Орточо 3 кг салмак жана 50 см бою менен жаңы төрөлгөн бир наристенин 20-25 жыл ичинде 80 кг салмак, 1,80 м бойлуу бойго жеткен бир адам болушун камсыз кылган эмне?
Бул суроонун жообу гипофиз безинен чыгарылган кереметтүү бир молекулада, чоңойуу гормонунда катылуу.
Чоңойуу процесси эки жол менен ишке ашат. Кээ бир клеткалар көлөмдөрүн чоңойтушат. Кээ бир клеткалар болсо бөлүнүп көбөйүшөт. Бул эки процессти тең ишке ашырган жана башкарган – бул чоңойуу гормону.
Чоңойуу гормону гипофиз безинен чыгарылат жана бүт дененин клеткаларына таасир берет. Ар бир клетка гипофиз безинен ага келген кабардын маанисин билет. Эгер чоңойушу керек болсо, чоңойот, бөлүнүп көбөйүшү керек болсо бөлүнүп көбөйөт.
Мисалы, жаңы төрөлгөн бир наристенин жүрөгү бойго жеткен абалынын дээрлик 1/16 бөлүгүнө барабар. Бирок, ушуга карабастан, клеткаларынын жалпы саны бойго жеткендин жүрөгүндөгү клеткалардын санына барабар. Чоңойуу гормону өнүгүү убагында жүрөк клеткаларына бир-бирден таасир берет. Ар бир клетка чоңойуу гормону ага буйрук кылганчалык чоңойот. Ушундайча жүрөк да чоңойуп, бойго жеткен бир адамдын жүрөгү абалына келет (Figure 48).
a. 60 Million Cells |
Figures 48 and 49: The heart of a newborn baby is only 1/16th the size of an adult's heart. Yet both contain the same number of cells. |
Нерв клеткаларынын көбөйүшү да наристе али эне курсагында кезинде, 6-айдын аягында бүтөт. Мындан төрөлгөнгө жана төрөлгөндөн бойго жеткенге чейин нерв клеткаларынын саны дайыма бирдей бойдон калат. Чоңойуу гормону нерв клеткаларына да көлөмдүк жактан чоңойууларын буйрук кылат. Ушундайча нерв системасы чоңойуу доорунун бүтүшү менен бирге калыптанып бүтөт(Figure 49).
a. Nerve cells |
Figure 50: Growth hormone instructs the nerve cells to grow in volume. At the end of their growth stage, nerve cells assume their final form. Figure 51: Some cells, like muscle and bone cells, divide and multiply throughout their growth period. |
Денедеги башка клеткалар, мисалы булчуң жана сөөк клеткалары, адамдын чоңойуу доору боюнча бөлүнүп көбөйүшөт. Бул клеткаларга канчалык бөлүнүшү керек экенин да кайра эле чоңойуу гормону билдирет(Figures 50 and 51).
Бул жерде мындай суроо туулат:
Гипофиз бези кандайча болуп, клеткалардын бөлүнүшү же чоңойушу үчүн керектүү болгон формуланы билет? Бул абдан кереметтүү көрүнүш. Себеби буурчактай кичинекей бир бөлүк эт денедеги бардык клеткаларга буйрук берүүдө жана бул клеткалардын көлөмүнүн чоңойушун же бөлүнүү аркылуу көбөйүшүн камсыз кылууда.
Мындай дагы бир суроо жаралат: бул бир бөлүк эт мындай кызматты эмне үчүн аткарат? Бул клеткалар эмне үчүн өмүр бою башка клеткаларга бөлүнүүлөрүн буйрук кылган бир кабар жөнөтүүдө?
Мына ушул жерде Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу дагы бир жолу көрүнүүдө. Кичинекей бир аймакта жайгашкан клеткалар триллиондогон клетканын белгилүү бир калып ичинде бөлүнүүлөрүн жана чоңойууларын камсыз кылууда. Чындыгында болсо бул клеткалардын адамдын денесин сыртынан кароо, дененин канчалык чоңойуп жана качан чоңойушун токтотуу керек экенин билүү мүмкүнчүлүктөрү жок. Бул аң-сезимсиз клеткалар дененин ичиндеги караңгылыкта, эмне кылып жатканын билбестен чоңойуу гормонун өндүрүүдө жана өндүрүштү токтотушу керек болгондо да токтотууда. Ушунчалык кемчиликсиз бир система жаратылган, чоңойуунун жана бул гормондун чыгарылышынын ар бир баскычы башкарылып турат.
a. Hypothalamus |
The hypothalamus, which directs on the secretion of vitally important hormones, occupies a very small space in the brain. |
Чоңойуу гормонунун кээ бир клеткаларга көлөм жагынан чоңойушун, кээ бир клеткаларга болсо бөлүнүп көбөйүшүн буйрук кылышы дагы бир керемет. Себеби эки клеткага тең барган гормон бип-бирдей. Бирок буйрукту алган клетканын генетикалык шифрине кандай кыймылдашы керек экени жазылган. Чоңойуу гормону чоңойуу буйругун берет. Муну кандайча ишке ашыруу болсо ошол клетканын ичинде жазылуу. Бул дагы адам денесинин ар бир чекитинин жаратылышындагы кудурет жана улуулукту дагы бир жолу далилдейт.
Бул жерде абдан маанилүү дагы бир жагдай бар: чоңойуу гормонунун дененин бардык клеткаларына таасир этиши да абдан чоң бир керемет. Кээ бир клеткалардын чоңойуу гормонуна баш ийип, кээ бир клеткалардын болсо бул гормонго каршы чыгышы кааланбаган натыйжаларга себеп болмок. Мисалы, жүрөк клеткалары чоңойуу гормону буйрук кылгандай чоңойуп жатканда, көкүрөк сөөгүнүн клеткалары көбөйүүдөн жана чоңойуудан баш тарткан болгондо, чоңойгон жүрөк кичинекей бойдон калган көкүрөктүн ичинде кысылып калмак жана бул өлүмгө алып келмек.
Же болбосо мурун сөөгү чоңойуп жатканда, мурун териси чоңойушун токтотсо, мурун сөөгү мурундун терисин жыртып сыртка чыкмак эле. Булчуңдардын, сөөктөрдүн, теринин жана органдардын бири-бирине төп келип, чоңойушу ар бир клетканын чоңойуу гормонуна баш ийиши урматында кемчиликсиз бир негизде ишке ашат.
Чоңойуу гормону сөөктөрдүн учундагы кемирчек кыртышынын өрчүшү үчүн да буйрук берет. Бул кемирчек жаңы төрөлгөн бир наристенин калыбы сыяктуу. Ал өсмөйүнчө, наристе да чоңойо албайт.9 Бул жердеги клеткалар сөөктү узунунан чоңойтушат. Бул клеткалар сөөктүн узунунан чоңойушу керек экенин кайдан билишет? Эгер бул сөөк капталын көздөй өссө, бут узара албайт, ал тургай бут сөөгү ал аймактагы терини жыртып сыртка чыгат. Бирок Улуу Раббибиз адамдын денесиндеги ар бир детальды жана маалыматты ар бир клетканын ядросуна жайгаштырган. Ушунун негизинде сөөктөр узунунан өсүшөт.
a. Hormone |
Figure 52: Just like the conductor of an orchestra, the hypothalamus regulates the body's hormonal balance. |
Чоңойуу гормонунда байкалган дагы бир керемет да бул гормон чыгарылган убакыт жана көлөмү менен байланыштуу. Чоңойуу гормону дал керектүү көлөмдө жана эң көп чоңойуу убагында чыгарылат. Бул абдан маанилүү бир керемет. Себеби керек болгондон бираз азыраак же көбүрөөк гормон чыгарылган учурда абдан зыяндуу натыйжалар келип чыгат. Эгер чоңойуу гормону аз чыгарылса лилипуттукка, көп чыгарылса дөөлүккө жол ачат.10
a.Growth Hormone |
Figures 53 and 54: The hypothalamus performs an important task that no human being ever could do consciously. It distinguishes growth hormones in the capillary vessels and counts them. It is out of the question for any human to do this without specialized training. |
Мына ушул себептен денеде чоңойуу гормонунун чыгарылуу көлөмүн жөнгө салган абдан өзгөчө бир система жаратылган. Бул гормондун чыгарылуу көлөмүнүн чечимин гипофиз безинин башкаруучусу деп саналган гипоталамус чыгарат. Чоңойуу гормону чыгарылышы керек болгондо гипофизге «чоңойуу гормонун чыгартуучу гормон» (GHRH) жөнөтөт. Канда керектүү деңгээлден ашыкча гормон болгондо болсо, гипоталамус гипофизге бир кабар (соматостатин гормонун) жөнөтүү менен чоңойуу гормонунун чыгарылышын жайлатат11 (Figure 52).
Гипоталамусту түзгөн клеткалар канда канчалык көлөмдө чоңойуу гормону болушу керек экенин кайдан билишет? Кандайча болуп кандагы чоңойуу гормонунун көлөмүн өлчөшөт жана учурдагы абалга жараша бир чечим чыгара алышат? Бул көрүнүштүн канчалык чоң бир керемет экенин түшүнүү үчүн төмөнкүдөй бир мисал жөнүндө ойлонуп көрөлү:
Бир адамды атайын бир аппараттын жардамы менен миллиарддаган эсе -ал адам бир клетканын чоңдугундай болгонго чейин- кичирейттик дейли. Бул адам атайын бир идишке салынып, гипоталамус аймагында жайгашкан клеткалардын биринин жанына жайгаштырылсын.
Бул адамдын милдети – алдынан өткөн капиллярдын ичиндеги чоңойуу гормонунун молекулаларын саноо. Эгер бул молекулалардын саны азайса же көбөйсө, анда муну аныктоо. Белгилүү болгондой, кан суюктугунун ичинде миңдеген ар түрдүү заттар бар. Молекулярдык түзүлүштөрдү элестеткенибизде, бир адамдын алдына коюлган түзүлүштүн (калыптын) чоңойуу гормонуна тиешелүүбү же болбосо башка бир затка тиешелүү экенин билиши (эгер бул темада адис бир илимпоз эмес болсо) эч мүмкүн эмес. Бирок гипоталамуска жайгаштырылган адам миллиондогон молекула арасынан чоңойуу гормондорун сөзсүз таанышы керек. Мындан тышкары, бул гормондун көлөмүн да дайыма текшерип турушу зарыл(Figures 53 and 54).
Бир адам үчүн да абдан оор көрүнгөн бул милдетти аң-сезимсиз гипоталамус клеткалары кандайча аткарышууда? Дайыма кандагы чоңойуу гормонунун санын кантип санашууда? Чоңойуу гормонун башка молекулалардан кантип айырмалашууда? Бул клеткалардын молекулаларды таанышын камсыз кыла турган көздөрү, абалды баалап, ойлоно турган мээлери жок. Бирок Аллах курган система ичинде аларга буйрук кылынган кызматты эч жаңылбастан аткарышат. Мындай кемчиликсиз система урматында адам абдан пропорционалдуу, жарашыктуу бир денеге жана органдарга ээ болот. Аллах бүт жараткан нерселери сыяктуу адамды да кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)