8. Кандын Басымын Көзөмөлдөгөн Кемчиликсиз Система

Денебизде кан басымы түшкөндө, чара көргөн кемчиликсиз бир система бар. Өрт сигнализациясынын кабылдагычтары өрттөн чыккан түтүндү аныктай турган абалда атайын жасалган сыяктуу, бул система да сигнализация учурунда гана, т.а. кан басымы түшкөндө гана чара көрүп баштайт.

Кан басымынын төмөндөшү адам үчүн абдан кооптуу бир абал жаратышы мүмкүн. Ошондуктан сигнализация иштегенде кан басымын көтөрүү үчүн бир катар чараларды көрүү керек болот. Бул чараларды төмөнкүдөй катарга койсок болот;

1. Кан тамырлар кысылышы керек. (Мындай кысылуу, уч тарабы сыгылган суу шлангасынын күчтүүрөөк басым менен суу чачыратканы сыяктуу кандын басымын жогорулатат.)

2. Бөйрөктөрдөн көбүрөөк суу сиңирилип, канга аралаштырылышы зарыл.

3. Адам ылдам суу ичиши керек.

Булардын баары кандайча ишке ашырылат? Дагы бир теңдешсиз система ар бир адамдын денесине төрөлгөндө эле терең жайгаштырылган.

hipotalamus

Figure 40: The moment that blood pressure falls (or when the level of sodium in the blood decreases), cells in the kidneys known as juxtaglomerular cells (JGA) enter a state of alarm and secrete a special substance known as rennin.

hipotalamus

a. Rennin
b. Angiotensinogen

Figure 41: Just like the components of a jigsaw puzzle, angiotensinogen and rennin have been created to be able to wrap around one another.

Figure 42: Rennin changes the structure of the angiotensinogen molecule, and a brand-new molecule emerges—angiotensin I

Бул система мындайча иштейт: кан басымы төмөндөгөндө (же болбосо кандагы натрий көлөмү азайганда), бөйрөктөрдөгү кээ бир клеткалар абалды байкашат. Булар сигнал берүүчүлөр болгон «juxtaglomerular» (JGA) клеткалары. Бул клеткалар «ренин» аттуу абдан өзгөчө бир зат чыгарышат7 (Figure 40).

Клеткалардын кан басымынын же болбосо натрий көлөмүнүн азайганын аныктай алышы эле өзүнчө бир керемет. Бирок андан да маанилүүсү – бул клеткалардын ренин чыгарышы. Себеби «ренин» - көп баскычтуу бир өндүрүш тизмегинин алгачкы баскычы.

Кандын плазмасында жайгашкан жана кадимки шартта канда айланганына карабастан эч кандай таасири болбогон бир протеин бар. Бул протеин – боордо өндүрүлгөн «ангиотензиноген» протеини. Таң калтырган бир пландын алгачкы баскычы ушул жерде башталат. Себеби өзү жалгыз эч бир ишке жарабаган «ангиотензиноген» жана «ренин» түпкүрүндө бири-бири менен биригүү үчүн атайын пландалышкан. Бир белгинин (логотиптин) бөлүктөрүнүн бири-бирине кийилиши үчүн бири-бирине ылайык жасалганы сыяктуу (Figure 41).

Бул жерде бир нерсе жөнүндө ойлонуу керек: бөйрөк клеткалары жана боор клеткалары дененин ичинде бири-биринен алыста жайгашышкан. Кандайча болуп, бирөө логотиптин бир бөлүгүн (ренин) өндүрүп, экинчиси бул бөлүккө толук туура келген экинчи бөлүктү (ангиотензиноген) өндүрөт жана кандайча болуп булар бири-бирине толук туура келишет? Мунун, эволюционисттер жактагандай, кокустук натыйжасында пайда болушу эч мүмкүн эмес. Эч шексиз, ар бири Улуу Аллахтын чексиз илими менен жаратылган.

Ренин ангиотензиноген молекуласынын түзүлүшүн өзгөртөт жана жаңы бир молекула «ангиотензин I» пайда болот(Figure 42).

Ренин + Ангиотензиноген -> Ангиотензин-I

Пайда болгон бул жаңы молекуланын да эч кандай таасири жок; себеби өндүрүш тизмеги али бүтө элек. Эми өпкөдөгү «ACE» аттуу, бир гана «ангиотензин I» молекуласын майдалоого жараган бир энзим ишке киришет. Бул энзим урматында «ангиотензин I» башкача бир молекула болгон «ангиотензин II» молекуласына айланат(Figure 43).

