38. Денени Коргоого Милдеттендирилген Комплеман Протеиндери

hipotalamus

a.Complement proteins
b. cell
c. bacterium
d. CP

Figure 137: Complement proteins regard the body's own cells as hostile, just as it does enemy bacteria entering the body from the outside. However, every cell in the body has been equipped with the means to defend itself against complement proteins, so that these proteins can inflict harm on the enemy only.

Figure 138: Complement proteins cling to the enemy bacterium's surface, thus neutralizing it .

Денеде дайыма денени коргоп турган бир система бар. Бул системанын бир бөлүгү болгон комплеман протеиндери денедеги «ар бир клеткага» кол салууга программаланган.

Бул чындыгында эле абдан таң калыштуу. Денени коргоо үчүн жаратылганына карабастан, денени түзгөн бардык клеткаларды душман көрүшөт. Комплеман протеиндери боордо өндүрүлөт жана айлануу системасына ошол жерден кошулушат. Кадимки шарттарда кандын ичинде туш келе жана эч таасирсиз абалда айланып жүргөн клеткалар. Бирок стимулданганда, бир заматта «көзүнө көрүнгөн» бардык клеткаларды жок кылуу чечимин алышат. Алынган мындай стимул жалгыз бир комплеман протеини аркылуу денедеги системанын баарына жайылат. Стимул менен денеде дос-душман деп айырмалоо жасашпайт.

Бирок денеге тиешелүү зыянсыз клеткалар комплеман протеиндеринен коргоно ала турган абалда жаратылышкан. Денеге тиешелүү клеткалар үчүн комплеман протеиндери эч нерсе эмес, бул клеткалар протеиндерден таасирленишпейт. Денеге кирген жат организмдер болсо эч күтпөгөн бул коргоо кызматкерлеринин сөзсүз кол салуусуна кабылышат(Figure 137).

Комплеман протеиндеринин бирөөсү жат организмге байланганда, калыбы өзгөрөт. Андан соң комплеман протеиндеринен башкасы бактерияга байланат. Кийин комплеман системасына тиешелүү башка протеиндер да бактерияга бир-бирден байланышат жана комплеман аңчылары баскынчы бактериянын бетин орошот. Комплеман системасынын акыркы элементи болсо клетканын кабыкчасына кол салууга милдеттүү (Figure 138).

Бул протеин коргоосуз калган бактериянын жалгыз коргоосу болгон клетканын кабыкчасында бир тешик издейт. Кол салуудан соң бактерия ичине суу алып, жарылат. Кээде болсо комплеман протеиндери башка бир ыкманы колдонушат. Душмандарын ичке бир кабыкча менен курчашып, ушундайча аларды башка жей турган клеткалар үчүн ишаратташат.

Булардын баары денеге кирген жат бактериянын да, дененин ичинде аны менен согушкан молекулалардын да жалгыз Жаратуучу болгон Раббибиздин чыгармасы экенин көрсөтүүдө. Бактериялар кандай бир коркунучка кабылышаарын апачык билишүүдө. Дене клеткалары болсо денеде кире турган ыктымал бир бактерияга каршы али аны тааныбастан туруп, чара иштеп чыгышкан. Бул чараларды аң-сезимсиз бир клетка ала алат деп айтуу эч акылга сыйбайт. Бул системаны жараткан – бул бүт ааламдын ээси жана өкүмдары болгон Аллах. Раббибиз аяттарда мындайча буйурууда:

Айткын: Адамдардын Раббисинен коргоо тилеймин. Адамдардын Малигинен (Падышасынан), Адамдардын (чыныгы) Кудайынан. (Нас Сүрөсү, 1-3)

hipotalamus

a. complement protein
b. enemy cell
c. carnivorous cells

Figures 139 and 140: The complement protein pierces the cell membrane of the defenseless bacterium. Following the attack the bacterium absorbs water and explodes. The enemy is then destroyed by carnivorous cells.

 

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР