Клетканын керемет баянына өтүүдөн мурда эволюциянын туура эмес логикасы жөнүндө сөз кылуу туура болот. Эволюция бир алдамчылык жана өтө жакшылап даярдалган башка алдамчылыктар сыяктуу эле, анын да өз ичинде карама-каршылыктуу бир логикасы бар. Чындыгында ойдон чыгарылган сценарийлер менен көз бойомочулуктардан гана турган «эволюция логикасын» бир мисал менен түшүндүрүүгө болот.
Пульт менен башкарыла турган бир оюнчук машина элестетели. Машинаны башкарган киши бир жерге жашынып алган дейли. Ал машинанын кыймылдап жатканын көргөн башка бир киши пультту жана аны колдонгон кишини көрбөгөнү үчүн, машинанын кыймылдарын гана көрөт. Ал байкоочу окуяны карап машинанын өтө акылдуу кыймылдар жасап жатканын көрөт. Машина жүргөн жолуна жараша багытын өзгөртүп, акылдуу маневрларды жасайт.
Бул учурда эгер байкоочу «сөзсүз көргөн нерселериме гана ишенем» деген принципти карманган болсо, көргөн нерселерин гана чындык деп кабыл алат. Ал көрө албаган, жете албаган башка бир чен-өлчөм болушу мүмкүн экенин танат. Ал байкоо жүргүзө албаган бир чен-өлчөмдө акылдуу бир адам бар экенин жана машинанын анын башкаруусунда кыймылдап жатканын кабыл албайт. Ошондуктан эми анын «машина ар кандай кокустуктар натыйжасында акылдуу кыймыл-аракет жасоо жөндөмүн иштеп чыккан» деп кабыл алуудан жана өзү менен айланасындагыларды да буга ишендирүүгө аракет кылуудан башка жолу калбайт.
Эми акылдуу бир таяныч таба албаганы үчүн бул «кабыл алган пикирин» эч болбосо илим тонун жамынып колдой турган ойлоп табылган теорияларды чыгарууга кезек келет. Бир аз ой-кыялын пайдаланып бул маселени да чечет: машинаны түзгөн атомдор, канчалык мүмкүн эместей көрүнсө да, «кокустуктар натыйжасында» бул татаал түзүлүштү пайда кыла тургандай абалда биригишкен. Ал атомдор кокустан мынчалык татаал жана бир мааниге ылайык бириккен соң болсо акыл жүгүртүү, чечим алуу, өзүнөн-өзү аң-сезимдүү иш-аракеттерди жасоо сыяктуу абстракттуу касиеттерге да ээ болушкан. Ошентип машинаны түшүндүргөн бир «теория» чыгарылган болот.
Ал «илимпоз» кыска убакыт ичинде өзү сыяктуу ойлонгон башка адамдарды да табат. Алар чогуу ал ишти жакшылап өнүктүрүп, бул темада бир «трибуна» түзүшөт жана жаңы бир «илим тармагын» пайда кылышат. Андан соң машинанын кыймылдарын илимий жактан изилдеп, ар түрдүү формулаларды иштеп чыгышат. Машинанын алдынан бир бурулуш чыкканда ылдамдыгын канчалык азайтаарын, кандай бурч менен бурулаарын, кандай шарттарда канчалык ылдамдыкта жүрөөрүн, кандай учурларда жайлап, токтоорун, качан артка жүрөөрүн жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн өзгөчөлүктөрүн кылдаттык менен өлчөп, эсептеп формулага салышат. Ал татаал эсеп, формулаларды камтыган чоң бир китеп да жазылат.
Бирок негизги маселе машинанын өзүнөн-өзү мынчалык кемчиликсиз иштер жасай ала турган бир абалга кантип келгенин түшүндүрүүдө турат. Бирок ал «илимпоздор» тарабынан жасалган анализ жана изилдөөлөрдүн эч бири бул суроонун жообун бере алган эмес. Машинанын техникалык өзгөчөлүктөрү жана майда-чүйдөлөрү жөнүндө сансыз маалыматтарды аныкташкан жана күн өткөн сайын дагы жаңыларын ачып жатышкан болот. Бирок окуянын башталыш негизи жөнүндө эч өнүгүү жок. Колдо биринчи күндөгүдөн башка эч бир маалымат жок; машинаны ким жасаган, машина кантип «акылдуу» кыймыл-аракеттер жасайт, бул суроолор дагы эле сыр бойдон.
Бирок, муну кылдаттык менен жашырышат. Баарынан мурда, бул суроо жөнүндө сөз козголушуна мүмкүн болушунча жолтоо болушат. Сөз козголгондо болсо өз ойлорунда өтө «илимий» бир түшүндүрмө жасашат; балким бүгүн бул темада колубузда эч нерсе жок, бирок илим келечекте бүт булардын жообун табат.
«Машина өзүнөн-өзү пайда болгон» деген көз-караш ушунчалык алга кетип, эми ал илимпоздордун карьерасынын негизине айланган. Ушул себептен, болгон күчтөрү менен бул теорияларын ишенимдүү көрсөтүү үчүн күрөшүшөт. Адамдардын акылын башка көз-караштар айлантпашы жана теориянын ишенимдүүлүгүнө көлөкө түшпөшү үчүн керек болсо, көз бойомочулук жана алдамчылыктарга да барылат. Кандай болгону менен, мындай «жароокер» бир максат үчүн көз бойомочулуктарга баруу толеранттуулук менен кабыл алынышы керек.
Жазган китептеринин услубу ушунчалык кылдаттык менен түзүлгөндүктөн, машинанын техникалык өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү кээ бир туура маалыматтар кичине иллюзиялар жана сөз оюндары аркылуу «машина кантип пайда болгон» жана «кантип «акылдуу» болуп калган» деген суроого да жооп берип жаткандай көрсөтүлөт. Негизи иштин чыныгы маанилүү тарабы ошол. Машинанын пайда болушу жөнүндө айтылган «туш келдилик» жана «кокустук» калптары ошол татаал формула жана эсептердин арасына чачылып, алар да илимий жарактуудай көрсөтүлөт. Аягында туура, бирок чындыкка алып барбаган формулалардын арасына идеологияга айланган жасалма жана чирик бир теория шамдагай бир көз бойомой чеберчилиги менен жайгаштырылат. Ошентип бул теория айткан жалгандарга илимий жактан далилденген деген көрүнүш берилет. Болгондо да, өтө ишенимдүү, өйдөдөн караган жана ишеним жаратуучу бир услуп колдонууга да өтө көңүл бөлүнөт.
Эми жалган бир жолу бекемделген соң, ал жалгандын үстүнө чексиз фантазияларды куруу, сценарийлерди ойлоп табуу башкалардын кыял күчүнө калтырылган болот. Машина алда качан «эволюция процесси» ичиндеги ордуна жайгаштырылып, бул керемет нерсенин «укмуштуу кокустуктар чынжыры» натыйжасында пайда болгону да жарыяланып коюлган болот. Албетте, машинага латын тилинде бир ысым да берилет; «илимийлик» бойогу жакшылап көрүнүшү үчүн.
Бир нерсени айта кетүү керек: илимдин машинанын кыймылдары жөнүндө тапкандарынын, жасаган эсептөөлөрүнүн баары туура болушу мүмкүн. Бирок булардын негизине, пайдубалына коюлган логика, б.а. «машина өзүнөн-өзү пайда болуп, акылдуу чечимдер алып кыймылдап жатат» деген көз-караш – эң башынан кыйраган бир логика. Бирок көп адамдар буларды байкабайт. Өтө кыска баяндар да алардын эң акылсыз көз-караштарга ишенишине жетиштүү болот. Себеби аттуу-баштуу илимпоздор айтып жатышат. Алар, албетте, алда канча жакшы ой жүгүртүшкөн, көбүрөөк билишет. Ошондуктан алардын айткандарынын баары туура. Алар кандай билип, кандай ойлонуу керек десе, ошондой кылыш керек. Билими жогору бир киши бул көз бойомочулуктардын түбүндөгү илимийлик бойогун көрсөтсө, анда башка басуу ыкмалары колдонулат. Алар психологиялык ыкмалар.
Адамдардын көмүскө туюмуна таасир берип, аларды каалаган багытка бурууга шарт түзө турган психологиялык кысымчылык жана пропаганда ыкмалары теорияны жактоо планынын эң негизги бөлүгүн түзөт. Жогоруда айтылган «илимпоздордун» теориясын кабыл алып, жактоо заманбаптык, илимийлик, модерндик, жаңычылдык сыяктуу популярдуу түшүнүктөргө шайкеш көрсөтүлөт. Ал теорияларга каршы чыгуу болсо фанаттык, эскичилдик сыяктуу жагымсыз жана басынтуучу түшүнүктөргө шайкеш көрсөтүлөт. Ошентип ушул сөздөр менен караланууга, мөөрлөнүп калууга батынбаган көп адамдардын каршы чыгып маселе жаратышынын да алды алынат. Аягында уялбастан ойлоп чыгарылган жалган жана калптары, өтө кылдаттык менен кыялдан чыгарылган сценарийлери, чексиз фантазиялары, көз бойомочулук, алдамчылык жана иллюзиялары, социалдык-психологиялык кысымчылык ыкмалары, адамдардын көмүскө туюмуна таасир тийгизе турган методдору жана ар кандай мээ чайкоо ыкмалары менен –керектүү медиа жана илимпоздор логистикасын да түзүү менен- натыйжалуу бир пропаганда механизми түзүлгөн болот. Адамдардын көпчүлүгү болсо бул пропаганданын таасиринде калышат.
Бирок, акылын колдонгон ар бир адам бул сыйкырдын таасиринен өзүн куткара алат. Ал үчүн машинанын кыймылдарын түшүндүрүү үчүн чыгарылган бул көрксүз теория тантырактык гана болуп калат. Себеби машинанын бир башкаруучусу бар жана машина ага берилген буйрукка жараша гана кыймылдап жатат. Муну байкоонун жолу болсо илим эмес, акыл жана аң-сезим. Илим, жогоруда айтылгандай, машинанын кыймылдарын гана изилдейт. Аны изилдеген соң илимдин иши бүтөт. Себеби илим жол көрсөтүүчү нерсе эмес, ал болгону бир инструмент. Машинанын өзүндө бир акыл жок экенин, бийик бир акылдын машинада чагылып жатканын түшүнүүнүн жолу болсо – акыл менен абийир.
Мына ушундай касиеттери болбогон бир адам канчалаган университеттерди бүтүрсө да, илимий карьеранын туу чокусуна жетсе да, өмүрүн илимге арнаган болсо да, ушунчалык ачык бир чындыкты байкай албай күлкүмүштүү жана алсыз абалга түшөт. Окуя-кубулуштарды айланма жолдордон түшүндүрүүнү изденип, бүт өмүрүн зыянга салат.
He gives wisdom to whoever He wills and he who has been given wisdom has been given great good. But no one pays heed but people of intelligence. |
Бул башын көтөрбөгөнү үчүн күндү байкай албаган жана дүйнөнүн кантип жарык-караңгы болоорун табуу үчүн бүт жер жүзүн кыдырып, өмүр бою бул темада миңдеген акылсыз теорияларды чыгарган бир кишинин абалына окшошот. Бул киши канчалык мээлүү болсо, ошончо көп жана татаал теорияларды чыгарат. Жарыктын булагын түшүндүрүү үчүн жер жүзүндөгү буюмдар жана кубулуштар арасында укмуш детальдуу байланыштарды курат. Бирок акылы болбогону үчүн, асманда күн бар экенин эч байкай албайт жана ушунчалык ачык бир чындыкты көрө албайт.
Биз жашап жаткан бүт ааламдын жана бул ааламдын бүт бөлүктөрүнүн Аллах тарабынан жаратылганын жана Ал тарабынан тартипке салынганын түшүнө албаган бир адамдын абалы да ушундай.
Бул адамдар эмне үчүн ушунчалык ачык жана так бир чындыкты түшүнө алышпайт?
Бул сыр бизге Куранда кабар берилет: ичинде жашап жаткан ааламдын чыныгы маңызын түшүнүү үчүн мээ жетиштүү болбойт. Ал үчүн мээден тышкары, «акыл» да болушу керек. Бир адам акылдуу болсо гана мээнин тапкандарынан туура жана акылдуу жыйынтыктарды чыгара алат жана негизги чындыктарга жете алат. Мээ – мээнин бир функциясы. Ал эми акыл болсо – Куранда билдирилиши боюнча, жүрөктүн бир функциясы. Эгер бир адамдын жүрөгүн «дат басып калган болсо», акыл жүгүртө албайт жана натыйжада көргөн нерселеринен Аллахка жете албайт. Куранда жүрөктөрү «дат баскан», б.а. абийири менен акылы жок мындай адамдардан төмөнкүчө сөз кылынат:
Же болбосо, алар тирилтилээрин күтүшкөн жокпу? Улуу бир күндө. Адамдар ааламдардын Рабби үчүн тура турган күндө. (Мутаффифин Сүрөсү, 4-6)
Ал күнү чындыкты тангандардын абалы оор. Алар дин күнүн жалганга чыгарышууда. Бирок аны «чектен чыккан, зомбулукчу», күнөөкөрдөн башкасы жалганга чыгарбайт. Ага аяттарыбыз окулганда: «бул илгеркилердин жомоктору» деди. Жок, эч качан; алардын топтогондору жүрөктөрү үстүнө дат бастырды. Жок; чындыгында алар Раббилеринен пардаланып-айрылып калышты. (Мутаффифин Сүрөсү, 10-15)