Бул китепте жандык клеткасынын ичинде болуп өткөн көптөгөн таң калыштуу, ал тургай, керемет кубулуштарды карадык. Каралган ар бир этап бизге бир клетканын, ал тургай, бир белоктун да канчалык татаал жана пландуу бир түзүлүшкө ээ экенин көрсөттү; ошондуктан булардын эч биринин эволюционисттер айткандай, «кокустуктар натыйжасында» келип чыккан болушу мүмкүн эмес. Кокустук башаламандыкка, бузуктукка, тартипсиздикке жана катага гана алып келет, түрү сууктарды пайда кылат. Клетканын жана жашоонун бүт этаптарындагы керемет гармония, тартип, тең салмактуулук, ийгилик жана кооздук болсо бизге бүт жандыктардын пландуу жана кемчиликсиз бир жаратуунун натыйжасы экенин көрсөтүүдө.
Кыскасы, карап чыккандарыбыз эволюция теориясын эч талашсыз кыйратып, «түрлөрдүн келип чыгуу» себебинин жаратылуу экенин, б.а. бүт жандыктарды Аллах жаратканын далилдөөдө.
Бирок карап чыккандарыбыз бизге бир эле ушул чындыкты көрсөтпөйт.
Эгер клетка же жашоонун башка этаптары туруктуу болгондо, мындан ары бара албайт элек. Бирок, изилденген бөлүкчөлөрдүн баары; клеткалар, ДНКлар, рибосомалар, митохондриялар, вирустар, ферменттер же гормондор өтө активдүү нерселер жана таң калыштуу жумуштарды ийгиликтүү жасашууда. Ошондуктан биз «акыл» деп сүрөттөгөн нерсеге, б.а. ойлонуу, анализ кылуу, чечим алуу сыяктуу жөндөмдөргө ээ. Болгондо да, бул «акыл» адамдардыкы деп кабыл алынган акылдан алда канча жогору. Бир белок синтези учурунда клетка органелли көрсөткөн «акыл демонстрациясы» адамдар оңойчулук менен жете албай турган деңгээлде.
Бирок, клеткадагы акылдын клеткага «тиешелүү» экенин кабыл алуу логикалык жактан мүмкүн эмес. Себеби «акыл демонстрациясын» жасаган клетка бөлүкчөлөрү молекула жыйындылары гана. Жасаган иштери эске алынганда, булардын баары өтө татаал «ойлоно алышы» керек болот, бирок алардын мээлери жок. Негизи эч нерселери жок; көздөрү да, кулактары да, тийүү сезимдери да, нерв системалары да жок. Булар катары менен тизилген аминокислоталардан турган химиялык чынжырлар гана.
Бирок көрүү, угуу, сезүү, ойлонуу, чечим чыгаруу жөндөмү болбогон бул химиялык кошулмалар өтө керемет бир «акыл демонстрациясын» жасашууда.
Демек мындай суроо туулат: бул акылдын булагы эмне?
Китептин башында бир пульт менен башкарылган машина мисалына токтолгон элек. Машинанын акылдуу кыймылдары чындыгында аны башкарган кишинин акылынын натыйжасы эле, бирок кээ бир «башы иштебеген» кишилер муну түшүнбөй жатышкан. Пультту башкарган кишини көрө албаганы үчүн анын бар экенин кабыл алышпай, натыйжада машинанын «акылдуу» кыймылдарын түшүндүрүү үчүн ар кандай теорияларды чыгарып жатышкан эле.
Бул кишилер машинанын кыймылдары жөнүндө бир отчет жазышса, мындай деп жазышмак: «машина ылдамдык менен бурулууларды өтө ийгиликтүү жөнгө салып, бурулуштан бурулуу, чуңкурлардан качуу, жолдон чыкпай жүрүү сыяктуу функцияларды эң идеалдуу жасап жатат.»
Бирок, көңүл бурулган болсо, бул өтө жетишсиз жана үстүртөн айтылган нерсе. Негизи мындай деп айтуу керек: «машинаны башкарган киши ылдамдык менен бурулууларды өтө ийгиликтүү жөнгө салууда. Бир саамга да машинанын башкаруусун таштабаганы үчүн бурулуштан бурулуу, чуңкурлардан качуу, жолдон чыкпай жүрүү сыяктуу функцияларды эң идеалдуу жасап жатат.»
Апачык көрүнүп тургандай, эки баянда тең бир эле окуялар сүрөттөлүп жатат, бирок араларында өтө чоң бир айырма бар. Биринчиси үстүртөн ойлонгон жана көз-карашы тар бир байкоочунун айта турган сөзү. Экинчиси болсо окуянын маңызын түшүнгөн бир байкоочунун айта турган сөзү.
Клеткада же табияттын башка кайсы бир жеринде көрүнгөн акыл «өзүнөн-өзү» келип чыккан бир акыл эмес. Бүт жандыктар, нерселер Аллах тарабынан аларга буйрулган ишти жасашууда жана ал иштердеги акыл – Аллахтын акылы.
