүрт жарыкка кургактыктагы жаныбарларга караганда көбүрөөк сезгич келет. Себеби тордомо челдеринде күңүрт жарыкка сезгич клеткалары көбүрөөк. Ошондуктан суунун ичиндеги жарыктан эң жогорку деңгээлде пайдаланышат.
Суу ташбакалары көбүнчө балык менен азыктанышат жана аны менен бирге ичине абдан көп туз кирет. Туздун көп болушу аларга зыяндуу жана бул ашыкча тузду кандайдыр бир жол менен денелеринен чыгарып салуулары керек болот. Ал үчүн суу ташбакаларынын көзүнүн бурчунда кичинекей атайын бир баштык болот. Туз бездери керексиз тузду ташбаканын көзүнүн бурчуна жиберет. Анан көз жашы аркылуу муну чыгарып салат.48
Осьминог (сегиз бут) – омурткасыздардын арасында көзүнүн түзүлүшү эң татаал жандыктардын бири. Осьминогдун көзү дагы камера принциби менен иштейт. Бирок алуучу тарабынан алынган сүрөттөлүш кичинерээк болот, себеби көздүн өзү кичинекей. Алуучу клеткалардын баары мээге түз сигнал жөнөтөт жана булар башка миңдеген даанасы менен биригип көргөзгүч нерв сыяктуу бир кабельди пайда кылышат. Бул кабель аркылуу сигналдар оптикалык бөлүктөргө жетет. Осьминог татаал көзү жана борбордук нерв системасынын жогорку түзүлүшү себептүү абдан тунук көрөт.49
Мурда да айтылгандай, эволюция теориясынын эң чоң жаңылыштыктарынын бири осьминогдордун көздөрүнүн пайда болушун түшүндүрүүдө келип чыгат. Эволюция теориясы боюнча, осьминогдор (омурткасыздар) менен адамдар – эволюциялык процессте бири-бири менен байланышы болбогон, өз-өзүнчө өрчүгөн жандыктар. Бирок адамдын көзү да, осьминогдун көзү да абдан өрчүгөн. Эволюция боюнча, бир тараптан кургактыкта адамдар өрчүп жатканда, экинчи тараптан океанда осьминогдор өрчүп жатышкан. Анан кандайдыр бир себеп менен бул эки жандыктын көздөрү окшош болуп калган. Башкача айтканда, «эч мүмкүн эмес болгон нерсе» бир жолу эмес, ар кайсы жерде, ар кайсы убакытта бир канча жолу ишке ашкан. Эгер көз атайын бир жаратуунун эмес, кокустуктун натыйжасында пайда болгон болсо, бири-биринен көз-карандысыз болгон осьминог менен адамдын көзүнүн түзүлүшү кантип окшошуп калган? Түзүлүшү жана формасы жагынан бири-биринен такыр айырмалуу болушу керек эмес беле? Эволюция теориясы мына ушул сыяктуу миңдеген жөнөкөй суроолорго жооп бере албайт.
Бул балык оозуна суу толтуруп, суунун бетине ийилген бутактардагы чымын-чиркейлерге чачат. Алар суунун соккусунан кулап, балыкка оңой жем болушат.
Бул жерде эң кызыгы, балык бул чабуулду жасаганда башын эч суудан чыгарбайт жана суунун астынан туруп чымын-чиркейдин турган жерин туура аныктай алат. Белгилүү болгондой, суунун ичинен караганда сырттагы заттар жарыктын сынышы себептүү турган ордунан башка бир жерде көрүнөт. Ошондуктан суунун ичинен сыртты атуу үчүн жарыктын сууда канча градустук бурч менен сынаарын «билүү» жана атууда бурчтагы ошол айырманы эске алуу керек болот.
Бирок бул балык табиятынан улам бул маселени чече алат жана дайыма бутасын так мээлейт. Кичинекей бир чымын-чиркейди эч кыйынчылыксыз ата алат.50 Жумурткадан чыккан арчер балыктарынын баарында бул жөндөм бар. Кандайдыр бир жол менен энесинен физика сабагын окуп, суунун жарыкты сындыруусун, жарыктын сынуу бурчун эсептегенди үйрөнбөйт. Эмне кылаарын бул жандыкка Аллах илхам кылат.
Суу чаянынын (рактын) тинтүүрлөрүнүн үстүндө эки көзү бар. Булар кичинекей перископтор сыяктуу. Бир суу чаяны кумдун астына жашынып алса да, бул көздөрү аркылуу үстү жакта эмне болуп жатканын оңой эле көрө алат. Коркунуч учурунда бул эки көзүн болушунча жашырып, коркунуч алыстаган соң кайрадан үстүнө чыгарат.
Сойлоочулардын көпчүлүгү түстөрдү көрө алышат. Бул касиетинен улам абдан мыкты камуфляж болуп алган чымын-чиркей, курт-кумурскаларды да айырмалай алышат жана аңчылыкта бул чоң артыкчылык берет.
Хамелеондор чымын-чиркейлерди жешет. Аңчылык тактикалары абдан кызыктуу жана аңчылык учурунда көздөрү чоң роль ойнойт. Хамелеондордун көздөрүнүн түзүлүшү такыр башкача. Ар бир көзү экинчисинен көз-карандысыз, каалаган тарапка айлана алат. Мээде эки башка сүрөттөлүш пайда болот. Натыйжада олжосуна укмуш акырындык менен жакындап баратканда, бир көзү менен олжосун караса, экинчи көзү менен айланасын тинтийт. Олжосуна болушунча жакындаганда эки көзүн олжосуна буруп, анын турган ордун толук аныктайт жана тилин шамдагайлык менен олжосуна узатып, аны кармайт.
Жыландардын көпчүлүгүнүн көздөрү башынын эки жагында жайгашат. Ошондуктан ар бири башка башка сүрөттөлүштөрдү көрүшөт. Көздөрдүн баштын эки жагында жайгашышы алды жагын көрүүгө тоскоол болбойт. Алдын да, артын да, үстүн да көргөн жылан натыйжада абдан кеңири аймакты көрө алат.
Адамдын көзү белгилүү толкун узундугунун арасындагы нурларды көрө алат. Кээ бир жылан түрлөрү болсо толкун узундугу жогорураак нурларды көрүшөт. Инфра-кызыл деп аталган бул нурларды адамдар жылуулук катары гана сезет.
Жыландардын инфра-кызыл нурларды сүрөттөлүш катары көрүүчү көзчөлөрү бар. Бул көзчөлөр инфра-кызыл нурларга карата адамдын терисинен жүз миң эсе сезгичирээк. Ошондуктан жылуулуктагы кичинекей айырманы да заматта сезе алышат.
Мисалы, калдыркандуу (чарылдак) жылан чымкый караңгы бир жерде дагы жылуу кандуу бир жаныбарды же адамды денесинен чыккан жылуулук толкундары аркылуу таба алат. Түнкүсүн аңчылык кылган бир аңчы үчүн бул абдан чоң бир артыкчылык.
Жогорку технологиялуу оптикалык шаймандар аркылуу чыгарган жылуулугуна карап буюмдарды аныктоо аскердик тармакта да колдонулат. Бул ыкманы иштеп чыгуу көп жылдарга созулган. Ал эми жыландар болсо жумурткадан чыкканда эле бул касиети менен бирге бул дүйнөгө келишет. Адамдар тарабынан жакынкы эле жылдары иштелип чыккан технологиялык система жыландардын денесинде алар эң биринчи пайда болгондон бери бар.
Сойлоочулардын көздөрүнүн кабактары башка жаныбарлардан абдан айырмаланат. Сырттан караганда жыландарда көздүн кабагы жоктой сезилет; бирок негизи көздөр тунук бир катмар менен тосулган. Бул тунук катмар жыландын көзүнүн кабагы жана ал кыймылсыз.
Кескелдириктердин көпчүлүгүндө болсо көздүн кабагы кыймылдуу болот. Чөлдө жашаган кескелдириктердин көздөрү төмөндөн жогору карай жайгашкан. Мындан улам кумга чөмүлгөн кескелдириктин көзү андан жабыркабайт.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөр учурунда бакалардын көзүндө абдан кызыктуу бир өзгөчөлүк табылган. Баканын көзүндөгү тордомо чел клеткаларынын бир түрү кичинекей, коюу түстөгү, томпоюп кыймылдаган нерселерди күчтүү сезет; бул клеткалар өзгөчө бир нерсе тартипсиз кыймылдаганда абдан активдешет. Кээ бир илимпоздор баканын нерв клеткаларын «нерв детектору» деп аташууда (http://www.utsc.utoronto.ca/~milgram/nroc64/vision1.htm). Башкача айтканда, баканын көздөрү атайын чымындарды көрө алышы үчүн жаратылгандай.
Мышыктардын көздөрүндө адамдарда болбогон бир катмар бар. Тордомо челдин артында жайгашкан бул катмар жарыкты чагылтат. Бул катмарга келген жарык кайра чагылтылгандыктан, тордомо челден жарык эки жолу өтөт. Натыйжада мышыктар күңүрт жерде, адамдын көзү көрө албаган абдан караңгы жерлерде дагы өтө мыкты көрүшөт. Караңгыда чырактан мышыктардын көздөрүнүн жалтырашына ушул катмар себеп болот. Бул катмар жарыкты чагылтуучу тапетум (tapetum lucidum) кристаллдарынан турат.
Түнкүсүн көздүн кабактары болушунча ачылат жана натыйжада көзгө көбүрөөк жарык кирет. Мышыктардын караңгыда жакшыраак көрүшүнүн дагы бир себеби; алардын тордомо челинде кумганча клеткаларына караганда таякча клеткалары көбүрөөк болот. Аллах мышыктар үчүн жараткан бул системанын урматында өзгөчө жырткыч мышыктар түнкүсүн жакшы аңчылык кылышат.
40. Evrenin Harikaları: İnsan Denen Harika Cilt 2, İstanbul: Milliyet Yayınları, 1986, s. 128.
41. Maurice Burton, Böcekler, İstanbul: Remzi Kitabevi, 1979, s. 33.
42. Niko Tinberg, Animal Behavior, 2nd edition, Life Nature Library-Time Life Books, Hong Kong: 1980, s. 13
43. Tony Feddon, Animal Vision, Life Nature Library Naturel Watch Series 1988, s. 103.
44. http://medfmt.8k.com/mf/eye.html http://www.eyeinfo.org/Coping%20With%20Sight%20Loss%208.txt.
45. Ça M'interresse, Sayı 153, Kasım 1993, s.10.
46. Tony Feddon, Animal Vision, BLA Publishing Ltd., New York, 1988, s. 25.
47. Micscape Magazine, Wim van Egmond, “The Zebra-Spider in 3D”, http://www.microscopy-uk.org.uk/mag/indexmag.html?http://www.microscopy-uk.org.uk/mag/artmay00/zebraw.html.
48. Niko Tinberg, Animal Behovior, 2.b., Hong Kong: Life Nature Library-Time Life Books, ss. 53-54.
49. Tony Feddon, Animal Vision, Life Nature Library Naturel Watch Series 1988, s. 85.
50. Maurice Burton, Robert Burton, Sürüngenler ve Kurbağalar, İstanbul: Remzi Kitabevi, 1979, s. 18.