Ангиотензин-I + ACE Энзими -> Ангиотензин-II

Бул жерде дагы ойлонуу керек: бөйрөк жана боор клеткалары өндүргөн эки башка молекула реакцияга кирип, жаңы бир молекула пайда болду. Бөйрөк жана боор клеткалары менен эч кандай мамилеси болбогон өпкө клеткалары болсо бул жаңы молекула толук бириге турган бир энзимди өндүрүүдө. Болгондо да бул энзимди аталган молекулалар биригишинен бир топ мурда өндүрүүдө. Кандайча болуп, өпкө клеткалары али ишке аша элек бир окуя жана али өндүрүлө элек бир затка эң ылайыктуу энзимди өндүрө алууда? Бул затты башка бир затка айланта турган энзимдин формуласын кайдан билет? Албетте, өпкө клеткаларына бул маалыматтарды илхам кылган – бул теңдеши жана Ага окшошу жок Улуу Аллах.

 

hipotalamus

a. ACE
b. Angiotensin

Figure 43: The enzyme ACE turns angiotensin I into yet a different molecule, angiotensin II.

Ангиотензин-II аттуу энзимдин эки абдан маанилүү кызматы бар: булардын биринчиси – кан тамырлардын кысылышын камсыз кылуу. Ангиотензин-II энзими кан тамырлардын айланасындагы булчуңдарга сигнал берет жана алардын кысылышын камсыз кылган мехинизмди кыймылдатат. (Бул механизм да Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун бир далили). Ушундайча булчуңдар кысылып, тамырды кысат жана кан басымы жогорулатылган болот. Бул максат кылынган биринчи жыйынтык.

Ангиотензин-II затынын экинчи маанилүү кызматы болсо – бул кереметтүү бир гормон болгон «альдостеронду» кызматка чакыруу. Ангиотензин-II заты бөйрөк үстү клеткаларга жетет жана бул клеткаларга «альдостерон» чыгаруу буйругун берет. Бул дагы пландын кемчиликсиздигинин дагы бир далили. Себеби альдостерон бөйрөктөргө таасир берет жана бөйрөктөр заарадагы сууну кайра сиңирип, канга аралаштырат. Натыйжада кандын басымы көтөрүлөт. Бул болсо максат кылынган экинчи жыйынтык(Figure 44).

Бөйрөк, боор жана өпкөнүн ортоктошо иштеши натыйжасында өндүрүлгөн «ангиотензин-II» затынын абдан маанилүү дагы бир кызматы бар: мээнин атайын бир аймагына жетүү жана ал аймакты кыймылга келтирүү. Бул аймак суусоо сезимин ойготуучу «суусоо аймагы».

Бирок «ангиотензин-II» затынын алдында бир тоскоолдук бар. Себеби мээни коргоо үчүн кандан мээ кыртышына өтүүнү абдан кыйындаткан, абдан тандоочу бир система бар жана бул «кан-мээ барьери» деп аталат. Бул система мээде 1-2 чекитте жок жана бул чекиттердин бири – бул «суусоо аймагы». Мындай өзгөчө жаратылуу урматында мээнин суусоо аймагына сигнал берилет жана адамда суу ичүү каалоосу пайда болот8 (Figure 45).

hipotalamus

a. Aldosterone
b. Adrenal cells

Figure 44: Angiotensin II reaches the adrenal cells above the kidneys and commands them to secrete aldosterone. This affects the kidneys, causing them to re-absorb water from the urine and release it back into the bloodstream. This results in an increase in blood pressure. This magnificent plan functions absolutely flawlessly and is a manifestation of the omniscience of God.

Бөйрөктөр, өпкө жана боор тарабынан бир план ичинде, ортоктошо өндүрүлгөн заттар бир система ичинде биригишип, аягында кан басымынын көтөрүлүшүнө себеп болгон бир гормондун чыгарылышын камсыз кылышты. Бул үчүн бөйрөк клеткалары, өпкө клеткалары жана боор клеткалары биригип, бир коалиция түзүшү керек.

hipotalamus

a. Angiotensin II
b. Brain
c. Tap

Figure 45: Angiotensin II stimulates the thirst region in the brain, and a person thus feels the urge to drink.

Бул коалиция эң алгач кан басымы төмөндөгөндө эмне кылуу керек экенин изилдөөгө мажбур. Бул изилдөө натыйжасында коалиция эң идеалдуу чечүү жолун тандашы зарыл: бул идеалдуу жол «кан тамырларды кысуу» жана «альдостерон гормонунун чыгарылышын камсыз кылуу».

Андан соң кайра чогулуп, көпкө изилдөөлөр жүргүзүп, бөйрөк үстү бездеринин жана тамыр булчуңу клеткаларынын анатомияларын, иштөө системаларын анализ кылуулары зарыл. Кийин бул тамырлардын кысылышы жана бөйрөк үстү бездеринин альдостерон чыгарышы үчүн кереметтүү бир формуланы, т.а. «ангиотензин-II» затынын молекулярдык проектин аныктоолору зарыл.

Эң аягында бул молекуланы кантип өндүрүүгө болоорун аныктоо керек. Ар бир орган бул молекуланын өндүрүш баскычында бир милдет алышы зарыл. Жасалган өндүрүш планы негизинде үч баскычтуу бир монтаж системасы ылайыктуу көрүлүп, ар бир органга бир милдет берилиши керек. Бөйрөк клеткалары «ренин» өндүрүүнү, боор клеткалары «ангиотензиноген» өндүрүүнү, өпкө клеткалары болсо «ACE» өндүрүүнү чечишип, ушундайча жумуштарды бөлүштүрүү иши бүткөрүлгөн болушу керек. Андан соң чогулуш аяктап, клеткалар өз ордуларына кайтышы зарыл.

Бул системанын ар бир бөлүгү терең ойлонуу керек болгон кереметтерге толо. Адамдын денесиндеги ар бир клетка атайын бир кызмат үчүн жаратылып, атайын сыпаттар менен камсыздалган жана кызматын аткаруучу ордуна пландуу жайгаштырылган. Адамдын денесиндеги бардык окуяларды Раббибиз жараткан жана адамдын денесиндеги ар бир деталь Анын чексиз илиминин далилдеринен бир канчасы гана. Улуу Аллах Куранда билдиргендей:

Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Аллах) Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат. (Фуркан Сүрөсү, 2)

hipotalamus

a. Lung cell
b. Liver cell
c. Kidney cell

Figure 46: Unknown to the individual concerned, the liver, kidney and lung cells literally hold a conference and distribute tasks among the cells.

Figure 47: In the wake of that meeting, all the cells' duties have been set out, and each one knows what it has to do. By means of God's inspiration, these entities, all of them too small to be seen with the naked eye, keep blood pressure under control at all times.

 

Footnotes

7- Kemalettin Buyukozturk, Ic Hastaliklari (“Internal Diseases”), Istanbul: Nobel Tip Kitapevi, 1992, p. 275.

8- Terzioglu Meliha, Oruc Tulin, Yigit Gunnur, Fizyoloji Ders Kitabi (“Physiology Course Book”), Istanbul, I. U. Basimevi ve Film Merkezi, 1997, p. 398.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • 1. Кандагы Суюктуктун Көлөмүн Текшерген Көзөмөлдөөчүлөр
  • 2. Денедеги Кемчиликсиз Коргонуу Системасы
  • 3. Эненин Сүтү Жана Окситосин Гормону
  • 4. Кальций Өлчөгүчтөр
  • 5. Шекер Фабрикасы
  • 6. Тез Жардам: Адреналин Гормону
  • 7. Денени Тазалаган Лизосома Энзимдери
  • 8. Кандын Басымын Көзөмөлдөгөн Кемчиликсиз Система
  • 9. Чоңойуу Гормону
  • 10. Денебиздеги Жаңылбаган Саат
  • 11. Дененин Температурасын Жөнгө Салган Кереметтүү Молекула
  • 12. Кереметтүү Тактыктагы Тең Салмактуулук
  • 13. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -1
  • 14. Наристе Үчүн Даярданган Гормондор -2
  • 15. Эркектин Көбөйүү Системасындагы Гормондор
  • 16. Тестостерон Гормонунун Башка Өзгөчөлүктөрү
  • 17. Кычкылтек Ташыган Кереметтүү Молекула: Гемоглобин
  • 18. Клеткадагы Байланыш Системасы
  • 19. Кабарчы Гормондун Клетка Ичиндеги Сапары
  • 20. Клеткадагы Байланыштын Көзөмөлдөнүшү
  • 21. Клеткадагы Протеиндердин Жолу
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 22. Нерв Клеткаларындагы Химиялык Байланыш
  • 24. Эндотелий Клеткасы = NO (Азот-Оксид) Өндүрүү Борбору
  • 25. Денебиздеги Мунайзат (Нефть) Тазалоочу (Иштетүүчү) Борбор
  • 26. Боорго Жайгаштырылган «Бактерия Жок Кылуу Машиналары»
  • 27. Днкнын Көчүрүлүшү (Копияланышы)
  • 28. Оңдоочу Энзимдер
  • 29. Протеин Өндүрүшү
  • 30. Протеин Өндүрүшүнүн Акыркы Баскычы
  • 31. Клетканын Кабыкчасы Жана Уюшулган 100 Триллион Жумушчу
  • 32. Угуу Учурунда Кандай Процесстер Жүрөт?
  • 33. Кандын Уюшу
  • 34. Коргонуу Системасы
  • 35. B12 Витамининин Сапары
  • 36. Адам Денесинин Химиги: Уйку Бези (Панкреас)
  • 37. Клетканын Кабыкчасындагы Жүк Ташыгыч Молекулалар
  • 38. Денени Коргоого Милдеттендирилген Комплеман Протеиндери
  • 39. Кислотага Каршы Формула Чыгарган Молекулалар
  • 40. Жумуртка Клеткаларынын Акылдуулугу
  • Жыйынтык