Дүйнөнүн жашаганга ыңгайлуу бир жер болушунда эң чоң роль, эч күмөнсүз, өсүмдүктөргө тиешелүү. Өсүмдүктөр дем алган абабызды биз, адамдар үчүн тазалайт, планетабыздын температурасын бир калыптуу кармашат. Дем алган абабыздагы кычкылтек өсүмдүктөр тарабынан чыгарылат. Эгер өсүмдүктөр кычкылтек чыгарбаганда, адам менен жаныбарлардын өмүрү көпкө созулмак эмес; атмосферадагы кычкылтек кыска убакытта түгөнүп, жандыктар тобу менен дем ала албай өлүшмөк.
1. Cell wall | 8. Chloroplast |
Figure 10.1 |
Азыктарыбыздын маанилүү бөлүгү да ар кандай даамдагы өсүмдүктөрдөн турат. Өсүмдүктөр бул азыктарды даярдоодо болгону үч негизги материалды колдонушат: топурак, күндүн нуру жана суу. Бирок, ар биринин өзгөчө жана миңдеген жылдан бери эч өзгөрбөгөн формасы, түсү, жыты жана даамы бар.
Өсүмдүктөрдүн «адамга азык берүү» өзгөчөлүгү, башка бүт функциялары сыяктуу, клеткаларындагы пландуу жаратуунун бир натыйжасы. Адам менен жаныбар клеткаларынан түзүлүшү жагынан айырмаланган өсүмдүк клеткалары, бир жагынан, бүт жандыктар үчүн бир азык булагы боло турган, экинчи жагынан, атмосфераны тазалай турган кылып жаратылышкан.
Кыймылсыз тургандай көрүнгөн өсүмдүктөрдүн ичинде чындыгында өтө кыймылдуу бир жашоо бар. Топурактан секунда сайын суу менен керектүү минералдык элементтерди сорушат. Аларга абадан алган көмүр кычкыл газы менен эң негизгиси күн энергиясын кошуп адамдар үчүн таза аба жана азык өндүрүшөт. Биз күн сайын дарактарда көрүп, үстүн тебелеп өткөн жалбырактардагы миллиарддаган кичинекей клеткалар бул өндүрүштү тездик менен жасашат.
Өсүмдүк клеткасын адам менен жаныбарлардыкынан айырмалаган эң негизги өзгөчөлүк – бул күн энергиясын колдоно алышы. Муну фотосинтез деп аталган процесс аркылуу жасайт жана күндөн келген энергияны адамдар менен жаныбарлар азык аркылуу ала турган энергияга айлантат.
Дүйнө жүзүндөгү жашоонун негизги энергия булагы – бул күн. Бирок адамдар менен жаныбарлар күн энергиясын түздөн-түз колдоно алышпайт. Күндүн энергиясы өсүмдүктөр аркылуу адамдар менен жаныбарларга жетет. Клеткаларыбыз тарабынан колдонулган энергия чийки заттарынын баары – чындыгында өсүмдүктөр аркылуу бизге жеткирилген күн энергиясы. Чайыбызды ичип жатканда күн энергиясы ичебиз, нан жеп жатканда тиштерибиз арасында белгилүү көлөмдө күн энергиясы болот. Булчуңдарыбыздагы күч да чындыгында күн энергиясынын башкача бир формасы гана. Бул текстти окуп жатканда сарптаган энергиябыз да күндөн келген.
Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын энергия булагы да ушундай. Күйгөн отундан чыккан энергия да формасы өзгөргөн күн энергиясы. Форма өзгөрүүнүн аты болсо – жогоруда айтылгандай, «фотосинтез».
Өсүмдүк клеткасы күн нурунан алган энергияны химиялык энергияга айлантып, өзгөчө ыкмалар менен азыктарга кампалайт. Негизи бул жумушту бүт клетка эмес, клеткада жайгашкан жана өсүмдүккө жашыл түсүн берген «хлоропласт» аттуу органелл жасайт. Бул кичинекей жашыл нерселер өмүрлөрүн адамзат үчүн азык менен кычкылтек өндүрүүгө арнаган сыяктуу. Микроскоп менен гана көрүүгө мүмкүн болгон бул кичинекей жашыл органчалар күн энергиясын органикалык заттардын ичине кампалоочу (жыйноочу) дүйнөдөгү жалгыз лабораториялар. Өсүмдүктөрдү адам менен жаныбарлар үчүн бирден-бир азык каражатына айландырган өзгөчөлүк мына ушул.
Хлоропласттар дүйнө жүзүндө өндүргөн заттын саны жылына 200 миллиард тоннага жетет. Алар жасаган өндүрүш укмуш татаал бир химиялык процесс жана укмуш тездик менен жасалат. Хлоропласттын ичиндеги миңдеген «хлорофиллдин» жарыкка болгон реакциясы секунданын миңден бириндей кыска убакытта болот. Мындай ылдамдык себебинен хлорофиллдеги көп кубулуштарга дагы эле байкоо жасала албай келет. Фотосинтездин этаптары жалпысынан аныкталды, бирок майда-бараттары толугу менен белгисиз. Себеби химиялык жактан тууроого мүмкүн болбогон татаал система адам акылына сыйбас бир ылдамдыкта иштөөдө.
1. Energy from sunlight Photosynthesis | 6. Cellular processes |
Figure 10.2 |
Фотосинтез эки этапта жүрөт. Бул этаптар «жарык фаза» жана «караңгы фаза» деп аталат. Жарык фаза хлоропласттын тикалоид деп аталган жана дисктерге окшогон бөлүгүндө болот. Бул жердеги пигмент молекулалары күн нурунан алган энергия натыйжасында электрондорун жоготушат. Электрондордун кыймылы натыйжасында бир энергия пакети менен чийки зат катары АТФ (ATP) жана НАДФН (NADPH) келип чыгат. Караңгы фазада болсо көмүр кычкыл газы жарык фаза натыйжасында келип чыккан АТФ жана НАДФНнын жардамы менен кант менен крахмал сыяктуу азык заттарга айландырылат.
Бул айтылгандар бул кубулуштун миңдеген эсе жөнөкөйлөштүрүлгөн абалы, ошондо да адамга татаал сезилиши мүмкүн. Чындыгында фотосинтез учурунда болуп өткөн реакциялар айтып берилсе бул беттерге батпай турганчалык узун. Дүйнө жүзүндөгү эч бир лаборатория бул энергия айлануусун жасай албайт. Болгондо да, бул процесстер миллиметрдин миңден бириндей көлөмдөгү бир органеллде болуп жатат. Бул органеллдин калыңдыгы миллиметрдин жүз миллиондон бириндей болгон кабыгына жайгаштырылган бир система күндүн нуру аркылуу келген электрондорду башкарат. Ал электрондорду адамдарга азык өндүрүү үчүн энергия жасоодо колдонот.
Бул кемчиликсиз система эволюция теориясын дагы бир жолу тамырынан кыйратууда. Себеби фотосинтез болушу үчүн бүт ферменттер менен системалардын бир учурда клетканын ичинде бар болушу шарт. Бир эле этаптын кем болушу бүт системаны ишке жараксыз кылып койот. Эволюционист илимпоздор фотосинтезди түшүндүрүүдө –клеткадагы башка химиялык механизмдердеги сыяктуу- туюкта калышкан. Ушундай бир «илимпоз» профессор, доктор Али Демирсой өздөрүнүн алсыздыгын төмөнкүдөй баяндайт:
Фотосинтез өтө татаал бир кубулуш жана бир клетканын ичиндеги органеллде ишке ашышы ыктымалсыз көрүнүүдө. Себеби бүт этаптардын бир заматта пайда болушу мүмкүн эмес, бир-бирден пайда болушу болсо маанисиз.15
Figure 10.3 |
1. Oxygen being released | 9. NADPH |
Башка бир эволюционист илимпоз Гоймар фон Дитфурт (Hoimar von Ditfurth) болсо фотосинтездин кийинчерээк үйрөнүп алына турган бир процесс эместигин, фотосинтез үчүн керектүү бүт заттар менен маалыматтардын өсүмдүк клеткасында эң башынан бери бар болушу керек экенин төмөнкүчө айтат:
Эч бир клетка биологиялык бир функцияны сөздүн чыныгы маанисинде «үйрөнүү» жөндөмүнө ээ эмес. Бир клетканын дем алуу же фотосинтез жасоо сыяктуу бир функцияны алгач пайда болгон кезде жасай албай, кийинчерээк жашоо процесси ичинде муну жасай алып калышы, бул функцияны жасай турган жөндөмгө ээ болушу мүмкүн эмес.16
Күн энергиясын электрдик же химиялык энергияга айлантуу – белгилүү болгондой, заманбап технология жакын убакта гана жасай алган бир процесс. Бул үчүн жогорку технологиялуу каражаттар колдонулууда. Бирок көзгө көрүнбөгөн кичинекей өсүмдүк клеткасы бул жумушту миллиондогон жылдан бери тынымсыз жасап келатат. «Кокустуктар натыйжасында» бул жумушту жасай турган абалга келиши болсо, жогорудагы эволюционисттердин моюнга алууларынан да көрүнүп тургандай, эч мүмкүн эмес.
Анда толтура суроолор жаралат. Калыңдыгы метрдин жүз миллиондон биринчелик бир кабыкка бир электронду башкарууну, анан адамдарга кызмат кылышы үчүн электронду башка бир реакцияга киргизүүнү ким үйрөткөн? Бүт этаптар бир учурда клетканын ичине кантип жайгаштырылган? Кандайча болуп өсүмдүктөрдүн жашыл жалбырактары бүт жандыктар дүйнөсүнүн энергия кампасы болуп калган?
Жооп апачык. Аллах өсүмдүктөргө ушундай өзгөчөлүк берген жана алар да өздөрүнө берилген кызматты Аллахка моюн сунуп, жасап жатышат.
Дүйнө жүзүндөгү бүт дарактар, бүт өсүмдүктөр Аллахтын буйругу менен топурактагы суу, минералдар жана асмандагы көмүр кычкыл газы адам үчүн азык менен кычкылтек өндүрүшүүдө. Кыскасы, Аллах адамдарга асмандан жана жерден ырыскы берүү үчүн себепчи кылган жандыктар. Куранда адамдарга асмандан жана жерден ырыскы берилээри көп жолу белгиленген:
Эй адамдар, Аллахтын силерге болгон берешендигин эстегиле. Асмандан жана жерден силерге ырыскы берген Аллахтан башка бир жаратуучу барбы? (Фатыр Сүрөсү, 3)
1. STROMA | 7. PS II reaction center |
Figure 10.4 |
15-Ibid., p. 80.
16-Ditfurth, Im Amfang War Der Wasserstoff, pp. 60-61.