Баш Сөз

Бул китепте адам денесинин жана бүт өсүмдүк, жаныбар түрлөрүнүн негизги материалы болгон клеткалар каралат. Көп адамдын оюнда бул тема биологиянын же кандайдыр бир деңгээлде химиянын темасы болуп саналат. Алардын ою боюнча адам клеткасы жөнүндөгү бир китеп бир биология же бир химия китеби гана болушу мүмкүн. Бирок колуңуздагы бул китеп болсо бир химия же биология китеби эмес. Максат – окурмандын бул темадагы илимий маалыматын көбөйтүү, ага биологиялык терең маалыматтарды үйрөтүү да эмес. Себеби клетка жөнүндө биология билимин жогорулатуу адамга көп деле пайда алып келбейт. Мындай маалыматтар ансыз да мектептерде окуучуларга окутулат, бирок көпчүлүгү буларды кыска убакыт ичинде эч качан эстебей турган болуп унутат. Мунун себеби – мектептерде окуучуларга берилген мындай маалыматтардын толугу менен туура эмес бир логикага таяндырылып түшүндүрүлүшү.

Негизи ал туура эмес логика жаш өспүрүмгө кичинекейинен сиңирилип башталат. Жаш бала дүйнөгө байкоо жүргүзө баштагандан баштап айланасындагы нерселерге таң калып, суроолор узатат. Мисалы, күндү карап, таң калып, сурайт: кантип мынчалык чоң оттон турган топ абада турат жана адамдар үчүн эң ыңгайлуу аралыктан, эң ылайыктуу көлөмдө жылуулук менен жарык жөнөтөт? Аны ал жерге ким, кантип жана эмне үчүн жайгаштырган?

Бирок ал бала ушул сыяктуу суроолорго көбүнчө мындай жооп алат: күн миңдеген жылдан бери ошол жерде турат, бул өтө кадыресе бир нерсе. Мындан тышкары, аны ал жерге эч ким койгон эмес. Чоң бир жарылуу натыйжасында «кокустан» ошол жерге жайгашып калган, дүйнө да «кокустан» адам жашоосу үчүн идеалдуу бир алыстыкта пайда болгон.

Чындыгында болсо бул суроолордун туура жообу «күндүн адамдарга жылуулук менен жарык бериши – бул Улуу Аллахтын чексиз илиминин жана кемчиликсиз жаратуусунун бир чагылышы» деген жооп. Эгер Аллах каалабаса, күн болмок эмес жана биз жер бетинде жашай алмак эмеспиз. Же болбосо, күн дүйнөдөн алысыраак же жакыныраак болгондо, анда да жашай алмак эмеспиз. Күн, бүт айланадагы нерселер сыяктуу, Аллахтын бир керемети жана мээрими. Аны дайыма эстешибизге жана Ага шүгүр кылышыбызга себепчи болушу керек.

Бирок, жогоруда айтылгандай, жаш бала көбүнчө мындай жооп албайт, биринчи айтылгандай жооп менен «уктатылат». Ар бир окуяда ушул логикага жолугат жана аягында ал да эч нерсеге таң калбаганды жана эч нерсенин кереметтүүлүгүн байкабаганды үйрөнөт. Бир мөмөнү биринчи жолу жегенде кантип дарактардын адамдарга мынчалык пайдалуу жана сонун нерселер берээрин сурайт. Чоң ыктымалдык менен ошол эле жоопту алат: дарактар миллиондогон жылдан бери мөмө берип келе жатат. Бул кадыресе көрүнүш, таң кала турган эч нерсе жок.

Мына ушундайча бейкапарлаштырылган жаш бала чыныгы таалимин мектепте алат. Мектептеги табият таануу, же бир аз чоңойгондо физика, химия, биология сыяктуу сабактарында нерселер, жандыктар жана окуялардын бир тараптуу баяндалган «илимий түшүндүрмөлөрүн» окуп үйрөнөт. Сабактарда адам денесин же табиятты тааныйт, бирок алардын сөзсүз кадыресе нерселер экенине, керемет эместигине ишендирилет. Сураш керек болгон суроолор эч суратылбайт. Бул кантип пайда болгон, бул жердеги акылдын булагы эмне, кантип мындай тең салмактуулук пайда болушу мүмкүн деген сыяктуу суроолорду эч сурабаганды үйрөнөт. Мисалы, дарактардын кантип мөмө пайда кылаарынын биологиялык детальдарын үйрөнөт, фотосинтез же өсүмдүктүн түзүлүшү жөнүндө маалыматтар айтып берилет. Бирок кайра эле «кантип бир жыгачтын ичинен адамдын тамагына жана ден-соолугуна ылайыктуу, дүйнөнүн эң сонун пакети менен пакеттелген сонун азыктар чыгат?», «бул дарактын да, адамдын да бир акыл ээси тарабынан жаратылгандыгынын, дарактын адамга мөмө берүү үчүн атайын жаратылгандыгынын далили эмеспи?» деген сыяктуу суроолорду сурабайт. Ал нерселердин эмне максатта пайда болгонун ойлонбойт. Алардын табияты жөнүндө көбүрөөк маалымат үйрөнүү менен гана алектенет. Адамга эч нерсе бербеген, жүрөгү менен рухуна такыр оң таасир этпеген, бош маалыматтар, ысымдар...

Ушундайча жаратуу кереметтерине карата бейкапар болуп калат. Эч нерсеге таң калбоону, өзүн көрөм деп ойлогон бир көргө айланууну үйрөнөт. Эми андан да чоң кээ бир пикирлерди кабыл алууга даяр болуп калат. Мына ошондо таалимдин акыркы этабы болгон «эволюция теориясы» ишке киришет.

Себеби айланасын курчаган бүт кереметтерге жана керемет чындыктарга көзү жумулуп, бейкапарлашып калган жаш өспүрүм бир суроонун гана жообун берүүдө кыйналып жаткан болот: бүт бул жандыктар башында кантип пайда болушкан? Эволюция мына ушул жерде бүт нерсе «кокустан» пайда болгон деген акылга сыйбас бир көз бойомочулукту илим тонун жамынып ага сунат.

Эволюциянын калптары менен алданган ал жаш өспүрүм мындан соң эми өмүрүнүн калган бөлүгүн өзүмчүл каалоолорун канааттандырууну, жеп-ичүүнү гана көздөп, эч ойлонбой бейкапар өткөрө алат. Себеби ошол кезге чейин дагы эле аны кыйнап келген абийиринин акыркы сыныктарын да ушундайча жүрөгүнөн чыгарып салган болот. Өлүм аны ошол абалында кокустан кармап, тозокко ташталганда болсо дүйнөгө кайра катуу жана ыймандуулардан болуу үчүн жалбарат. Бирок ага «...Силерге ал жерде (дүйнөдө) сабак ала турган адам сабак алганчалык (узун) өмүр бербедикпи? Силерге эскертүүчү да келген болчу. Андай болсо (азапты) таткыла; эми заалымдар үчүн бир жардамчы жок» (Фатыр Сүрөсү, 37)деп жооп берилет.

Мына ушул себептен адамдын милдети – аятта айтылгандай, ага берилген мөөнөт ичинде сабак алып ойлонуу. Ал мөөнөттүн качан бүтөөрүн билбегени үчүн бир мүнөтүн да жоготпошу керек. Адам өзүнүн жана айланасындагы нерселердин кантип жаратылганын ойлонуу, жана ушундайча Аллахты таануу, Анын кудуретин түшүнүүгө аракет кылуу үчүн жаратылган. Дүйнөдөгү өмүрүнүн негизги максаты ушул.

Бул китептин максаты – ошол сабак алып ойлонуу аракетине көмөкчү болуу. Жогоруда мектептерде окутулган бош маалыматтардын адамдардын мээлерин уктатаарын, себеби суралышы керек болгон суроолордун эч суратылбаганын айткан элек. Алдыда кээ бир илимий маалыматтарды да карайбыз, бирок ошол эле учурда суралышы керек болгон суроолорду сурап, кубулуштардын артындагы сырларды тапканга аракеттенебиз.