Денебиздин бүт тарабында кичине, бирок кичине болгону менен татаал бир жашоо өкүм сүрөт. Адамдын кандайдыр бир органынын ичин микроскоп астында изилдегенде, ал жерде ал органды түзүү үчүн топтолгон жана тынымсыз кыймылда болгон миллиондогон миниатюралык жандыктардын жашап жатканын көрөбүз. Адам эле эмес, бүт жандыктар да клетка деп аталган ушул микроскопиялык жандыктардын жыйындысынан турат.
Клеткалар ядросуз (прокариот) жана ядролуу (эукариот) болуп экиге бөлүнөт. Бактериялар – ядросуз бир клеткалуу жандыктар. Адам жана жаныбар клеткалары менен өсүмдүк клеткалары ядролуу клеткалардан турат, бирок түзүлүшү жагынан бир-биринен айырмаланат. Өсүмдүк клеткалары ичиндеги хлоропласттар аркылуу күндүн нурун колдонуп адамдар жана жаныбарлар үчүн азык жана кычкылтек өндүрүшөт. Бул китепте көбүнчө адам клеткалары жөнүндө сөз кылынып, кээ-кээде өсүмдүк клеткалары да каралган.
Figure 1.1 Cross section of a cell. The nucleus (in the center) and the organelles. |
Адам денесинде 100 триллиондон ашык клетка бар. Ал клеткалардын кээ бирлери ушунчалык кичинекей болгондуктан, алардын бир миллиону бириксе, бир ийненин башындай гана жерди ээлейт. Бирок кичине болгону менен, клетка илим дүйнөсү бир ооздон тастыктагандай, адамзат бүгүнкү күнгө чейин көргөн эң комплекстүү түзүлүш деген наамын сактап келүүдө. Дагы эле ачыла элек көп сырларды камтыган клетка эволюция теориясынын да эң чоң туюктарынын бирин түзөт. Белгилүү орус эволюционист А.И. Опарин көрмөксөн болууга мүмкүн болбогон бул чындыкты төмөнкүчө айтат: «тилекке каршы, клетканын келип чыгышы эволюция теориясын толугу менен камтыган эң караңгы чекитти түзүүдө.»1
Бул темадагы башка бир моюнга алуу болсо Johannes Gutenburg университети Биохимия институтунун башчысы профессор, доктор Клаус Дозеге (Klaus Dose) тиешелүү. Дозе тирүү клетканын келип чыгышы жөнүндө; «көп иш-аракеттерге карабастан, акыркы 30 жылдан бери тирүү клеткалардын келип чыгышын түшүндүрө ала турган кандайдыр бир ачылыш жасала алган жок.»2 деп, эволюциянын жашоонун келип чыгышын эч түшүндүрө албашын мойнуна алууда.
жабылганы жана андан ары баруунун кажети жок экени апачык көрүнүп турат. Себеби, белгилүү болгондой, жандуу дененин негизги курулуш материалы – бул клетка. Ошондуктан, алигече клетканын, ал тургай, клетканы түзгөн белоктор менен белокторду түзгөн аминокислоталардын пайда болушун да түшүндүрө албаган бир теориянын дүйнө жүзүндөгү жандыктардын келип чыгышын түшүндүрүшү мүмкүн эмес.Тескерисинче, клетка адамдын «жаратылгандыгын» көрсөткөн эң керемет далилдердин бирин түзүүдө.
Клетка жашай алышы үчүн өтө маанилүү бүт негизги бөлүкчөлөрү чогуу бар болушу керек. Б.а. клетка «эволюциялык бир процесс» натыйжасында пайда болгон деген киши негизи клетканын миллиондогон бөлүгү бир учурда жана бир жерде кокустан пайда болгон деп жаткан болот. Болгондо да бүт ал бөлүктөрү бир учурда белгилүү бир тартип жана план менен чогулган болушу зарыл. Мындай нерсенин кокустан болушу, албетте, мүмкүн эмес. Ошондуктан клетканын бар болушу «жаратуунун», б.а. Жараткандын бар экендигинин апачык бир далили.
Бир салыштыруу жасасак, клетканын эволюция айткандай кокустуктар натыйжасында пайда болуу ыктымалдыгы типографиядагы бир жарылуу менен кокустан бир энциклопедиянын басылып калышынан да төмөн. Башкача айтканда, жашоонун кокустуктар натыйжасында келип чыгышы эч мүмкүн эмес.
Ошого карабастан, эволюционисттер дагы эле алгачкы дүйнө шарттары сыяктуу эң контрольсуз шарттарда жашоонун кокустуктар натыйжасында келип чыкканын жакташууда. Бирок бул эч качан илимий маалыматтарга туура келбейт. Мындан тышкары, эң жөнөкөй ыктымалдык эсептөөлөрү да жандуу бир клетка мындай турсун, ал клеткадагы миллиондогон белоктун бир даанасынын да кокустан пайда боло албашын математикалык жактан далилдеди. Бул дагы эволюция теориясынын акыл менен логикага эмес, кыял, фантазия жана ойдон чыгарылган пикирлерге таянган бир сценарийлер жыйындысы экенин көрсөтүүдө.
1. NUCLEUSAll of the information pertaining to the human body is encoded here, in this DNA molecule. 2. ENDOPLASMIC RETICULUMIt isolates and transports proteins and other molecules. 3. MITOCHONDRIAThe cell's primary source of energy. The molecule ATP, vital for all body functions, is synthesized here. 4. CELL MEMBRANESemi-permeable, it controls the entry and exit of molecules. 5. CELL MEMBRANE GATESThey allow glucose and oxygen in, and transport synthesized protein and enzymes outside the cell. |
Figure 1.2 Protein-producing ribosomes; energy-producing mitochondria; DNA, the central information bank; the endoplasmic reticulum that facilitates transport, the Golgi body that acts as a depot, the membrane which controls entry into and exit from the cell; all of the enzymes that have a duty in all reactions in the cell-with all of this planned, endless activity the cell operates like a perfectly run factory. Remember that the cell, harboring all of these processes, is a trillion times smaller than any factory. |
Клеткалардан тышкары, ал клеткалар арасындагы кемчиликсиз бир гармония жана кызматташтыктын болушу да өзүнчө бир керемет. Адам денесиндеги бүт клеткалар башында бир клетканын бөлүнүп көбөйүшүнөн келип чыккан. Жана, эң башында, денебиздин азыркы түзүлүшү, формасы, планы жана бүт өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү бардык маалыматтар ошол алгачкы клетканын ядросундагы хромосомаларда болгон.
Бүт клеткалар жалпы өзгөчөлүктөрү жагынан бир-бирине окшошот. Бирок ар бир орган түзүлүшүнө жана аткарган кызматына жараша өзгөчө формалар жана жөндөмдөр менен жабдылган, башка органдардыкынан айырмалуу клеткаларга ээ болот.
1. Centrioles | 7. Rough Endoplasmic Reticulum |
Figure 1.3 Generalized diagram of an animal cell |
Ар бир клетка бүт иштөө системалары, байланышы, транспорту жана башкаруусу менен чоң бир шаарга окшош татаал системага ээ: клетка короткон энергияны өндүрүүчү станциялар; жашоо үчүн сөзсүз талап кылынган фермент менен гормондорду өндүрүүчү заводдор; өндүрүлүүчү бүт продукттар жөнүндөгү маалыматтар жазылган бир маалымат базасы (маалымат банкы); бир аймактан экинчисине чийки заттар менен продукттарды жеткирүүчү комплекстүү транспорт системалары; түтүктөр; сырттан келген чийки заттарды ишке жарактуу бөлүктөргө бөлүштүрүүчү алдыңкы лаборатория жана рафинирлөөчү заводдор; клетканын ичине киргизилчү же сыртка чыгарылчу материалдардын кирип-чыгышын башкарган адистешкен клетка мембранасы белоктору бул татаал түзүлүштүн бир бөлүгүн гана түзөт.
Адам аны түзгөн ушул клеткалардын өз ичинде да, бир-бирлери арасында да гармонияда иштеши натыйжасында өмүрүн уланта алат. Клетка башка клеткалар менен гармонияда иштеп жатып, өз өмүрүн да өтө тартиптүү жана кылдат бир тең салмактуулукта улантат. Бул тартибин улантуу, ички тең салмактуулугун сактоо үчүн муктаж болгон көп заттарды, энергиясы да кошо түздөн-түз өзү аныктап, өндүрөт. Өзү канааттандыра албаган муктаждыктарын болсо сырттан өтө кылдаттык менен тандап алат. Ушунчалык кылдат тандагандыктан, айланада ээнбаш жүргөн заттардын бир даанасы да клетканын уруксатысыз, туш келди анын эшиктеринен ичкери кире албайт. Клетканын ичинде ашыкча, максатсыз бир дагы молекула болбойт. Клетканын сыртына чыгуулар да ушул сыяктуу кылдат контрольдор, күчтүү текшерүүлөр натыйжасында жүрөт.
Мындан тышкары, клетка ар кандай тышкы коркунуч жана кол салууларга каршы өзүн коргой турган бир коргонуу системасына (иммундук системага) да ээ. Болгондо да, ичиндеги ушунча көп түзүлүш жана система, сансыз иш-аракеттерге карабастан, орточо бир клетканын көлөмү заманбап бир шаар сыяктуу канчалаган километр квадрат эмес, миллиметрдин 100дөн биринчелик гана.
Мына ушул дүйнөдөгү эң кичинекей жандыктын бул жерде кыскача бир канчасы санап өтүлгөн иштеринин ар бири, алдыда карала тургандай, өз-өзүнчө керемет.
Клеткадагы өндүрүш системасын дүйнөдө али теңдеши курула албаган, өтө алдыңкы технология менен иштеген кыялдагы бир заводго окшотсок болот. Бул кыялдагы завод көп сандагы жогорку технологиялуу бөлүктөрдөн турган жана ар бөлүгүндө ар кандай технологиялык продукттар өндүрүлчү ири бир объект. Продукттарынын бир бөлүгүн өз ичинде колдонот, бир бөлүгүн бир-бирине улап, жаңы өндүрүш жабдыктарын жасайт. Өндүргөн продукттарынын көпчүлүгүн болсо чийки зат жана жабдык (машина) катары сыртка жөнөтөт. Өндүрүштө минимум материал коротуп, максимум өндүрүмдүүлүккө жетет. Дүйнө жүзүндөгү эч бир завод жете албай турган деңгээлде экология досу. Калдыктарын өзү жок кылып, айлана-чөйрөнү дээрлик эч булгабайт.
Заводдогу өндүрүш жана операциондук системалары кемчиликсиз дизайн кылынган. Башкаруучулар, инженерлер, жумушчулар, кыскасы, бүт кызматкерлер өз кызматын эч кемчиликсиз орундатуучу жогорку сапаттуу робот жана компьютерлерден турат. Ал компьютер жана роботтор болсо фантастикалуу кинолордо гана кездешчү өтө жогорку деңгээлде.
Клеткадагы өндүрүш да ушул кыялдагы заводдогудай жасалат. Заводдогу роботтор менен машиналардын ролун клеткада «фермент» деп аталган өзгөчө процесстер үчүн адистешкен татаал түзүлүштүү белок молекулалары аткарат. Заводдогу маалыматтарды сактаган жана башкаруу ролун аткарган компьютерлердин ордуна клеткадагы маалымат жана башкаруу бул багытта адистешкен, көп сандагы атомдун биригишинен түзүлгөн, чоң, спираль формасындагы бир молекула тарабынан жасалат: «ДНК» молекуласы.
Эми бул керемет молекуланын өтө таң калыштуу түзүлүшүн жана жасаган керемет иштерин карайлы.
1-A. I. Oparin, The Origin of Life (New York: Dover Publications, date), p. 196.
2-Klaus Dose, "The Origin of Life: More Questions than Answers," Interdisciplinary Science Reviews, Vol. 13, No. 4, (1988): p. 352.