39. Кислотага Каршы Формула Чыгарган Молекулалар

Ашказандан ичегилерге келген сиңирилген азыктардын ичинде күчтүү кислоталар болот. Бул абал он эки эли ичеги үчүн олуттуу бир коркунуч пайда кылат. Себеби он эки эли ичегинин ашказан сыяктуу өзүн коргой ала турган атайын бир катмары жок.

Анда, кандайча болуп он эки эли ичеги кислоталардан зыян тартпоодо? Бул суроонун жообун табуу үчүн тамак сиңирүү учурунда ишке ашкан окуяларды караганыбызда, денебизде ишке ашкан кереметтүү окуяларды көрөбүз.

hipotalamus

a. Pancreas
b. Duodenum

The duodenum and pancreas are pieces of flesh consisting of unconscious atoms. The way that they behave in such a conscious manner and exhibit such intelligent behavior is a manifestation of the creation and omniscience of God.

Он эки эли ичегиге ашказандан азыктар менен бирге келген кислоталардын көлөмү кооптуу бир деңгээлге жеткенде, ичегинин капталындагы клеткалардан «секретин» аттуу бир гормон чыгарылып баштайт. Он эки эли ичегини коргогон бул секретин гормону ичке ичегинин капталындагы клеткаларда «просекретин» абалында болушат. Бул гормон сиңирилген азыктардын кислота таасири менен башка бир химиялык зат болгон секретин абалына айланат(Figures 141 and 142).

Секретин гормону канга аралашып, пакреаска келет жана энзим чыгарылышы үчүн панкреасты жардамга чакырат. Он эки эли ичегинин коркунучта экенин секретин гормону аркылуу түшүнгөн панкреас «бикарбонат» молекулаларын ал аймакка жөнөтөт. Бул молекулалар ашказан кислотасын таасирсиз кылат жана он эки эли ичегини коргошот.

Адамдын жашоосу үчүн маанилүү болгон бул процесстер кандайча ишке ашууда? Ичеги клеткаларынын муктаж болгон затынын панкреаста бар экенин билиши, панкреасты кыймылдата турган заттын формуласын билиши, ошондой эле панкреастын да ичегиден келген кабарды түшүнүп, бикарбонат молекулаларын чыгарып башташы – бул Раббибиз жараткан теңдешсиз жана кереметтүү процесстер.

Бул жерде ичеги клеткалары үчүн колдонулган «билүү, кабардар болуу» сыяктуу иш-аракеттер адамдын денесинде ишке ашкан окуяларга жакшыраак басым жасоо үчүн колдонулууда. Чынында болсо, акылдуу ар бир адам билгендей эле, бир клетканын ойлонушу, эркке ээ болушу жана чечимдер алышы, башка бир органдын өзгөчөлүктөрүн билиши, формулалар чыгара алышы такыр мүмкүн эмес.

Клеткаларды бул өзгөчөлүктөр менен бирге жараткан – бул чексиз илим ээси Улуу Аллах. Акылдуу жана абийирдүү бир адам үчүн ааламдын ар бир майда-баратында Улуу Раббибиздин чексиз акылынын жана улуу илиминин далилдери бар.

hipotalamus

a. acid meter
b. secretin

c. bicarbonate
d. stomach acid

Figures 141 and 142: When the acid level in the duodenum rises to dangerous levels, bicarbonate molecules go into action by way of the hormone secretin, to neutralize the stomach acid.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР