Клеткалардын эң негизги душманы – бул вирус деп аталган микроскопиялык жандыктар. Көзгө көрүнбөгөн бул эки жандык арасындагы согуштун адам жашоосунда мааниси өтө чоң. Вирустар кээде сасык тумоо (грипп) сыяктуу жанды кыйнай турган ооруларга себеп болсо, кээде СПИД, келте (тиф) сыяктуу өлтүрүүчү ооруларга алып келишет.
Вирустардын клеткага чабуулу өтө күчтүү, жана чабуул ыкмалары жагынан өтө таң калыштуу. Вирустун «стратегиясынын» негизинде клеткага анын өзүнүн курал-жарагы жана мүмкүнчүлүктөрү менен сокку берүү турат. Өз копияларын өндүрүү үчүн жасаган бул чабуулу негизи кандайдыр бир мааниде өзүн-өзү өлтүрүү чабуулу болот. Урпагы уланышы үчүн өзүн да, клетканы да курмандыкка чалат. Клеткалар өмүрүн улантышы үчүн ДНКларындагы маалыматтардын негизинде белок өндүрүшү керек экенин жогоруда айткан элек. Вирустар мына ушул белок өндүрүшүнүн жолун тосуп, клетканы белок менен бирге вирус да өндүрүүчү бир заводго айлантышат.
1. DNA | 3. Tail |
Figure 9.1 |
Вирустар – табияттагы эң кызыктай касиеттери бар органикалык түзүлүштөрдүн бири. Тирүү (жандуу) бир денелери жок жана тукум куучулук механизмден гана турушат. Бир вирус белоктон бир кабыкча жана кабыкчанын ичинде өзүнө тиешелүү маалыматтарды камтыган генетикалык коддордон (ДНК же РНК) гана турат. Өз башынча тирүүлүк (жашоо) белгисин көрсөткөн кандайдыр бир функциясы же органелли жок. Бир организмдин ичине киргенде гана жанданып, активдүү абалга өтөт. Бир клеткага тийгенден баштап тирүү организм өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп баштайт; чабуулчу жана ал тургай, акылдуу бир жандыкка айланат.
Вирус адам денесине карата мүмкүн болгон эң акылдуу чабуул ыкмасын колдонот. Клеткалардын бирине баруудан мурда буттары менен ал клетканын өзүнө ыңгайлуу же эмес аныктайт. Эгер ыңгайлуу деп тапса, өз ДНКсын –б.а. кабыкчасын эске албасак өзүн- клетканын ичине киргизет.
Бул процесс натыйжасында клетканын ичиндеги механизмдер вируска алданып калышат. Клеткага кирген бул жаңы ДНКнын «жат» экенин билбей, аны ДНКнын клеткадагы ордуна, б.а. түз эле ядронун ичине жеткиришет. Ядрого жеткен вирустун ДНКсы ал жердеги ДНКнын ичине аралашат. Андан соң клетка белок өндүрүп жатам деп ойлоп, бул жаңы вирус ДНКсын көбөйтүп баштайт. Вирустун ДНКсы клетканын ДНКсына ушунчалык ылайыкташып жашырынгандыктан, клетка байкабастан өндүрүшүн уланта берет.
Seizing The Cell |
Figure 9.2 1) The virus approaches a cell and attaches to its membrane. |
Муну байкоо да чындыгында өтө оор: бир клеткага чумкуган вирустун ДНКсын калган сансыз ДНК молекуласынан айырмалоо жыйырма томдук бир энциклопедиянын кандайдыр бир бетине жазылган жарым беттик бир сүйлөмдү издеп табууга окшошот. Вирус ушундай «эпчил» ыкмасы аркылуу клетканын өзүнө тиешелүү программалоо механизмдерине аралашып, клеткага тиешелүү бир бөлүккө айланууда.
Бир текстте белгилүү бир абзацтан соң кошулган бир сүйлөм бир абзацтын маанисин толугу менен тескериге буруп салышы мүмкүн. Вирус да мына ушундай олуттуу өзгөртүү жасап, клетканын бүт өндүрүш иш-аракетин чыныгы максатынан адаштырат: вирустун ДНКсы клетканын ядросундагы «өндүрүш текстинин» маанисин бүтүндөй өзгөртө ала турган маанилүү бир жерге кошулат.
Кадимки учурда өзүнө керектүү жана ДНКда коддору атайын кулпулар менен белгиленген белоктордон тышкары эч бир белоктун кодун –башка клеткаларга тиешелүү белоктордукун да- окубаган клетка, сыйкырлангандай болуп, өзүн кармана албай вирус ДНКсын окуп ал вирусту өндүрүп баштайт. Вирустун кайсы күч менен клетканын өндүрүш механизмдерин, ферменттерин башкарып алаары жана өз кодун копиялатып өз белокторун өндүртөөрү алигече белгисиз өтө табышмактуу көрүнүш.
Бул окуя клетканын өлүмүнө негиз даярдайт. Өлүп бараткан клетка ядродогу туура эмес коддолгон программаны өндүрүү үчүн бүт энергиясын аягына чейин колдонот. Аягында өлүп, талкаланат. Талкаланган соң клетканын «канын соруп» көбөйгөн вирустар калган клеткаларга жайылып, өздөрүнө жаңы курмандыктарды табышат. Вирустардын мындай чабуулу тездик менен уланат.
Бул чабуул, эгер дененин коргонуу (иммундук) механизми болбосо, бир адамды бир канча күндө өлтүрө тургандай ылдамдыкта жүрөт. Бирок иммундук механизм вирустун денеге киргенин кыска убакыт ичинде байкап, тездик менен каршы чабуулду баштайт. Мунун урматында эң жөнөкөй бир суук тийүү вирусу менен да өлүп кала турган адам аман-эсен өмүрүн улантат.
Вирустун бул кызыктуу окуясы таң калыштуу жана, ошондой эле, ойго салат.
Эң биринчиден мындай суроо туулат: кантип табияттагы вирус адам денесине кирип, аны басып ала турган бир маалыматка ээ боло алат? Вирус мындай жөндөмгө ээ болуу үчүн адам клеткасын өтө жакшы таанып, өз ДНКсын адам ДНКсынын арасына кире ала тургандай кылып түзүшү керек болот.
Бирок муну ойлоонун өзү да акылсыздык. Жогорудагы сүйлөмдө «вирустун» өз ДНКсы» деген сөздү колдондук. Бирок вирус ансыз да бир ДНК менен аны ороп турган бир кабыкчадан гана турат. Адам денесин таануу, ошого жараша өзүн формага салуу сыяктуу бир «жөндөмү» болушу мүмкүн эмес.
Бул жерде апачык бир чындык бар: вирус атайын адам денесине кирип, анын ДНКсына сүңгүй турган кылып жаратылган.
Муну бир мисал менен түшүндүрөлү: ээн талаада баратып алгач өтө жогору технологияда жасалган бир эшик кулпусун, анан белгилүү убактан соң бир ачкыч таап алдыңыз дейли. Ачкычты кулпуга салсаңыз, аны ачса, кандай жыйынтыкка барасыз? «Кандай кокустук, бул бир кесим темир кокустан бул кулпуну ачып жиберди» дейсизби, же колуңуздагы ачкычты атайын ошол кулпу үчүн жасалып, бирок экөө эки башка жерге таштап коюлуптур деген жыйынтык чыгарасызбы? Албетте, акыл экинчи вариантты кабыл алууну талап кылат.
Figure 9.3 |
Вирус менен адам денеси арасында да ушундай «кулпу-ачкыч» байланышы бар. Адам клеткасы менен эч байланышы жок, жана ошол бойдон он миңдеген жыл бою табиятта өлүү абалда турган вирус адам денесинин ичине кандайдыр бир жол менен кирип, ошол замат барып клетканын «кулпусун» ачат. Алгач клетканын дубалын тешет; себеби ал дубалды теше ала тургандай кылып жасалган. Анан барып клетканын ДНКсынын арасына кошулат; себеби ошол ДНКга туура келе тургандай кылып жаратылган.
Башкача айтканда, вирус адам денесине кирип ооруга себеп болсун деп жаратылган. Аллах адамды ооруй турган болушун каалаган. Себеби, бой көтөрүүгө өтө жакын болгон адам баласы ушул сыяктуу кыйынчылыктар натыйжасында гана Аллахка муктаж жана алсыз бир жандык экенин түшүнүүдө.
Figure 9.5 | |
A. Structure of HIV | 2. Viral RNA |
Figure 9.4 The HIV virus that causes AIDS. Inevitably, millions of people continue to die from the AIDS since no cure can be found. |
Бирок Аллах оору менен бирге шыпааны да жаратат. Мына ушул себептен, вирусту жаратып, ага каршы укмуш согуш жүргүзүүчү иммундук системаны да жараткан. Адам иммундук системасы натыйжасында күн сайын ар кандай түрүнө жолуккан вирустарга карата чыдамкайлык көрсөтөт.
Бирок, Аллах кээде вирустарды бир «өлүм себепчиси» катары да колдонот. Аллах каалаган адамына каалаганча өмүр берет жана бул белгиленген мөөнөт Аллахтын каалоосу менен аяктайт. Аллах өлүм үчүн колдонгон «себептердин» бири, вирус. Тарых бою миллиондогон адамдар колундагы бүт мал-мүлктөрүнөн, жубайларынан, балдарынан, кыскасы, өмүрлөрүнөн эч качан көрө албаган вирустар себебинен ажырашкан. Учурда заманбап медицина вирустардын көпчүлүгүнө чара таап жатканда, жаңы жана жеңе алгыс вирустардын жаратылып жатышынын да терең мааниси бар. СПИД же Эбола сыяктуу жаңы вирустар «кайсы жерде болсоңор да, өлүм силерди табат» (Ниса Сүрөсү, 78) аятынын өкүмү менен Аллах өлүм чечимин чыгарган денелердин өлүм себепчиси болууну улантышууда.