Жыйынтык

hipotalamus

Molecules too small to be seen with the naked eye have many attributes, abilities and responsibilities. It is God, our Almighty Lord, Who creates them, together with these attributes, from nothing.

Сиз бул китепти окуп жатканыңызда да, азыр да денеңиздеги молекулалар тынымсыз иш-аракеттерин улантышты.

Кээ бирлери кальцийдин көлөмүн өлчөп, кем болгон кальцийди ар кандай жолдор менен толуктады, кээ бирлери протеиндин өндүрүшү үчүн керек болгон амино-кислоталарды топтоп баштады, кээ бирлери ДНКңызды көчүрүү үчүн ДНК спиралын эки бөлүккө бөлдү, кээ бирлери денеңизге кирген бактерия жана вирустарга каршы согушуп, сизди оорулардан коргоду, кээ бирлери денеңиздин температурасын нормалдуу деңгээлде кармоо үчүн иштеди, кээ бирлери болсо денеңиздеги керексиз заттарды жок кылды... Жана дагы биз санап бүтө албагандай көп процесс бирдей ишке ашты.

Сиз болсо аларды текшерүү, баштатуу же токтотуу үчүн эч нерсе кылган жоксуз. Бир гана креслоңузда отуруп, бир китеп окудуңуз.

Бул китеп боюнча баяндалгандар Аллахтын чексиз күч-кудуретин, илимин жана акылын таанытуу менен бирге, Аллахтын чексиз мээримдүү жана боорукер, Рахман жана Рахим экендигинин далилдеринен бир канчасын гана көрсөтүүдө. Аллах адамды жана бардык башка жандууларды кемчиликсиз иштеген системалар менен бирге жараткан.

Адамдын денесинде эч нерсе кем же кемчиликтүү ташталган эмес. Куранда билдиргендей, Аллах «бүт нерсени жараткан, ага бир чен-өлчөм берген, белгилүү бир өлчөм менен кылган». (Фуркан Сүрөсү, 2)

Китепте берилген ар бир мисалда көрүлгөндөй, көзгө көрүнбөй турган кичинекей молекулалар көптөгөн өзгөчөлүккө, талантка жана жоопкерчиликке ээ.

Бул молекулалардын буларды аткара алуулары үчүн бүт мындай өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылган болушу керек. Берилген мисалдардагы системалар болсо, албетте, Улуу Аллахтын бар экендигинин, чексиз илиминин жана жаратуу чеберчилигинин көрүнүштөрүнөн. Эң сонун ысымдардын ээси болгон Улуу Аллах Куранда мындайча буйурууда:

...Раббим илим жагынан бардык нерселерди курчап турат. Дагы эле сабак алып-ойлонбойсуңарбы? (Энъам Сүрөсү, 80)

They said "Glory be to You!
We have no knowledge except what You have taught us.
You are the All-Knowing, the All-Wise."
(Qur'an, 2: 32)

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР