Клетка Мембранасы

Башында илим чөйрөлөрүндө эң кичине жандык бирдиги катары клетка кабыл алынган эле. Бирок кийинчерээк клетканы орогон жана көлөмү жагынан андан бир топ кичине болгон клетка мембранасы изилдөөчүлөрдүн алдына жаңы бир жандык түрүндөй болуп чыкты. Себеби клетканы толук ороп турган бул мембрана (кабыкча) бир жандыктын, болгондо да, аң-сезимдүү бир жандыктын, б.а. адамдын негизги өзгөчөлүктөрүнөн болгон чечим алуу, эстөө, анализ кылуу сыяктуу касиеттерди көрсөткөн. Калыңдыгы 1 милиметрдин жүз миңден бириндей болгон бир мембрана мындай касиеттерге кантип жеткен?

hücre zarı, fosfolipit, yapısı

1. Water

2. Lipid Membrane

Figure 6.1
The phospholipid structure of the cell membrane, only one hundred-thousandth of a millimeter thick.

Биз өмүр бою эч сезбестен жашаган бул мембранадан 100 триллион даанасы тынымсыз денебизде чечимдер алып, азыр да аларды турмушка ашырышууда.

Клетка мембранасы клетканын айланасын чектеп турган бир жапкыч. Бирок кызматы клетканы ороп туруу менен эле чектелбейт. Ал мембрана коңшу клеткалар менен байланышты камсыз кылат, жана эң негизгиси, клеткага кирип-чыгууларды өтө кылдат көзөмөлдөйт. Ушунчалык ичке болгондуктан, кадимки микроскоп менен эмес, электрондук микроскоп менен гана айырмалана алат. Курамынын кош тараптуу май катмары менен катмардын бетинде ар кайсы жерде жайгашкан белоктордон тураары аныкталган. Бир жандыктын касиеттерин көрсөтүү менен эле чектелбестен, бул мембрана жогорку чечим алуу жөндөмү, эс-тутуму жана акылы себебинен клетканын мээси деп кабыл алынат. Эми май жана белок сыяктуу аң-сезими жок молекулалардан турган бул ичке кабыктын жасаган иштерин, б.а. аны «жандуу» жана «акылдуу» дедирткен өзгөчөлүктөрүн карайлы.

Алгач ушунча ишти жасай алган клетка мембранасынын түзүлүшүнө бир көз жүгүртөлү. Мембрана кош тараптуу, ичти да, сыртты да караган май молекулаларынан турган учу-кыйырсыз бир дубалга окшошот. Бул май бөлүкчөлөрүнүн арасында клеткага кирип-чыгууну камсыз кылган эшиктер менен мембрананын сырткы чөйрөнү таанышын камсыз кылган сезгичтер (кабылдагычтар) бар. Ал эшиктер менен кабылдагычтар белок молекулаларынан жасалган. Клетка дубалынын бетинде жайгашышат жана клеткага болгон бүт кирип-чыгууларды өтө кылдат көзөмөлдөшөт.

Контроль Кимде?

pankreas, hücre, hücre zarı

A. Cell Surface
B. Cytoplasm

1. Oligosaccharide group
2. Recognition protein
3. Channel protein

4. Transport protein
5. Electron-transport proteins
6. Receptor protein
7. Cholesterol
8. Phospholipid

Figure 6.2
Cell membrane of a pancreatic cell (right). In the above diagram, the mosaic model of this membrane is magnified.

Клетка мембранасынын биринчи кызматы – бул клетканын органеллдерин ороп, чогуу кармап туруу. Бирок мындан алда канча татаал дагы бир жумушту жасайт; ал органеллдердеги процесстер менен клетканын өмүрү уланышы үчүн керектүү заттарды тышкы чөйрөдөн камсыз кылат. Клетканын сыртындагы чөйрөдө сансыз химиялык заттар бар. Ал алардын арасынан клеткага керектүүлөрүн таанып, ошолорду гана ичкери киргизет. Өтө сарамжалдуу; клеткага керектүү көлөмдөн ашыкчасын эч качан киргизбейт. Муну менен эле чектелбейт; бир тараптан клетканын ичиндеги зыяндуу калдыктарды заматта аныктап, эч убакыт жоготпостон аларды сыртка чыгарат. Мембрананын дагы бир кызматы – бул мээден же дененин ар кайсы аймактарынан гормондор аркылуу алып келинген кабарларды тездик менен клетканын борборуна жеткирүү.

Бул иштерди жасай алышы үчүн клетканын ичиндеги бүт иш-аракеттерди жана болуп өткөндөрдү билиши, керектүү же ашыкча заттардын тизмесин чыгарышы, запастарды контрольдошу, жана жогорку бир эс-тутум жана чечим алуу жөндөмүнө ээ болушу зарыл.

Кайсы «кокустук» ушундай «акылдуу» бир май жыйындысын пайда кыла алат?...

Бүт эволюция теориясын бир өзү бир заматта кыйраткан бул суроодон да татаал бир суроо узаталы; бул процесстер учурундагы «акыл» мембранага тиешелүү бир акылбы?

Көңүл буруңуз; бул саналган иштерди жасаган – бир компьютер же робот эмес, болгону клетканын айланасын орогон, майдан түзүлгөн жана бетинин ар кайсы жеринде белоктор жайгашкан бир жапкыч (кабык) гана. Ушунчалык татаал ишти катасыз жасай алган клетка мембранасында бир ойлонуу борборун же мээ издеп да убара болбоңуз. Таба албайсыз. Себеби аты айтып да тургандай ал болгону бир «кабыкча».

Эч бир ойлонуу жөндөмү болушу ыктымалсыз болгон ушундай бир түзүлүштө мынчалык жогорку касиеттерди көрсөткөн Аллахтын адамдарга Өзүнүн бар экенин далилдеген мынчалык ачык дагы бир далилди сунушу көрүп туруп Аны тангандарды дагы бир жолу шылтоосуз калтырууда.

Клетканын Эшиктери

Клетка Мембранасында Кээде бир насос, кээде болсо бир эшик сыяктуу кызмат аткарган механизмдер бар. Алар клеткага керектүү заттарды таанып, тандап, көп аракет менен ал заттарды клетка ичине киргизишет. Бул бир сүйлөм менен айтып өтүп кете турган нерсе эмес, себеби бул процесс учурунда дагы көптөгөн кереметтер болот. Бул өткөрүү процесстериндеги көп кубулуштун сыры дагы эле чечиле алган жок. Клетка өмүрүн улантышы үчүн мембраналардан өтүшү керек болгон заттардын арасында электрон жана ал тургай, фотондор, моноатомдук протондор, иондор, суу сыяктуу кичинекей молекулалар, аминокислота жана шекер сыяктуу орто көлөмдөгү молекулалар, белоктор жана аягында ДНК сыяктуу макромолекулалык түзүлүштөр да бар. Кээде эшиктен бир топ чоң бир молекула көп аракеттер менен, көптөгөн ферменттердин жардамы менен, өтө аяр клетканын ичине киргизилет. Кээде өткөрүлө турган зат өтө турган эшиктен ушунчалык чоң болуп; бул ийненин тешигинен аркан жипти өткөрүүгө окшошот. Аны өткөрүү үчүн алгач тешик кеңейтилет, анан кайра мурдакы абалына кайтарылат. Бул процесс учурунда эшикке да, өткөн затка да, клеткага да эч бир зыян тийгизилбейт.

hücre zarı, aktif taşıma, difüzyon

1. External environment
2. Channel proteins
3.Transport proteins
4. Lipid layer
5. Electrochemical charges
6. Cytoplasm
7. Free diffusion
8. Diffusion via channels
9. Diffusion via transporters
10. Passive transport
11. ENERGY
12. Active transport

Figure 6.3
On the surface of the membrane, different gates allow different substances to be taken into the cell with the help of different enzymes. Generally, there are two types of protein gates: The first use energy for transport (active transport), selecting the necessary substances and transferring them in or out of the cell.

The second type of gates are channel proteins that open at the right time to allow a particular substance to pass through freely. No energy is expended in this transfer.

Some smaller molecules need no gate and they just pass freely through the membrane. This is called diffusion.

sodyum, potasyum

Figure 6.4
The working of the Sodium-Potassium (Na-K) pump.

1) The sodium ion settles in its own special gate within the cell.

2) ATP energy brings the pump to an active state.

3) The gate opens, and sodium ions are ejected outside the cell.

4) Potassium ion outside the cell settles in its gate.

5) The gate opens again with the energy provided by ATP.

6) Potassium is drawn into the cell.

hücre zarı kanalı

1. Closed
2. Open
3. External Environment
4. Gate

5. Cell membrane
6. Hydrophobic surface
7. Cytoplasm
8. Ion-selective filter

Figure 6.5
The cell membrane channels, in their open and closed state. It is not known what decides whether these channels stay open or closed.

hücre zarı

1. Outside The Cell
2. Solution
3. Channel Proteins
4. Outer Membrane
5. Space Between Two Membranes
6. The Periplasmic Substrate Binding Protein And The Solution It Binds To
7. Free Periplasmic Substrate Binding Protein
8. Transport Protein
9. Inner Membrane

Figure 6.6
In some cells, exchange of materials takes place in a number of stages. The diagram shows how a bacterial cell's double-layered membrane takes up a solution. The solution passing through the channel proteins in the first membrane is captured by a periplasmic substrate protein, found in the periplasmic space. The protein/solution complex attaches to a selectively permeable gate in the second membrane. Changes taking place in the protein's structure allow the solid substance to pass through the selective gate. With the energy acquired from a process known as ATP hydrolysis, the substance is taken into the cell.

hücre zarı

1. Cytochrome
2. M protein
3. L protein
4. Lipid layer
5. Cytoplasm
6. H protein

Figure 6.7
Protein gates within the cell membrane have a highly complex and superior structure. Different gates have different functions. This diagram shows the photosynthetic reaction center of a particular bacterium (Rhodopseudomonas viridis), made clearer with the help of X-rays. This gate's duty is to utilize light energy for the electron-transport reaction. It transfers an electron, using energy obtained from the sun in the form of photons, to the inside of the cell within a nanosecond (a billionth of a second). Once in the cell, the electron is captured by the electron-transport system and is made to take place in its reactions.

The protein complex is formed from the coming together of four different proteins: (L, M, H and cytochrome). The dark regions in the upper part of the diagram represent the electron-carrying proteins.

Such a highly developed mechanism for capturing just one electron for reaction in an area 250 millionths of a meter, and its taking place in a billionth of a second, are by themselves proofs of creation.

Клетканын Жутушу

Пиноцитоз жана экзопиноцитоз; Клетка өз мембранасынан чөйчөкчөлөр жасайт. Ал чөйчөкчөлөр аркылуу кампалоо жана транспорттук иштер жасалат. Пиноцитоз деп аталган процессте клетка мембранасы бир аз чукурайат, пайда болгон чуңкурдун ичине клетка сыртындагы молекулалар кирет. Ал чуңкур ичкери көздөй жакшылап сүңгүп, клетка ичине киргизилип, бир чөйчөкчө пайда кылынат. Кандайдыр бир мааниде клетка өзүнө керектүү заттарды жуткан болот.

Экзопиноцитоз деп аталган процессте болсо клетка өз ичинде бир чөйчөкчө жасайт. Калдык заттарга ал чөйчөктү толтуруп, клетка мембранасынан сыртка чыгарат. Ушундайча чөйчөкчөдөгү заттар сырткы чөйрөгө чыгарылат.

pinositoz pinositoz

1. Pinocytosis
2. Nutrient

3. Lysosome
4. Lysosomes surrounding the vesicle

1. Exopinocytosis

Figure 6.9

a) Substances are removed from the cell by the fusion of a vesicle formed within the cell with the cell membrane.

b) Necessary substances are taken into the cell with the help of a vesicle formed from the cell membrane.

Figure 6.8
Pinocytosis seen in an amoeba, a single-celled organism. The substance taken inside is digested with lysosomes, which contain digestive enzymes.

Кемчиликсиз Гармония Жана Кызматташтык

Денедеги триллиондогон клетка бир-бири менен укмуш кызматташтык кылышат. Мисалы, чачтарыңыздын баарынын бирдей узарышы баш териси клеткаларынын кызматташтыгы себептүү болот.

Мындай тыгыз байланыш клетка мембранасында жайгашкан жана башка клеткалар менен байланышты камсыз кылган атайын белоктор менен илмектерге окшогон бутактар аркылуу жасалат. Бул механизмдер адам эне курсагында бир түйүлдүк кезде эле пайда болуп баштайт. Бөлүнүү учурунда кээ бир клеткалар белгисиз себептен бир заматта башкача белокторду өндүрүп башташат. Мындай башкача өндүрүштүн натыйжасында клеткалар арасындагы түзүлүштүк айырмалар келип чыгат. Бул өзгөрүү клетка мембранасына да таасир тийгизет жана сырткы бетинде илмек сыяктуу бутактар пайда болот. Ал бутактар аркылуу өз тибиндеги клеткаларга гана тутуна алышат. Ошентип миллиардаган окшош клеткалар чогулуп органдарды түзүшөт.

Бул илмектердин эмне себептен жана кантип пайда болоору болсо эволюция теориясынын дагы бир туюгу. Себеби алар пландуу бир жаратуу бар экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө.

Уюшкан 100 Триллион Кызматчы:

makrofaj, fagositoz

Figure 6.10
Phagocytosis – a process in which macrophages reach out and swallow many bacteria.

Бир автомобиль заводунун кантип иштээрин элестетели. Заводдогу мисалы миң жумушчунун баары дисциплиналуу жана гармонияда иштеши керек. Муну уюштуруу үчүн көптөгөн көзөмөл системасы менен башчылык чынжыры курулган. Ар бир бөлүм андан талап кылынган тетикти өндүрөт. Мисалы, бир жерде мотор бөлүктөрү, башка бир бөлүмдө болсо эшиктер жасалат. Баары кайсы продукттун каерде колдонулаарын билет. Бүт нерсе контрольдонуп турат.

Бирок, эгер ушул эле заводго машина өндүрүшүнөн эч кабары жок, такыр билими жок миң адам киргизилип коюлса жана алардан эмнени кантип өндүрүүнү өзүңөр тапкыла деп талап кылынса, чоң бир башаламандык менен хаос келип чыгаары анык.

Ал эми адам денесинде болсо миң эмес, 100 триллион «жумушчу» өтө гармониялуу иштешет. Демек булар – бир заводдогу жумушчулардан алда канча аң-сезимдүү жана билимдүү клеткалар. Алардын ичиндеги керемет процесстер эле эмес, бир-бири арасындагы координация дагы өтө укмуш. Бир-бирлерин мембраналарындагы таануу системалары менен таанышат. Ашказан клеткасы ашказан клеткасын, чач клеткасы чач клеткасын тааныйт.

Бул жерде дагы суроолор туулат: эки мембрана бир-бирин кантип тааныйт? Бул жумушчуларды ким окуткан? Кандайча болуп өз жумуштарын өтө берилүү менен жасашат?

100 триллион клетканын ар бири дене үчүн андан талап кылынганды жасайт. Ар бир клетка тынымсыз эмне кылышы керек экенин кайдан билет? Мисалы, бөлүнүшү талап кылынган аймактагы клеткаларга мээ «бөлүн» деген буйрук берет. Бул үчүн чыгарылган гормон деп аталган атайын элчилер бар. Ар бир гормон тиешелүү клеткага барып мээнин сөзүн жеткирет. Элчи клеткага келгенде кабарын клетка мембранасында жайгашкан кабылдагыч белокко билдирет. Белок алган кабарын борборго билдирет. Клетка болсо ал буйрукту түшүнүп, чечим алып, ошого жараша ишке киришет.

Сизден кайра сурайлы; бир май деңизинин бетиндеги белок аралынын берилген буйрукту түшүнүшү, аны клетканын борборуна кабар бериши, клетканын ал буйрукка моюн сунушу жана өмүрүн каерде колдонулаарын билбеген бир затты өндүрүүгө арнашы катардагы, жөнөкөй бир маалыматпы? Албетте, андай эмес.

Болгондо да, бир аз мурда да айтылгандай, мембрана бетинде жайгашкан жүздөгөн өтүү пункттары, кабылдагычтар, контролерлор баары бир-биринен кабардар, өтө гармониялуу иштешет.

Бирок булардын баары аң-сезими жок белоктор. Клетка мембранасынын бул саналган өзгөчөлүктөргө өз башынча жетпегени, бул системанын башка бирөө тарабынан жаратылганы анык.

makrofajlar, fagositoz, savunma sistemi makrofajlar, fagositoz, savunma sistemi

Figure 6.11
Macrophages (literally, "big eaters") are soldiers in the first rank of the body's defense system, swallowing and ingesting all manner of foreign agents found in the blood. Another of their duties is to alert T cells to help fight against enemies. The diagram on right shows a macrophage using its extensions to capture a bacterium. Above, a macrophage trying to engulf fat droplets that have entered the body.

Мындай бир система, албетте, бир максатта жаратылган. Мындагы максат – бул адамдын аны жараткан чексиз мээримдүү жана боорукер Аллахтын бар экенин жакшыраак түшүнө алышы. Абийирдүү жана акылдуу бир адам бул далилдерди көрүп, Аллахты жакшыраак тааныйт. Куранда ыймандуулардын мындай көз-карашы төмөнкүдөй айтылат:

Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)

«Кандуу» Согуш, Жакындан Жолугуу

Адам денесинин иммундук системасында көзгө көрүнбөгөн чоң бир согуш болуп өтөт. Ал согуш күн сайын, мүнөт сайын, ал тургай, секунда сайын болуп турат. Уруш денени коргоочу клеткалар менен денеге сырттан кирген микроб, вирустар арасында болот. Согуш эң күчтүү болгон кез – бул жакындан жолугуу болгон учур.

Бул жакындан жолугуу учурунда кээ бир коргонуу клеткаларынын мембраналары маанилүү роль ойнойт. Согуштун алдыңкы саптарында кызмат кылган бул клеткалар ар кандай жат затты кармап жутууга милдеттүү. Муну болсо мембраналары аркылуу жасашат. Иммундук клеткалардын мембраналары денеге кирген зыяндуу жат заттарды аныкташат. Мембрананын бутактары керек учурда узарып, бактерияларды, микробдорду кармайт. Душман кармалган соң мембрананын ичинен өткөрүлүп, клетка тарабынан жутулат. Клетка мембранасы бул согушта душманды таанып, кармап, жутат. Клетка душманды сиңирет жана андан чыккан заттарды кайра колдонуп денеге пайдалуу абалга алып келет. Кээде атайын кээ бир клеткалар жат затка жабышып, аны кыймылдай албас кылып коюшат. Ушундайча душманды жоокер клеткаларга таанытып коюшат. Бул согуштун этаптары, албетте, бул жерде жазылгандай жөнөкөй эмес. Ар бир этапта кабар алуу, анализдөө, жана архивдөө сыяктуу алдыңкы «маалымат топтоо» ыкмалары колдонулат.

Көрүнүп тургандай, бул жерде өтө комплекстүү бир согуш механизми жана өтө жогорку бир технология иштөөдө. Адам акылы учурдагы алдыңкы технология, илим деңгээли менен да туурай албаган бул механизм миңдеген жылдан бери эч кемчиликсиз иштеп келе жатат. Мындан кандай жыйынтыкка барабыз? Микроскоп менен да көрүү кыйын болгон жана көпчүлүгү май молекулаларынан гана турган клетка мембранасы адамзаттан акылдуураакпы? Же бул мембрана да, эң жогору, эң акылдуумун деген адам да алардан алда канча жогору бир акылдын аларга илхам кылганын жасап жатышабы? Мына чындык ушундай, жана муну мындай эмес деген бир адам клетканын акылынын анын акылынан өйдөлүгүн кабыл алууга мажбур болот.

Кээ бир адамдар болсо бүт баарын мээге байланыштырып, «буйруктарды берүүчү бир мээ бар, баарын ошол башкарат» деген сыяктуу бир пикирди айтышып өз ойлорунда бүт окуялардын жообун таптык деп ойлошот. Ушул жөнөкөй логика менен чоң бир сырды чечтим деп ишенген адам калганын ойлонуунун кажети жок дейт. Убактылуу өзүн жоошуткан болот. Өзүн тынчсыздандырган абийирин белгилүү убакытка басып койгон болот. Тереңирээк ойлонсо, кайрадан ичинен чыга албай турган суроолорго туш болоорун түшүнөт: «Мээ деп аталган бул орган да ошол эле клеткалардан турат го? Мээ берген буйруктарды мээдеги ошол микроскопиялык май менен белок жыйындылары чечип жатабы? Эгер ушундай болсо мээнин кайсы клеткалары буйрук берип жатат? Же бир бөлүгү чогулуп орток чечимдер алып жатышабы? Бул акылсыз, аң-сезими жок клеткалар чогулганда, бир заматта кабар алуу, чечим чыгаруу, буйрук берүү сыяктуу абстракттуу түшүнүктөрдү кайдан үйрөнүп, аны турмушка ашырып башташат?..»

Адам али жалгыз клетка кезинде жана мээ деген нерсе жок убакта ал клетканын бөлүнүшүн, бөлүнгөн клеткалардын ар кандай түрдө болушун, алардын арасындагы укмуш координацияны кайсы мээ башкарат? Энесинин мээсиби? Бирок эненин каны да наристеникине аралашпайт... Дагы эле ынанган жок дейли. Анда, сыртта уруктандыруу аркылуу жалгыз клетка кезинде банкада өрчүп баштаган бир «идиштеги наристе» буйруктарды кайсы мээден алат. Же тоок үстүнө отуруп жылыткан уруктанган бир жумуртка кичинекей бир жөжөгө айланганга чейин кайсы мээ тарабынан башкарылат? Жалгыз клеткадан жөжөнү же адам баласын мээси менен бирге жараткан башка бир жашыруун мээ барбы?...

Атеист, каапыр адам ойлонуп баштаганда ушул сыяктуу суроолорго жолугаарын жана аягында Аллахтын апачык бар экенин жана бүт нерсени жаратканын түшүнөөрүн билет. Ушул себептен окуяларды терең жана кеңири масштабдуу ойлонуудан дайыма качат.

Себеби атеисттиктин (каапырдыктын) логикасы дайыма Аллахка жолугуудан качууга, Аны эстеткен, Ага алып барган, Анын бар экенин далилдеген бүт нерсеге көзүн жумууга жана Анын ордун толтурат деп ойлогон кичинекей бир ыктымалдыкка да болгон күчү менен жабышууга таянат. Ушул себептен Аллахты тааныбаган атеист, кааласа каалабаса, өзүнүн жаратылуусун жана өмүрүнүн уланышын триллиондогон клеткага, ал тургай, аларды түзгөн молекулаларга жана атомдорго таяйт же башкача айтканда, ушунча көп санда кудайлар тутунуп алган.

Жогоруда баяндалган кемчиликсиз координацияны камсыз кылган жана булагын биз эч жерден көрө албаган буйруктар болсо, ал буйруктардын каяктан жана эмне үчүн келээри бир аятта төмөнкүдөй кабар берилет:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн.
(Талак Сүрөсү, 12)

fotosentez

He is Lord of the heavens and the Earth and everything in between them, so worship Him and persevere in His worship.
Do you know of any other with His Name?
(Qur’an, 19:65)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Баш Сөз
  • Киришүү
  • Эң Кичинекей Жандык
  • Днкнын Жашыруун Дүйнөсү
  • Клеткадагы Белок Өндүрү
  • Клетка Ичиндеги Системалар
  • Керемет Молекулалар: Белоктор
  • Клетка Мембранасы
  • Эне Курсагындагы Өрчүү
  • Клеткадагы Энергия Өндүрүшү
  • Вирустар
  • Өсүмдүк Клеткасы
  • Жыйынтык