40. Жумуртка Клеткаларынын Акылдуулугу

Жатындын капталына жайгашуу үчүн даярдык көргөн клеткалардын генетикалык жактан энеден айырмалуу болгонуна карабастан, кандайча болуп денеде ташылган бир орган же кыртыш сыяктуу четке кагылбашы көп убактан бери чечиле албаган бир сыр. Мунун жообун «Жашоонун башталышы» аттуу китептин автору Р. Фланаган (R. Flanagan) мындайча берүүдө:

...Клетка сөзүнүн «ааламдык бир шифр» деп сыпаттоого боло турган өзгөчө сигналдар жайганын айтууга болот. Бул шифр бүт адамдар үчүн бирдей жана ошол сыяктуу эненин клеткалары да бир убактарда топ турган кезинде эле өздөрүн бул шифр менен баяндашкан. Ошондуктан, эненин клеткалары жаңы келгендерге каршы бир коргонуу пайда кылбайт, себеби алар биологиялык жактан денеге жайгашкан бул клетка жыйындысын бир душман эмес, бүт ааламдык бир дос катары көрүшөт.29

hipotalamus

1. Egg cell

2. Defense cell

The mother's defense cells approach to eliminate the embryo (left). However, thanks to the perfect creation in the body, they are unable to harm the egg.

Бул жерде абдан маанилүү бир жагдайга көңүл буруу керек. Фланаган айткандай, бир клетка жыйындысынын «ааламдык бир кабар» жөнөтүшү жана башка клетка жыйындыларынын бул кабарды түшүнүп, маңдайында бир душман эмес, дос турганын «түшүнүшү» абдан чоң бир керемет. Бул жерде сөз кылынып жаткандардын аң-сезимдүү адам коомдору эмес, колу, көзү, кулагы, мээси болбогон, аң-сезимсиз атомдордун, молекулалардын, протеиндердин жыйындысынан турган, көзгө көрүнбөй турган кичинекей клеткалардан турган жыйындылар экенин унутпоо керек. Албетте, клеткалардан мындай аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди күтүү такыр логикага сыйбайт.

Бул жерде дапдаана чындык бар: эмбриондун эненин жатынына бейпил гана жайгашып, эң ишенимдүү абалда өмүрүн улантышы эмбрионду да, энени да, эненин денесиндеги коргонуу системасын да жараткан Аллахтын мээрими менен ишке ашат.

Кыямат саатынын маалыматы – шек жок, Аллахтын кабатында. Жамгырды жаадырат; курсактагыларды (эне бойундагыларды) билет. Эч ким эртең эмне табаарын билбейт. Эч ким кайсы жерде өлөөрүн билбейт. Шек жок, Аллах – билүүчү, (баарынан) кабардар. (Локман Сүрөсү, 34)

 

Footnotes

29- Geraldine Lux Flanagan, Beginning Life, A Dorling Kindersley

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР