Бүт адамдардын өмүрүндө өтө кызыктуу бир окуя, сөзсүз, бар болушу керек. Бирок ал окуя канчалык кызыктуу болсо да, башыбыздан өткөн жана учурда көп адамдар сезип да койбогон чоң окуяга салыштырмалуу өтө жөнөкөй болуп калат. Ал окуя башталган күнү – өмүрүңүздөгү эң маанилүү күн. Мектепке окуп баштаган күнүңүз, жумушка кирген күнүңүз, үйлөнгөн күнүңүз, жана ушуларга окшогон бүт күндөрдөн алда канча маанилүү бир күн. Ал күн сиз «бөлүнүп» баштаган күн.
Figure 7.1 - A newly fertilized egg cell surrounded by sperm cells |
Азыр канча жашта болбоңуз, бүгүнкү датадан жашыңызды жана болжол менен тогуз айды кемитсеңиз, ошол бөлүнүү күнүнө жетесиз. Ал кезде сиз бир гана клеткадан турчусуз. Энеңиздин курсагында жаңы уруктанган бир даана жумуртка клетка азыркы «мен» деген нерсеңизди түзчү. Анан бөлүнүп, эки жаңы клетка болдуңуз. Анан кайра бөлүндүңүз, төрт клетка болдуңуз. Бул бөлүнүү тездик менен уланды. Белгилүү убактан соң –эмбрион деп аталган- бир тиштем эт болдуңуз. Анан сөөктөрүңүз, тамырларыңыз, жүрөгүңүз, териңиз, көзүңүз, кулагыңыз, ички органдарыңыз пайда болду. Белгилүү убактан соң жүрөгүңүз согуп баштады. Көрүп, угуп, сезип, сүйлөп жана ойлоно турган абалга келдиңиз.
Жана булардын баары көзүбүзгө көрүнбөгөн бир клетканын бөлүнүп башташынан келип чыкты. Жер жүзүндө жашаган жандыктардын баары, адам денесинен бир атка, пилге же бир чиркейге чейин баары бир кездерде жалгыз клетка гана эле. Бирок ар жолкусунда ал жалгыз клетка бөлүнүп көбөйдү жана аягында ошол алгачкы клеткадан 100 миллион эсе чоң, 6 миллиард эсе оор болгон адамдар дүйнөгө келишти.
Figure 7.2 |
Жогоруда сөз кылынган «бөлүнүү» процесси, албетте, жөнөкөй бир иш эмес. Бөлүнүп көбөйүү үчүн алгачкы клетка өзүнүн копиясын жасашы, ал копиялар да кезеги келгенде бөлүнүп өзүнө окшош копиялар жасашы, ошентип убакыттын өтүшү менен бир клеткадан миллиондогон копия пайда болушу керек. Бирок бул процесстердин баары көрүнгөндөн алда канча татаал жана табышмактуу. Себеби бөлүнүү процессинин бир этабында копияланган клеткалардын кээ бирлери кайдан келгени белгисиз болгон бир буйрук менен башка «бир туугандарынан» айырмаланып, такыр башка формада болуп башташат. Натыйжада орток бир баштапкы клеткадан келип чыккан клеткалар бөлүнүү процессинде акырындап бир-биринен айырмаланып башка башка кыртыштарды жана орган системаларын түзүшөт. Кээ бирлери жарыкты сезүүчү көз клеткаларын, кээ бирлери боор клеткаларын, кээ бирлери ысык-суукту же ооруну кабылдоочу нерв клеткаларын же үн толкундарын сезе турган клеткаларды түзүшөт.
Мындай эмгек бөлүшүү кантип жасалат; бир клетка өз башынча көз клеткасы болууну чече албайт, андай болсо бул чечим кимге тиешелүү?
Бул клеткалардагы ДНК, б.а. генетикалык маалымат бирдей. Ортодогу айырма болсо – алар өндүргөн белоктордо. Башка башка белокторду өндүргөн эки клетка түзүлүшү жагынан да ар түрдүү болуп калат. Бул бир тууган клеткалар бир клеткадан келип чыгып, бирдей генетикалык маалыматка ээ болуп туруп, кантип бир кезде башка башка белокторду өндүрүп, түзүлүшү жана өзгөчөлүктөрү жагынан бир-биринен айырмаланып башташат? Толугу менен бир-биринин копиясы болсо, аларга башка башка белокторду өндүрүү буйругун ким берген?
Бул суроолордун баары, албетте, бул жерде бир жаратуу бар экенин апачык көрсөтүүдө. Куранда бизге адамдын жаратылуусу төмөнкүдөй баяндалат:
Ант болсун, Биз адамды сүзүп (тандалып) алынган бир ылайдан жараттык. Кийин аны бир суу тамчысы абалында бекем корголгон бир жерге жайгаштырдык. Кийин ал суу тамчысын бир алак (эмбрион) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 12-14)
Адам клеткаларынын бөлүнүү процессинде кемчиликсиз бир эсеп жана гармонияда адам денесин пайда кылышынын сыры жогорудагы аяттарда айтылган жаратуу сырынан, Аллахтын чексиз кудуретинен келип чыгууда. Ар бир клетка Аллах ага тапшырган кызматты орундатып, Ал ага «Бол» буйругу менен эмне болууга буйруса, ошого айланууда. Ушул себептен адамдын денеси Аллахтын эрки менен, эч бир эрки жок клеткалар тарабынан кооз келбетте жасалат. Клеткалар бөлүнүп көбөйүшүп, кемчиликсиз бир адам мурдун, колун, көз кабагын же бөйрөктү пайда кылышат. Керегинче көбөйүп, өз убактысында токтошот. Бул клеткалардын контрольсуз көбөйүүнү уланта бербеши, мисалы, адам мурдун бир пилдин мурдундай кылып салбашы алардын контрольдонуп тураарын апачык көрсөтөт. Б.а. бул аң-сезими жок, аңкоо жандыктардын өтө ылдам бөлүнүшү натыйжасында ички органдары жагынан да, тышкы көрүнүшү жагынан да, кемчиликсиз, келбеттүү бир адамдын келип чыгышы Аллахтын чексиз кудуретинин далилдеринен.
Адамды жараткан эрк бул клеткаларга тиешелүү эмес. Жаратуучу бир гана Аллах; Ал бүт ааламды Өзүнө моюн сундургандай, адам денесиндеги эң кичине бөлүктү да буйругуна моюн сундурган. Куранда мындай деп айтылат:
Күмөнсүз, жерде жана асманда Аллахка эч нерсе жашыруун калбайт. Жатындарда силерге каалагандай келбетти Ал берген. Андан башка кудай жок; улуу жана кудуреттүү, өкүмдар жана даанышман. (Али Имран Сүрөсү, 5-6)
Башка бир аятта адамдарга төмөнкүдөй кабар берилет:
Аллах жер бетин силер үчүн бир тегиздик, асмандарды бир там кылды; силерге келбет берди, келбетиңерди эң кооз (бир көрүнүш жана чеберчиликте) кылды жана силерге кооз-таза нерселерден ырыскы берди. Мына силердин Раббиңер – Аллах ушул. Ааламдардын Раббиси Аллах – кандай Улук. (Момун сүрөсү, 64)
Башка аяттарда болсо Аллах мындай деп билдирет:
Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап-жаңылтып койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)
Адамдын Аллах тарабынан жаратылганы апачык көрүнүп турат. Кайсы жакты караса да, жаратуунун издерин көрө алат. Бирок адамдын ойлорун бүдөмүккө салган жана аны бул улуу чындыкка карата сокур кылган, жогорудагы аятта айтылгандай «алдап-жаңылткан» бир нерселер бар. Эволюция – мына ушул «алдап-жаңылтуучулардын» алдыңкыларынан. Бирок ааламдын эң улуу акыйкатын жокко чыгарууга аракеттенген бул теория, жашоонун ар бир этабы каралган сайын, табигый түрдө дагы бир жолу кыйроого туш болууда.
Жогоруда каралган клетканын бөлүнүү процесси да ушулардын бири. Эволюциянын өжөр жактоочуларынан немец илимпоз Гоймар фон Дитфурт (Hoimar von Ditfurth) эне курсагындагы табышмактуу өрчүү жөнүндө мындай дейт:
Жалгыз жумуртка клеткасынын бөлүнүшүнүн кантип бир-биринен ушунчалык айырмалуу сансыз клетканын келип чыгышына жол ачаары, ал клеткалар арасында табияттан бар болгон байланыш жана кызматташтык илимпоздордун акылы жетпеген окуялардын башында турат. Учурда окуяларды аздыр-көптүр түшүндүрө ала турган теориялык негиздер түзүлгөнү менен, окуя толугу менен бир суроолор жыйындысынан турууда.13
Фон Дитфурт эволюциянын жеңилүүсүн жашыруу үчүн керектүү «теориялык негиздер» бар деген мааниси жок бир кошумча жасаганы менен, окуянын эволюция тарабынан эч түшүндүрүлө албашын кабыл алууга мажбур. Эволюциянын башка алдыңкы жактоочулары да бир клетканын өрчүп, ар башка орган, кыртыштарды түзүп, 100 триллион клеткалуу бир адамга айланышын түшүндүрө албай, бул кереметти эволюциянын караңгы бир чекити дешүүдө.
Figure 7.4 |
Жогоруда клеткалардын бөлүнүү жана ар башка клеткаларга айлануу процессинен үстүртөн гана сөз кылдык. Иш жүзүндө бул окуя өтө татаал жана детальдуу.
Бөлүнүү натыйжасында бир-бирине опокшош эки клетка келип чыгат. Ал эки клетка да чоңоюп бөлүнүп, бир-бирине окшош төрт клетка пайда болот жана бул процесс ушундайча уланат. Эгер бул «нормалдуу» процесс улана берсе, эне курсагынан бир наристе эмес, чоң бир эт жыйындысы чыгат.
Бирок кээ бир бөлүнүүлөрдөн соң түзүлүшү жана функциясы жагынан бир-биринин копиясы болушу керек болгон клеткалардын бирөөсүндө бир ачкыч буралгандай болот. Жана клетка бөлүнүүнү улантуунун ордуна бир заматта өз түзүлүшүн аныктай турган өзгөчө бир белокту өндүрүп баштайт. Берки клетка болсо эгиз бир тууганындай болуп бир нерсе өндүрбөйт жана бөлүнүүсүн уланта берет. Андан төрт-беш бөлүнүүдөн соң келип чыккан клеткалардын бири дагы бир заматта башкача болуп калат. Ал да такыр башка бир белок өндүрүп баштайт. Ошентип бирдей түзүлүштөгү клеткалардан бир-биринен башка башка өзгөчөлүктүү жүздөгөн клетка келип чыгат.
Figure 7.3 |
Эволюционисттер айткан «илим» бүт бул окуяларга байкоо жүргүзө алат, бирок логикасын түшүндүрө албайт. Эволюционисттер кабыл алгысы келбеген бир Эрк убактысы келгенде клеткага бөлүнүү же башка клеткага айлануу буйругун берүүдө. Бирок, китептин башында айтылган пульт менен башкарылчу машина мисалындагы сыяктуу, эволюционист бул процессти тантык ойлору менен «түшүндүрүүгө» аракет кылат. Бул окуяларды «табият керемети» деп атоо сыяктуу.
Башка башка клеткаларга айлануу процессинде клеткалар өз кызматын билгендей кыймыл-аракет жасашат. Өндүргөн белоктору эле эмес, өз формалары да келечектеги кызматына ылайык өзгөрөт. Нерв клеткасы боло турган клеткалар электрдик сигналдарды өткөрүүгө мүмкүн боло тургандай, созулган форманы алышат. Муун клеткалары болсо басымга чыдамкай болгон тоголок форманы тандашат.
Сөөк клеткалары да башкалар сыяктуу эмбрион этабында пайда болот. Кадимки көрүнүштөгү кээ бир клеткаларда көзгө көрүнөөрлүк эч бир себепсиз кальций чогулуп баштайт жана натыйжада өтө катуу бир кыртыш келип чыгат. Бул катуу кыртыш өтө күчтүү, канчалаган килограмм салмакты өмүр бою көтөрүп жүрө ала турган касиетте жасалган. Сынган кезде өзүн кайрадан оңдой алат. Андай чыдамкайлыктагы бир затка салыштырмалуу бир топ жеңил. Ичиндеги боштуктар жеңил, ийкемдүү жана чыдамкай болушуна шарт түзөт.
Эгер сөөктүн ичинде бул боштуктардын ийкемдүүлүгү болбогондо, кичине эле соккуда сөөк сынып кетмек. Учурдагы заманбап курулуштарда колдонулган «тор (капас) системалары» сөөктөгү ушул кемчиликсиз түзүлүштү тууроодон келип чыккан. Булар сөөктөгүдөй чыдамкайлык менен ийкемдүүлүктү камсыз кылышат.
God brought you out of your mothers’ wombs knowing nothing at all, and gave you hearing, sight and hearts so that perhaps you would show thanks. |
Examples of Simple Epithelial Cells | ||
Type: Cells in the form of simple scales (squamous cells) | Type: Simple cubic | Type: Simple column-shaped cells |
Connective Tissue Cells | ||
1. Elastic fiber | 1. Collagen tissue | 1. Fat Droplets |
Type: Loose | Type: Dense and tightly packed | Type: Fat storage |
Skeletal, Smooth and Heart Muscle Cells | ||
1. Width of heart cell | 1. Cells, here shown separated for clarity | 1. Regions where adjacent cells are fused together |
Type: Skeletal muscle | Type: Smooth muscle | Type: Heart muscle |
Figure 7.5 |
1. Capillary |
Эне курсагында акырындап пайда болгон ар түрдүү клеткалардын эмбрион өрчүгөн сайын бир-бирине муктаж экени ачыкка чыгат. Булчуң клеткалары аларга кычкылтек ташый турган кызыл кан клеткаларына муктаж. Кызыл кан клеткалары болсо пайда болуу үчүн жилик чучугу клеткаларына муктаж болушат.
Бирок эмбриондун өрчүү этабында колдоно турган булчуңу да, булчуңга муктаждык жарала турган бир шарт да болбойт. Кан клеткаларын ташый турган бир айлануу системасы да жок. Ушундай шартта эне курсагындагы «бир тиштем эт» келечекти көрүп, келечекте кабыла турган чөйрөгө, муктаж боло турган өзгөчөлүктөргө жараша керектүү материалдарды алдын ала ойлонуп өндүрөт. Мындай өндүрүштү жасоо үчүн клетканын маалымат кампасы болгон ДНКдагы керектүү маалыматтардын файлдары (гендери) алдын ала белгилүү бир убакта ачылышы керек. Мындай убакыт пландоосун клеткалардын жасай албашы, бул системанын клетка ичинде программаланган абалда даяр тураары анык. Жана албетте, ар бир программанын бир программисти болгон сыяктуу, клетка ичинде программаланып даяр турган бул системанын ээси – бул бүт нерсенин Жаратуучусу Аллах.
1. Dendrite | 7. Node of Ranvier 8. Central extension 9. Neuron-muscle connection 10. Myelin sheath 11. Axon terminals 12. Muscle | |
Figure 7.7 NERVE CELLS As can be seen, nerve cells have been created differently, depending on their different duties. Two different extensions transmit signals between nerve cells: dendrites, which receive incoming signals, and axons, which pass them on. a) A nerve cell with needle-like dendrites and a single axon b) A brain cell with many dendrites and a single axon. The dendrites connect to hundreds of other brain cells. c) A motor neuron signaling a muscle cell. Generally, motor neurons have one axon, which binds to the cell that they stimulate. d) A spinal nerve cell, which generally has two types of extension. One transmits the signal received from receptor cells to the body of the cell, and the other transmits it to the brain or spine. |
Figure 7.8 A brain cell with hundreds of connections |
Адам денесинин өрчүшүн бир имараттын курулушуна окшоштурган элек. Имараттын курулушу сыяктуу клетканын жасалышында да белгилүү бир план колдонулат. Бирок организмди куруу үчүн курулуш планынын өзү эле жетиштүү болбойт. Ошол эле учурда кайсы иштин качан, кандай кезек менен жасалаарын көрсөткөн бир убакыт планы да талап кылынат. Курулуштун каерде жана качан башталаарын жана пландын ар бир бөлүгүнүн кандай кезек менен жасалаарын көрсөткөн долбоорлор жок болсо, эң жакшы план да бир ишке жарабайт. Бир имаратты куруп жатканда пайдубалдан баштап, дубалдар бүткөн соң эң аягында чатырды коюу керек экенин билебиз. Бирок электр менен сууну тартып бүтпөй туруп шыбакка өтө албайбыз. Дубал курулуп жаткан кезде эле кийин электрдик кабельдер менен суу түтүктөрү ичинен өтө турган керектүү боштуктар калтырылышы керек болот.
Ар кандай курулушта колдонулган бир курулуш планынан тышкары, кылдат бир убакыт жөнгө салынуусу да бар.
Адамдын курулушу менен клеткалар үчүн да ушундай бир пландоо талап кылынат. Бирок клеткаларда кайсы пландын беркисинен мурдараак жасалаары жөнүндө дээрлик эч маалымат жок. Клетканын колундагы пландын кайсы бөлүгүн качан токтотушу керек экенин жана муну кимдин контроль кылаарын биологдор алигече таба алышкан жок. Кээ бир гендер, б.а. ар бир өзгөчөлүк менен органга тиешелүү файлдар дал керектүү учурда жана туура убакта тосулуп, кээ бирлериндеги кулпулардын кантип алып салынаары, басып туруучу гендер менен басымды алып салуучу гендерди ишке киргизүүчү буйруктарды кимдин берээри илимпоздор үчүн толугу менен белгисиз, жооп күткөн суроолор болууда.
Figure 7.9 Rod and cone cells found in the eye, which convert the image formed on the retina into electrical signals passed along to the brain |
Көзгө көрүнбөгөн бир бийлик гендердин керектүү убакта жана керектүү жерде, кантип, качан ишке киришиши керектигин аныктоодо. Натыйжада ар бир клетка өзү адистеше турган тармагында өндүрүштү баштап, керектүү белокторду жасайт. Мисалы, тери клеткалары кератин деп аталган өзгөчө бир белокко бай. Кератин териге атайын коргоо касиетин берүүчү белок. Булчуң клеткалары миозин деп аталган бир белок менен оролгон. Бул белоктун өзгөчө касиети – бул анын башка белок менен өз ара таасирге кирип узундугун өзгөртө алышы. Ушундайча булчуң жипчелеринин жыйрылышына шарт түзөт. Мээ клеткалары болсо электрдик заряд өткөрүүгө көмөкчү белокторду камтышат. Башка бүт адистешкен кыртыштардын клеткалары клетканын өзгөчө мүнөзүн аныктоочу өзгөчө белокторду өндүрүшөт.
Ошентип кээ бир клеткалар тери клеткасы болуу үчүн кератин өндүрүп, башкалары булчуң клеткасы боло алуу үчүн миозин өндүрүп башташат. Негизи бүт клеткалардагы ДНКларда кератин үчүн да, миозин үчүн да керектүү бүт гендер болот. Башкача айтканда, гендер колдонууга даяр абалда күтүшөт. Бирок тери клеткаларында кератин үчүн керектүү гендер колдонулуп, миозин менен байланыштуу гендер аттап кетилет. Кабарчы РНКны өндүргөн фермент ДНКдан кератин менен байланыштуу гендерди гана окуп, аларды клетканын өндүрүш борбору болгон рибосомага алпарат. Натыйжада клетка миозин же өзүнө тиешесиз башка кандайдыр бир белокту эмес, кератинди өндүрөт. Эми башка кайсы бир клетка эмес, тери клеткасы абалына келген болот. Булчуң клеткаларында болсо ДНКнын миозин өндүрүүчү гени окулат, кератин менен байланыштуу ген аттап кетилет.
Эмбрион өрчүп жатканда, ДНК программалуу бир кезек менен гендеринин ар бирин кезеги келгенде колдонуп, калгандарын аттай алышы керек болот. Белгилүү түрдөгү бир клетканын пайда болушу жүздөгөн белок талап кылат. Башкача айтканда, бул клеткаларда бир канча ген колдонулуп, бир топ көбү болсо (башка клеткалар адистешкен белокторду коддогон гендер) колдонулбайт. ДНК бүт гендер менен бирге ал гендердин качан ишке кошулаарын, качан кошулбашын да билиши керек. Эгер ДНКнын мындай контролу болбосо, б.а. клеткалар муктаж болгон гендер менен бирге керексиз башка гендер да ишке киришсе, дене бир-бирине аралашып кеткен ар кандай түрдөгү клеткалардан турган бир эт тобуна айланат.
Натыйжада кайра эле бир чындыкты көрөбүз. Бул жерде керемет бир план менен акыл бар, бирок көрүнүштө мындай акылы бар эч нерсе жок. Бул бизге төмөнкү чындыкты көрсөтөт: бүт бул пландын жана керемет системанын ээси ааламдардын Рабби Аллах жана Андан башка Кудай жок.
Эне курсагындагы өрчүү учурунда миллиарддаган клетканын ар бири өзүнө тиешелүү жерге жайгашышы керек. Бул үчүн клеткалар эмбрион ичинде пайда болгон жерден өзүнүн ордун көздөй таң калыштуу бир сапарга чыгышат. Бул «клетка көчү» деп аталат. Бул сапар учурунда бара турган даректин тууралыгы да, убакыт да өтө маанилүү. Эне курсагындагы бул өрчүү учурунда миллиметрдин жүздөн бириндей кичинекей бир орун жаңылыштыгы, же секунданын жүздөн бириндей бир убакыт жаңылыштыгы буттарды баштан, кулактарды көкүрөктөн чыгарып коюшу мүмкүн. Бирок система ушунчалык керемет иштегендиктен, эч бир ката кетирилбейт.
Клеткалар бара турган жерине чейин эмбрион ичинде узун сапар жасайт, бул сапарда атайын бир жолдо жүрүшөт. Бара турган жерине жеткенде ал жерди таанып токтошот. Б.а. миллиарддаган клетка жүрө турган жолдорун, бара турган жерлерин алдын ала билишет жана, ал тургай, жолго чыгууну, өз ордуна жеткенде болсо токтоону чечишет. Бул процесстердин натыйжасында, мисалы, эч качан ашказан клеткалары менен боор клеткалары бир-бирине аралашпайт. Эч кемчиликсиз иштеген ички органдар, колдор, буттар, б.а. адам денесиндеги органдар аралашып, бир эт жыйындысына айланышпайт. Башындагы бир тиштем эт ошентип акырындап адам формасына келет. Бүт бул процесстер учурунда кичинекей бир башаламандык да, тартипсиздик да болбойт.
Бул кубулушта көчкөн клеткалар менен алар жеткен жерде кармана турган клеткалар бир-бирлерин тааныгандай кыймыл-аракет жасашат. Мисалы, нерв системасы өрчүп жатканда миллиондогон нейрон (нерв клеткасы) бир-бири менен байланыш куруу үчүн түгөйлөрүн табууга аракет кылаары байкалган. Түгөйлөрүн таап эле тим болбой, пайда кыла турган органдын формасын жана түзүлүшүн курай турган укмуш бир инженерия долбоору негизинде катасыз биригишет. Мисалы, мээ клеткалары араларында керектүү маалыматтык байланышты камсыз кыла турган болжол менен 120 триллион электрдик байланышты түзүшөт. Бул эч теңдешсиз, керемет электрондук жабдыкта бир эле туура эмес байланыштын же чукул туташуунун (короткое замыкание) эмнеге алпараарын болжолдоо кыйын эмес.
Триллиондогон клетканын бир-бири менен гармонияда кыймыл-аракет жасаарын, жана триллиондогон клетканын катасыз бир эсеп жана план менен түгөйлөрүн табаарын айттык. Бирок эч кандай ойлонуу, пландоо, жолун табуу сыяктуу жөндөмдөрү болбогон клетканын мындай башаламандыктан өз алдынча чыгышы жана жолун таап туура жерге жетиши мүмкүн эмес. Ага жолун көрсөткөн, барышы керек болгон жерге жеткирген, бүт нерсени контрольдоп, башкарып турган бир күчтүн жол башчылыгы астында кыймылдаары апачык көрүнүп турат. Ушул себептен жолунан адашпайт, жаңылып башка жерге барбайт же түгөйлөрүнөн жаңылышпайт.
Эне курсагындагы өрчүүдө байкалган дагы бир керемет болсо – бул органдардын бир учурда, бирдей катышта чоңоюшу.
Ар бир органдын белгилүү бир чоңдугу бар. Ал чоңдукка эч кем же ашыкчасыз жете алышы үчүн болсо өрчүүнүн убактысы абдан жакшы жөнгө салынышы керек. Кол, бут, кулак, көз сыяктуу бүт жуп органдар бир учурда калыптанып баштап, чоңоюшу бир учурда токтошу керек, чоңоюу токтогондо бирдей чоңдукка жеткен болушу зарыл. Ошондой эле, пайда болгон органдардын симметриялуу болушу да клеткалардын бирдей, туура мөөнөттө кыймыл-аракет жасашы натыйжасында келип чыгат.
Органдардын бир убакта чоңоюшунун канчалык улуу жана маанилүү бир керемет экенин мунун тескерисин ойлогондо жакшыраак түшүнөбүз. Органдар ар кандай ылдамдыкта, бир-биринен көз-карандысыз чоңойот деп элестетели. Мындан келип чыга турган балээни элестете аласызбы? Мисалы, мээнин аны ороп турган баш сөөгүнөн ылдамыраак чоңоюп жатканын элестетиңиз. Көлөмү жетиштүү деңгээлде чоңойбогон баш сөөгү мээни кысып, анын эзилишине, натыйжада наристенин кыска убакытта өлүмүнө себеп болмок. Же болбосо, мээ баш сөөгүн талкалап чыгып чоңоюшун улантмак, аягында мээси да, баш сөөгү да жабыркаган бир түрү суук көз жармак. Же тери дене сөөгүнө караганда жайыраак өрчүсө, бат чоңойгон скелет менен кол-буттар терини алгач чоюп, белгилүү убактан соң айрып чыгып чоңоюуну улантышмак. Аягында бетинде оңдоого мүмкүн болбогон тери бөлүктөрү бар, жамактуу жана жийиркеничтүү бир көрүнүштөгү бир дене келип чыкмак. Бул багытта клетка мембранасы менен клетка органеллдеринин гармониялуу өрчүшүнөн скелет менен ички органдар арасындагы тең салмактуу чоңоюуга чейин көптөгөн мисалдарды берүүгө болот.
Muscular System Facilitates movement. Maintenance of posture. Heat production. | Skeletal System Protection and support of organs. Production of blood cells. Storage of calcium andphosphate. | Nervous System Detection of internal and external stimuli. Control and coordination of responses to stimuli. Integration of all organ systems' activities. | Endocrine (Hormonal) System Hormonal control of bodily functions. Works in harmony with the nervous system. | Circulatory System Transport of many substances to cells and waste products away from cells. Stabilization of pH and internal temperature. |
Lymphatic System Return of cellular fluid to blood. Important role in immune system. | Respiratory System Provides oxygen to cells and removes waste CO2 from body. | Digestive System Digestion of nutrients, preparation of nutrients for energy production. | Urinary System Removal of waste fluids from cells. | Reproductive System Male: Production and transport of sperm. |
Figure 7.10 |
Бул саналган балээлердин баарынын «кокустуктар натыйжасында» боло турган бир өрчүүнүн табигый натыйжалары болоорун унутпаш керек. Башкача айтканда, эгер адам эне курсагында «кокустуктар натыйжасында» өрчүп жаткан болсо, жогоруда саналган өлүмчүл кырсыктардын келип чыкпашына эч бир себеп жок. Булардын келип чыкпашынын жана биздин дүйнөгө келбеттүү бир адам кейпинде келишибиздин жалгыз себеби – Аллах тарабынан контрольдонгон бир жаратуу менен жаратылышыбыз. Куранда адамдын жаратылуусу жөнүндө мындай деп айтылат:
Аллах силерди энеңердин курсагынан эч нерсе билбеген абалыңарда чыгарды жана шүгүр кылышаар деп угуу, көрүү (сезүү органдарын) жана көңүлдөр берди. (Нахл Сүрөсү, 78)
Башка бир аятта болсо адамдын жаратылуусу төмөнкүчө баяндалат:
Силерди бир напсиден (жандан) жаратты, анан андан өз жубайын жаратты жана силер үчүн малдардан сегиз жуп түшүрдү. Силерди энелериңердин курсактарында, үч караңгылык ичинде бир жаратылыштан соң (башка бир) жаратылышка (айлантып) жаратууда. Раббиңер Аллах мына ушул, мүлк Аныкы. Андан башка кудай жок. Ошого карабастан, кантип бурулуп (адашып) жатасыңар? (Зүмер Сүрөсү, 6)
Эне курсагындагы өрчүү жүрүп жатканда, жогоруда айтылгандардан да керемет бир окуя болот: бөлүнгөн клеткалар көбөйүүнү улантып жатышканда кээ бир клеткалар өздөрүн өлтүрүп органдардын бир формага келишине шарт түзүшөт. Мисалы, кол же буттун өрчүшү учурунда кээ бир клеткалардын белгилүү бир калыпка жараша өлүшү манжалардын келип чыгышына шарт түзөт.
Албетте, бул жерде мындай суроо туулат: бул өлгөн клеткалар кол менен буттун формасын алдын ала билишип, келечекте төрөлүп жашап баштай турган жандык аларды колдонсун деп өздөрүн өздөрү өлтүрүп, башка бирөө үчүн өз жанын кыйышабы? Өлгөн клеткалар эмне үчүн өлгөнүн эле билип тим болбостон, ал үчүн өлгөн органдын түзүлүшүн, формасын, ал тургай, ал органдын иштөө механизмдерин да билүүлөрү керек.
Figure 7.11 |
Бир саамга булардын баарын алдын ала абдан жакшы билишет деп кабыл алалы. Бул жерде да эволюциянын логикасын тамырынан кыйраткан бир жагдайды көрөбүз. Эволюция ар бир жандык жашоо үчүн күрөшөт деген көз-карашка таянат. Бул жерде болсо кээ бир клеткалар адамдарда да сейрек кездешүүчү мындай бир жан аябастык сезимине кантип жетишишкен?
Чындыгында, бүт нерселер сыяктуу адамдын дене өзгөчөлүктөрү да Аллахтын эрки жана буйругу менен пайда болот. Бир аз мурда айтылгандай, колуңузду сиз бир эмбрион кезиңизде Аллах аларга өлүүнү буйруган клеткалардын өлүмдөрү натыйжасында колдун формасын пайда кылышына карыздарсыз. Адамдын жүзүнүн формасы, аны бой көтөрткөн сулуулугу, бою жана өзүмдүкү деп ойлогон башка бүт өзгөчөлүктөрү «клетка» деп аталган кичинекей жандыктарга Аллах тарабынан жасатылган кыймыл-аракеттер натыйжасында келип чыгат.
Бир аятта Аллахтын жаратуусу төмөнкүчө сүрөттөлөт:
«Ал Аллах, жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү.» (Хашр Сүрөсү, 24)
Бул жаратуу ушундай керемет болуп; бир эт жыйындысынын бир канча миллиметрлик бир жапкыч (тери) менен оролушу натыйжасында эң сулуу жандык болгон адам келип чыгат.
Бүт адамдардын мурду дээрлик бирдей чоңдукта болот. Мунун миңдеген жылдан бери дээрлик бирдей калышынын себеби – мурун калыптанып жатканда клеткалардын белгилүү убактан соң бөлүнүүнү токтотуп органдын белгилүү бир чоңдукта калышына шарт түзүшү. Натыйжада эч кимдин мурду пил мурдундай узун да болбойт, эч кимдин бетинде толук өрчүп бүтпөгөн жарым бир мурун да болбойт. Бүт органдар бир-бири менен гармонияда дайыма аларга буйрулганчалык чоңоюшат.
Көлөмдөрү бирдей болгонуна карабастан, бүт адамдардын жүзүнүн ар кандай болушу өзүнчө бир керемет. Бүт адамдардын эки кулагы, эки көзү, эки кашы, бир мурду жана бир оозу бар, бирок дүйнөдө жашаган миллиарддаган адамдын ар биринин жүзү ар башка. Б.а. бул кемчиликсиз уюштуруу ар адамда ар башка болуп, сансыз көп түрдүүлүк келип чыгат.
Аллах кээде бул кемчиликсиз системанын канчалык чоң бир жакшылык экенин эскертүү үчүн адамга сабак болчу нерселерди да көрсөтөт. Аллахтын бул пландоону кичине өзгөртүшү натыйжасында олуттуу майыптыктар, ал тургай, түрү сууктар келип чыгат. Ошондой эле, Аллахтын буйругу менен клеткалар бөлүнүүнү токтото албай, көбөйүүнү улантышканда болсо рак деп аталган оору келип чыгат. Мындагы даанышмандыктардын бири – адамга колундагы бүт нерсеси үчүн Аллахка шүгүр кылышы керектигин эскертүү. Эгер Ага шүгүр кылбаса «...сени топурактан, анан бир тамчы суудан жараткан, анан сени жарашыктуу бир адам кылганды тандыңбы?» (Кехф Сүрөсү, 37) суроосуна туш болуп, акыретте тангандыгынын (каапырдыгынын) жазасын тартат.
Көзүңүз менен эч качан көрө албаган, күнүмдүк жашооңузда эч сезбеген, маани да бербеген кандайдыр бир органыңыздагы кайсы бир клетка... Бул клетка башка триллиондогон достору менен гармонияда жашап жатканда, бир заматта эмнеден келип чыкканы белгисиз бир катанын себебинен кылбашы керек болгон бир нерсени кылып баштаса эмне болот? Бул кичинекей жандык ошол күнгө чейин 24 саат өз милдетин жасап жатып, бир заматта башка бир ишке киришсе, болгондо да, бөлүнбөшү керек болгон бир учурда бөлүнүп баштаса жана айланасына эч маани бербестен көбөйүүнү улантса эмне болот?
Сиз эч сезбеген мына ушул кичинекей жандык миллиондогон адамдын өлүмүнө себеп болгон рак клеткасы болуп калат.
Рак – жалпысынын айтканда, клетка тарабынан жасалган жана себеби али аныктала албаган анормалдуу бир кыймыл-аракет. Бул анормалдуу кыймыл-аракет дененин ар кайсы жеринде кандайдыр бир клеткада жана ар кандай убакта башталышы мүмкүн.
Рак клеткалары кошуна жайгашкан нормалдуу клеткаларга караганда ылдамыраак көбөйүшөт. Мурдакы бөлүмдөрдө каралгандай, нормалдуу клеткалардын чоңоюу этаптары бар, бирок бул кийинчерээк жетилген кезде токтойт. Рак клеткалары болсо азык тапса эле, эч качан бөлүнүүнү токтотушпайт.
Рак клеткалардын айланаларындагы клеткалар менен болгон кадимки мамилелеринде бир өзгөрүү болот. Мурдакыга караганда көз-карандысыз, «өзүмчүл», ал тургай, «жаман кошунадай» мамиле жасашат. Мисалы, клетка жабышчаактыгын жоготушат. Мындай жабышчаактык өрчүүнүн эң негизги факторлорунун бири; бөлүнгөн клеткалар беттериндеги атайын белоктор аркылуу кошуналары менен бир-бирине жабышуу тенденциясында болушат. Нормалдуу клеткалардын бул негизги касиетинин жоголушу зыяндуу өсүүгө, б.а. ракка себеп болчу маанилүү бир жагдай болот.
Жогорудагы эки өзгөчөлүктүн биригиши, б.а. клетка бөлүнүшүнүн ылдамдыгынын өсүшү менен бирге, клетка жабышчаактыгынын жоголушу өлүмгө алпарат. Бул жаңы жана тоң моюн, кызыктай бир кыртыштын пайда болгон жеринен тездик менен жайылып чоңоюшу деген мааниге келет. Мындан да жаманы болушу мүмкүн; рак клеткалары «метастаз» кылышы мүмкүн, башкача айтканда, кан айлануу аркылуу дененин башка жерлерине барып, ал жерде жаңы рак клеткалары колонияларын пайда кылышы мүмкүн. Акырындап бул зыяндуу клеткалар ичинде пайда болгон денени өлтүрүшөт.
Нормалдуу клеткаларда бөлүнүү программасын токтотуучу чектөөлөр менен тыюулар бар. Клетка бөлүнүшүнө клеткалар белгилүү бир боштукту толтурганда же алдын ала белгиленген бир жыйынды массага жеткенде тыюу салынат. Бул чектин эмнелиги, кантип иштеши, бөлүнүүнүн башталыш жана бүтүү буйруктарынын кайдан келээри медицинада азырынча белгисиз. Бул тыюулардын жоюлушунун рак башталды деген мааниге келээри гана белгилүү.
Рак клеткалары азык тапса эле болду, чексиз көбөйө беришет. Азык булагын болсо ичинде жашап жаткан дене камсыз кылат. Денеде 100 триллион клетканы азыктандырган кан айлануу системасы, б.а. кан рак клеткаларга да азык алпарат. Рак клеткалары тездик менен көбөйүп, тамырлар бул ач көз жандыктарды азыктандырууга жетишсиз болуп калат. Бирок рак клеткалары бул тоскоолдуктан да өтүшөт. Жакындарындагы тамыр клеткаларын жаңы кан тамырларды өндүрүүгө мажбурлашат. Кан тамырлары натыйжада рак массасынын ичине чейин узарып, рак клеткалары кайрадан бөлүнүп башташат. Кан тамырлары чоңоюп, көбүрөөк азык ташыган сайын рак массасы да барган сайын чоңойот. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр рак клеткаларынын кан тамырларынын чоңоюшуна себеп болчу бир секреция чыгараарын көрсөтүүдө. Бул секрециянын эмне экени, өзгөчөлүктөрү жана клеткаларга кандайча таасир берээри медицина тарабынан али аныктала элек.
Бул чындап өтө таң калыштуу нерсе. Рак клеткасы өмүрүн улантуу үчүн заманбап технология менен синтезделе албаган, ал тургай, эмнелиги да эч аныктала албай жаткан бир затты чыгарууда. Ушундайча тамыр клеткаларына таасир тийгизип, өзүнө азык ташый турган жаңы тамырларды жасатууда. Бул жерде сөзсүз мындай бир суроо туулат: рак клеткасы бүт бул маалыматтарга кантип жеткен?
Бул ишти «өз башынча» жасай алышы үчүн тамыр клеткасынын көбөйүү механизминдеги биз билбеген сырларды түшүнүп, жана ал маалыматтардын негизинде өндүргөн затын чыгарып, тамыр клеткаларын ишке киргизиши жана өзүнө кызмат кылдырышы керек. Анда, рак клеткасын бизден өтө акылдуу деп кабыл алышыбыз керек болот.
Унутпаш керек болгон дагы бир маанилүү жагдай бар: денедеги ракты баштаган алгачкы оорулуу клетка да негизи жаралган кезден баштап рак клеткасы болбойт. Нормалдуу клетка кезинде бир заматта кайдан келгени белгисиз бир буйрук менен бузулат жана бир рак клеткасына айланат. Андай болсо, бир рак клеткасына кийин айланса, тамыр клеткаларына таасир тийгизип, ракты азыктандыра турган жаңы тамырларды өндүрүүчү жогоруда айтылган ал «укмуш» суюктуктун формуласын кайдан үйрөнүүдө?
Албетте, Аллахтын ушундай жол менен ракты жаратышынын артында улуу бир план жана маанилүү бир максат бар. Аллах рак аркылуу жараткан системасындагы кичинекей эле өзгөрүүнүн кандай оор натыйжаларга алып бараарын көрсөтүп, адамдарга Аллахтын алдындагы алсыздыгын эске салууда.
Ким билет, балким мындан белгилүү убакыт өткөн соң медицина ракты айыктыруунун чарасын табат чыгаар. Бирок бул чара табылганда, Аллах жараткан системанын канчалык керемет экени дагы бир жолу көрүнөт. Эгер бул көйгөй чечиле алса, жаратылган бир механизм терең изилденип, Аллахтын жаратуу чеберчилигиндеги назиктик, кемчиликсиздик, улуу акыл жана илим дагы бир жолу көз алдыга тартууланган болот.
Бир клетканын мындай токтотула алгыс болуп калышына эмнелер себеп болушу мүмкүн? Бул алигече белгисиз. Мындай бурулуунун машаасына эмненин басаары чоң бир суроо. Бирок денеде рактын башталыш формасы жөнүндө алынган кээ бир ачылыштар мутацияны, башкача айтканда, жалгыз (бир даана) клетканын ДНКсындагы бир өзгөрүүнү эске салууда.
Ракты мутация менен байланыштырган бул ачылыштар төмөнкүдөй:
1) Рак дайыма бир даана клеткадагы кокус бир өзгөрүү натыйжасында башталат.
2) Клетка оорулуу болуп калган соң андан чыккандардын баары оорулуу болушат. Б.а. жаман касиет клеткадан клеткага өтүүдө.
3) Рак клеткалары, белгилүү болгондой, алардан келип чыккан кадимки клеткаларга салыштырмалуу чыдамкайыраак болушат жана өмүрүн улантууда артыкчылыктуу болушат.
4) Ракка себеп болгон заттардын көпчүлүгү, мисалы, химиялык заттар, рентген нурлары жана ультра-кызгылт нурлар мутацияга да себеп болушат.
Ошондуктан рактын эң ыктымалдуу себеби – бул ДНКдагы бир өзгөрүү, б.а. мутация. Албетте, муну тескерисинче айтууга да болот; б.а. ДНКда өзгөрүүгө себеп болгон бир мутация адамдын рак болушуна себеп болот.
Бул болсо эволюция теориясын дагы бир жолу кыйраткан маанилүү бир далил. Себеби, эсиңизде болсо, эволюционисттер жандыктардын кантип бир тамырдан (бир «атадан») келип чыгып, ушунча көп түрдүү болуп калганын түшүндүрүү үчүн колдонгон эң негизги түшүндүрмөсү – бул мутация. Мутациялар жандыктарда «туш келди» өзгөрүүлөргө себеп болгон жана ал кокустуктардын кээ бирлери «пайдалуу» болгон; натыйжада пайдалуу бир өзгөчөлүк кошулган жаңы жандык түрлөрү келип чыккан дешет. Бирок, мурдакы бөлүмдөрдө да каралгандай, эволюционисттер мындай дегени менен, чындыгында «пайдалуу мутация» деген түшүнүк жок. Мутациялардын дээрлик бардыгы рак деген өлүмгө себеп болчу оорулар менен, Хиросима, Нагасаки, Чернобльдагы сыяктуу жарааттар менен аяктоодо. Көрүнүп тургандай, эволюционисттер түрлөрдүн келип чыгышын түшүндүрүү үчүн колдонгон акыркы чарасы мутациялар колдогу даяр системаны бузууда.
Мутациянын мындай зыяндуу өзгөчөлүгү натыйжасында ДНКда жазылган миллиондогон коддук маалыматтын кереметтүүлүгү дагы бир жолу көрүнөт. Өтө кылдат тактыкта жазылган ДНКнын өзгөрүшү жандыктын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Бир эле өзгөрүүнүн да ракка себеп болушу адамдын ДНКсынын жана натыйжада денесинин эч бир бөлүгүнүн кокустан пайда боло албашын дагы бир жолу апачык көрсөтөт.
Кыскасы, ден-соолук «кокустан» пайда боло албайт. Атайын жаратуунун натыйжасы, Аллах тарабынан берилген бир немат-жакшылык. Бул үчүн болсо Аллахка шүгүр кылуу керек. Себеби Аллах кааласа бул ден-соолукту оңой гана алып койо алаарын, дененин белгисиз бир жеринде өлүмгө алпарчу бир оору жаратып койоорун бизге күн сайын мисалдары менен көрсөтүүдө.
Адамдын милдети – ага ден-соолук берип, аны «келбеттүү бир адам кылган» (Кехф Сүрөсү, 37) Аллахка шүгүр кылуу. Ооруганда болсо оорунун да, шыпаанын да Андан келээрин билип, Аз. Ибрахим сыяктуу «ооруганымда мага шыпаа берүүчү Ал» (Шуара Сүрөсү, 80) деп Аллахтан жардам сурашы керек.
13-Hoimar von Ditfurth, Im Amfang War Der Wasserstoff, p. 126.