Бал аары жөнүндөгү бир Куран аяты бизге бул багытта жол көрсөтүүдө:
Раббиң бал аарыга вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)
Бал аарылардын да клеткадагы органеллдер сыяктуу «акыл демонстрациясы» катары кабыл алына турган иштери бар. Бал жасоо үчүн тапкан гүлдөрүнүн «координаттарын» бир-бирине кабар бериши, бал челектерин жана уюктарын архитекторлордон алда канча жакшы курушу жана ушул сыяктуу көптөгөн өзгөчөлүктөрү бир «акылдын натыйжасы».
Бул акылдын булагы болсо жогорудагы аятта айтылууда. Аллах аарыларга «вахий кылган», б.а. Өз илиминен аларга өткөргөн жана аларды комплекстүү ишти ийгиликтүү жасай ала турганчалык «аң-сезимдүү» кылган. Бул жердеги акыл аарыларга эмес, Аллахка тиешелүү. Ал - «Раззак» (Ырыскы берүүчү) жана аарыларга берген вахий аркылуу адамзатка бал деген сонун азыкты берүүдө.
Албетте, бул бир эле аарыларга тиешелүү эмес. Себеби табият «акыл демонстрациясын жасаган акылсыз жандыктарга» толо. Алардын баары, кичинекей бир курт-кумурскадан чоң бир организмге чейин, Аллах «вахий (илхам) кылган» акыл менен иш-аракет жасашат. Аллах баарына белгилүү бир кызмат жана аны жасай турганчалык бир «аң-сезим» вахий кылган жана алар болсо Аллахка моюн сунуп, өз кызматтарын орундатышат. Бир Куран аятында мындай деп айтылат:
Асмандардагы жана жердегилер Ага тиешелүү; баары Ага «көңүлдөн моюн сунган». (Рум Сүрөсү, 26)
Башка бир аятта болсо адамга «көргөн жоксуңбу, чындыгында асмандар менен жердегилер, күн, ай, жылдыздар, тоолор, дарактар, жаныбарлар жана адамдардын көпчүлүгү Аллахка сажда кылышууда...» (Хаж Сүрөсү, 18) суроосу узатылат. Аятта адамга «көргөн жоксуңбу» деп суралышы өтө маанилүү. Демек, көрө турган бир көз асмандар менен жердеги бүт нерсенин Аллахка моюн сунаарын оңой гана түшүнө алат.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн улуу бир Ислам аалымы берген бир мисалды колдонсок болот.
Үстү чатыр менен жабылган бир балкондон күнөстүү бир абада деңизди карап турган бир адамды элестетиңиз. Бул адам чатыр жаап турган күндү көрө албайт, бирок күндүн сууда чагылышынан пайда болгон миллиондогон жылтылдоолорду көрөт. Өтө жагымдуу бир пейзаж жараткан жылтылдоолор адамда абдан суктануу жаратат.
Бул жылтылдаган сулуулуктун булагы эмне деп ойлогондо, ал адамдын алдында эки вариант бар. Же суу бетиндеги ар бир жылтылдоо «өзүнөн-өзү» жана ар бири бир-бирден суу тарабынан пайда кылынып жатат дейт, же болбосо, баарынын күндүн бир чагылуусу экенин кабыл алат. Суунун жарык чыгаруу жөндөмү жок. Жарык күндөн гана келет, жана айланага чачкан нурлары суунун бетинде миллиондогон чагылууну пайда кылууда.
Бүт ааламдын чыныгы абалы мына ушул мисалдагы сыяктуу.
Аалам бүт майда-чүйдөсүнө чейин Аллах тарабынан жаратылган жана Анын сыпаттары менен калыптанган. Бүт нерсе Андан. Бүт сулуулуктар – Анын сулуулугунун бир чагылуусу. Бүт акылдар – Анын акылынын бир чагылуусу.
Аллах Хайй (Жашоо берүүчү) сыпаты менен ааламдагы бүт нерсеге белгилүү бир убакытка өмүр берет. Алар Аллахтын акылынын же сулуулугунун же илиминин кичинекей бир чагылышын көрсөтүшөт жана анан Аллах белгилеген бир убакта өлүшөт.
Адамдар да ушундай. Өлүү топурактан келип, Аллах каалаганча өмүр сүрүп, кайра өлүү топуракка кайтышат. Бул кыска өмүр ичинде Аллахтын кээ бир сыпаттарын Ал каалаганча «чагылта алышат». Эне курсагындагы бир тиштем эт болгон бир адам чоңоюп, дүйнөнүн эң сулуусу болот жана ушундайча Аллахтын улуу чеберчилигин чагылтат, анан улгайып, эң аягында топурактын астында курттайт жана курт-кумурскалар тарабынан майдаланып жок кылынат.
Клетканын бул китепте каралган бүт өзгөчөлүктөрү жана ааламдагы бүт жандуу-жансыз нерселердин өзгөчөлүктөрү, баары – Аллахтын акылынын чагылуулары. Бир клетка кичинекей бир май жыйындысы болуп туруп, Аллахтын каалоосу менен, акылдуу, аң-сезимдүү жана илимдүү болот. Анан Аллахтын каалоосу менен өлөт.
Көргөн бир көз мына ушуларды көрөт. Ааламда Аллахтын чагылууларынан башка эч нерсе жок. Бүт баары Андан, Аны көрсөтөт, Аны таанытат жана Ага моюн сунат. Бир Куран аятында мындай деп айтылат:
Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)